Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:37

COVID-19: кенебестиктин оор кесепети


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Арменияда жуучулукка баргандардын жыйырмасы коронавируска кабылды. Түштүк Кореяда жашыруун чиркөө вирусту тараткан булак катары бааланды. Иранда жана Малайзияда вирус мечитке баргандардан жукканы аныкталды.

Дүйнө баштан кечирип жаткан кырдаал жугуштуу илдетке кенебес мамиле кылбоо керектигин көрсөттү.

Түштүк Кореядан тарта, Европанын чордонунда турган өлкөлөр да дал ушул кенебестиктин азабын тартууда.

Постсоветтик аймактагы Арменияда 28 адам илдетке кабылганы маалым болду. 10-мартта алгачкы үч адамдан коронавирус табылган. Үч бейтап тең Италиядан жакында эле келгени аныкталган. Андан соң илдетке кабылгандардын саны тездик менен өсө баштаган. Көрсө, вирус жуктуруп алган үч жүргүнчүнүн бири, 45 жаштагы аял март айынын башында уулу жактырган кызга жуучу түшүп барган экен.

Кийин ошол шаан-шөкөткө катышкан 40 адамдын 18ине коронавирус жукканы дайын болду.

Буга байланыштуу Армения өкмөтү илдеттин очогуна айланган Эчмиадзин шаарын өзгөчө көзөмөлгө алууда.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян аялы менен бирге чет өлкөгө барып келгендиктен үйдөн чыкпай иштеп жатканы дайын болду. Бул убакыт ичинде ал "Facebook" аркылуу элге түз эфирде кайрылып турат.

Армениянын саламаттык сактоо министри Арсен Торосян өлкөдө диний иш-чараларды да токтото турууну сунуштады.

"Чынын айтсам, биздин диний ишмерлер коронавируска байланыштуу кандай чара көрүп жатканынан кабарым жок. Бирок Түштүк Корея жана Иранда дал ошол диний иш-чаралар өтө турган жайлардан, мечит жана чиркөөдөн вирус тараганы белгилүү. Ошондуктан элди жана диний уюмдарды массалык иш-чараларды өткөрүүдөн кармана турууга чакырам. Адамдын саламаттыгы баарынан маанилүү", - деди.

Мечит демекчи, коронавирус диний башкарууда жашап жаткан Иранга киргенден тарта, өтө тез жайыла баштаган. Эки жарым ай ичинде ооругандардын саны 14 миңге жакындады. Анын ичинен 724 адам каза болду.

Нью-Йорктогу Эл аралык саламаттык жана билим институтунун негиздөөчүлөрүнүн бири, ирандык Камиар Алаи Иранда вирус чалган адамдардын саны 50 миңден да көп болушу мүмкүн экенин айтып чыкты.

"Адамдардын көбү тест тапшырышы зарыл. Чыныгы маалыматтардын бештен бири гана айтылып жатса, жугузуп алгандардын өздөрү бул тууралуу билбесе, кырдаалды кантип көзөмөлгө алса болот?" деген суроо салды Камиар Алаи​.

Тегеран, Иран.
Тегеран, Иран.

Башта коомдук жайларды жаба турууга көнбөй жаткан Иран бийлиги вирус күчөгөндө мечиттерде жамаатташып намаз окуганды токтото турууга аргасыз болгон.

Ага чейин вируска чалдыккандардын саны абдан тездик менен өсүп, Түштүк Корея дүйнөнү чочута баштаган. Көрсө, бул өлкөдө коронавирус «Шин-чонжи» аттуу жашыруун чиркөөдөн тарап жаткан экен.

Илдетке кабылган 8 миңден ашуун адамдын 60% мына ушул сектанын мүчөлөрү болуп чыкты. Кыргызчага «Жаңы асман жана жаңы күн» деп которулган бул диний сектанын 144 миң мүчөсү бар.

Бул уюмдун мүчөлөрү өз ишмердүүлүгүн ачык-айрым жүргүзүүнү каалабайт. «Шин-чонжи» сектасынын лидери, 88 жаштагы Лим Ман Хи 2-мартта элден чөгөлөп кечирим сурады.

"Биз атайын кылган жокпуз. Бирок илдет көп адамга тарап кетти. Биз илдетти токтотууга көп аракет жумшадык, бирок күчүбүз жетпеди".

Буга карабай Түштүк Кореянын бийлиги жашыруун чиркөөнүн 12 лидерин «адам өлтүрүүгө» жана «жугуштуу илдеттин таралышына каршы күрөш мыйзамын бузууга» айыптап кармады. Түштүк Кореяда бул илдеттен 81 адам каза болду.

Түштүк Корея жана Ирандын мисалы башка өлкөлөргө сабак болгон жок. Маселен, 15-мартта Малайзияда коронавируска кабылган 190 жаңы учур катталды. Бейтаптардын баары өлкөнүн борбор калаасындагы мечитке баргандар болуп чыкты. Бул тууралуу Малайзиянын саламаттык сактоо министри Адхам Баба жекшембиде кабарлады.

"Коронавирус тарап жаткан мечитке 27-февралдан 1-мартка чейин эле 16 миңден ашык адам келген. Илдетке кабылгандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн", - деди.

Түркия Ирандын катасын кайталабоого тырыша баштады. Өлкөнүн диний органы дүйшөмбүдөн тарта жума намазды мечитте окууга тыюу салды. Аны дин иштери боюнча башкармалыктын башчысы Али Эрбаш жарыялады.

"Коронавирустун жаңы түрүнүн коркунучу жоюлганга чейин жума намазы сыяктуу мечиттердеги жамаат менен окула турган намаздарды убактылуу токтотууга зарылдык пайда болду. Бирок азан чакыруу улана берет. Тиешелүү чараларды көрүү менен бирге намаз окуп кетүүнү каалаган жеке адамдар үчүн мечиттерди ачык кармоо чечими чыкты”.

16-мартка карата Түркияда илдетке чалдыккан 18 учур катталган.

Православ чиркөөлөрү да эрежелерге моюн сунгусу келбей кыйыктанып турган кези. Маселен, Беларус жана Грузин чиркөөлөрү иконадан вирус жукпайт деп чыгышты. Украиналык чиркөөлөр иконаны өбүү шарт эместигин, эңкейип урмат көрсөтүп коюу жетиштүү экенин билдиришти.

Чиркөө.
Чиркөө.

Чиркөөдө ар бир сыйынуучуга бир кашыктан вино ууртатуу жөрөлгөсү бар. Адатта жүздөгөн адамга бир эле кашык колдонулат. Адистер дал ошол кашыктан да илдет жугушу мүмкүн экенин эскертишти. Айрым чиркөөлөр «Кашыктын касиети күчтүү. Кашык ошол касиети менен эле вирустарды өлтүрөт» - дешсе, бир даары «вирус, бактерияларды да кудай жараткан. Демек кашык кимдир бирөөнү өлтүрүшү мүмкүн эмес. Тескерисинче жан киргизет», - дешүүдө.

Румыниядагы чиркөөлөр мындан улам темир же алтын кашык ордуна бир гана жолу колдонула турган желим кашыкка өттү.

Ал эми Испанияда бардык диний жөрөлгөлөргө, жамаатташып намаз окууга тыюу салынды. Мындан улам Мадриддеги Альмудена чиркөөсү динзарлардын муктаждыгын канааттандыруунун жолун тапты. Бул чиркөө жекшембидеги салттуу сыйынуу жөрөлгөсүн "YouTube" аркылуу түз көрсөттү. Архиепископтун көндүм болгон жөрөлгөсү эч өзгөрүүсүз аткарылып жатты. Болгону адатта эл толуп турчу зал аңгырап бош турду.

Европада италиялыктар бийликтин тилин албаган эл катары сыпаттала баштады. Жарандарынын өзүм билемдик мамилеси Италияны коронавирус эң көп тараган Кытайдан кийинки эле экинчи өлкөгө айландырды. 25 миң италиялык илдетке кабылып, 1800 адам ары карап кетти.

Испанияда коронавирус 7800 ашык адамга жугуп, 292 адам каза тапты. Карантинге байланыштуу миллиондогон адамдар үйүндө отурганы менен миңдеген медицина кызматкерлери иштеп жатат.

Вирус мамлекеттерди жана адамдарды ылгабай турганын көрсөттү. Барселонадагы олимпиадалык стадионду курган атактуу архитектор коронавирустан көз жумду.

Белгилүү актер, 63 жаштагы Том Хэнкс аялы экөө тең илдетке кабылганын өзү жарыялады. 13-мартта Канаданын премьер-министринин зайыбы Софи Грегуар-Трюдо жана Британияда "Арсеналдын" башкы машыктыруучусу Микель Артета да вирус жуктуруп алганы белгилүү болду. 14-мартта Италиянын саламаттык сактоо министринин орун басары Пьерпаоло Силери да илдетке кабылганын айтып чыкты.

Коронавирус ушинтип отуруп дүйнөнү өзгөртө баштагандай. Илдеттин айынан Европада метро, трамвайлардын эшиктери автоматтык түрдө өзү ачылып, өзү жабыла баштады. Айрым коомдук жайларда колду сүртүү үчүн спирт коюлду.

Илдет Борбор Азияга жетти. Казакстанда 20дан ашуун адам коронавируска кабылганы кабарланды. Өлкөдө 16-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө кырдаал жарыяланды. Казак бийлиги элин аш-тойду токтото турууга чакырууда. Алматыда коронавируска чалдыккан аял кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Ал «санитардык кызматтардын ишине тоскоолдук жаратып, өзү менен байланышта болгон жарандар тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан» деп айыпталды.

Алматы, 14-март, 2020-жыл.
Алматы, 14-март, 2020-жыл.

Өзбекстанда Франциядан саякаттап кайткан аялдын жолдошу, уулу, кызы жана бир небереси илдетке кабылганы аныкталды. Андан сырткары Түркиядан келген бир адамдан вирус чыккан. Өлкөдө баш-аягы тогуз адам коронавирусту жуктуруп алган.

Буга байланыштуу өзбек бийликтери илдет аныкталган көп кабаттуу үйдүн бардык тургундарын байкоого алды. Аял менен бирге учуп келген жүргүнчүлөрдү жана аны менен байланышкандардын баарын карантинде кармалып турат.

Кыргызстанда азырынча илдет жуктургандар каттала элек. 17-мартта кыргыз өкмөтү массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салды. Андан сырткары чет өлкөлүктөр үчүн бир айлык убактылуу чектөө белгиленди.

Дүйнө боюнча 16-мартка карата 180 миңден адам илдетке чалдыккан. Анын ичинен 6 миңден ашуун адам көз жумду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG