Линктер

ишемби, 23-март, 2019 Бишкек убактысы 17:10

Феминисттик жүрүштөн кийинки ойлор


Бишкектеги акцияга чыккан активисттер. 8-март, 2019-жыл.

Аялдар майрамындагы жүрүштө көтөрүлгөн айрым ураан-чакырыктар коомдо талаш-тартыш жаратты. Кызуу талкууну жиктешүү, каршылашуу эмес, түшүнүшүү, кепке келишүү нугуна бура алабызбы?

Түркүн улуттар, тилдер, диний түшүнүктөр, маданияттар ааламга жаңырган көп дооштуу, биринен бирине өтө кубулжуган, кээде үндөш, кээде такыр окшошпогон, бирок ар бири өзүнчө сонун үндөрдөн куралуучу, эч качан басылып калбай турган Жалпы Адамзаттын Улуу Гимнин дайым ырдай берет.

Ырас, ажайып музыканын кайрыктары кез-кезде бомбанын жарылуусуна, кыйроонун кулак тундурар ызы-чуусуна, кеп жебес фанаттардын акылдан аздырчудай ачуу чаңырыгына көмүлүп кетет. Эгер пенденин бирден-бир туура же идеалдуу дегидей үлгүсү болсо, Кудай өзү эле баарыбызды бир стандартка, калыпка салгандай жаратып салбайт беле? Андай болбойт, болушу мүмкүн эмес, керек да эмес экен, анткени адам тиричилиги бардык жагынан алдын-ала программаланган роботтордун математикалык тактыктагы тартиби бар иш-аракетинен айырмаланбай, бул жарыктагы жашоонун маңызы да, кызыкчылыгы да калбайт экен.

Бирок эмне үчүн ар түрдүүлүктү жактаган кечээки ураандарды
жактырбагандар да көп болду? Кеп бул чакырыктардын өзөк маанисинде эмес, туюнтуу формасында окшойт.

Эмнеге баш ийбеш керек?

Кадимки Курманжан датканын сүрөтүн плакатка тартып, ага: «Баш ийбе. Мен тандоомду кылдым», - деп жазып чыгышыптыр. Экинчи жакка, буйрук ыңгайда туюнтулган биринчи бөлүгү чорт кескендей катуу, орой. Кийинки сүйлөм келегей которулган – орусчадан калькаланган (башка тилдин сөз айкашын механикалык түрдө туурай оодарылган).

8-марттагы акциядан бир көрүнүш.
8-марттагы акциядан бир көрүнүш.

Чындыгында баш ийүүсүз жашоо жок. Кептин баары кимге же эмнеге баш ийиш керек экендигинде. Эгер адам кара күчкө, басмырлоого, зордукка баш ийсе, бул кулчулук болот. Эгер мыйзамга баш ийсе, б.а. мыйзамдуулуктун толук сакталышын жактаса, укугун коргой алат. «Эркин болгуң келсе, мыйзамга баш ий», - деп бекеринен айтылган эмес. Салттын да өзөк мааниси таза сакталган эрежелерине «баш ийбей», тагыраагы, салтты такыр көзгө илбей коюш деле жакшы эмес.

Ушул жерден БУУнун Адам укуктарынын жалпы декларациясынын
29-беренесин окуп көрөлү:

«1. Ар бир адам белгилүү коомдо гана инсан катары эркин жана толук жетилиши мүмкүн, анын ошол коом алдындагы милдеттери бар.

2. Өзүнүн укуктарын жана эркиндигин жүзөгө ашырууда ар бир адам башкалардын укуктары менен эркиндигин тийиштүү деңгээлде таануу жана урматтоо, демократиялык коомдогу адеп-ахлакты, коомдук тартипти жана жалпы байгерчиликти камсыз кылуу максатында гана зарыл чектөөлөргө кабылышы мүмкүн.

3. Бул укуктарды жана эркиндикти жүзөгө ашыруу эч качан Бириккен Улуттар Уюмунун максаттарына жана эрежелерине каршы келбеши керек». (Бул беренени «Кыргызстанда тилге байланыштуу адам укуктары бузулууда» деп кыйкыргандарга жооп кылыш үчүн атайын которгон элем. – Ж. Турдубаев).

Айтайын деген оюбуз Теңирден тескери мааниде угулбашы үчүн ар бир сөздү туура тандашыбыз керек. «Зомбулукка баш ийбейли! Укугубузду коргойлу!» - десе, кыйла жөндүү болмок. Ошондо Курманжан датканын сүрөтү да орундуу болмок – ал деле өз бактысы үчүн күрөшүп, теңин тапкан эмес беле.

Чай куюп берген жаманбы?

«Наливать чай – не обязанность жены». Кыргыздын салтында чайды келин куят, бул улууларды урматтоонун бир белгиси. Үй-бүлөдө улуу-кичүү, аял-эркек бир дасторкондо чогуу тамактанып, баарлашып отурганы мага жагат (албетте, эркектерге гана же аялдарга гана тиешелүү сөз болгон учурларда, бөлүнүп сүйлөшкөнү да туура). Бирок бул чакырыкты жазгандар үй түйшүгүн бүт бойдон келинге жүктөп салган жосунду айыптамакчы болгон сыяктанат. Мындай ойду даана туюнтуу үчүн: «Келинди күңдөй кордобойлу!» - деп жазса, коомдук пикирдин кескин каршылыгына кабылбай, бир нече эсе көбүрөөк колдоо тапмак.

Ушул жерден талкуулаганга, чогуу ой жүгүрткөнгө бир мисалды келтирейин. Биздин жердешибиздин кызы өтө европалашкан үй-бүлөгө келин болду. Ал үйдөгүлөр чогуу чай ичпейт экен. Биздин кыз бешбармагын даярдап, ашканага баарын чакырыптыр: «Ар кимибиз ар бурчта кепшесек, бир бүлө болгонубуз кайсы? Келгиле, чогуу отуруп, кичине сүйлөшүп да алганыбыз жакшы эмеспи», - деп. Ошентип, супер-европалашкан туугандар кыйла кыргыз боло түшүптүр. Айрыкча келининин илбериңкилиги кайната, кайненеге майдай жагыптыр.

Жети энени билбеш керекпи?

Кыргыз тегин ата жагынан иликтеп келгени чын. «Жети атасын билбеген – кул». Бирок бизде санжыранын сан жылгадай нугун иликтеп, тай жагынан тамырын да терең билгендерге эч качан каршылык болгон эмес. Бул жагынан чектөө салтта да, динде да, мыйзамда да жок. Андыктан кечээки бир ураанга: «Жети апамды билем», - дебей, кичине башкача жазса жакшыраак болмок экен, «Жети энемди ДА билем», - деп. Ата тегин эле эмес, тай жагын да эскере сыймыктангандар буга чейин деле болгон, мындан ары дагы көбөйө берери анык. Уулу жок өткөн таятасынын аты өчпөсүн деп энесинин фамилиясын алып жүргөндөр бар.

Азчылыкты кантип коргойбуз?

Бул ирет «Кырк чоро» майрамда тополоң чыгарбаса экен деп чочуладык эле, улуттук салтты жактаган жигиттер аялдарга гүл тартуулап, чыныгы мырзалыктын өрнөгүн көрсөтүштү. Бирок чыр-чатак чыгып кетишине себеп болушу ыктымал бир маселе бар. Бул табиятынан арасат же кош жыныстуу болуп калган адамдарга тиешелүү. Аларга башка бардык адамдарга мамиле жасагандай эле карай билген аң-сезимди, сыпайы маданиятты калыптандыруу зарыл, албетте. Ырас, сырт келбети көпчүлүктөн айырмаланган, мисалы, мунжу, кодоо же өңү серт кишини көргөндө, өмүрүндө тар коктудан чыкпай жүрүп, биринчи жолу шаарга келип калган эси жок баладай бакырая карап калган, аларды мазактаган наадандарыбыз бар. Жеткиликтүү, сылык тил менен кылдат түшүндүргөн маалыматты жайылтып, үй-бүлөдөн, мектептен, ЖОЖдон да туура тарбия берсек, мындайлар азаят.

Дене боюндагы башка өксүгү барларга салыштырмалуу арасат же кош жыныстуулардын калк арасында анча айырмаланбай жүрүү мүмкүнчүлүгү кенен. Бирөөнүн шымынын ичинде эмне бар деп адепсиз акмак гана тумшугун тыгышы мүмкүн. Балким, кум жээк, мончо сыяктуу жайларда мазактоодон коргош үчүн мындай адамдар үчүн атайын бөлмө, жай, даярдыгы бар адистер болушу керектир? Бирок «меники сеникиндей эмес» деп беркилер да туш келген жерде жар сала бербеши кажет го?.. Кечээки майрамда ушул маселеге тиешелүү айрым ураандар да одоно айтылып калгансыйт. Мага айрыкча: «Я горжусь, что транс», - дегени одоно туюлду. Азчылыкты минтип коргобойт. Мындай кыйкырык, тескерисинче, аларга болгон жек көрүүнү күчөтүшү гана мүмкүн, анткени бул коргонуудан үгүткө өтүшүп кеткен сөз болуптур. Артык кылам деп тыртык кылып албашты ойлой жүрөлүчү.

Жаңыл Мырзадан бир сабак (соңку сөз ордуна)

Ушул майрамга тушташ күндөрү «Фейсбукта» таланттуу жазуучу Арслан Койчиев айтылуу Жаңыл Мырзанын трагедиясы жөнүндөгү жакшы талкууга жем таштады:

«Жаңыл Мырза қырғыздын эң атақтуу баатырларын өлтүрүп қойбоғондо, элибиздин тарыхы башқача, таптакыр башкача болмок беле деп ойлой берем (: Албетте, баатырлар да қатылбай эле қоюшса эмне!»

Кеп эмес бекен! Баатыр кызды «канчык» деп акарат кылганы үчүн Үчүке менен Түлкү баатырлар ажал тааптыр. Кийин Жаңыл Мырза өзү туткундалып, кордолуптур. Ынтымак бузулуп, эл чабылып-төгүлүптүр.

Эми да аялзатын кор тута берсек, «сенин ордуң очоктун жанында» деп эле ар тараптан кысып-чектей берсек, кыргыздын кылым карыткан байсалдуу көчү өксүбөй калбайт.

Эркек менен аялды эрегиштирген кесир сөз, акаарат кеп тыйылбаса, үй-бүлөнүн өзөгүнө доо кетет, коомдун биримдиги ыдырайт, мамлекеттин келечеги болбойт.

Жолдош Турдубаев, публицист.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG