Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:34

Жалал-Абадга Бишкектен дарыгерлер барды


Жалал-Абадда коронавируска чалдыккандарды дарылап жаткан дарыгерлер. 26-март, 2020-жыл.
Жалал-Абадда коронавируска чалдыккандарды дарылап жаткан дарыгерлер. 26-март, 2020-жыл.

Жалал-Абаддагы ооруканаларга Бишкек шаарынан ыктыярчы сегиз дарыгер барды. Алар алдыдагы күндөрү коронавируска чалдыккандарды дарылап жаткан адистер менен орун алмашат. Саламаттык сактоо министрлиги учурда башка дарыгерлерди да аймактарга жөнөткөнү жатат.  

Бишкектик дарыгерлер Жалал-Абадга 25-март күнү келишти. Алардын үчөө облустук клиникалык ооруканага, бешөө Ноокен, Аксы, Ала-Бука райондоруна бөлүштүрүлдү. Арасында ар кыл багыттагы тажрыйбалуу дарыгерлер жана медайымдар бар. Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнүн медайымы Гүлзина Куланбаева кесиптештерине көмөк көрсөтүүнү өзү чечкенин айтты:

«Жакындарым, балдарым - баары мени бул жакка коркуу сезими менен узатышты. Менде да бир четинен коркуу сезими, экинчи жагынан мекенчилдик сезим да күчтүү болду. Кудай буюрса баарын жеңебиз деп ойлойм. Албетте, бул жакка келгенче толкундануу, коркуу сезими болду. Жалал-Абадга келип, бул жактагы кесиптештер менен сүйлөшүп, таанышып чыккан соң көңүлүм жай алды».

Ыктыярчы дарыгерлердин катарында инфекционист дарыгер Динара Бекенова да бар. Буга чейин Бишкектен туруп кеп-кеңештерин берип жаткан адис илдет менен күрөшүүгө жеринде жардам берүүнү чечкен.

Динара Бекенова.
Динара Бекенова.

«Биз Жалал-Абадга өз кесиптештерибизге жардам берели деп өз ыктыярыбыз менен келдик, - дейт ал. - Саламаттык сактоо министрлиги азыр да өз каалоосу менен келип иштегиси келерин билдирген 160тай дарыгердин тизмесин тактаптыр. Менимче ар бир дарыгер өз милдетин аткаруудан качпайт. Бул жактагы абалды жеринен көрүп, баары жакшы экен деп жатабыз. Вирус жуккандардын арасында оор бейтаптар да бар, бирок алардын өмүрү үчүн дарыгерлер күрөшүп жатышат».

Жалал-Абад шаарындагы жугуштуу оорулар бөлүмүндө 29 медицина кызматкери иштеп жатат. Алар 16-мартта бейтапканага кирген бойдон чыга элек. Алты дарыгер, 15 медайым жана сегиз кичи медайым бейтаптардын абалына күнү-түнү көз салып турушат.

Он күндөн бери оору менен алпурушуп иштеп жаткан жугуштуу оорулар боюнча дарыгер Акшоола Турдуматова менен телефон аркылуу байланышып, ал жактагы абалды билгенге аракет кылдык.

«Буюрса бул жакта иштеп жаткан бардык кызматкерлердин маанайы жакшы, - деди ал. - Алгачкы күндөрү бизде аябай кооптонуу күч болгон, анткени мындай илдет менен күрөшүп жатканда кантип иштейбиз деп коркконбуз. Азыр кыйынчылыктын баары артта калды, өзүбүздүн да, алардын да ден соолугун сактап жатабыз. Коомчулуктун колдоосу да бизге чоң күч-кубат берүүдө. Буюрса бир жуманын ичинде оорудан айыккан алгачкы бейтаптарды үйүнө чыгарганга аракет кылабыз. Бейтаптардын бир тобунун абалы оңолуп баратат десем болот».

Жалал-Абад клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү.
Жалал-Абад клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө азыр 30дан ашык бейтап жатат. Сузакта эң алгачкы коронавирус аныкталган үч адам жана оорусу бар деп шек жараткан беш киши да ушул жерге жаткырылган.

Дарыгер Акшоола Турдуматова эң оор учурлар арта калды деп эсептейт.

«Бул жакта да нөөмөт менен иштеп жатабыз, - дейт ал. - Өз ара сүйлөшүп эки топко бөлүнгөнбүз. Биринчи топ иштегенде экинчилери дем алып турабыз. Жумуш ыргагын да бир нукка салып алдык десем болот. Бул оору менен биз алгачкы жолу күрөшүп жатабыз. Бейтаптар «ооруп жатам» деп кайрылбай туруп, ренгтген аппаратына тарткан кезде өпкөсү сезгенгенине күбө болдук. Илдетке чалдыккан соң тогуз же он күндөн кийин бейтаптын абалы оорлошот экен. Ошол жагдайда биз Бишкек шаарындагы инфекционист, профессорлор менен такай байланышта болуп, алардын көрсөтмөлөрүнүн негизинде клиникалык протокол чыгарып, анан оорулууларды дарылап жатабыз».

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү.
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү.

Дарыгерди үйдө калган баласы менен жолдошу баарынан көбүрөөк күтүп жатат. Жугуштуу оорулар бөлүмүндө кармалып иштеген башка медиктердин үйүндө балдары да бар.

«Материалдык, моралдык жактан колдоо да бизди кубантып жатат, - деп сөзүн улантты Акшоола Турдуматова. - Шарт бар, тамак-ашыбыз жетиштүү. 20-март күнү маянабыздан сырткары ар бирибизге 20 миң сомдон колдоо иретинде берилди. Мындан сырткары үй-бүлөбүзгө тамак-аш жеткирип берип жатышат. Бизде бир гана тилек - алгач бейтаптарды аман-эсен чыгарып, анан өзүбүз да жарык жүз менен чыксак. Үйдө жолдошум менен балам калган. Алар менен дайыма телефондон байланышып турам. «Тамак-ашыңар кандай, кыйналбай жатасыңарбы?» десем тескерисинче мени аяп, «өзүң аман-эсен батыраак чык» деп колдоп жатат. Демек алар да мени туура түшүнүп, кесибимди урматтап жатышат. Башка кесиптештердин деле үй-бүлөсү, баласы бар. Алар да күй сайын байланышып, сурашып турат. Эң негизгиси - аларга да жакындары моралдык колдоо көрсөтүп жатышат».

Кумар Ботокараев.
Кумар Ботокараев.

29-мартта дарыгерлер кезек алмашып, сыртка чыккандар 14 күндүк вахталык изоляцияда болушат. Учурда коронавируска чалдыккандарды дарылоого кирүүчү башка ак халатчандар такталып жатат. Жалал-Абад клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Кумар Ботокараев кыйын кырдаалда колдоо көрсөткөн ыктыярчылар арбын болуп жатканын айтты:

«Илдетке чалдыккан адамдар менен жугуштуу оорулар бөлүмүндө кармалып турган дарыгерлер 14 күндөн соң обсервацияга чыгышат. Алардын ордуна булар дарылоого киришет. Ага чейин булардын үч күндүк убактысы бар, ал күндөр аралыгында дарылоо жүргүзүп жаткан кызматкерлерге «Скайп» аркылуу кеп-кеңештерин берип турушат. Учурда ар тараптан башка да ыктыярчы дарыгерлер келебиз деп турушат».

Жалал-Абадга келген дарыгерлердин жол чыгымдарынын баарын Саламаттык сактоо министрлиги каржылап, ар бирине коргоочу каражаттарды да бөлүп берген. Алар бир ай бою аймакта болушат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG