Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Бекешев: Парламент өзү ЛГБТны үгүттөп жатат (видео)


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешевдин 8-марттагы митингди парламентте талкуулабай коюу тууралуу сунушу көпчүлүктүн колдоосун тапкан жок.

- Биз муну талкууласак уят эле го. Өзгөчө кырдаал эмес да. Эл аралык деңгээлде уят болобуз. Жөн гана коомду чакырыш керек, «​андай кылбагыла, бул жаман нерсе экен» деп. Ушул теманы талкуулап биз өзүбүз ЛГБТны пропаганда кылып жатпайбызбы, - деди Бекешев.

8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик билдирген жүрүшү өткөн. Акцияда кыз-келиндердин укуктарын жактаган, феминисттик көз караштардан тышкары жыныстык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон.

Бүгүн КСДП депутаты Жылдыз Мусабекова «Бул митинг кыргыздын, улуттун уңгусуна балта чабылган митинг болду. Талап кылам, ошол митингди кимдер, эмне максат менен, кимге каршы уюштурду - бүгүн палатага УКМК, ИИМди чакырып, баа беришиңиздер керек» деп айткан. Көпчүлүк аны колдоп, маселе күн тартибине кирген. (RK)

XS
SM
MD
LG