Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:33

Мэрия айрым уюмдарды митинг өткөрүү укугунан ажыратууну соттон өтүнүшү мүмкүн


8-марттагы жүрүштүн катышуучулары.
8-марттагы жүрүштүн катышуучулары.

Бишкек шаарынын мэриясы 8-мартта баш калаада өткөн жүрүшкө байланыштуу сотко кайрылышы мүмкүн. Бул тууралуу шаршемби күнү Жогорку Кеңеште мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди:

- Уруксат берүү же бербөө биздин укугубузда жок. Экинчиден ооба, биз шаардагы окуялар үчүн жооптуубуз. 8-марттагы окуяларда мэрия, өз алдынча башкаруу жана коопсуздук органдары - баары өз ишин туура кылды деп эсептеп, мэр кечээ өз пикирин айтты. Азыркы окуялардан кийин биз Баш мыйзамды жана башка мыйзамдарды текшерип, изилдеп жатабыз. Сотко кайрылышыбыз мүмкүн. Улуттук баалуулуктарга жана башка нерселерге шек келтирген мыйзам бузуу болсо биз мындан кийин ошол уюмдарды митинг өткөрүү укугунан ажыратуу боюнча сотко кайрылабыз деген оюбуз бар.

8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик билдирген жүрүшү өткөн. Акцияда кыз-келиндердин укуктарын жактаган феминисттик көз караштардан тышкары жыныстык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон.

Бүгүн КСДП депутаты, «бул митинг кыргыздын, улуттун уңгусуна балта чабылган митинг болду» деген Жылдыз Мусабекованын жана «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешовдун демилгеси менен парламентке УКМК, ИИМ жана Бишкек мэриясынын өкүлдөрү чакыртылып, алардын маалыматы угулду.

Көпчүлүк депутаттар «ошол иш-чарада ЛГБТнын үгүтү болду» деген пикирин айыптап айтышты. (RK)

XS
SM
MD
LG