Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:48

COVID-19 Кыргызстанда 58 адамга жетти


Бишкектеги санитардык пост.
Бишкектеги санитардык пост.

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алгандар дагы 14 кишиге көбөйүп, 27-мартка карата ооругандардын жалпы саны 58 адамга жетти. СOVID-19 вирусу жаңы табылгандардын көпчүлүгү илдетти өлкө ичинде жугузуп алган.

Кыргызстанда СOVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны дагы 14 кишиге көбөйгөнүн Бишкектеги басма сөз жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова кабарлады. Анын айтымында, вирус жаңы аныкталган адамдар - Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундары.

Айнура Акматова.
Айнура Акматова.

«Алардын жетөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, ал эми жети адам Ош облусунун аймагында. Тактап айтканда, Кара-Суу районунда бир, Ноокат районунда үч жана Өзгөн районунда үч адам. 17 адамдын ичинен ону аялдар, ал эми төртөө эркектер. Беш киши умрадан келген, ал эми тогузу мурдагы байланышта болгондордун арасында аныкталды», - деди Акматова.

Ошентип, Кыргызстандын аймагында коронавирусту жугузуп алгандар 58 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптардын абалы туруктуу экенин, мурда реанимацияга түшүп калган алты адамдын ичинен бешөө жакшы болуп, жалпы бөлүмгө которулганын билдирүүдө.

Буга чейин Кыргызстанда вирус табылгандардын көпчүлүгү ооруну четтен жугузуп алса, акыркы күндөрү өлкөнүн аймагында илдетке кабылгандар көбөйүп жатат.

Чет өлкөлөр демекчи, 27-мартта дүйнөнүн ар кыл бурчтарында СOVID-19ду жугузган беш кыргыз жараны катталган. Алардын үчөө Пакистанга дааватка барып жугузуп алса, бирөө Сауд Арабиясынын Жидда шаарында ооруканада. Дагы бир кыргызстандык Испанияда ооруп калганы маалым болду.

Кыргызстандын расмий бийлиги коронавирусту жайылтпаш үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдирүүдө. Анын алкагында 25-марттан бери баш калаа Бишкек баштаган үч шаар менен төрт райондо өзгөчө абал режими уланууда. Бирок буга карабай режимди сактабагандар четтен чыгып жатканын бийлик өкүлдөрү айтып чыгышты.

Эгер мындай кете берсе 24 сааттык коменданттык саат киргизүү муктаждыгы жараларын Саламаттык сактоо министрлиги эскертти. Ал эми Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өлкө аймагында өткөн түнү режимди бузган 241 адам аныкталып, жазага тартылды.

Өзгөчө абал менен карантин режиминен улам жүз миңдеген адам көчөгө чыга албай калды. Ушундан улам базарда, кафе-ресторандарда күнүмдүк жумуш кылып, киреше тапкан калктын аялуу катмары азык-түлүктөн каржала баштаганы тууралуу маалыматтар келип жатат.

«Менин бир көзүм жакшы көрбөйт. Ден соолугум начар болгонуна карабай базарга чыгып, тамак-аш, нанга тыйын тапчу элем. Азыр базар жабылды, көчөгө баса албай калдык. Үйүмдө эч нерсе жок, ачка калдык», - деди «Азаттыкка» кайрылган Бишкектин тургуну.

Коронавирус жалпы кыргыз экономикасына кедергесин тийгизип, анын кесепети күндөн-күнгө сезилип жаткан чагы. Өлкөнүн финансы министри Бактыгүл Жээнбаева пандемиядан улам макро жана микро экономикалык мүмкүнчүлүгү азайып жатканын айтып чыкты. Анын айтымында, өлкөнүн төлөм балансында 400 миллион долларлык айырма чыгып жатат.

Ушундан улам президент Сооронбай Жээнбеков Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ), Дүйнөлүк банк, Евробиримдик жана Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу институттардан жардам сурады. Булардын ичинен ЭВФ Кыргызстандын суранычына жооп кайтарып, 120,9 миллион доллар насыя бермей болду. Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева бул насыянын чоо-жайын төмөнкүчө түшүндүрдү:

Бактыгүл Жээнбаева.
Бактыгүл Жээнбаева.

«Коронавирус пандемиясынын натыйжасында келип чыккан төлөм балансынын кечиктирилгис муктаждыктарын канааттандырыш үчүн 80,6 миллион доллар тез каржылоо ыкмасы боюнча жана 40,3 миллион доллар тез насыялоо ыкмасынын алкагында берилди. Жыйынтыкта 120,9 миллион долларды түздү. Бул каражат COVID-19 пандемиясынын натыйжасында келип чыккан төлөм балансына мөөнөттүү керектөөлөрдү канааттандырыш үчүн жактырылды».

Мындан сырткары кыргыз өкмөтү жардам бергиси келген жарандар үчүн эсеп ачкан. Бул эсепке 44 миллион сомдой акча топтолгону белгилүү болду.

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирусту жугузуп алгандар жарым миллиондон ашты. Акыркы суткаларда бул вирусту жугузуп алгандардын саны боюнча АКШ алгачкы орунга чыкты. Ал эми каза болгондор 24 миңге жакындады.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан менен Өзбекстанда бирден адам вирустан улам көз жумду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG