Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 1-апрель, 2020 Бишкек убактысы 13:21

«Жалдыраган бейтаптарды унута албайм»


Бергамо шаарындагы оорукананын медайымы Ярослава Вишневская. Аманат сүрөт.

Италия пандемиянын очогу бойдон калууда. Жекшембиде көз жумгандардын саны азайып, 650гө түштү. Өлкө түндүгүндөгү ооруканалар бейтаптарга толгон, азырынча дарыгерлердин жүгү жеңилдей элек. Соңку маалыматка ылайык СОVID-19 вирусу дүйнөдө 16 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды.

«Азаттыктын» украин кызматы Италиядагы пандемиянын очогунда жайгашкан ооруканынын реанимация бөлүмүндөгү медайым менен маектешкен. Ярослава Вишневская Бергамодогу «Humanitas Gavazzeni» ооруканасынын реанимация бөлүмүндө эмгектенет. Башка дарыгерлердей эле Вишневскаянын өзүнө да коронавирус жугуп, ушул таптан андан дарыланууда. Ал үй-бүлөсү да ооруп жатканын айтты:

- Мага да оору жукканын 8-мартта сездим. Бүткөн боюм салмактанып, кийинки күнү дене табым 38,3 градуска чыкты. Ишке чалып, ооруп калганымды айтсам «жумушка чык» дешти. Ооруканага келгенимде (кирип-чыкканда баарыбызды текшеришет) температурам 38,7ге чыгыптыр. Мени дароо «Тез жардам» бөлүмүнө алып барып, дары сайышты.

– Сизден коронавируска анализ алыштыбы?

– Бизден анализ алышпайт, ал тууралуу сөз да болбойт. Реанимация бөлүмүндө баары эле оорушат, бизге ал тууралуу эскертишкен, аны жакшы түшүнөбүз. Эгер шек болсо гана анализ алышат.

– Балким катуу сасык тумоолоп калышыңыз деле мүмкүн да?

– Балким сасык тумоо болушу да мүмкүн. Бирок биз үч жумадан бери COVID-19га чалдыккандар менен иштештик. Биринчи күндөн тартып эле бизге да жугарын билгенбиз. Биздин ишибиз ошондой, андан кача албайбыз. Албетте, коргонууга чара көрдүк. Коргоочу скафандр, баш кийим, беткап кийдик. Жугаарын билгенбиз. Болгону ким качан чалдыгары ар кимдин организминине, иммундук системасына байланыштуу.

Бергамодогу «Humanitas Gavazzeni» ооруканасы. Аманат сүрөт.
Бергамодогу «Humanitas Gavazzeni» ооруканасы. Аманат сүрөт.

- Сизди кантип дарылашты?

– Адегенде дене табымды түшүрүп, антибиотиктин өтө күчтүү дозасын сайышты. Бир күн ооруканада кармап, кечинде «үйүңө бар» дешти. Анткени ооруканада орун жок, бейтаптар коридорлордо жатышкан. Анын үстүнө менин дем алуум жеңил болчу, мындай учурда үйдө дарыланган оң. Мага өпкөнү жасалма дем алдыруунун зарылчылыгы жок болчу.

– Үйдө кантип дарыландыңыз?

– Температураны түшүрүш үчүн ар бир алты саатта парацетамол ичтим, андан тышкары мага 10 күнгө антибиотик жазып беришкен. Азыр дене табым калыбында, өзүмдү түзүк эле сезип калдым. Биринчи жолу тышка 19-мартта чыгып, тамак-аш, күйөөмө дары-дармек сатып келдим. Ал бир аптадан бери температурасы 38,7 градус болуп жатат, деги эле түшүрө албай жатабыз. Ага да вирус жуккан.

– Анын анализин алыштыбы?

– Жок. Мен оорусам, ага да вирус жукканы адаттагы нерсе. Мен биринчи эле күнү үй-бүлөмө эскерткем. Кичүү уулум да үйдө ооруп жатат, анын дене табы ылдыйраак. Жаштар иммундук системасы күчтүү болсо вирусту жеңилирээк көтөрүшөт. Улгайып калгандарга оор. Менин 48 жаштагы күйөөм катуу деле ооручу эмес, азыр болсо төшөктө жатат. Ага бул өзүнчө эле трагедия.

– Эпидемия маалында медициналык кызматкерлердин даярдыгы жана аларды коргоо канчалык деңгээлде болду?

Ар бир 10 мүнөт сайын телефон чырылдап, ары-бери чуркап, жасалма дем алдырууга кимди туташтырып, кимди сактап калуу керек деп ызылдап жүрдүк.

- Башында кытай дарыгерлеринин кеп-кеңешин эч ким деле этибарга алган эмес. Сүрөттөрдү көрүп, эртеби-кечпи бизге жетерин билсек да мынчалык кооптуу экенин аңдабаппыз. Мындай өзгөчө кырдаалга эч ким даяр эмес экен. Ооруга чалдыккандар менен кантип туура иштешүүнү билген эмеспиз. Күн сайын жетекчиликтен эмне кылыш керек, кандай кийиниш керек деген көрсөтмөлөр келип жатты. Биринчи күндөрү биз атайын көз айнексиз, беткапсыз жана башка коргоочу жабдыктарсыз эле жүргөнбүз. Анан кийин «көзүңөрдү, бетиңерди, башыңарды жана мойнуңарды сөзсүз коргогула» деп эскертишти.

Атайын коргой турган кийим-кече жана жабдыктар жетиштүү беле?

– Ооба, бардыгы жетиштүү болчу. Ал кийим-кечени мурда дарыгерлер операция жасаганда кийишчү. Башында материалдар тартыш болуп атты. Эми мынчалык көп бейтапка эсептелген эмес эле. Февралдын ортосунда бизге биринчи бейтап түштү, анан алардын саны улам-улам көбөйө баштады.

«Биз пандемияга даяр эмес экенбиз»

Анан алаамат 3-мартта башталды. Мен ал түнү нөөмөттө элем. Ошондо үйгө келип, биринчи жолу ыйладым. Болбосо реанимацияда иштегениме сегиз жыл болду. Мына азыр да көзүмө жаш тегеренип турат. Бул жерде бир жардыруу болуп, астын-үстүн болуп калгандай эле сезилди. Ар бир 10 мүнөт сайын телефон чырылдап, ары-бери чуркап, жасалма дем алдырууга кимди туташтырып, кимди сактап калыш керек деп ызылдап жүрдүк. Бейтаптарга толгон бөлүмдөрдө жаткандардын баарын кароого жетишпей жаттык. Баары ушунчалык тез болду. Биринчи күндөрү үч бейтап түштү деп уксак, анан 30, кийинки күнү 60. Айтор башыбызды кармап, эмне кылышты билбей калдык.

Бергамодогу оорукананын дарыгерлери. Аманат сүрөт.
Бергамодогу оорукананын дарыгерлери. Аманат сүрөт.

3-марттын түнү азаптуу түн болду. Сөз менен кантип түшүндүрүштү да билбейм. Нөөмөтүбүз аягына чыкканда кеп-сөзгө келе албай калдык. Жөн эле бири-бирибизди үнсүз тиктеп отурдук. Ошентип ал азаптуу түндү өткөдүк. Бир жагынан бейтаптарды аппаратка туташтырганга үлгүрбөй жатсак, экинчи жагынан аппарат жетишсиз. Биздин көз алдыбызда дем ала албай жаткандарын эмне кылышты билбей калдык. Башында бейтапка кол менен кычкылтекти үйлөтүп дем алдырса болот, бирок анан баары бир аппаратка туташтыруу керек. Бош аппарат жок. Анан биз вирус жугузгандар менен жугузбагандар деп бейтаптарды бөлдүк. Медициналык жабдыктарды ары-бери жылдырууга болбойт, андыктан бейтаптарды бир кабаттан экинчисине ташып жүрдүк.

– Азыр ооруканада жагдай кандай, кесиптештериңиз эмне деп атышат?

– Адам чыдагыс. Тыным жок. Ооругандар көбөйүп жатат. Ар бир 10-15 мүнөттө оор бейтаптарды алып келишет. Адамдар чыдамы кетип, дарыгерлерге көрүнүүнү күтүп отурушса, аларга дарыгерлер чыгып, «туура түшүнгүлө, жаңы бейтаптарды кабыл ала албайбыз, орун жок» деп атышат. Анан жасалма дем алдырчу аппаратка туташтырууга орун да жок болуп калды. Бейтаптын керебетинин жанына кычкылтек толтурулган баллонду коюп, улгайгандарды коридорго жаткыра башташты. Ким канчага жетет… Тилекке каршы, эч ким билбейт.

– Оор күндөрдө сизди нес кылган эмне болду?

Алаамат 3-мартта башталды. Мен ал түнү нөөмөттө элем. Ошондо үйгө келип, биринчи жолу ыйладым.

– Мен адамдын ичин ачып алып, операция жасалган жерде иштеп көнгөм. Андай мага кадыресе көрүнүш. Бирок ыйлаган учурум ушул болду… Мен чарк айланып жетишпей жатканыңда дем ала албай, жардам күтүп жаткан бейтаптардын көздөрүн унута албайм. Андайды реанимацияда экстремалдык учурларда да көргөн эмесмин.

Сиздин байкооңузда салмактуу бейтаптардын көбү улгайып калгандарбы?

– Ооба, бейтаптардын 70% улгайган курактагылар. Алар абдан аялуу. Көптөрүндө бөйрөк оорусу же жүрөгү, же боорунда илдети барлар. Алардын иммундук системасы начар, көп нерсеге туруштук бере алышпайт. Менин күйөөм 48де, анын дене табын жети күндөн бери түшүрө албай жатабыз. Такай дарыгер менен байланыштабыз. Ооруканага болсо дем алуусу оорлошуп калмайынча албайт.

Дарыгерлер кимди сактап калабыз, кимге кеч болуп калды деп караган учурлар барбы?

– Алар баарын кабыл алууга милдеттүү, «Тез жардамдын» дарыгерлери: «Ооруканага барасыңбы?» деп бейтаптан сурашат. Анан дарыгер кары-картаңдардын абалын карап туруп, аппаратка туташтырышат. Аны менен канча жашайт…? Кишилер чымындай эле өлүп атышат, кечирип койгула. Ооруканадан күнүгө 30-40 сөөк чыгат. Бергамодо төрт оорукана бар. 19-мартта шаарда 475 киши көз жумду. Тизилген аскер машинелери сөөктөрдү башка шаарларга алып чыгып кетишти. Анткени биздин шаардагы көрүстөндөр менен крематорийлер толуп калган.

- Адис катары Италияда көз жумгандардын саны мындай деңгээлге чыгып кеткени эмнеден болду деп ойлойсуз?

- Менин жеке пикиримде, Ломбардия - өндүрүш өнүккөн аймак. Бул жерде колунда барлар жашайт, алар эс алуу маалында, иш менен деле көп саякатташат. Ошон үчүн вирус бул аймакка биринчилерден болуп жетип, тездик менен тарап кетти. Ал эми эл болсо кырдаалга олуттуу караган жок.

Бергамонун борборунда сөөктөрдү салган аскердик машинелер (аманат сүрөт)
Бергамонун борборунда сөөктөрдү салган аскердик машинелер (аманат сүрөт)

Кризистин бирден-бир себеби деп саламаттык сактоо системасынын жаңы коркунучка каршы тездик менен аракет көрө албаганын айтышууда...

Мен баарынан дем ала албай жаткандардын көздөрүн унута албайм.

– Ал жагы да бар. Бизге пандемия болорун, ага биздин алыбыз жетпей каларын эч ким эскерткен эмес. Биз анча-мынча билсек да мынчалык болорун ким ойлоптур? Адатта эки күндө кырдаалга көнүп, өзүңө бир коргонуу «дубалын» коюп аласың. Бул жолу андай болбоду…

- Кырдаалга Италияда улгайган адамдардын көптүгү да таасир этип жатабы? Антейин десек, Евробиримдикте калкынын жаш курагы жагынан Италиядан кийинки Германияда өлгөндөрдүн саны салыштырмалуу аз го?

- Германияда эмне болорун эми көрөбүз го. Дагы бир маанилүү маселе – тартип. «Үйдө отургула!» деп канча айтылса да угушпайт. Вирус ал тургай кол алышканда эле көз ирмемде жугат. Кечээ дүкөнгө барсам кардарлар кезек менен кирип атышты. Кээ бири беткапчан, кээ биринде жок. Үч киши кирип, бирөө жайылган жер-жемиштин үстүнө эле жөтөлүп кирди. Мен ток ургандай кыйкырып ийдим. Анан аларды дүкөндөн кууп чыгышты.

- Италияда медициналык кызматкерлерди колдогон акциялар өтүп, силерди баатырларга теңеп жатышат. Сиз кандай кабыл алып жатасыз?

- Чындыганда биз кыйын кырдаалда иштеп жатабыз. Дарыгерлер колдон келгендин баарын жасап атышат, көптөгөн кесиптештерибиз өздөрү вируска чалдыгышты. Арабызда көз жумгандарыбыз да бар. Мен эч кандай баатырлыкты сезбейм. Мына, шаршембиде ишке чыгам, кайра баягы азапка аралашарым шексиз. Кандай болсо да мени ишке тартып турат, кемеден чычкан кача албагандай эле өз кесибимди таштап кете албайм.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG