Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:29

Кремль Казакстанды "жазалайбы"?


Батыш басылмалары өткөн аптада казак мунайын экспорттоодогу негизги багыт болгон Каспий куур консорциумуна Орусиянын бөгөт койгон чечиминин саясий себебин талдашты.

Казакстан үчүн "жаза"

Англис тилдүү Eurasianet сайты орусиялык соттун казак мунайынын эң чоң бөлүгү экспорттолуп жаткан Каспий куурун тостуруп салууга эмне түрткү болгонун изилдеген.

5-июлда Новороссийскидеги Приморск соту “экологиялык укук бузууларга” шылтап Каспий куур консорциумун бир айга токтотту.

Макаланын автору Алмаз Куменов Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Еврошериктештикке мунай камдоого жардамдашууну убада кылгандын эртеси эле ушундай чечим кабыл алынганына көңүл бурган.

4-июлда Токаев Европа кеңешинин төрагасы Шарл Мишел менен телефон аркылуу сүйлөшүп, “Казакстан өзүнүн көмүрсуутек корун дүйнөлүк жана европалык базардагы кырдаалды турукташтыруу үчүн пайдаланууга даяр” экенин айткан.

Кээ бир талдоочулар Казакстандын Батышка жардам бергиси келген ниети Москванын ачуусуна тийип, Кремль ага жооп иретинде Нур-Султанды “жазалады” дешет.

Басылма Казакстандагы Стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти Никита Шаталовдун Тelegram-каналына “боз балдардын өтө орой таарынычы” деп жазганын мисал келтирген.

Шаталов “Кремль өзүнүн таарынычын бүт бойдон ушул куурду тосуудан чыгарды” деп белгилеген.

“Кремль биздин позициябызды өзгөртүү максатында маалыматтык кысымдан реалдуу иш-аракетке өтүүнү чечти... Бул кадам Казакстанды Орусиядан алыстатып эле тим болбой, импортко жетүү, көмүрсуутекти экспортко жөнөтүү үчүн жаңы инфратүзүм нугун издөөгө да аргасыз кылат”, - деп эсептейт Шаталов.

Багыттарды тездетип колдонууга болобу?

Каспий куурун тосуу чечими чыккандан эки күн өткөндөн кийин Токаев мунайды ташуу жолун тездетип ишке киргизүүнү жана Каспий аркылуу Орусиядан айланып өтүүчү багытка артыкчылык берүүнү буюрду.

Американын Diplomat басылмасы муну жүзөгө ашыруу мүмкүндүгүн талдаган.

"Каспий куур консорциуму өзүнүн ишин токтотуп коюу жөнүндө азырынча күчүнө кире элек сот чечимине даттануу жолдоду. Консорциум казак мунайынын үчтөн экисин экспорттоп келет. Бул Казакстандын жалпы экспортунун 40% түзөт”, - деп жазды макаланын автору Кэтрин Путц.

Экономикадагы өтө зарыл тармактын башка мамлекеттен көз карандылыгы – орчундуу маселе. Кооптуу жагдайлар көп: мунай ташуу бороон-чапкындын, кыйроонун жана саясий себептердин айынан токтоп калышы ыктымал деп белгилейт ал.

“Өтө кас чечим”. Орусия эмне үчүн казак мунайын агызууну токтотуп коймокчу?



Автор Казакстандын мунайды дүйнөгө чыгарууга жаңы жол чабышы кыйын деген ойдо.

“Каспий аркылуу мунай жана газ ташуу багыттары эчактан бери эле ойлонуштурулуп келген, бирок алардын бири да жүзөгө ашырылган эмес”, - дейт ал.

Глазго университетинин Борбор Азияны изилдеген адиси, профессор Лука Анчески Токаевдин мунай өткөрүү коридорун тездетип ачуу демилгесин “кыска убакта ишке ашырылышы мүмкүн болбогон максат” деп эсептейт.

“Куурлар – кымбатка түшө турган энергетикалык инфратүзүм, аларды куруу жана ишке киргизүү үчүн ташып өткөрүү боюнча өнөктөштөр, эң башкысы, кардарлар менен көптөгөн сүйлөшүүлөр талап кылынат”, - деди Анчески.

Макаланын автору Токаевдин мунай ташып өткөрүү жолдорун тездетип ачуу жөнүндөгү сөзү экс-президент Нурсултан Назарбаевдин Каспий деңизи аркылуу Азербайжанга, анан Европага камдап туруу ишин уюштурууга жасаган аракеттерин эске салат.

Казакстан жана Азербайжан Каспий аркылуу ташуу тутуму жөнүндө 2006-жылы эле келишим түзгөн, бирок бул тутумга куурлар киреби же танкерлер менен ташуу көлөмүн арттыруу дегенди билдиреби – суроонун жообу белгисиз.

2009-жылга карата эки өлкөнүн энергетикалык компаниялары техникалык-экономикалык негиздеме иштеп чыгууну макулдашкан.

Назарбаев Францияга барган иш сапарында “Бакудан Каспий деңизи аркылуу Европага мунай агызуучу куурду тартуу долбооруна француз тарап катышат” деп билдирген. Бирок он жыл өтсө да, Каспий аркылуу куур курула элек.

“Токаевдин жакында мунай экспорттоо багыттарын тездетип ачууга басым жасаганы бул ишти илгерилете алабы же жокпу, азырынча белгисиз. Ыктымалдыгы да аз”, - деп эсептейт автор.

Новороссийскидеги КТК инфратүзүмү
Новороссийскидеги КТК инфратүзүмү

Diplomat жазгандай, Казакстан бул багыттарды ачууну тездетүү менен “көп адамдар келечеги жок деген мунай алуу тармагында “баткакка батып” калышы мүмкүн”.

“Бийликтин бүтүндөй экономиканы энергетикалык секторго көз каранды бойдон калтырган кежирлиги акыры бир күнү мунайдан кийинки доордун шарт-жагдайы менен кагылышат, - деп эскертет Анчески. – Ошондо экономикалык өтө оор каатчылык болушу ыктымал”.

Кулибаевдин бүтпөй калган курулушу

Британиянын Sun таблоиди (чакан форматтагы гезит) жазгандай, экс-президент Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев Улуу Британиянын ханзадасы Эндрюдан 15 жыл мурун сатып алган Саннингхилл-Парк жайы азыркыга чейин курулуп бүтө элек.

2007-жылы казакстандык кардар йорктук герцог, ханзада Эндрюдан Беркшир графчылыгындагы ээн жаткан Саннингхилл-Паркты сураган баасынан 3 миллион фунт ашыра төлөп сатып алган. Андан кийин бул жай сегиз жыл кароосуз кала берген. 2015-жылы жаңы сарайдын курулушун баштоо үчүн королдун өз уулуна тартуулаган белеги болгон сарай сүрүп салынган. Бирок курулуш иштери дагы эле аяктай элек окшойт.

“Соңку жети жыл бою курулуш иштери улантылып келсе да, үйдүн бүткөрүлүшүнө али көп бар сыяктанат. Жумушчулар тобу дагы эле металл устундарды орнотуп жатат”, - деп жазылган чакан таблоидде.

Басылма жазгандай, курулуш аянтчасы убактылуу жыгач тосмо менен тосулган, анда майда шагыл салынган каптар жана түпкүчтөр жатат.

Былтыр британиялык бир катар басылмалар бул сарайдын курулуп бүткөнүн кабарлаган. Бирок таблоиддин кабарчылары ал жерге барып, курулуш дагы эле бүтө электигин көрүштү.

Тимур Кулибаев британ ханзадасы Эндрюдан сатып алган Саннингхилл-Парк жайы.
Тимур Кулибаев британ ханзадасы Эндрюдан сатып алган Саннингхилл-Парк жайы.

“Анда ким жашай турганын мен билбейм. Соңку кезде аны сатыкка коюшкан жок. Биз 2,5 жылдан бери ушул жакта турабыз, ошондон бери да курулуш жүрүп жатат”, - деди журналисттерге Саннингхилл-Парктын тушундагы үйдүн жашоочусу.

Sun сүрүп салынган үйдүн ордуна алты уктоочу бөлмөсү, машыгуу залы, саунасы жана оюн бөлмөсү бар сарай куруу мерчемделген деп эске салат.

“Абадан тарткан сүрөттөрдөн жалпы түзүм көрүнүп турат, бирок анын кейпи ойкуп-кайкыган пландагы укмуштуу резиденцияга окшобойт”, - деп жазылган басылмада.

Кулибаевдин 2007-жылы Саннингхилл-Паркты суралган баасынан ашыра төлөп сатып алышы Британияда уу-дуу жараткан. Британ коомчулугу коррупциянын изи бар болушу ыктымал деп, муну иликтөөгө чакырган.

Бирок ханзаданын жана Кулибаевдин өкүлдөрү соода укук нугунда жүргүзүлгөн дешкен болчу.

Макала "Азаттыктын" казак кызматынан кыргызчага которулду. Түп нускасын төмөнкү шилтеме аркылуу окусаңыз болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG