Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

COVID-19 өлкөлөрдүн дараметин сынап жатат


Прага шаары, Чехия.
Прага шаары, Чехия.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус катталган өлкөлөрдүн саны 146га жеткенин маалымдады. Илдетке чалдыккандар 17-мартка карата 180 миңден ашты. Алардын 79 миңден ашууну айыкты. COVID-19 7 миңге чукул адамдын өмүрүн алды.

Дүйнө өлкөлөрүндө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны биринчи жолу Кытайдан ашты. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, вирус 87 миңден көп кишиге жукту. Кытайда бул вирус 80 860 кишиден табылган.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун статистикасы коронавирустун тарашы күн сайын ылдамдап жатканын көрсөтүүдө. Маселен, 1-мартта жаңы вирусту жуктурганы аныкталгандар 1700 болсо, 12-мартта 6700, 15-мартта 11 миң адамга жеткен.

Коронавирус пандемиясы айрыкча Европада күчөп жатат. Өкмөт чектөө чараларын улам улам күчөтүп, катаал чараларга барып жатат.

Испания

Бул өлкөнүн борбор калаасы - Мадриддин тургундары ишембиден бери флешмоб өткөрүүдө. Алар саламаттык сактоо жагында, өзгөчө кырдаалдар кызматында иштегендерге колдоо көрсөтүү максатында балконго чыгып кол чаап, кубаттоо сөздөрүн айтып жатышат.

Коронавирус күчөп кеткендиктен дүйшөмбүдөн тарта Испанияда 15 күндүк карантин күчүнө кирди. Дары-дармекке же азык-түлүккө зарылдык жок болсо көчөгө чыгууга болбойт.

Жүрүм-турумду тескөө үчүн армия да ишке тартылган. Аскерлер көчөмө көчө кыдырып, кайгуулда. Испан өкмөтү вирусту таратпоого мүмкүн болушунча аракет кылууда. Буга өткөн жуманын дем алыш күндөрүндө вирус жуктургандардын саны эки эсе көбөйүп, 8 миңге чамалаганы себеп болду.

Аялы COVID-19 вирусун жугузуп алганы үчүн премьер-министр Педро Санчес да карантинде жатат.

Сыйынуу жайлары жабык. Мадриддик архиепископ Альмуден соборунун бош залында жекшембидеги салттуу сыйынуу жөрөлгөсүн өткөрүп, бул иш-чара элге Youtube аркылуу түз көрсөтүлдү.

Испания коронавируска каршы күрөшүү үчүн 4 млрд. еврого жакын каражат бөлмөй болду.

Франция менен Италия да бүтүндөй аймагына карантин жарыялап, өлкөгө кирген-чыккан каттамдарды тыйды. Жарандардын жүрүм-туруму чектелди. Италияда коронавирус жуктургандар 25 миңди чамалап, Европадагы катуу жабыр тарткан өлкө бойдон калууда. Бул өлкөдө өлгөндөрдүн саны 1800дөн ашты. Италиянын саламаттык маселеси боюнча эксперттери алдыдагы күндөрү көрсөткүч өсөт деп болжолдоп жатышат.

Германия

Дүйшөмбүдөн тарта Германия коңшулары менен чек арасына убактылуу көзөмөл койду. Роберт Кох атындагы инфекциялык институттун маалыматына караганда жекшембиге карата Германияда коронавирус жугузгандардын саны 4800дөн ашып, бир күн ичинде миң адамга көбөйгөн. Өлкө боюнча мектептер жана бала бакчалар апрелдин аягына чейин жабылды.

Өлкөнүн Бавария аймагында көп адам катышкан бардык иш-чараларга тыюу салынды. 17-марттан тарта оюн-зоок, маданий, спорттук жайлар, анын ичинде бар, клуб, музей, зоопарк, кинотеатрлар жабылат. 18-марттан тарта кафе-ресторандар 06.00дөн 15.00гө чейин гана ачык болот.

Чехия

Бул өлкөдө дүйшөмбүдөн тарта карантин күчүнө кирди. Өкмөт жекшембиде түнкү онго чейин жыйын куруп, премьер-министр Андрей Бабиш катаал чараларды жарыялады:

"16-марттан 24-мартка чейин өкмөт бүтүндөй Чех Республикасында адамдардын эркин кыймылын чектей турган болду. Мунун жумушка же бизнес ордуна барууга, зарылчылык жаралса, үй-бүлөсүнө жолугууга, дары-дармек, тамак-аш, косметика, медициналык жабдык, үй жаныбарларына азык же гигиеналык каражат сатып алуу өңдүү негизги муктаждыктары үчүн көчөгө чыгууга тиешеси жок".

СOVID-19: Чек арада текшерүү күчөдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:08 0:00

Андан тышкары азык-түлүк саткан дүкөндөр менен дарыканадан башка мекеме жайлардын иши кескин чектелди. Ички иштер министри бул чаралар элдин бири-бири менен азыраак байланышта болушуна өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Чех жарандарына чет өлкөлөргө чыгууга, чет элдиктерге Чехияга кирүүгө тыюу салган чечим дүйшөмбүдөн тарта күчүнө кирди. 30 кишиден көп топтолууга болбойт. Эрежени бузгандар айыппулга жыгылат.

16-мартка карай Чехияда коронавируска чалдыкканы аныкталгандар 300гө чамалады.

Словакия менен Сербия дагы өзгөчө кырдаал жарыялашты. Дүйшөмбүдө эртең менен саат алтыдан тарта азык-түлүк дүкөндөрү, дарыкана, банк, май куюучу жай жана почта кызматтарынан башканын баары жабылды.

Евробиримдик чек араларын жабат

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен биримдиктин чек арасын убактылуу жабууну сунуштады. 30 күндүк чектөө зарыл эмес сапарлар үчүн деп чечмеленди. Андан тышкары маанилүү жүктөр үчүн "жашыл коридор" түзүүнү сунуштады.

"Коронавирус - баарыбыз үчүн сыноо. Бул биздин саламаттык сактоо системабызга эле эмес, экономикабызга да болуп көрбөгөндөй чакырык. Евробиримдик такаат бере аларына ишенем" деп билдирген фон дер Ляйен буга чейин.

Февраль айында Евробиримдиктин экономикасы 1,4% жылдык өсүш көрсөтөрү болжолдонгон. Жарым айга жетпеген убакыт ал болжолду жокко чыгарды.

"Азыр биз жаңы прогноз бере албайбыз. Ал май айында болот. Бирок биздин эсептик үлгүлөргө таянсак, Еврозонадагы жана бүтүндөй Евробиримдиктеги өсүш быйыл тескери болушу ыктымал. Сезилерлик төмөндөө болушу да мүмкүн", - деп белгиледи Еврокомиссиянын төрайымы.

Орусия

Орусиянын өкмөтү экономиканы колдош үчүн 4 миллиард долларлык фонд түзөрүн жарыялады. Мындай чечим мунай арзандап, коронавирус күчөп жаткан шартта кабыл алынды.

Премьер-министр Михаил Мишустин 16-мартта билдиргендей, туризм тармагында иш алып барган компаниялардын салык төлөө мөөнөтү узартылат жана ишкерлерге жеңилдетилген насыя берилет.

«Газпром» жана «Роснефть» сыяктуу мамлекеттик компаниялар дивиденддерди алты ай кечирээк төлөсө болот. Быйыл федералдык бюджетке мамлекеттик ишканалардан алына турган 7,4 миллиард доллар дивиденддер киргизилген. Алар каражатты адатта жыл ортосунда төлөшөт.

Орусиялык адис коронавируска каршы текшерүүдө.
Орусиялык адис коронавируска каршы текшерүүдө.

Орусиянын экономикасы мунайдын баасына көз каранды. Бюджет кара майдын баасы бир баррелге 40 доллардан жогору болот деп түзүлгөн.

Коронавирустан жана Сауд Арабиясы менен пикир келишпестиктен улам 9-мартта мунайдын баасы 30 доллардын айланасында төмөндөп кеткен. Натыйжада рублдин куну качып, анын кесепети казак жана кыргыз акчасына да тийген.

Орусияда COVID-19 вирусуна кабылгандар 63 кишиге жетти. Буга байланыштуу орус өкмөтү Европа менен жүргүнчү каттамдарын чектеп, Беларус менен чек араны да убактылуу жапты.

Москвада коронавирус коркунучунан улам 10-апрелге чейин эл көп катышкан иш-чараларга тыюу салынды. Жабык жайлардагы жыйын-чогулуштарга катышкандардын саны 50 кишиден ашпоого тийиш. Тиешелүү буйрукка дүйшөмбү күнү мэр Сергей Собянин кол койду.

Аба ырайы жана вакцина

Буга чейин күн жылыган учурда вирус жугузуп алуу ыктымалдыгы азайышы ыктымал деген болжолду кытайлык саламаттык сактоо эксперттери ырасташкан жок.

Алардын бири - Бээжиндеги медициналык коллеждер биримдигинин директорунун орун басары Цао Вэи:

"Учурда COVID-19дун аба ырайы менен байланышы тууралуу эч кандай маалымат жок. Эгер биз өткөн жолу коронавирустун башка бир түрү – SARSка байланыштуу тажрыйбаны карап көрсөк, жугуу темпине көп факторлор таасир этерин көрө алабыз. Мисалы, убакыттын өтүшү менен вирустун күчүнүн акырындап азайышы же мутациядан улам күчөшү. Ошондой эле профилактика жана көзөмөл. Алардын арасында тилекке каршы аба ырайы фактору жок. Аба ырайынын таасири али ырастала элек".

Вашингтон, АКШ.
Вашингтон, АКШ.

Ал тапта Кошмо Штаттарында дүйшөмбүдөн тарта жаңы коронавируска каршы вакцина клиникалык сыноодон өткөрүлөрүн өкмөттөгү аты-жөнүн жашыруун калтырууну өтүнгөн чиновник "Associated Press" агенттигине маалымдаган.

Сыноо АКШнын Улуттук саламаттык сактоо институту тарабынан каржыланып, Сиэтлдеги "Kaiser Permanente Washington" изилдөө институтунда жүргүзүлөт дейт маалымат булагы.

Саламаттык сактоо органдарынын өкүлдөрү кандай гана потенциалдуу вакцина болбосун толук текшерүү үчүн 1-1,5 жыл кетерин билдирип жүрүшөт. “Америка авазы” радиосу вакцинаны сыноого ден соолугу чың, жаш 45 ыктыярчы катышарын жазды.

Дүйнөдөгү башка дагы вирусологиялык клиникалар жаңы коронавирусту жеңе турган вакцина ойлоп табуу аракетинде.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG