Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:24

Дүйнө коронавирус менен алышып жатат


Болгария, март, 2020-жыл.
Болгария, март, 2020-жыл.

Дүйнө өлкөлөрү коронавируска каршы чараларды күчөтүп жатат. 18-мартка карата COVID-19 вирусуна 200 миңдей киши чалдыкканы маалдымдалды.

17-мартта кечинде Европа Биримдигинин жетекчилери видео байланыш аркылуу жыйын уюштуруп, шаркеттин сырткы чек араларын 30 күнгө чейин жабууну чечишти.

Бул жаңы вирус козгогон илдет дүйнөдө 8 миңдей кшинин өмүрүн алып кетти. Өткөн жумада Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму коронавирустун эпицентри эми Кытай эмес, Европа болуп калды деп расмий жарыялаган.

Көптөгөн мамлекеттер пандемиянын экономикага тийгизген кесепеттерин жеңилдетүү үчүн миллиарддаган каражат бөлүп жатат.

Евробиримдиктин кедей өлкөлөрүнүн бири Болгария фискалдык таңкыстык тууралуу билдирсе, Украина Эл аралык валюта фондунан кошумча акча сураганы жатат.

Украина
Украина


Болгарияда 17-мартта коронавирусту жугузуп алгандардын саны 30 пайызга өсүп, 81 кишиге жетти. Өкмөт 13-апрелге чейин элдин эки жакка каттоосун чектеди.

17-мартта Косовонун президенти Хашим Тачи парламенттен өзгөчө кырдаал киргизүүнү сурады. Добуш берүү 48 сааттын ичинде өтүүгө тийиш. Бул өлкөдө COVID-19 аныкталган адамдардын саны 19 деп расмий кабарланууда. Чек ара, мектептер, азык-түлүк дүкөндөрүнөн жана дарыканалардан сырткары бардык коомдук жайлар жабык.

Кошуна Босния-Герцеговина өлкө курамындагы эки автономдуу аймактын коронавируска каршы аракеттерин координациялап туруш үчүн өзгөчө кырдаал жарыялады.

Бреша шаарындагы оорукана. Италия, 13-март, 2020-жыл
Бреша шаарындагы оорукана. Италия, 13-март, 2020-жыл

Европада эпидемиядан эң катуу жабыркаган Италияда вирус жугузуп алгандардын жалпы саны 27 980 кишиге жетти. Каза болгондордун саны боюнча өлкө дүйнөдө үчүнчү орунда турат. 17-марттын кечинде бул кайгылуу стастистика 2,5 миңден ашты.

Испанияда вирустун 11 178 учуру катталып, 491 бейтап өлгөнү маалымдалды. Премьер-министр Педро Санчес буларды айтты:

«Биз абдан чоң сыноого туш болдук. Белгисиз пандемия Жер шарында абдан тез жайылууда. Бул илдет чек араларды тааныбайт, адамды түсүнө же тилине карап айырмалабайт. Глобалдуу коомдук саламаттыкка коркунуч жаратууда. Мындай кырдаалда биз чечкиндүү чара көрүшүбүз керек».

Ал арада Венгрия коронавируска байланыштуу чек арасын жапкандан кийин Батыш Европадан мекенине кайтып келаткан он миңдеген румыниялык жана болгариялык ара жолдо калды. Соңку 24 сааттын ичинде Австриянын Венгрия менен чектешкен аймагында Румыниянын 7 миңдей жараны топтолду. Алар Италия менен Испаниядан келатышкан.

Румын бийлиги венгр өкмөтү чек араларын жабары тууралуу алдын ала маалымат бербегенин билдирип жатат.

Венгрия-Румыния чек арасы, 17-март 2020-жыл
Венгрия-Румыния чек арасы, 17-март 2020-жыл

Будапешт Бухаресттин өтүнүчү менен бир жолу чек араны убактылуу ачууга макул болгону кабарланды. Бирок ал үчүн жүргүнчүлөр Венгриянын ичинде эч жакка бурулбай, полициянын коштоосу менен өлкөдөн чыгып кетүүсү шарт. Венгрияда коронавируска кабылгандардын саны 50 адамга жетти.

Ал эми Чехиянын ордо калаасында 18-марттан тарта коомдук жерлерде беткапсыз жүрүүгө тыюу салынды. Прага шаарынын мэри кризистик штаб сунуш кылган чараны колдоп тиешелүү токтомго кол койду. Эрежени бузгандар айыпка жыгылат. Чехияда 18-марттагы маалымат боюнча COVID-19 вирусу 464 кишиде табылды.

Иранда вирустан өлгөндөрдүн саны 1 135 киши болду. Акыркы 24 саатта илдет 147 кишинин өмүрүн алды. Коронавирус 17 361 кишиге жукту.

Ал эми илдет алгач былтыр декабрда тараган Кытайда тескерисинче эпидемия ылдыйлап баратканын жергиликтүү бийлик билдирип жатат. Акыркы суткада коронавируска чалдыккан 13 киши аныкталды.

Косово.
Косово.


Кошмо Штаттарда оорунун учурлары акыркы болуп Виржиния штатында катталды. Вирусту жугузуп алгандардын жалпы саны 6 300дөн ашты, 104 киши көз жумду. Ири шаарларда окуу жайлар, ресторандар, театрлар жабык турат.

Пентагон өз резервдеринен жардам берерин коргоо министри Марк Эспер билдирди:

“Коргоо министрлиги стратегиялык резервинен беш миллиондой респиратор жана башка коргонуучу жабдыктарды Саламаттык сактоо департаментине бөлүп берет. Алгачкы миллион беткап дароо берилмекчи”.

Нью-Йорк шаарынын мэри Билл де Блазио элдин сыртка чыгуусун чектеген чараларды киргизгени жатат. Калаада коронавирус жуктуруп алган 814 киши аныкталды.

Коронавирустан сактаныңыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:31 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG