Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:03

Чуулгандуу марштын эпкини парламентке жетти


8-марттагы жүрүш. Бишкек, Кыргызстан.
8-марттагы жүрүш. Бишкек, Кыргызстан.

Дээрлик бир жумадан бери бүтпөй жаткан Бишкектеги феминисттердин маршы тууралуу талкуу парламентке жетти. Бир катар депутаттар 8-марттагы жүрүштү кескин айыптап, акцияны «гей-парад» деп баалашты.

Айрым эл өкүлдөрү ал тургай бул үчүн өкмөттүк эмес уюмдарды айыптап, аларга көзөмөлдү күчөтүү зарыл экенин эскертишти. Мамлекеттик эмес бирикмелер болсо Жогорку Кеңештин өзүн сынга алышты.

Маршты «гей-парад» деп атаган депутаттар

8-март күнү өткөн жүрүштү Жогорку Кеңеште талкуулоо боюнча бул көрүнүштү кескин айыптап келаткан депутат Жылдыз Мусабекова демилге көтөрдү. Ал бир нече күндөн бери социалдык тармактарда жазып келе жаткан өзүнүн билдирүүлөрүн кайталап, акцияга баа берүүнү талап кылды:

Жылдыз Мусабекова.
Жылдыз Мусабекова.

«Бул митинг биздин кыргыздын улуттук уңгусуна балта чапкан митинг болду. Орто Азияда биринчи жолу гей-парад өттү десе болот. Кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын, нарк-насилин тепседик. Мына, кыргыз элинен чыккан, Алайдын ханышасы Курманжан даткабызды маскаралашты. «Манастын тукумубуз» деп мактанабыз, парламентте Алайдын уулдары бар, кыздары бар, унчукпай койгонубуз болбойт. Кыргыз элин сактап калгыбыз келсе, укук коргоо органдарын чакырып жооп алып, акцияны ким уюштурду, эмне максатта кылды - угуп, баабызды берели. Унчукпай, оозубузга талкан салып отура берсек Кыргызстан «Гейстанга» айланып калабыз».

Ошентип, Мусабекованын сунушу көпчүлүк добуш менен колдоого алынып, 13-марттагы күн тартибине кирди. Маселени кароого кезек жеткенде айрым депутаттар жүрүштү талкуулоо парламенттин деңгээли эмес экенин айтышты.

Депутат Дастан Бекешев маселени кароо менен парламент өзү ЛГБТны үгүттөп жатканын белгиледи:

«Күн тартибин бекиткенде мен жок болуп калдым. Биз муну талкууласак уят эле болот го. Бул өзгөчө кырдаал эмес да. Эл аралык деңгээлде уят болобуз. Албетте, терс көрүнүштөр бар. Бирок мында мэриянын, ИИМдин күнөөсү жок. Кумсалар өзүнчө жашай беришет, болгону этият болуш керек. Жөн гана «андай кылбагыла, бул жаман нерсе экен» деп коомду чакырыш керек. Бул тема эки-үч күн өткөндөн кийин унутулат эле. Биз өзүбүз талкуулап ЛГБТны үгүт кылып жатабыз. Муну талкуулоо Жогорку Кеңештин деңгээли эмес».

Ошентсе да маселе каралды. Алгач ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов 8-марттагы акциянын жүрүшү, кимдер уюштурганы, ага канча киши катышканы жөнүндө кыскача отчет берди. Ал чогулгандар аялдардын укуктарын коргоо жана зомбулуктун алдын алуу идеяларын айтып, ушул өңүттөгү плакаттарды кармап чыгышканын кабарлады.

Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев акция өткөрүүгө уруксат берүүгө же бербөөгө башкалаанын жетекчилигинин укугу жок экенин билдирип, бирок жүрүшкө чыккандар Баш мыйзамдагы укугун пайдаланганын жүйө келтирди.

Депутат Тазабек Икрамов кеп болуп жаткан маршты атайын чет элден келген топтор уюштурганын айтып, аларды жоопко тартууга чакырды. Эл өкүлү Зиядин Жамалдинов муну менен Кыргызстан коңшу өлкөлөргө уят болгонун билдирсе, депутат Айнуру Алтыбаева салттуу үй-бүлө деген түшүнүккө шек келгенин кошумчалады.

Өкмөттүк эмес уюмдар жана марш

Ал эми башка бир депутат Өмүрбек Бакиров бул көрүнүш үчүн өкмөттүк эмес уюмдарды айыптады:

Өмүрбек Бакиров.
Өмүрбек Бакиров.

«Эл аралык уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын бир топ жылдардан бери жүргүзүп келе жаткан иштеринин натыйжасы ушул, кечээги 8-марттагы жүрүш болду. Демократиянын атына жамынып алган кээ бир мамлекеттик уюмдар максатына жетти. Ошондуктан биз укук коргоо органдары менен чогуу иштеп, мыйзамдарды иштеп чыгып, өкмөттүк эмес уюмдарды жакшылап көзөмөлгө алышыбыз керек».

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров да кызматташынын сөзүн колдоп, Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдардын ишин текшерип, коопсуздукка келтирген зыянын карап чыгууну сунуш кылды.

Мунун алдында ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Кыргызстанда 14 миңдей өкмөттүк эмес уюм бар экенин билдирген эле.

Андан кийин сөз алган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын биринчи орун басары Орозбек Опумбаев болсо өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү буга чейин сунушталып жүргөн мыйзамды кабыл алууга чакырды.

«Орусияда жана башка өлкөлөрдө кабыл алынган өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам бүгүнкү күндө эң зарыл. Негизги проблема каржылоо көзөмөлсүз жүрүп жатат. Айрыкча ЛГБТга. Канча акча келип, кимге барып жатат, кандай акциялар болууда? Ошол мыйзамды кабыл алсак, көзөмөл болсо, биз кайсы эл аралык уюм лобби кылып, кайсы чет өлкөлүктөр бул жакка келип жатканын, аларга кантип каршы туруш керек экенин билет элек. Бул маселени көтөрүп, чогуу чечишибиз зарыл. Ачык эле айталы, аларды кармасак Конституция боюнча биз күнөөлүү болмокпуз, алар «расалык жана башка дискриминация» деп арыз жазмак. Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам кабыл алып, эл аралык уюмдардын максатын, жоопкерчилигин, жетекчилерин, иш-чараларын жазып койсок, ошондо биз ИИМ менен так-так иштейт элек», - деди ал.

Ошентип дээрлик бир жумадан бери бүтпөй жаткан Бишкектеги феминисттердин маршы тууралуу талкуу парламенттин ичин да бир сыйра дүрбөлөңгө салды. Бирок ал маселенин атайын каралышын, андан да ага жалпы өкмөттүк эмес уюмдардын айыпталышын мамлекеттик эмес бирикмелер сын көз караш менен кабылдашты.

«Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова буларды билдирди:

Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

«Биз таза шайлоо болбой, саясий коррупция аркылуу, орундарды сатып алып келгендер, криминалдар, олигархтар, сегизинчи классты бүткөн адамдар да бул парламентте бар экенин билебиз. Ошондуктан биз бул парламентке таарынбайбыз. Бул депутаттар мурдагы жылдары мындан да абсурд идеяларды көтөрүп жүрүшкөн. «Өкмөттүк эмес уюмдарды тескеш керек» дегендерге биз «Баш мыйзамды окугула» деп айтат элек. Мамлекеттик эмес уюмдар кайсы жактан каржы алганын ачык көрсөтүп, отчетун отчеттой берип, салыгын салыктай төлөп келатат. Ошол эле депутаттардын ишканалары биздей салык төгүшпөйт. Тескерисинче биз, өкмөттүк эмес уюмдар ачык-айкындуулукту талап кылганыбыз үчүн алар кайра бизге асылып жатышат. Жарандык коомсуз өлкө авторитардык, Түндүк Корея сыяктуу өлкөгө айланат».

Ал эми Kloop.kg сайтынын негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер парламентарийлердин ЛГБТга карата терс чакырыктарын сынга алды:

Бектур Искендер.
Бектур Искендер.

«Биринчиден мен, ЛГБТ жамаатынын маршка кошулуп чыгышы абдан жакшы болду деп эсептейм. Анткени алар да аялдардын укугу менен тыгыз байланыштуу. Маселен, лесбиянкалар же трансгендер кыздар да Кыргызстанда өтө чоң зомбулукка кабылат жана 8-март да алар үчүн чоң мааниге ээ. Ошондуктан алардын жүрүшкө чыгышы - бул жакшы көрүнүш жана ошондой көйгөйлөрү бар адамдар маселесин ачык айтышына мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканы үчүн мен Кыргызстан менен сыймыктанам. Коомчулук буга терс реакция жасап жатканы биз аларды кабыл алууну дагы үйрөнүшүбүз керек экенин жана адамдарда гомофобиялык коркунучтары сакталып калганын түшүндүрөт. Мен жалпы кыргызстандыктарды ЛГБТ коомчулугунан коркууну токтотууга чакырат элем. Анткени алар деле биздин коомчулугубуздун бир бөлүгү. Парламенттин депутаттары ЛГБТга карата терс нерселерди айтканы бул алардын сабатсыздыгын көрсөтөт. Тескерисинче, депутаттар биринчи кезекте адам укуктарын коргоого колдоо көрсөтүшү керек болчу».

Бектур Искендер: ЛГБТ маршка өз укугун талашып чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:20 0:00
Түз линк

8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик билдирген жүрүшү өткөн. Акцияда кыз-келиндердин укуктарын жактаган, феминисттик көз караштардан тышкары жыныстык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон. Ушундан улам айрым уюмдар «жыныстык азчылыктарды жактаган жүрүш болду» деп шаардын жетекчилигин жана ага катышкан активисттерди сынга алышууда.

Социалдык тармактарда да кызуу талаш-тартыштар уланып жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG