Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:53

Беткапчандардын бети ачыла элек


8-марттагы акцияда күч колдонгон беткапчан адамдар.
8-марттагы акцияда күч колдонгон беткапчан адамдар.

8-марттагы зомбулукка каршы жүрүштө кыз-келиндерге күч колдонгон беткапчан чагымчылар аныктала элек.

8-мартта аялдарга карата зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларына кол салып, акцияны үзгүлтүккө учураткан адамдар кимдер деген суроо коомчулукта кызуу талкууланууда. Талдоочулар арасында жана социалдык тармактарда аны бийлик уюштурушу мүмкүнбү деген суроолор да коюлган.

Ички иштер министрлиги митингдин уюштуруучулары менен катар беткапчандар да административдик жазага тартылганын билдирүүдө. Шаардык милициянын басма сөз катчысы Улан Жумаков алардын арасынан беш кишиге айыппул салынганын «Азаттыкка» кабарлады:

Улан Жумаков.
Улан Жумаков.

«Эки тараптан тең чагымчыл аракеттерди кылган жарандар Свердлов районунун ИИБине жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Тартип бузуу кодексинин 82-беренесинин («Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө») негизинде санкцияланбаган митингдин 6 катышуучусуна жана коомдук тартипти бузууга катышы бар 5 жаранга карата протоколдор түзүлүп, айыптар салынган».

Шаардык милиция бул адамдардын аты-жөнүн толук жарыялаган жок.

«Кыргыз чоролорунун» өкүлү Замир Көчөрбаев ​өз уюмунун мүчөлөрүнө айып салынганын ырастады. Ошол эле учурда Көчөрбаев бул уюм аялдардын жүрүшүнө каршы чыкканы менен беткапчандарга эч тиешеси жок экенин билдирди:

Замирбек Көчөрбаев.
Замирбек Көчөрбаев.

«Свердлов райондук милициясына келгиле» деп бизди чакыргандан кийин гана милицияга бардык. Ал жерде «беш бала байкоочу катары келгенбиз» деп түшүнүк кат жаздык. Акцияда ызы-чуу болуп жатканда барып калганыбыз үчүн 3000 сом айып салышты. Беткап тагынып, калпак кийгендер ким экени тууралуу маалыматыбыз жок».

Мына ушундай жагдайдан улам 8-марттагы Аялдар маршына кол салган беткапчандар ким жана алар жазага тартылдыбы деген суроо жоопсуз калууда. Бул маселени укук коргоочулардан башка бир катар саясатчылар да көтөрүп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев бийлик беткапчан адамдарды жана алардын артындагы күчтөрдү аныктабаса кесепети оору болорун эскертти:

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

«Бул адамдарды ким уюштурду, ким «саба» деди? Мына ошолорду аныкташ керек. Бул жерде маселе митингде эмес, ошол митингдеги зомбулукта, милиция өз милдетин аткарбаганында болуп атат. Эгер бүгүн күчтөрдү аялдарга каршы колдонуп жатса, эртең саясий максатта атаандаштарына каршы колдоно башташат. Анын кесепети начар болуп калат».

Акциянын катышуучулары ал күнү милиция кызматкерлери менен беткапчандар эриш-аркак иштегенин айтып, алардын артында бийлик турган жокпу деп шектенип жатышат. Ал тургай социалдык тармактарда бийликтеги конкреттүү адамдардын аты-жөнүн атагандар да бар.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова бийликтеги жогорку адамдардын уруксаты болмоюнча акция мындай орой жол менен таратылмак эмес деген оюн ортого салды:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Беткапчан келген адамдар милицияга тиешеси бар балдар деп 100% ишенем. «Кырк чоронун» балдары бет кап киймек эмес. Алардын позициясы алдын-ала эле белгилүү болчу. Жүзүн жашырып келип жаткан адамдар - милициянын эле адамдары. Эми аларды ачыкка чыгара албай, «5 адамды кармадык» деп «Кырк чорого» шылтап жатышат. Андай болсо ачык көрсөтпөйбү? Ал эми мындай аракет алдын-ала даярдалып жаткан соң укук коргоо органдарынын баарын тейлеген президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиевдин уруксаты жок болбойт деген ойдомун».

Саясий талдоочу Алмаз Тажыбай да коомчулук шектенген адамдардын арасында бийлик сересиндеги адамдар бар экени жөнүндө маалыматтар айтылып жатканын кошумчалады:

Алмаз Тажыбай.
Алмаз Тажыбай.

«Мен үч кишиден уктум. Инсайдердик маалымат деп коёт эмеспизби, алар жабык. Мисалы, ошол эле милиция органдарындагы инсайдерлер маалымат берген. Эми президенттин аппараты бул маалымат боюнча комментарий берип, негизи жок болсо «ушак» деп айтып бериши керек. Эгер унчукпаса бул элге тарап кете берет. Президенттин кадыр-баркына доо кетет».


«Азаттыктын» Алмамбет Салиев менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок. Анын жардамчысы менен президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Наргиза Мансурова комментарий бере албай турганын билдирди.

«Мен андай маалыматтарды окуган эмес. Ошондуктан комментарий бере албайбыз», - деди аппараттын өкүлү.

Ошого карабастан «Азаттык» Алмамбет Салиевдин пикирин билиш үчүн ага өзү каалаган учурда микрофон сунууга даяр.

Бийлик эки жолу күч менен алмашкан Кыргызстанда пикет-митингдерге чагым кылуунун ар кыл формалары буга чейин деле колдонулуп келген. Мурдагы бийлик башчыларынын учурунда нааразылык акцияларында ар кыл тымызын топтор колдонулган.

Маселен, 2005-жылы март окуяларынын алдында ошол кездеги бийликти колдогон «ак шапкечендер» деген адамдар тобу чагым салса, кийинки президент Курманбек Бакиевдин учурунда атайын уюштурулган аялдар тобу оппозициячыл саясатчыларга каршы бир нече жолу чабуул койгон. Аларды эл арасында «ОБОНчулар» деп атап алышкан. Мындай топтордун аягы кийинки бийликтердин учурунда деле тыйылып калган жок.


Саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков мыйзам бузган мындай топтор жалпы саясий акциялардын маанисине көлөкө түшүрүп жатканын белгиледи:

«Буга чейин «ак шапкечендер» болгон, беткапчандар пайда болуп калат. Муну ким жасап жатат? Муну так аныкташыбыз керек. Биз мамлекетпизби же жокпу? Эгер башка максаттагы адамдар болсо, аны такташы керек болгон ички иштер органдары эмне кылып отурат? Мисалы, өткөндө Садыр Жапаровду колдоо митингинде жүргөн аялдар деле ар кимди жакалаганы - ушунун баары эле жакшы эмес көрүнүш. Митинг өткөргөн учурда да тартип болуш керек».

8-мартта Бишкектеги Жеңиш аянтында Аялдардын эл аралык күнүнө карата жүрүш үзгүлтүккө учураган. Акция башталары алдында белгисиз беткапчан адамдар келип, катышуучуларга кол салган эле. Мындан соң милиция акциянын уюштуруучуларын кармап кеткен.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Свердлов райондук бөлүмү 8-мартта уюштурулган «Аялдардын тилектештик жүрүшүн» мыйзамсыз деп атаган. Кыргыз өкмөтү болсо милиция кагылышууну токтотуп калганын белгиледи.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG