Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:01

Түркия менен Кытайдын Борбор Азиядагы таасири күчөдү


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон (оңдон солго) Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңештин жыйынында. 2019-жыл.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон (оңдон солго) Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңештин жыйынында. 2019-жыл.

Бээжин менен Анкара соңку айларда Борбор Азиядагы таасирин арттырууда. Буга ушул аймактагы өлкөлөр да ыраазы. Анткени алар экономиканы көтөрүү жана Кремлдин улам катуулап бараткан басымына туруштук берүү үчүн жаңы өнөктөштөрдү тапкысы келет.

Орусия Украинага басып киргенден кийин Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү Москвага болгон көз карандылыгын азайтып, Кремлге каршы Батыш киргизген санкциялардын экономикалык таасирин басаңдатууга умтулууда. Мындай кырдаал Борбор Азия менен эзелтен бери байланышып келген Кытай жана Түркия үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

Түркия жакында соода жана коргонуу жаатындагы келишимдерге кол коюп, курал-жарак соодасын күчөтүп, бул аймактагы таасирин кыйла кеңейтти. Президент Режеп Тайип Эрдоган Казакстандын жана Өзбекстандын мамлекет башчылары менен жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрдү.

Кытай болсо соңку он жылдыктарда жар салган саясий багытындагы иштерин улантууда. Бээжин аймактагы коопсуздук маселелерине байланыштуу өзүнүн кызыкчылыктарын бекемдеп, энергия ресурстары менен чийки зат булактарына колу жете баштады. Ал дипломатиялык алакаларын да чыңдап, сөзү кыйла өктөм чыга баштады.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И ушул аптада Казакстанга расмий сапар менен келип, Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын Нур-Султандагы жолугушуусуна катышты. Кытай дипломаты “украин каатчылыгынын олуттуу кесепеттерине катуу кыжаалат болгонун" билдирип, Борбор Азия өкмөттөрүн геосаясий чыр-чатактардан оолак болууга чакырды. Муну менен өзүнүн экономикалык кызыкчылыктарын эске салды.

“Түркиянын да, Кытайдын да Борбор Азиядагы [согуш башталгандан бери] аракети күч алды, - дейт “Азаттыктын” кабарчысына Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин изилдөөчүсү Эрика Марат. – Эки өлкө тең бул аймакта кулач жаюу мүмкүнчүлүгүн көрүп турушат”.

Тыгыз алакага эки тараптан тең кызыгуу бар деп кошумчалады ал.

Кремлдин Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилерине таасири мурдагыдай эле күчтүү сезилип турат. Андыктан бул аймактын өкмөттөрү Орусияны сындабоого аракет кылууда. Бирок ошол эле учурда алар Москвадан алыстап, айрыкча экономикалык оор кезең, саясий өзгөрүүлөр божомолдонуп жаткан чакта башка өнөктөштөрдү табууга умтулууда.

Март айында Түркмөнстанда президенттик орунду авторитардык лидер Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов ээледи.
Казакстан 5-июнда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрдү. Түзөтүүлөргө ылайык, президенттин ыйгарым укуктары чектелет да, мурдагы мамлекет башчы Нурсултан Назарбаевдин сакталып калган саясий таасири жоюлат.

Түзөтүүлөр Январь окуяларынан жана Казакстандын азыркы президенти Касым-Жоомарт Токаев менен мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин ортосундагы көмүскө тирешүүдөн кийин кабыл алынды.

Токаев бул өзгөртүүлөр жек-жаатчылдыкка каршы күрөш жүргүзүү максатында киргизилет деди. Президенттин туугандарына мындан ары мамлекеттик кызматтарга турууга тыюу салынат. Бирок сын көз менен карагандар жаңыртылган Конституция Казакстандагы авторитардык бийликтин табиятын өзгөртпөйт дешет.

“Орусиянын көп жылдар бою Борбор Азияда козгоп келген демилгелерин ишке ашырууга азыр мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, азырынча [Москва] киришпей турганда, башка мамлекеттер бул жагдайдан пайдаланып калууга аракеттенип жатат", - деп өз оюн айтты Глазго университетинин профессору Лука Анчески. – Бирок Борбор Азия өлкөлөрү өздөрүнүн ички абалын ойлойт. Алар согуштун кесепетин азайтууну, токтотууну каалашат”.

Кытайдын деми

Ван И аймактагы мамлекеттерди геосаясий чатактарга аралашпоого чакырганда, Кошмо Штаттарга ишарат кылды. Ал май айынын аягына АКШнын мамлекеттик катчысы Дональд Лунун Түштүк жана Борбор Азияга иш сапары менен келип кетишинен кийин тез эле Токаев менен жолукту.

“Кытай Борбор Азия өлкөлөрү сырткы кийлигишүүлөргө туруштук берип, аймактагы карым-катыштарды бекемдейт, ак ниет кызматташууну улантып, тынчтыкты колдо берет деп үмүттөнөт. Кытай эч качан Борбор Азияда геосаясий мүдөөлөрдү көздөгөн эмес, эч качан сырткы күчтөрдүн бул аймакта коога чыгарышына жол бербейт”,-деп айтылат Ван И менен Токаевдин жолугушуусуна байланыштуу Кытайдын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө.

Ван И мында Украинадагы согушка чейин кытай өкмөтүнүн сынына кабылып келген Вашингтонду кыйыткан болчу. Борбор Азияда байкалган экономикалык ар кандай көйгөйлөр үчүн Орусияга каршы санкцияларды киргизген Америка Кошмо Штаттарын айыптап келет.

Кытайдын ТИМинин жетекчиси Ван И (солдон үчүнчү) Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен Нур-Султанда. 8-июнь, 2022-жыл.
Кытайдын ТИМинин жетекчиси Ван И (солдон үчүнчү) Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен Нур-Султанда. 8-июнь, 2022-жыл.

Казакстан тарап Токаевдин Ван И менен жолугушуусу жөнүндө кабарлаганда Кытайдын тышкы иштер министринин геосаясат жөнүндөгү эч кайсы сөзүн келтирген жок. Ак-Ордонун пресс-релизинде сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө "Кытайдын президенти Си Цзиньпин Токаевдин саясий программасын колдоду" деп айтылган. Ал кабарда Кытайдын мамлекет башчысы Казакстанга ушул күздө келери жөнүндө да маалымат берилди.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн беш тышкы иштер министри катышкан саммит кызматташуу жана соода мамилелерин чыңдоо жөнүндөгү демейки эле сөздөр менен жыйынтыкталды. Аймактагы мамлекеттердин өкүлдөрү сүйлөшүү учурунда транспорт катнашын жакшыртууга чакырышты, буга байланыштуу көптөн бери айтылып келген Кытай менен Өзбекстанды Кыргызстан аркылуу туташтыруучу темир жолдун долбоору да талкууланды.

Кытайдын аймактагы таасири соңку жылдары күчөп баратса да, байкоочулар Пекиндин Борбор Азия менен алкасын тереңдетүүгө канчалык кызыкдар экенин, аймактагы экономиканын сүрөөчү күчү боло алаарын дагы эле анык биле албай келишет.

“Согуш Пекиндин бул аймакка болгон мамилесин өзгөрткөн-өзгөртпөгөнүн билбейм, - деди Анчески. – Кытайдын Борбор Азияга азыркыдан көбүрөөк таасир этерине көзүм жетпейт”.

Анкаранын түрткүсү

Аймактагы күчтөрдүн таасири жана Орусиянын каржылык абалы өзгөрүп жаткан чакта Түркия да Борбор Азия Борбор Азияга көбүрөөк көңүл бура баштады.

Март айында Эрдоган Өзбекстанга эки күндүк иш сапары менен барып, 10 келишимге кол койду. Тараптар жылдык соода жүгүртүүсүн 10 миллиард долларга чейин жеткирүүгө макулдашты. Ушундай эле көрсөткүч Токаевдин 10-майдагы Түркияга барган сапарында да айтылды да, эки өлкөнүн башчылары бул жолугушууну “алаканын жаңы доору” деп аташты.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев (солдо) Ташкентке расмий сапар менен келген Режеп Тайип Эрдоган менен саламдашууда. 29-март, 2022-жыл.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев (солдо) Ташкентке расмий сапар менен келген Режеп Тайип Эрдоган менен саламдашууда. 29-март, 2022-жыл.

Түркиянын Борбор Азия менен карым-катышын чыңдоого “Орусиянын Украинага бастырып кириши дагы бир түрткү болду” деди Тбилисидеги Европа университетинин Geocase талдоо борборунун Жакынкы Чыгыш өлкөлөр бөлүмүнүн деректири Эмиль Авдалиани “Азаттыктын” кабарчысына.

Түркия Борбор Азия менен эчактан бери эле карым-катыш жүргүзүүдө. Бирок 1991-жылы Советтер Союзу кыйрап калгандан кийинки анын бул аймак менен алакасы бир кылка болбой, олуттуу таасир эткидей деңгээлге жеткен жок.

Түркиянын баркын Азербайжанга Тоолуу Карабактагы 2020-жылы болгон чыр-чатакта чоң артыкчылык берген аскердик көмөгү, айрыкча азыр украин аскерлери да колдонуп жаткан учкучсуз учактары көтөрдү.

Түркмөнстан Түркиянын курал-жарактарын, мунун ичинен “Байрактар TB2” учкучсуз учактарын алган. 2021-жылы Кыргызстан да Тажикстан менен болгон чегара чырынан кийин Түркиядан курал-жарак сатып алган.

Бирок Борбор Азия менен Түркиянын бири-бирине пайдасы тийе турган эӊ башкы тармак – бул соода мамилелери.

Авдалиани айткандай, Анкара өзүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары боюнча Орусияга, Кытайга же АКШга жетпейт. Бирок азыркы кезде бул аймактагы анын таасирине жол ачылып калды. Орусиянын Украинага бастырып киришинен кийин пайда болгон боштукту Анкара толуктай алат.

Алсак, Түркия Кытайдын батышынан Борбор Азия аркылуу Орусияга жана Европага товар ташууну көздөгөн “Бир алкак – бир жол” демилгесинин нугунда Орусиянын ордун басууга умтулууда.

Батыштын санкциялары бул багытты бөгөп койгон шартта Түркия Орусиясыз эле иш жүргүзүүгө ыӊгайлуу мүмкүндүк түзүшү ыктымал.

“Борбор Азия мамлекеттери, мунун ичинен Казакстан Европа менен алака кылуу жагынан Түркиянын катышуусуна улам көбүрөөк кызыгууда”, - дейт Авдалиани.

"Эркин Европа/Азаттык радиосунун" баяндамачысы Рид Стэндиштин макаласы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG