Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 2-апрель, 2020 Бишкек убактысы 06:25

Сот зомбулукка каршы жүрүшкө тыюу салды


8-марттагы жүрүш. Бишкек. 2019-жыл.

8-март – Аялдардын эл аралык күнүндө Бишкекте шериктештик маршын өткөрүүгө соттун чечими менен тыюу салынды.

Буга Биринчи май райондук администрациясынын “дүйнөдө жайылып жаткан коронавирусту жана ар кандай башаламандыктардын алдын алуу чаралары” деп сотко берген арызы негиз болду.

Жүрүшкө даярданып жаткан демилгелүү топ жарандардын Баш мыйзамдагы укугу бузулганын айтып, соттун чечимине нааразы болуп жатат.

Биринчи май райондук администрациясы, ушул эле райондун ички иштер башкармалыгы мамлекеттик эмес бардык иш-чараларга, марштарга жана жүрүштөргө 1-июлга чейин чектөө киргизүүнү сурап, Биринчи май райондук сотуна кайрылган.

Аталган жергиликтүү мамлекеттик мекемелер тынч жыйындарды чектөөнүн себебин ириде Кытайда тараган жугуштуу илдеттин алдын алуу жана 2-мартта өткөн митинг башаламандык менен бүткөнүн мисалга тартып, ар кандай тополоңдорду болтурбоо аргасы катары түшүндүрүп жатышат.

Арыз 5-мартта Биринчи май райондук сотунда каралды. Анда Биринчи май райондук администрациясынын юристи Сауле Эдигеева жугуштуу оорунун алдын алуу үчүн атайын түзүлгөн республикалык штабдын сунушу менен чогулуштарды чектөө чечими кабыл алынганын айтты.

"2-мартта борбордук аянтта митинг болгон. Билдирүүдө митинг тынч эле өтөрү айтылган. Бирок соңунда массалык башаламандык болду. Ошондой эле коронавируска байланыштуу тынч чогулуштарга чектөө киргизүү чечимин кабыл алдык. Бул чечимди кабыл алууда атайын түзүлгөн республикалык штабдын жыйынында “кишилер көп топтолгон иш-чараларды чектөө керек” деген сунушу эске алынган".

8/365 демилгелүү тобунун адвокаты Евгения Крапивина райондук тынч жыйындарды чектөө чечимине “мамлекеттик иш-чаралар” эмнеге кирбей калганына кызыкты.

Евгения Крапивина
Евгения Крапивина

"Мамлекеттик иш-чараларда коронавирус жукпайбы? Сиздер чектөөнү мамлекеттик иш-чаралардан башкаларга деп жаздыңар. Мисалы, Ноорузду майрамдоо кандай болот? Расмий кандай иш-чаралар болорун көрсөткөн жоксуңар".

Юристке Биринчи май райондук администрациясынын дагы бир өкүлү Аман Койчубаев “балким аскердик иш-чара болуп калышы мүмкүн” деп жооп берди.

Сотто “Шанс” кризистик борборунун өкүлү Елена Ткачёва жыл башынан бери аялдар кабылган зомбулукка байланыштуу үрөй учурган окуяларды эске салып, 8-мартта коомчулукка кыз-келиндердин укугу жөнүндө түшүндүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлү Турусбек Касымакуновдун “митингге чыгып канча зомбулуктун алдын алдыңар?” деген суроосуна сот залындагы активисттер “ал милициянын милдети” деген жооп кайтарышты. Касымакунов 8-марттагы жүрүш кыргыз менталитетине каршы келерин айтып, уюштуруучуларды айыптады.

"Урматтуу сот, түшүндүрүү иштерин марш менен жүргүзбөйт. Булардын максаты такыр бөлөк. Былтыр булар ар кандай баракчаларды жазып алышкан. Мисалы, “мен трансмын, ага сыймыктанам”, “күйөөм чайды өзү куюп ичсин” деген кыргыздын менталитетине туура келбеген лозунгдар менен чыгышты. Мунусу менен башка жарандарды өздөрүнө каршы коюп алышкан" , - деген Касымакунов активисттер быйыл чыкса, коопсуздук маселеси курчушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Тараптардын жүйөлөрүн уккан сот Зарема Бейшеева Биринчи май райондук администрациясынын тынч жыйындарды чектөө чечимин негиздүү деп таап, жергиликтүү бийликтин арызын канааттандырды.

8/365 деп аталган демилгелүү топтун жетекчиси Жанна Араева соттун чечимин аялдар жүрүшүнө каршы багытталган бут тосуу катары баалады. Араева өлкөдө аялдардын укугуна байланыштуу иш-чараларга тыюу салынып жатканына нааразы болуп, 8-мартка белгиленген акцияны айла жок башка форматта өткөрүүнү ойлонуп жатышканын белгиледи.

Жанна Араева
Жанна Араева

"Эки жолу сотко берип жатканы кызык. Биринчи май райондук соту 3-мартта да ушундай эле чектөө боюнча сотко берген. Бирок сот жүрүшүндө арызын кайтарып алышкан. Анда "ураандарыңар чакырык таштайт" деген сыяктуу кызыктай негиздемелери болгон. Андыктан өздөрү арызын артка алышкан".

Аялдардын эл аралык күнүнө арналган жүрүшкө Ош шаарында да тыюу салынганы кабарланды. Ошентип, бул жолку 8-марттагы аялдардын укугуна байланыштуу марштарга чектөө - бийликтин коронавирустан сактануу чараларын көрүп жаткан жана 2-мартта абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо акциясындагы башаламандыктар тууралуу талкуулар басаңдай элек учурга туш келди.

Саясатчы Адил Турдукуловдун аялдар маршына коопсуздук чаралары деген жүйө менен тыюу салуунун артында саясат турат деп эсептейт.

"Бул эч кандай элдин коопсуздугу эмес, саясий чечим болду. Анткени бийлик оппозициялык көз караштагы жыйындардан чочулайт. Тыюу салуу чечиминде логика болушу керек. 100дөн ашык киши чогулган жерге тыюу салса, анда Жогорку Кеңеш дагы ишин токтотсун".

2019-жылы 8-мартта уюштурулган мындай марш пикир келишпестиктер менен коштолгон. Буга зомбулукка каршы ураандардан тышкары жыныстык азчылыктын жана феминист аялдардын укуктарын коргоо чакырыктары себеп болгон. Мындай көрүнүш улутчул көз караштагы топтордун катуу сынына кабылган.

Анткен менен укук коргоочулар бийлик аялдардын укугун коргоо үчүн батыл чараларды көрүшү керек экенин айтып келишет. Кыргызстанда жыл башынан бери беш аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. Бир нече аял күйөөсүнүн ур-токмогунан майып болуп калды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG