Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:35

Илдет тыштан жардам суроого түрттү


Ак үйдүн тегерегин дезинфекциялап жаткан адам. Бишкек. 26-март, 2020-жыл.
Ак үйдүн тегерегин дезинфекциялап жаткан адам. Бишкек. 26-март, 2020-жыл.

Кыргызстанга алгачкы гуманитардык жардам келе баштады. 

Биринчилерден болуп, АКШ, Германия акчалай жана Кытай медициналык каражаттар жагынан жардамдын алгачкы партиясын жиберди.

Күттүргөн жардам

Кытай коронавирустун жайылышына каршы Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Республикалык штаб дарыгерлер үчүн медициналык каражаттар келгенин билдирди.

Кытай Эл Республикасынан дарыгерлер үчүн 10 миң респиратордук беткап, бир жолу колдонула турган 100 миң беткап, миң коргонуучу кийимди Саламаттык сактоо министрлиги кабыл алганы жарыяланды.

Орусиянын «Коммерсант» басылмасы расмий Бишкек Москвадан жардам сурап, 100 миң тест системасы жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу 300 ИВЛ аппарат баш болгон өтө эле узун тизме жибергенин жазып чыкты.

Басылманын маалыматы боюнча, кыргыз бийлиги мындай тизмени 24-мартта Москвага жиберип, ага кошумча азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн буудай жана өсүмдүк майынан дагы кол кабыш кылууну суранганы жазылган.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү​ Айнура Акматова Орусияга кайрылуу болгонун ырастап, бирок андагы медициналык жана техникалык жабдуулар боюнча тизмени тактоо керек экенин белгиледи:

«Ооба, биз Орусия Федерациясына илдетти аныктоо ү​чүн «лабораторияларга атайын реактивдер жана реагенттер жагынан жардам бергиле» деп кайрылып жатабыз. Бирок канча тепловизор, ИВЛ аппарат суралганы тууралуу маалыматты текшеришибиз керек».

Жергиликтү​ү​ маалымат каражаттары жазгандай, Орусиядан буга чейин илдетти аныктоочу 17 миң тест системасы келген.

АКШ өкмөтү Кыргызстанга коронавируска каршы турууга жардам бериш үчүн 66 миллион сом бөлдү. Каражат АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу үч уюмга бөлүнөт.

Мындан сырткары Эл аралык валюта кору коронавируска каршы күрөш үчүн 1 трлн. доллар насыя берүүгө даяр экенин жарыялады. Жардам сурап кайрылган өлкөлөрдүн арасынан Кыргызстандын каражат бөлүү тууралуу суроо-талабы биринчилерден болуп карала турганы белгилүү болду.


Эл аралык мамилелер боюнча адис, эксперт Айболот Айдосов өкмөт кырдаалды ачык айтып, эл аралык донор уюмдардын көңүлүн бурушу абзел экенин айтты:

«Өкмөт​ кырдаал кандай экенин элден да, эл аралык коомчулуктан да жашырбай, ачык-айкын эле айтышы зарыл. Кандай конкреттүү жардам керек экени такталышы кажет. Анткени биздеги туташкан жана чырмалышкан коррупция көп​ тармакка терс таасирин тийгизген. Анын ичинде элдин кампасы саналган мамлекеттик материалдык резервдер фондунда да коррупциянын таасири жок деп айтуу кыйын. Биздин ушундай учурда пайдалана турган стратегиялык азык-түлүк​ запастарыбыз сакталганбы деген суроого так жооп айтуу кыйын. Эгерде бул абал узакка созулуп кетсе, өлкөдө​ абал оор эле болот. Ансыз дагы кыйналып жашаган өлкө​ бул гуманитардык кризистен чыгуу үчүн эл аралык донорлордун чоң жардамына муктаж».

11-мартта USAID Кыргызстандын медицина мекемелери үчүн 10 миң хирургиялык маска, 10 миң мээлей, 1,4 миң хирургиялык костюм жана 200 коргоочу көз айнек жардам иретинде тапшырган. Мындан сырткары жакында эле Германия да Кыргызстанга жардам берүү ниетин билдирген.

Бирок парламентте эл аралык жардамдын келишин карап отура бербей, коронавирустун жайылуу коркунучун алдын алуу жана экономикалык каатчылыкты жөнгө салууга каржы булактарын таап, ыкчам аракет кылуу керектиги айтылган.


Депутат Каныбек Иманалиев эл аралык донорлордон быйыл төлөй турган насыяларды кийинкиге жылдыртып, бюджетте ага каралган каражатты кризистин алдын алууга чыгымдоону сунуш кылган:

«Биз быйыл 28 млрд. сом тышкы карызды төлөшүбүз керек. Аталган каражат бюджетте бекитилген. Эл аралык каржылык донор уюмдарга «биз азыркы шартта форс-мажор болуп калганда ал акчаны төлөй албайбыз, жылдырып бергиле» деп биз азыр токтоосуз түрдө билдирүү жиберишибиз абзел. Ошондо 28 млрд. сом тышкы карызды төлөөгө жумшалбай, бошоп калса, биз аны каатчылыктын кесепеттерин жоюуга жумшап, багыттай алабыз. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мындай учурда өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жардам берет. Биздин өкмөт өлкөдөгү абалды негиздеп берип, болбоду дегенде жалпы наркы 100 млн. долларлык медициналык жабдууларды, дарыларды жана башка каражаттарды жардам иретинде алууга өтүнмө жибериши керек. Азыр өтүнмө жиберилбесе, кийин кеч болуп калат».

Президент Сооронбай Жээнбеков Эл аралык валюта фондунан (ЭВФ) коронавирусту жайылтпаш үчүн Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүүнү суранды. Бул тууралуу президент Жээнбеков ЭВФтин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Тигран Погосян менен жолугушууда билдирген.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда коронавирустун Кыргызстандын экономикасына тийгизчү коркунучу жана аны алдын алыш үчүн финансылык жардам маселеси боюнча сөз болгон.

ЭВФтин өкүлү Тигран Погосян Кыргызстан чукул жардам алуу боюнча биринчилерден болуп кайрылганын белгилеп, 120,9 миллион доллар бермей болду.

Пандемиянын айынан Кыргызстандын макроэкономикасы жана каржы саясаты катуу жабыркап, 400 миллион долларлык чыгымга учуроодо.

Уюмдун башкаруучу директору Кристалина Георгиевна "COVID-19 пандемиясы кыргыз экономикасына катуу сокку уруп, шашылыш төлөй турган тармактарда акча тартыштыгы келип чыкты. Иштеп жаткан бардык тармактар вирустун айынан токтоп калды. Бул себептен улам Эл аралык валюта кору шашылыш насыя бөлүүнү ишке ашырууда", - деген билдирүү жасады.

Сараң миллионерлерге сын

Журналист Тимур Токтоналиев президент эл аралык донорлордон мурун өлкөнүн ичиндеги байларга кайрылса болмок дейт:

«Жогорку Кеӊеште 90 пайыз байлар отурганда, 30 жылдан бери өлкөнү талап-тоноп, байыгандар жылуу, көп кабат хан сарайларында жамбаштап жатканда президент кантип уялбай ЭВФ, Европа Биримдигинин элчилерин чакырып алып жардам сурайт? Көз карандысыздык, улуттук ар-намыс жөнүндө сүйлөгөндө биздин байлар асмандан алып сүйлөшөт. Анан жардам сурап, Москвага узун тизме жөнөткөндөн уялышпайбы... Президент байларды резиденциясына чогултуп алып эмне үчүн 50-100 млн. долларды ошолордон жыйнай албайт? Алар контрабанданын, мамлекеттик заказдын, эл аралык жардамдын эсебинен жакшы эле байышты эле го?».

Социалдык тармактарда Казакстан менен Өзбекстандын байлары коронавирус илдетине каршы күрөшүү үчүн миллиондогон доллар жардам берип жаткан шартта кыргыз байлары арзыбаган акчасын атайын эсепке котормуш болуп, анысын дагы байма-бай жарнама кылып жатканы сынга алынган.

"Тазабек" интернет басылмасы 2017-жылы «Кыргызстандын эң бай адамдары» деген журнал басып чыгарып, ага өлкөнүн эң белдүү деген 100 адамы киргизилген болчу.

Президент Сооронбай Жээнбеков 26-мартта Европа Биримдигинин жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолугуп, коронавирустан улам өлкөдөгү жагдайды жакшыртыш үчүн алардан да финансылык жардам сурады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Евробиримдиктин өкүлү Эдуард Ауэр менен жолугушууда Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясынын Евробиримдик өлкөлөрүнө жайылып жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, эпидемиялык кырдаалдын тез арада оңолуп кетишине үмүтүн билдирген. Ошондой эле ал пандемиядан улам терс көрүнүштөрдү азайтыш үчүн Кыргызстанга кошумча жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылган.

Евробиримдиктин өкүлү Кыргызстандын абалы жана колдоо зарылчылдыгы жөнүндө маалымат уюмдун штаб-квартирасына жөнөтүлгөнүн кабарлаган.

Ушундай эле жолугушуу Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлү Кэндис МакДейган менен өтүп, президент Сооронбай Жээнбеков соңку кырдаалга байланыштуу каржылык жардам көрсөтүүнү сунуш кылган.

Дүйнөдө жайылып жаткан COVID-19 вирусунан улам бир катар өлкөлөр чек араларды жаап, экономикалык ишмердик чектелди. Буга чейин кыргыз бийлиги пандемиядан улам өлкө экономикасы зыянга учурап жатканын кабарлаган.

Эл аралык донор уюмдардын жардамы адатта адам укугун сактаган жана сөз эркиндигин сыйлаган мамлекеттерге бериле турганы буга чейинки алардын жоболорунда белгиленген.

Коронавирустун катаал сабактары. 27.03.2020

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG