Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 31-март, 2020 Бишкек убактысы 05:43

Өтпөй калган акциядан кийинки талаш


8-март, 2020-жыл.

Бишкек шаардык соту 1-июлга чейин борбордун үч районунда митинг өткөрүүгө тыюу салган райондук соттордун чечимин жокко чыгарды. Мунун алдында Башкы прокуратура узак убакытка чейин мамлекеттик эмес бардык иш-чараларды өткөрүүгө салынган чектөө мыйзамсыз экенин билдирген.

Башкы көзөмөл органы бул билдирүүнү аялдардын угугун коргоо боюнча марш үзгүлтүккө учурагандан бир күн өткөндөн кийин таратты. Ал эми 8-мартта акция башталып-баштала электе кармалгандардын ичинен алты аялга айып салынганы белгилүү болду.

Митингге коюлган чектөө алынды

Башкы прокуратура Бишкектин борборунда 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салуу мыйзамсыз жана негизсиз экенин 9-мартта кабарлады.

Башкы көзөмөл органы Биринчи Май, Ленин жана Октябрь райондук прокуратуралары райондук соттордун митингдерди чектөө тууралуу чечимдерине каршы сунушун берип, шаардык прокуратура мэриянын 4-марттагы токтомунда айтылгандарга каршылык билдирди.

Прокуратура жарандардын митинг, жүрүш жана башка иш-чараларды өткөрүү укугун чектөө тууралуу талаптар жана райондук соттор чыгарган чечимдер негизсиз жана жокко чыгарылышы керек деп эсептейт.

«Конституция боюнча «Ар ким тынч чогулуш өткөрүү эркиндигине укуктуу. Тынч чогулуш өткөрүүнү камсыздоо максатында ар ким бийлик органдарына билдирме берүүгө укуктуу. Тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө билдирүүнүн жоктугуна, билдирүүнүн түрү, мазмуну менен берүү убактысынын сакталбагандыгына байланыштуу тынч чогулуш өткөрүүгө тыюу салууга жана чектөөгө, ошондой эле аны тийиштүү түрдө камсыздоодон баш тартууга жол берилбейт. Тынч чогулуштарды уюштуруучулар жана катышуучулар тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө билдирүүнүн жоктугу, билдирүүнүн түрү, мазмуну жана берилген мөөнөтү сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышпайт», - деди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматкери Жоомарт Максатбеков.

Жүрүшкө чыккандар зомбулукка кабылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:06 0:00


Ушул эле күнү Бишкек шаардык соту Биринчи Май, Ленин жана Октябрь райондорунда 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салган райондук соттордун чечимин жокко чыгарды.

Буга чейин райондук соттор аталган үч райондун администрацияларынын арызынын негизинде расмий эмес иш-чараларды, анын ичинде марштарды, митингдерди өткөрүүгө быйылкы жылдын 1-июлуна чейин чектөө киргизген. Мындай чечимдер арыз берген тараптардын коронавирустун жайылышына жана массалык башаламандыкка жол бербөө өтүнүчүнө ылайык кабыл алынган. Мэрия көп өтпөй борбор калаанын айрым райондорунда тынч жыйындарга тыюу салуу чечимин чакыртып аларын маалымдаган.

Белгисиз беткапчандар

Бул чектөө 8-мартка белгиленген «Аялдардын тилектештик жүрүшүнүн» уюштуруучуларынын нааразылыгын жараткан. Жыйынтыгында аялдардын укугун коргоо боюнча акция 8-мартта Жеңиш аянтында өтөрү айтылып, ал башталып-баштала электе үзгүлтүккө учурады.

Беткап тагынган, калпак кийген белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышты. Андан соң милиция акциянын катышуучуларын кармап кетти.

Бул кыргыз коомчулугунда кызуу талкууга жол ачып, Интернетте акциянын уюштуруучуларын жана ага каршы чыккандарды колдогондор болуп экиге бөлүнүп кайым айтышууда. Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов да бул талкуудан четте калган жок.

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

«Качан кыргыздын жигиттери башына калпак кийип, бетин беткап менен жаап сабады эле!? Бул - жапайычылык, бул - сабатсыздык, бул - алсыздык. Алсыздарга, назиктерге кол көтөрүү – бул алсыздык. Ошолорду жигит деп, кыргыздын мырзасы деп айтканга оозум барбайт. Кыйын болсоңор беткапты чечип келгиле. Сүйлөшөлү!»

Зомбулукка каршы акциянын уюштуруучуларына кол салууну АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да сындап, жүзүн жашырган жаалданган кишилердин аракетин «аялдарды кордоо» катары баалады. Андан тышкары «Сорос-Кыргызстан» фонду, «Үмүт-2020» саясий кыймылы акциядагы чагымчылыкты кескин айыптады.

Ал эми Саясий репрессияларга каршы комитети бул окуяга жол бергендердин жана аны уюштургандардын жоопкерчилиги боюнча маселени көтөрдү.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

«Акциядагы окуяларга Ички иштер министрлиги (ИИМ) жоопкер. Милиция 8-мартта милдетин аша чапкандык менен аткарды. Ал жерде башаламандык кылгандар ИИМ тарабынан даярдалып, алардын кызматташтыгы аркасында болду. Мындай иштер биринчи эле жолу катталган жок. Мисалы, буга чейин алар Кыргызстандагы кытайларды текшерип, сауналарды тинткенде «булардын артында ИИМ турат» деген сөздөр айтылган. Мен ушуга ишенем. Анткени 8-марттагы акцияны үзгүлтүккө учураткандар, буга чейин да кылган иштери үчүн жооп беришкен эмес. Эгерди ИИМ бул иштерге тиешеси жок болсо алардын ким экенин аныктап, коомчулукка көрсөтсүн», -деди комитеттин жетекчиси Адил Турдукулов.

Бишкектеги марш дүйнөлүк медианын назарында
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:28 0:00


Свердлов райондук милициясынын маалыматына караганда, 8-мартта Бишкекте Жеңиш аянтындагы митингден кийин 11 адамга айып салынды. Алардын алтоо кыз-келиндер, бешөө эркек. Ал эми акциянын алдында башаламандык уюштурду деген сөздөр айтылып жаткан "Кырк чоро" кыймылы мындай дооматтарга макул эмес. Аталган кыймылдын мүчөсү Замирбек Көчөрбаев «Азаттыкка» комментарий берди.

«Биз акция болчу жерге барганда баарын алып кетип жатышыптыр. Беткапчан, калпак кийген балдарды көргөн жокпуз. Бизди болсо милиция алып кеткен жок. «Свердлов райондук милициясына келгиле» деп бизди чакыргандан кийин гана милицияга бардык. Ал жерде «беш бала байкоочу катары келгенбиз» деп түшүнүк кат жаздык. Акцияда ызы-чуу болуп жаткандар барып калганыбыз үчүн 3000 сом айып салышты. Беткап тагынып, калпак кийгендер ким экени тууралуу маалыматыбыз жок».

Президентке кат: жооп болобу?

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев зомбулукка каршы акциядагы окуялар боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, акцияга чыккандарды кармоого ким буйрук бергенин Башкы прокуратура териштириши керектигин айтты.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Акциянын уюштуруучуларын кармоо боюнча мыйзамсыз буйрук бергендерди жоопко тартыш керек. Конституцияда «тынчтык митингине эч ким тыюу сала албайт» деп так жазылган. 8-марттагы окуядан кийин эл аралык коомчулукка уят болуп, Кыргызстанды терс жагынан көрсөттүк».

«Феминалле» жана «8/365» коомдук кыймылдарынын болбой калган жүрүшү тууралуу Кыргызстан жаштар федерациясы кыймылынын лидери Айбек Теңизбаев ой бөлүштү.

Айбек Теңизбаев.
Айбек Теңизбаев.

«Кыргызстан демократиялуу өлкө болгондон кийин 8-марттагыдай акциялар, ар кандай топтор болот. Алардын ар бири өз баалуулугу, көз карашы үчүн күрөшүп жатат. Бирок алар өтө радикалдуу болууда. Мисалы, феминисттер уюштурган иш-чаралар, алардын чакырыктары биздин коомдун басымдуу бөлүгүнө жат көрүнүш. Ал эми ашынган улутчулдар болсо «кыздарга зомбулук жок, үйдө эркек кожоюн болуш керек» деген сөздөрдү айтышууда. Ушул жерде бийлик эки тараптын ортосунда туруп маселени чечкенге аракет кылышы керек. Ал үчүн аянтча түзүшү керек. Феминисттер аялдарга жасалган зордук-зомбулук боюнча пикирин айтсын. Бул боюнча "Кырк чоро" да сөз сүйлөсүн. Ошондо анан орток пикир табылат», - деди Теңизбаев.

Ушуну менен өткөн аптадан бери Бишкекте эки акция кармоо менен коштолду. 2-мартта Бишкекте абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митингинде 170ге жакын киши кармалган.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын Свердлов райондук бөлүмү 8-мартта уюштурулган «Аялдардын тилектештик жүрүшүн» мыйзамсыз деп атаган. Кыргыз өкмөтү болсо милиция кагылышууну токтотуп калганын белгиледи.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (21)

XS
SM
MD
LG