Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Өмүрбекова: Той-аштарга жана куран окутууга тыюу салынды (видео)


Мындай жаңы чечимди өкмөт коронавирустун жайылышын алдан алуу максатында чыгарганын вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 17-мартта уюштурган маалымат жыйынында билдирди. Өмүрбекованын айтымына караганда токтомго ылайык чектөөлөр тейлөөсү 50 орундан ашкан бардык коомдук жайларга тиешелүү жана бул талапты аткарбаган коомдук тамактандыруучу жайлардын кожоюнуна жана той же башка иш-чаралардын ээлери жазага тартылат:

“12-мартта өкмөт тарабынан токтом чыгарылган. Анда массалык иш-чараларды токтотуп туруу сунушталган. Азыр аны өзгөртүп сунуш эмес, тыюу салуу киргизилди. Соода борборлорундагы оюн-зоок аянтчалары, тамактануучу жайлар жана ресторандарда иш- чараларды өткөрүүгө тыюу салынды. Ошол тармакта иш кылган жарандар туура түшүнөт деп ойлойм”, - деди Өмүрбекова.

Буга чейин коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штаб мындай чечимди сунуш иретинде берген болчу.

Учурда Кыргызстанда коронавирус илдети каттала элек. 321 киши обсервацияда жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG