Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:58

Шайлоо-2025: Талаштуу видео, талапкерлердин арыздануусу жана бийликтин эскертүүсү


30-ноябрь, добуш берүү күнү тартылган сүрөт.
30-ноябрь, добуш берүү күнү тартылган сүрөт.

Кыргызстанда 30-ноябрда өткөн мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоодон кийинки арыз-даттануулар териштирилүүдө. Президенттик администрация бир топ мыйзам бузуу болгонун билдирди, алган добушу же аймактык комиссиянын чечими күмөн санатып жаткан талапкерлер акыйкаттыкты талап кылууда.

Шайлоодон кийинки арыз-даттануулар

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 5-декабрда №26 шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин арыздарын карады. Буга чейин талапкер Элдар Абакиров БШКга жана укук тартибин коргоо органдарына кайрылып, ушул аймакта аныкталган 460 миң сомдун чоо-жайын териштирүүнү талап кылган.

Элдар Абакиров
Элдар Абакиров

"Бул жерде негизги эки жаңылык алдык. Тергөө иштери жүрүп жатыптыр. ИИМдин каты бар экен БШКда. Анда Нурлан Шаршеналиев атуу киши 460 миң сомду өзүнүн атынан айрым бир талапкер үчүн таратканын моюнуна алыптыр. Талапкердин атын бизге айтпай коюшту. Ал талапкердин маалыматы жок экен. Бирок талапкер билбейт дегени акылга сыйгыс го, анткени бул чоң эле акча да, 5-10 миң сом болсо дагы бир жөн. Президент таза шайлоо өткөрүү милдетин алдык деп айтты. Албетте, каалоосу, планы ишке ашырылат деп ойлодук. Бул жерде баары белгилүү болуп калды. Экинчиден, аймактык шайлоо комиссиясы ошол жактагы добуш сатып алууга байланыштуу төрт тилкенин жыйынтыгын жокко чыгарып жатыптыр. Калмак-Ашуу, Таруу-Суу дагы жанындагы эки айыл. Биз муну бүгүн эле уктук, ага дагы макул эмеспиз, арыз жазабыз. Бирөө добуш сатып алып жатса эмнеге төрт тилкенин жыйынтыгын жокко чыгарат, ал мыйзамга туура келбейт".

БШК аталган округдагы добуш сатып алуу маселесине байланыштуу өз чечимин укук тартибин коргоо органдарынын корутундусунан кийин кабыл алмай болду.

Ал эми Абакиров айткан төрт аймактык шайлоо тилкелери боюнча чечим БШКга келе электигин, маселе колго тийгенден кийин караларын Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бегматов билдирди:

"Жумуш тобу укук коргоо органдарынын корутундусунан кийин карайт дедик. Округдук комиссия ошондой деп чечим чыгарышы мүмкүн, аларды биз ала элекпиз. Бизге келе элек. БШК карай электе жокко чыгарды деген туура эмес болот".

Ушул эле күнү №8 округдан гендердик квота менен эң көп добуш алган талапкер Жылдызкан Жолдошева Фейсбуктагы баракчасы аркылуу бийликке эки жолу кайрылып, ал жердеги маселени башаламандык деп атады, муну токтотууну суранды жана "жалган жалаага", "көрүп билбегендей мыйзамсыздыкка" кабылганын айтты.

Аймактык комиссия ал эң көп добуш алган тилкелердин жыйынтыгын жокко чыгарып койгонун, мындай чечими түшүнүксүз болуп жатканын, эгер "добуштары чабылып кетсе, арттагы киши сөзсүз өтөрүн, ал киши БШКнын төрагасы Шайназаровдун карындашы Нуржамал Төрөбекова" экенин билдирди. Ошону менен катар Жолдошова президенттик администрациянын маалымат саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун 5-декабрдагы билдирүүсүн "шайлоого кысым" деп баалады.

Жылдызкан Жолдошова
Жылдызкан Жолдошова

"Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы №27 округдагы видеону баарыңар көрдүңөр жалаң 5000 сомдукту таратып жаткан. Мына ошол видеону Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кыргыз-Чек айылынында жайгашкан №5249 жана № 5514 УШКга жалган жалаа аркылуу жармаштырып, менин эң көп 1009 добушумду №8 аймактык комиссия жокко чыгарган. Бул видеону чапташтырган материалды Ош облусунун ОИИБ карап чыгып, кылмыш ишин ачкан эмес жана мыйзам бузууну тастыктаган эмес. Ошого карабастан мыйзамды одоно бузуп, аймактык комиссия чечим чыгарган. Бирок КР БШКсы азырынча чечим кабыл ала элек. Ошого карабастан президенттик администрациянын маалымат катчысы Дайырбек Орунбеков өз баракчасына алдын ала, БШК чечим чыгара электе №8 аймактык комиссиянын мыйзамсыз чыгарган чечимин жарыялады. Бул түздөн-түз президенттик администрациянын шайлоого болгон кысымы деп эсептесе болот. Президенттин таза шайлоо өттү, административдик ресурс колдонгон жок деген сөздөрүн жокко чыгардыңыз", - деди Жолдошова.

Шайназаров да, Орунбеков да Жолдошованын бул айткандары боюнча азырынча комментарий бере элек.

Андан мурдараак Дайырбек Орунбеков Фейсбукка айрым тилкелерде шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып жатканын жазып, №8 округ тууралуу: "№5249 шайлоо тилкесинде болду деп жарыяланган видео элдин талкуусунда калды. Анда пачкалап акча таратып жаткандарды видеого тартып алышкан. Мындай фактылар коомчулуктун нааразылыгын жаратты. Эл арасында “ушул кантип таза шайлоо болсун, добуштарды оптом эле сатып алган тура” деген пикирлер айтылып жатты. Бул окуядан кийин аймактык шайлоо комиссиясы №8 округдагы №5249 жана № 5514 шайлоо тилкелеринин жыйынтыгын жокко чыгарган чечим кабыл алган" деп билдирген.

Бири машиненин ичинде отурган, экинчиси жанына барып, ортого тизмелерди жайып, беш миң сомдук тутам акчадан сууруп чыгарып, кол коюп жатышкан видео Интернетке алгач Ысык-Көл облусунда болгон окуя деп тараган жана дароо талкуу жараткан. 3-декабрда ошол видеолор, сүрөттөр Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Кыдыкбаевдин да Фейсбук баракчасына "Бул видео шайлоодогу "подкуп" мисалы. 27-шайлоо округунда болгон... Элдин баары билет. Ысык-Көл ИИ башкармалыгы эмне чара көрдүнөр же жаап салдыңарбы?" деген жазуу менен жарыяланган.

Бул видеону чынында ким, кайсы жерде, качан тартып, жайылтканы тууралуу азырынча тийиштүү органдардан расмий комментарий боло элек.

Шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча Жолдошова жалпы 1894 (6,13%) добуш алган.

Мындан сырткары шайлоодогу добуш сатууга байланыштуу №17 округдан талапкер болгон Айжан Чыныбаева дагы арыз жазганы белгилүү болду.

"Биз добуш сатып алуу, шайлоочуларды ташуу, Мбанк аркылуу акча которууларга байланыштуу маалыматтарды милицияга, УКМКга жана БШКга тапшырдык", - деди ал.

№13 округдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган соң ал жердеги 14 талапкердин баары тең кайра шайлоого катыша албай турганы белгилүү болгон. БШКнын мындай чечимине нааразылыгын билдирген талапкер Айгүл Карабекова 5-декабрда административдик сотко арыз тапшырды.

Айгүл Карабекова
Айгүл Карабекова

"БШКнын №13 округ боюнча чыгарган чечимин алдым. Мен аны менен макул эмесмин, эмнеге мен мыйзам бузбасам дагы четтетилишим керек? Милициядан дагы мыйзам бузбаганым тууралуу токтомду алдым. Ошол себептүү сотко бердим, соттун акыйкат чечим чыгарып беришине ишенем."

Карабекова аталган округдагы аялдарга ыйгарылган квота боюнча эң көп добуш алган.

Шайлоо күнү №13 округдагы добушканалардын биринде урнанын так үстүнө телефонду илип, добуш бергендер камерага тартылып жатканы боюнча видео тараган. Аны уюштургандар баштапкы жыйынтык боюнча ушул округдан биринчи орунга чыккан Бактыбек Сыдыковдун өкүлдөрү экенин айтканын көрүүгө болот.

3-декабрда Боршайком №13 шайлоо округундагы шайлоону мыйзам бузуулардан улам жараксыз деп тааныган. Шайлоо күнү бул округдагы жалпысынан 35 тилкеге видео байкоо коюлуп, шайлоочулар көзөмөлдөнүп турганы, бул добуш берүүнүн купуялыгын бузары маалымдаган. Бактыбек Сыдыков БШК чечиминен кийин социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, анын дарегине айтылган дооматтарды "каралоо" деп сыпаттаган.

"Бийлик өз же өзгө деп бөлбөйт, эч кимди аябайт..."

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоодо мыйзам бузуу фактылары аныкталганын, айрым жерлерде добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып жатканын 5-декабрда президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Ал Фейсбукка пост жазып, "бийлик шайлоону таза өткөрүү зарылдыгын эскертип, талапкерлерге добуш сатып албоону, ал эми шайлоочулардан добуш сатпоону катуу талап кылганын", "ага карабастан бир топ мыйзам бузуу орун алып, көп фактылар катталганын" айтты.

№13 округда шайлоонун жыйынтыгы толугу менен жокко чыгарылып, кайра шайлоо дайындалары, БШКнын чечимине ылайык, кийинки шайлоого бул округдан талапкер болгондор катыша албай турганы айтылганын белгиледи.

№8 округ боюнча, жогоруда жазылгандай, аймактык комиссия эки тилкедеги жыйынтыкты жокко чыгаруу чечимин кабыл алганын, ошондой эле аймактык комиссиянын чечими менен №26 округдун №7030, №7029 жана №7028 тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылганын маалымдады.

№9 округ тууралуу ал "Массалык мыйзам бузуу, добуш сатып алуу жана шайлоочулардын добушун мажбурлаган көрүнүштөр орун алган №9 округдун №5039, №5050, №5054, №5577, №5040, №5041 жана №5548 шайлоо тилкелеринин добуштарынын жыйынтыгы жокко чыгарылды" деп жазды.

Орунбеков билдиргендей, Ички иштер министрлиги материалдарды каттап, алардын негизинде иш жүргүзүп жатат, аталган мекемеде Интернетте жарыялангандан тышкары да фактылар, материалдар бар.

"Шайлоо комиссиясынын чечимине ылайык, айрым шайлоо тилкелеринин жыйынтыктарынын жокко чыгарылышы менен шайлоонун жалпы жыйынтыгында дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Мындай кырдаалга сөзсүз саясий боёк берип, шайлоочулардын сезими менен ойногондор дагы чыгышы мүмкүн. Бирок бир чындык бар – шайлоону таза өткөрүү принциптерине каршы келген фактыларга эч ким көз жумбайт. Бийлик өз же өзгө деп бөлбөйт, мыйзам бузулган факты болсо, эч кимди аябайт", - деди ал.

Боршайкомдун расмий маалыматы

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы соңку маалыматтарга көз чаптырсак, расмий түрдө жыйынтыгы жокко чыгарылган №13 округ болууда. №13 округдагы шайлоону БШК 3-декабрда жараксыз деп тааныган. Буга "талапкерлердин өкүлдөрү шайлоочулардын аракеттерин көзөмөлдөө жана байкоо максатында смартфондордогу камераларды орнотушканы" негиз болгон.

Андан бери БШК кезектеги жалпы отурумга 5-декабрда чогулду. Бул отурумда №16 шайлоо округунун жыйынтыгы чыгарылып, Дастанбек Жумабеков 12 928 добуш (22,97%), Медер Чотонов 10 164 добуш (18,06%) жана Медина Кайрылбекова 8 951 добуш (15,90 %) менен шайланган депутат деп таанылганы тууралуу токтом кабыл алынды. Бул округда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Ыкчам чара көрүү тобуна жалпы алты арыз жана даттануу келип түшкөнү, анын баары каралып, мыйзамга ылайык чечимдер кабыл алынганы маалымдалды.

Ушул эле отурумда №3 округдан талапкер Акылбек Шамаевдин участкалык шайлоо комиссиялары жараксыз деп тапкан бюлеттендерди кайрадан кол менен эсептөө тууралуу арызын карап, канааттандыруудан баш тартты.

№22 округдан талапкер Эмил Абдыкадыровдун бир нече участок боюнча кайрадан кол менен эсептөө жүргүзүү тууралуу арызы да каралып, канааттандырылган жок.

Мындан башка округдар боюнча маселе каралып-каралбаганы тууралуу маалымат БШКнын расмий сайтына азырынча жарыялана элек.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өттү. 30 округдун ар биринен үчтөн депутат шайланып келиши керек. Жалпы 4 294 243 шайлоочунун 1 584 446 добуш берүүгө катышты. Бул жалпы көрсөткүчтүн 36,90% түзөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, катталган 460 талапкердин шайлоо фондуна жалпысынан 1 млрд 791 млн сом каражат чогулган. Анын 88% (1 млрд 581 млн сому) үгүт иштерине коротулган. Муну менен катар, катталган ар бир талапкерден алынуучу 300 миң сомдук күрөө каражаттан мамлекеттик казынага 147 млн сом жыйналды.

Шайлоодон кийинки териштирүүлөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:46 0:00


Шерине

 

XS
SM
MD
LG