Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

"Бир куурдун барымтасында калган". Дрон соккусуна нааразы Астана, Киевдин сындаган жообу


КТКнын ачылышы. 2017-жыл
КТКнын ачылышы. 2017-жыл

Казакстан Каспий куур консорциумунун (КТК) инфраструктурасына урулган дрон соккусуна байланыштуу дипломатиялык нааразылыгын билдирди. Москванын кол салуусунан улам Орусиянын энергетикалык жайларын бутага алып жаткан Киев Астанага жооп берди. Бул окуялар талкууларга жем таштады.

Мунайды Батыштын рыногуна ташуунун негизги артериясына айланган Каспий куур консорциумуна болгон соккулар Казакстан үчүн Орусиянын Украинага каршы согушунун эң оор кесепети болуп калды. Февралдан ноябрга чейин куур кеминде үч чабуулга туш болду. Адегенде пилотсуз учактар Кропоткинодогу насос станциясына зыян келтирди. Кийин консорциумдун Новороссийскидеги кеңсесине сокку урулду. 29-ноябрда деңиз терминалындагы жабдуу иштен чыгып, мунайды танкерлерге жүктөө дээрлик токтоп калган.

1-декабрда КТК жабдуулардын бири калыбына келтирилгенин, бирок мунайды ташуу сезилерлик азайганын билдирди. Маалыматтарга караганда, инфраструктураны оңдоо бир нече айга созулушу мүмкүн.

Казакстандын мунайдан түшкөн кирешеге көз каранды экономикасы үчүн бул абдан чоң сокку болуп калды.

Куур өлкө батышында казылган кара майды Орусиянын Астрахан облусу, Калмыкия жана Краснодар крайынын аймагы аркылуу Новороссийскинин жанындагы Түштүк Озереевка терминалына ташууну камсыздайт. Ал жактан чийки зат танкерлер менен дүйнөлүк рынокторго жөнөтүлөт. Бул маршрут аркылуу казак мунай экспортунун 80 пайызы жана Каспий боюндагы кендерден орус кара майынын бир бөлүгү ташылат.

Былтыр КТК 63 миллион тонна мунайды өткөргөн. Анын 53 миллион тоннасы Казакстанга туура келет. Үчтөн эки бөлүгү Европа жана АКШга кеткен.

Казакстандын Энергетика министрлиги "КТК эл аралык энергетикалык долбоор экенин жана ага каршы күч колдонуу глобалдык энергетикалык коопсуздукка коркунуч жаратарын, консорциумдун катышуучуларына, анын ичинде Казакстандын экономикалык кызыкчылыгына залака тийгизерин" белгиледи.

Астана жана Москвадан тышкары анын акционерлери арасында Батыштагы ири мунай компаниялардын филиалдары бар. Мисалы, 15 пайызы америкалык Chevron компаниясына таандык. 2 пайызды италиялык Eni көзөмөлдөйт.

Астананын нааразылыгы жана Киевдин жообу

Соңку соккудан кийин казак Тышкы иштер министрлиги ал үчүн жоопкерчиликти Киевге жүктөдү. Мекеме мындай аракет эки тараптуу мамилелерге көлөкө түшүрөрүн белгиледи.

"Украин тараптан мындай окуяларды болочокто алдын алуу үчүн аракеттерди күтөбүз", - деп билдирди ТИМдин расмий өкүлү Айбек Смадияров.

Мунун артынан украин ТИМи жооп кайтарып, Астананын "тынчсыздануусун эске алганын", чабуулдар Казакстанга каршы эмес, "Орусиянын толук агрессиясына каршы туруштук берүүгө багытталганын" билдирди.

Украинанын тышкы саясий мекемеси Кара деңиз аймагындагы дестабилизациянын жана коопсуздукка жаралган коркунучтун булагы орусиялык агрессия экенин, "украин аскерлери баскынчынын аскердик өнөр жай потенциалын алсыратып, кылмыштуу согуш жүргүзүү жана карапайым элди өлтүрүү каражаттарынан ажыратып жатканына" басым жасады.

Киев ошондой эле Казакстан Украинанын бейкүнөө тургундарына, турак жайларга, жарандык инфраструктурасына жана энергетикалык системасына урулган соккуларды айыптаган билдирүү жасабаганын эске салды.

Орусиянын өнөктөшү жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ), Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) мүчөсү болгон Казакстан Москванын Украинага кол салуусун расмий колдогон эмес, бирок сындаган да жок. Астана Орусия басып алган аймактарды тааныбайт жана Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогонун билдирүүдө. БУУда Москваны сындаган резолюциялар колго салынганда Казакстан адатта калыс калат.

Астананын дипломатиялык нааразылыгы жана Киевдин жообу казак коомунда талкууга жем таштады.

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев Фейсбуктагы постунда: "Казак ТИМи Украинанын айланасындагы кырдаалдан кабары жоктой. Эки өлкөнүн бири-биринин энергетикалык инфраструктурасына сокку уруусу эбак эле аскердик тактиканын бир бөлүгүнө айланган. Орусия биринчи болуп энергетикалык гана эмес, башка жарандык жайларга сокку ура баштаган. Украина талылуу жерди тапканы логикага сыят. Бул - Орусиянын аскердик бюджетин толуктаган мунай-газ инфраструктурасы", - деп жазды.

Казнетте Киевди эки өлкөнүн мамилелерине доо кетирбеш үчүн КТКны бутага албоого чакырган кайрылуулар көп жолугат. Айрымдар мамиле салкындап кетиши толук ыктымал деген ойлорун айтышат.

Дипломат жана саясий серепчи Казбек Бейсебаевдин пикиринде: "КТКга болгон чабуулдарга чейин Казакстан Орусия жана Украина менен жаңжалда бирине да тартпаган позицияны карманып келди. Президент Токаев Путиндин көзүнчө "ДНР" жана "ЛНР" боюнча позициясын ачык билдиргенин эстесек. Эми сөз болгон окуядан кийин тараза ташы Украинанын пайдасына ооду деп айтууга болбойт. Себеби Украина Орусияга эмес, Казакстандын сезимтал жерине - мунай экспортуна сокку урду".

Сезимтал жери

КТКнын инфраструктурасына урулган соккулар буга чейин Орусия куурдун ишин токтотуп койгондой эле Астананын талылуу жерин ачыкка чыгарды.

"Казакстан мунайды ташыган негизги маршрутту Орусия аркылуу салган. Мындай чечим көп жыл мурун кабыл алынган. Эми согуш күчөп турган чакта ал окуяларга таасир этүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Андыктан өлкө мурда кабыл алынган саясий чечимдердин туткунунда калды", - деп түшүндүрөт казакстандык политолог Димаш Алжанов.

Ал эми Досым Сатпаев 30 жылдан бери альтернативалуу жолдорду өнүктүрүүгө жана чийки заттан көз каранды экономиканы диверсификациялоого болор эле деп эсептейт.

Казакстан мунайды Батышка ташуунун Азербайжан, Грузия жана Түркия аркылуу өткөн башка маршруттарды өнүктүрүүгө аракет көрүүдө. Соңку мезгилде ал жол менен мунай ташуу көбөйдү, бирок КТКнын көлөмүнө жетпейт. Былтыр Баку–Тбилиси–Жейхан кууру Казакстандан 1,5 миллион тонна мунай өткөргөн. Өкмөт бул көлөмдү жылына 20 миллионго жеткирүүнү көздөйт. Бирок анын мөөнөтү айтылган жок.

"Казакстан мунайды тышкы рынокко алып чыгуунун альтернативалуу жолдорун кеңейтүүгө аракеттенүүдө. Бул жакында болгон чабуулдардан кийин эмес, Орусиянын изоляциясы, санкциялык режим жана Украинага кол салуудан башталган өзгөрүүлөр тобокелдиктерди диверсификациялоо зарыл экенин түшүнүүдөн башталды", - деп улантат Димаш Алжанов.

Анын айтымында, КТКга жакынкы аралыкта альтернатива табуу кыйын. Бирок Кытайга көбүрөөк кара май ташууга көмөктөшкөн долбоорлорду ишке ашыруу аракети көрүлүүдө.

Бирок Казакстандын ири соода өнөктөшү жана кошунасы Кытай мунай керектөөнү азайтууда. 2024-жылы кара алтынга болгон талап акыркы 20 жылда биринчи жолу кыскарды. Бээжин "жаңы алтынга" же сейрек элементтерге ооп жатат жана маанилүү минералдарды казуу жана кайра иштетүү рыногунда үстөмдүк кылууда.

Батыш өлкөлөрү жаратылыш ресурстарына бай Казакстандын жана Борбор Азиянын калган өлкөлөрүнүн сейрек элементтер жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп жатышат.

Эксперт Досым Сатпаев регион чийки заттар менен камсыздаган оюнчу бойдон калышы мүмкүн деп эскертет. Бирок маанилүү минералдарды казуу перспективалары анык эмес.

Америкалык аналитиктер региондун коммерциялык жагымдуулугуна инвестициялык климат, геосаясий кырдаал жана борборазиялык мамлекеттерге чоң таасир эткен Орусия жана Кытай өңдүү ири коңшулардын ортосунда орун алганы көлөкө түшүрүүдө деп эспетешет.

Макаланын оригиналы бул жерде.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG