Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

Апта: COVID-19 Борбор Азияга жетти, Путиндин кыялы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (9-15-март).

Коронавируска каршы чаралар

Кыргызстанда апта аягында, 14-мартта Коопсуздук кеңеши чакан курамда чукул жыйынга чогулду. Президенттин басма сөз кызматы анда коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам түзүлгөн республикалык эки штаб маалымат бергенин кабарлады.

Жыйында президент Сооронбай Жээнбеков сактык чараларынан улам тиешелүү мамлекеттик мекеме-органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги тууралуу эскертти. Чукул иштер убагында аткарылбаса, эң катуу чаралар көрүлөрүн айтты. Жээнбеков ошондой эле коомчулукка ыкчам маалымат жеткирип турууну тапшырды:

«Албетте, эл болгон соң ар кандай кептер айтылууда. Санарип заманында такталбаган маалыматтар социалдык тармактарга тарап кетүүдө. «Коронавирус Кыргызстанда жок» дегенден күмөн санап, шектенген да пикирлер айтылууда. Жакынкы коңшу мамлекетте - Казакстанда бул илдет катталды дегенден кийин бизде да кооптонуу күчөйт. Бул табигый көрүнүш. Мындан ары да ишти күчөтүп, эң негизгиси коомчулукка маалыматты ачык, ыкчам берип туруу зарыл», - деди Жээнбеков.

Коопсуздук кеңешинде 16-марттан тарта өлкөдөгү бардык мектептерди жана жогорку окуу жайларды үч жумага карантинге жабуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб илдетке байланыштуу анализдер Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эки лабораториясында текшерилип жатканын кабарлаган.

Ушул тушта Кыргызстан боюнча алты лаборатория даяр турат жана ар бири күнүнө 150гө чейинки анализди текшере алат. Эгер зарыл болсо Ысык-Атада, Ысык-Көлдө, Бишкекте төрт лаборатория бар. Андан сырткары карантин үчүн 1602 орун камдалган.

Штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда жаңы вирусту аныктоочу 10 миң тест-система, Орусия, Түркия, Германия өндүрүшүнөн чыккан реагенттер бар. Вирустун алдын алуу боюнча бардык чаралар Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеңештерине ылайык жүргүзүлүүдө.

Айрым жергиликтүү компаниялар беткап чыгара баштады жана жакында дарыканаларга түшөт. Ошондой эле беткаптардын баасы 10 сомдон ашпашы керек. Санитардык кызматтар коомдук жайларды, транспортту дезинфекциялоо иштерин улантууда.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 15 миңден ашык адам текшерүүдөн өткөнүн, илдетке чалдыкпаганын билдирген.

«Жалпысынан 303 адам 14 күндүк обсервацияга алынган, алардын ичинен 180дейи өзү жашаган жеринде медициналык көзөмөлдө турат».

Кыргыз өкмөтү сырттан келгендерди үч категорияга бөлгөн. Биринчи топко Кытай, Италия, Иран, Түштүк Корея, Франция, Германия жана Испания өлкөлөрүндө акыркы бир ай ичинде болгон чет элдик жарандар кирет жана алар Кыргызстанга киргизилбейт. Ал эми кыргызстандык жарандар түз карантинге түшөт. Буга ички, жалпы жарандык жана дипломаттык паспорт алып жүргөн бардык жарандар кирет.

Илдет күч алган өлкөлөрдө болгонун жашырган адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Экинчи топко АКШ, Жапония, Швеция, Швейцария, Британия, Белгия жана Нидерланд мамлекеттеринен келгендер кирет. Булардын баары эки жума үй карантинине алынат. Карантин шарттарын бузуп, эл көп чогулган жерлерге барган жарандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Үйүндө карантинде болууга мүмкүнчүлүгү жок чет элдик жарандар өлкөгө атайын мекеме аралык комиссиянын чечимине жараша киргизилет жана тийиштүү жерге 14 күндүк обсервацияга жаткырылат.

Үчүнчү категорияга оору дээрлик аныкталбаган мамлекеттерден келгендер киргизилет. Алар милдеттүү түрдө медициналык текшерүүдөн өтөт. Алардын эки жума аралыгында өлкө ичинде ары-бери каттоосуна чектөө коюлат.

Обсервациядан элчиликтердин жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери, чет өлкөлүк расмий делегациялардын мүчөлөрү саламаттыгына жараша бошотулат.

Сауд Арабиясына умрага барып, ал жактан чыга албай калган 651 жаран Кыргызстанга кайтып келип, үй карантинине киргизилген. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Бахтияр Шакиров дагы үч киши ошол жакта калганын маалымдаган.

Ал ортодо жума күнү Аалымдар кеңеши да чукул жыйынга чогулду. Андагы чечимдерге ылайык, жума намазга чейинки баяндар чектелип, зикир-дубалар кыска окулат. Даават боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Ошондой эле сыркоолоп калган адамдарга жана ден соолугу начар карыяларга мечитке келбей туруу сунушталды. Мечиттерди жана диний окуу жайларды дезинфекциялоо тапшырмасы берилип, кол алышып саламдашуу, кучакташып учурашуу учурдагы кырдаалдан улам кооптуу экени эскертилди.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кырдаалга жараша чечимдер өзгөртүлүшү мүмкүн экенин, кооптуу абал жоюлса, убактылуу чектөөлөр алып салынарын билдирди.

Казакстанда коронавирус сегиз адамдан табылды. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Диас Ахметшарип алар Италия, Германия, Польша жана Орусиядан учуп келген келген жарандар экенин маалымдады.

15-марттын таңында Өзбекстанда Франциядан кайткан адамдан коронавирус аныкталганы расмий кабарланды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Санитардык-эпидемиологиялык кызматы билдирди.

Борбор Азиянын беш өлкөсү вирус башталары менен эле чек араларында катуу көзөмөл киргизип, Кыргызстанда, Казакстанда, Тажикстанда массалык иш-чараларды токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Европа оорунун очогуна айланды

Бул аптада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу жагдайды пандемия деп жарыялады жана Европа оорунун очогуна айланганын билдирди.

Илдет айрыкча Италияны жүдөттү. Бул өлкөдө соңку бир күндүн ичинде ооругандардын саны кескин көбөйүп, коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 18 миңге чамалады, илдеттен 1,3 миңдей киши ажал тапты. Кытай бийлиги Италияга коронавируска каршы күрөштө көмөктөшөрүн билдирген.

Европадагы бир катар мамлекеттер коронавируска байланыштуу бир катар катаал чараларды кабыл алууга аргасыз болууда. Ага ылайык, бир топ мамлекеттерде өзгөчө абал жарыяланды, чек аралар убактылуу жабылды. Азык-түлүк сатылган дүкөндөр менен дарыканалардан башка соода, тамактануучу, эс алуучу жайлардын баары жабык турат.

Вашингтон Европа өлкөлөрүнөн Кошмо Штаттарга келүүгө убактылуу тыюу салды. АКШнын президенти Дональд Трамп 11-мартта кечинде элге кайрылып, мындай тыюу 13-мартта башталарын жана ал 30 күнгө созуларын билдирди.

Трамп элге кайрылуусунда Европа Биримдигин «АКШ сыяктуу сактык чараларын көрө алган жок» деп айыптады. Сырттан келгендерди чектеп, киргизбөө сыңары «катаал, бирок керектүү чара» Британияга колдонулбай турганын билдирди.

«Европа Биримдиги Кытай жана оору тез жайылып жаткан башка өлкөлөрдөн келгендерди чектебей койду, сактык чараларын көрө алган жок. Мунун айынан Кошмо Штаттарда жаңы вирус жуккан учурлар Европадан келген саякатчылардан улам болду», - деди президент Трамп.

Мындан көп өтпөй 13-мартта Трамп өз өлкөсүндө өзгөчө абал жарыялады. Ак үйдүн мындай чечими президентке жаратылыш кырсыктарынын кесепетин жөнгө салуу үчүн атайын бөлүнгөн 50 миллиард долларды колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле федералдык өкмөт штаттардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын эпидемияга каршы чараларын тескей алат.

Соңку маалыматтарга ылайык, АКШда оору жуктуруп алгандар 2 миңге жетип калды, 40тай адам ажал тапты.

Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирус дүйнөнүн 120дай өлкөсүндө катталды, оору жуктурган адамдардын саны 140 миңге чамалады. Илдет 5,5 миңдей кишинин өмүрүн жалмады. Кытайдан тараган оорудан 70 миңден ашуун адам айыгып чыкты.

Коронавируска байланыштуу жагдай дүйнөлүк экономикага да залалын тийгизди. Орусияда рубль арзандап кетти. Кыргызстанда доллар үч сомго кымбаттады.

Илдет тарап кетет деген коркунучтан улам ири спорттук мелдештер, маданий иш-чаралар болбой калды.

Аялдар маршы, аткаминердин сыны

Бишкекте аялдардын укугунун корголушун талап кылгандар 10-мартта экинчи жолу акцияга чыгышты. Уркуя Салиевага арналып тургузулган Эркиндик монументинин алдында чогулгандар 8-мартта аялдардын маршына каршы аракеттерди сынга алышты.

Митингге барган экс-президент Роза Отунбаева ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин кызматтан кетишин талап кылды. Экс-президент тынчтык жүрүшкө чыккан аялдарга милициянын мамилеси Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө уят кылып, эгемендик жылдарынан бери күрөшүп жеткен демократиялык баалуулуктарга шек келтиргенин айтты.

«Жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга ички иштер министри жооптуу. Ал кызматтан кетиши керек. Бир министр жана анын командасы Кыргызстандын абийирин төгүп жатат».

Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева (ортодо). 10-март, 2020-жыл.
Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева (ортодо). 10-март, 2020-жыл.

Министр Жунушалиев буга байланыштуу азырынча үн ката элек.

8-мартта зомбулукка каршы кыз-келиндердин жүрүшүндө иш-чаранын уюштуруучуларына беткап жана калпак кийген эркектер тобу кол салган. Бир нече аял да келип, акцияга каршылыгын билдирген. Милиция натыйжада алты аял, беш эркек кармалып, айып төлөгөндөн кийин коё берилгенин маалымдаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко 8-мартта аялдардын митингинде болгон окуяны чагым катары баалап, беткап кийип, кыз-келиндерге зомбулук көрсөткөндөрдү аныкташ керек экенин билдирди. Мындай пикирин ал 12-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтып, чагымга бөгөт коюуга аракет көрбөгөнү үчүн милицияны айыптады:

«Беткапчандар чагым салышты. Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери пландалып жаткан чагымга эч кандай реакция кылышкан жок. Беткапчандар ким экени аныкталып, тартип коргоочулардын аракетине баа бериш керек. Алар ортого түшүп, ажыратып койбогону аз келгенсип, кыз-келиндерди кармап кетишти».

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков 8-мартта Бишкекте аялдардын укугун коргоо акциясына чыккандар коомчулукта "сенсация жаратуу максатын көздөгөн" деп айтып чыкты. Ал Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кыз-келиндердин укугун коргоонун «башкача жолу тандалса болмок» деген пикирин билдирди:

«Балким, алардын максаты - ажиотаж, сенсация кылуу болду окшойт, - деди ал. - Мамлекет чара көрө турганын, ошондон кийин уу-дуу сөз болорун билишкен. Кайсы бир деңгээлде максатына жеттиби деп ойлоп жатам. Аялзатынын укугун көчөгө чыгып, кыйкырып кантип коргойбуз? Ошонун логикасын түшүнө алган жокмун. Өздөрү чыктыбы? Кимдер турат? Адеп деген бар. Кыргыздын «Эркек уулду, аял улутту тарбиялайт» деген макалы бар. Аларды көргөндө менде жагымдуу таасир калбады. Биз деле коргойлу, биз деле ошол үчүнбүз. Улуттун салты, менталитети, баалуулуктары бар. Башкачараак жолду тандаса жакшыраак болмок деп эсептейм».

«Amnesty International» эл аралык уюму 10-мартта Бишкектеги аялдардын укуктарына арналган акцияны колдой турганын, 8-марттагы жүрүшкө тоскоолдук кылгандардын тек-жайы такталышы керек экенин билдирди. Уюмдун кайрылуусу анын сайтына жарыяланды.

«Бийлик кол салгандардын тек-жайын тактап, сотко бериши керек», - деп айтылат уюмдун кайрылуусунда.

Уюм Бишкек мэриясынын тынч митингдерге чогулууга тыюу салган чечимдерди жокко чыгарганын кубаттайт.

Путиндин бийлигин узартууга жол ачылды

Орусиянын президенти Владимир Путин 14-мартта «Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбооруна кол койду. Анын алдында долбоорду орус парламентинин эки палатасы - Федерация Кеңеши да, Мамлекетик Дума да жактырган. Орусиянын 85 аймагынын баары тең бул конституциялык өзгөртүүлөрдү колдогон.

Мыйзамга ылайык, конституциялык өзгөртүүлөрдү аймактык парламенттердин кеминде үчтөн экиси колдошу керек. Андан соң Конституциялык сот бекитип бериши зарыл. Мындай ички жол-жоболордон кийин президент Баш мыйзамдын жаңы текстин бүткүл элдик добуш берүүгө коёт. Жалпы элдик референдум 22-апрелге белгиленген.

Эгер мындай өзгөртүүлөр жалпы референдумда колдоо тапса, анда Баш мыйзамга эми мындан ары кудай жөнүндө сөз кирет жана үй-бүлө эркек менен аялдан куралары жазылат.

Ошондой эле президенттик мөөнөткө байланыштуу «катары менен» деген жери алынып ташталат жана мындан улам эмки президенттер кызматта эки гана мөөнөт боло алат.

Андан сырткары азыркы президент Владимир Путиндин жана экс-президент Дмитрий Медведевдин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү жокко чыгарылат. Бул Путинге 2036-жылга чейин бийликте калышына жол ачат.

Конституцияны өзгөртүүгө каршылар Москвада Кызыл аянтта бир-бирден пикетке чыгышты. Алардын бири Алиса Конееванын пикиринде Путиндин бийлик мөөнөтү узарса, жаштар өлкөдөн чыгып кетет:

«Путин ордунда отура берсе, жаштар бул өлкөдө калууну каалабайт. Эгерде коронавирус болбогондо көбү башка өлкөгө кетиш үчүн түйүнчөгүн түйө баштамак. Путин өмүр бою президент болууну каалап жүргөнүн биз баарыбыз түшүнчүбүз. Бирок ал президенттикте калуу ниетин бул жолу ушунчалык бетпактык менен, ушунчалык ачык билдирди. Буга чыдоого болбойт».


Путиндин бийлигин узартууга жол ачкан өзгөртүүнү Мамлекеттик Думада «Бирдиктүү Орусия» фракциясынын депутаты, алгачкы аял космонавт Валентина Терешкова сунуш кылган.

Ошол эле күнү президент Путин Мамдумага күтүүсүз келип, билдирүү жасаган. Ал мындай өзгөртүүлөрдү колдогон жана ага Конституциялык сот укуктук баа бериши керек экенин айткан.

Путин ушул жылдын башында, 15-январда Федерация Кеңешинде кезектеги кайрылуу менен чыгып, Конституцияны өзгөртүп, президенттин айрым ыйгарым укуктары парламентке берилиши зарылдыгын белгилеген. Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча жоон топ адамдан куралган жумушчу топ түзүлгөн.

Орусияда Путиндин рейтинги акыркы жылдары кескин төмөндөп кеткенин ар кандай сурамжылоолор көрсөткөн. Маселен, Жалпы орусиялык коомдук сурамжылоо борборунун былтыркы маалыматына караганда, Путиндин бийлигине орусиялыктардын 50% ашууну нааразы. Муну былтыр жайында өткөн бийликке каршы акциялар да ырастаганын байкоочулар белгилешкен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG