Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:57

№8 округ боюнча аймактык комиссиянын талаштуу чечимин БШКнын жумуш тобу карайт


Ош облусундагы шайлоо округдары. Иллюстрациялык сүрөт.
Ош облусундагы шайлоо округдары. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумуш тобу Жогорку Кеңешке шайлоодогу №8 округдун №5249 жана №5514 тилкелеринин жыйынтыгын жокко чыгарган аймактык комиссиянын чечимин териштирет. Бул тууралуу 6-декабрда БШКнын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка караганда, арыз келип түштү, ал эртең каралат деп пландалууда.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков 5-декабрда Фейсбуктагы баракчасына №8 округда аймактык комиссия №5249 жана № 5514 шайлоо тилкелеринин жыйынтыгын жокко чыгарган чечим кабыл алганын жазган, буга №5249 тилкесинде болду деп жарыяланган видео негиз бергенин билдирген.

Аталган округдан аялдарга берилген квота боюнча алдыга озуп чыккан Жылдызкан Жолдошова аймактык комиссиянын чечимин айыптап, ал эми БШКнын расмий токтому чыга электе Орунбековдун маалымат таратуусун "бийликтин шайлоого кысымы" деп Фейсбуктагы билдирүүсүндө сыпаттаган.

Жолдошова аймактык шайлоо комиссиясынын үстүнөн укук тартибин коргоо органдарына кайрыларын "Азаттыкка" билдирди:

“Биринчиден, №8 округдагы иштерди аймактык шайлоо комиссиясы карап жатканын биз билген жокпуз. Экинчиден, алар бизди чакырган эмес, кабар бербестен туюктан туюк карап, мыйзамсыз иштерге аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мамыт Малдабаевич барды. Мен азыр күч органдарына кайрылып жатам. Ошол аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин текшерип, эгер алар мыйзам бузса чара көргүлө деп. Керек болсо камаш керек.”

Жолдошова президентке, УКМК жетекчисине, башкы прокурорго, Боршайкомго да кайрылып, бул ишти көзөмөлгө алууга, тийиштүү адамдарды жоопко тартууга чакырууда.

Жолдошова "оппоненттер же кайсы бир күчтөр №27 округда тартылган 5 миң сомдуктан добуш сатып алуу болуп жаткан видеону" анын участогуна "чаптап", ЖМК аркылуу жалган маалымат таратып жатышканын айткан.

Бул видеону чынында ким, кайсы жерде, качан тартып, жайылтканы тууралуу азырынча тийиштүү органдардан расмий комментарий боло элек.

Аймактык комиссия да маалымат берген эмес.

Шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча Жолдошова жалпы 1894 (6,13%) добуш алган.

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 30-ноябрда өткөн. БШК шайлоодогу одоно мыйзам бузуулар катталганы үчүн №13 шайлоо округунун жыйынтыгын толугу менен жокко чыгарып, кайрадан шайлоо жарыяланарын билдирген. Мурдагы талапкерлер кийинки шайлоого катышуу укугунан ажыратылары маалымдалган. (DSh/ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG