Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Түркия "Сапаттын" ишин кайра козгоду


"Сапатты" жетектеп келген Орхан Инандыны табуу талабы менен Бишкекте өткөн акция. Июнь, 2021-жыл.
"Сапатты" жетектеп келген Орхан Инандыны табуу талабы менен Бишкекте өткөн акция. Июнь, 2021-жыл.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги "Сапат" билим берүү мекемелерине байланыштуу кыргыз бийлигине кайрылуу жолдоду. Анда бул мекемеде окуган улан-кыздар Түркияда кыйынчылыктарга кабыларын, аларга бул өлкөнүн эшиги дээрлик жабыларын эскертти. Мындан улам расмий Бишкекти "зарыл болгон кызматташтык иш-аракеттерди жасоого" чакырды.

Кыргыз бийлиги буга байланыштуу азырынча расмий комментарий бере элек.

Бишкектеги түрк элчилиги "Сапат" билим берүү мекемелерин Анкара “Фетхуллахчы террорчул уюм”, же ФЕТӨ/FETO (ред: түрк бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) деп атаган уюмга байланыштуу дагы күнөөлөп чыкты. Элчилик тараткан маалыматта "аталган билим берүү жайларынан алынган каражат уюмдун мыйзамсыз иштерине жумшалууда" деп айтылган. Элчилик буга байланыштуу кандайдыр бир далилдерди келтирген эмес.

Ошондой эле билдирүүдө, "Сапатты" аяктаган улан-кыздардын "аттестаттары менен димломдору Түркияда жаратылбай турганын", мындан улам бул мамлекетте "андан ары окуусун улантууга, ишке орношууга болбосун" эскерткен. Ошондой эле мындай мекемелердин "жетекчилерине, мугалимдерине Түркияда ар кандай чара колдонуу угугу бар экенин" жазган.

"Билим берүү мекемелерин дүйнөнүн төрт бурчунда ачып, аларга жетекчилик кылып жана алар аркылуу жаштардын башын айлантып, өзүнүн мыйзамсыз максаттары үчүн колдонууну көздөгөн ФЕТО Кыргызстанда "Сапат эл аралык билим берүү мекемелери" деген ат менен ишин улантууда. Түркия өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти аткарды, Кыргызстандын бийлик органдарына керектүү демилгелерди көтөрдү жана сунуштарын кылды. Бул көйгөйдү тез арада чечүү жана кыргызстандык окуучулардын, студенттердин бул кырдаалдан жапа чегүүсүн жоюу үчүн Кыргызстандын бийлик органдары зарыл болгон кызматташтык иш-аракеттерин жасайт деген үмүт бар",-деп жазылган билдирүүдө.

Элчилик мындан сырткары "18 мамлекетте ФЕТОго таандык делген 220дай окуу жайы Анкаранын демилгеси менен жабылып, түрк бийлигинин "Маариф" фондуна өткөрүлүп берилгенин" белгилеген.


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана анын администрациясы, Министрлер кабинети буга байланыштуу азырынча үн ката элек.

“Сапат” билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштейт. Учурда ага 16 лицей, Эл аралык “Ала Тоо” университети, Эл аралык “Силк Роуд” мектеби, төрт толук эмес жалпы билим берүү мектеби карайт жана жалпысынан 10 426 мектеп окуучу менен студент билим алат.

Дипломат, коомдук ишмер Кубан Мамбеталиев түрк элчилигинин билдирүүсүн Кыргызстандын ички ишине түздөн түз кийлигишүү аракети катары баалады.

Кубан Мамбеталиев.
Кубан Мамбеталиев.

"Алар чектен чыгып, азыр эми ультиматум сыяктуу, санкция сыяктуу кептерди козгоп жатат. Муну 2016-жылдагы болгон төңкөрүш менен негиздеп жатышат. Бул эмне дегени? Эмне 2016-жылдардагы окуяларга ошол "Сапаттын" окуучулары барып катышыптырбы? Түркиянын бийлиги көк беттик кылып жатат. Бул жактагы "Сапат" билим берүү мекемелеринин баарын жаап туруп, анын баарын "Маарифке" өткөрүп бергиле дегендей айтышат. Андай болсо эл аралык сотко кайрылып, ошол аркылуу чечим чыгарып алып анан айтсын. Жөн эле өткөрүп бере береби? Жогорку деңгээлде, бардык жактан уюшулган мектептерди жапкылары келип жатат. "Сапатка" рейдердик басып алуу жасагылары келип жатат. Бул жайлардын негиздөөчүлөрүнүн бири - кыргыз мамлекети. Демек, алар өлкөнүн ишине кийлигишип жатпайбы. Түркия өзүнүн ичиндеги маселени өзүнүн ичинде чечиши керек. Алардын мындай кийлигишүүсүнө биз каршы турушубуз керек",-деди Мамбеталиев.


Түркияда 2016-жылы 15-июлда аскердик төңкөрүш жасоо аракети болуп, аны расмий бийлик “АКШда бозгунда жүргөн Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери жасады” деп айыптап келет. Бул төңкөрүш аракетинде 250дөй адам каза тапкан.

АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүлен бул окуяларга катыштыгы бар делген айыптоолорду кескин четке кагып, төңкөрүш аракетине баргандарды ачык сынга алган. Ага карбай Түркия Гүленди "террордук уюмдун лидери" атап, мекенине экстрадициялоо талабын билдирип келет.

Түрк бийлиги Гүленге таандык деп эсептелген Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемелерин жабууну кыргыз бийлигинен талап кылган.

Президентке караштуу башкаруу академисиянын ректору Алмазбек Акматалиевдин пикиринде, бул жагдай өтө саясатташып кетти.

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

"Бул билим тармагынын ашыкча саясатташып кеткенинин кесепети деп ойлойм. Түрк тарабын түшүнсө болот, алар ошондой деп чечип жатышат. Бирок биз түрк мамлекетине 2016-жылдан бери эле айтканбыз, ага бул мектептердин тиешеси жок дегенбиз. Экинчиден, алар "Маариф" мектептерин ачабыз дешсе, биз уруксат берип, алар деле ачылды го. Ага кыргыз бийлиги бут тоскон жок да. "Маариф" дагы, "Сапат" дагы иштей берсе, рынок шартында атаандаштык болот. "Сапаттын" бүтүрүүчүлөрүн Түркияда окууга кабыл албайбыз дегени, менимче бул мамлекеттин ички иши го дейм. Аларда башка деле мамлекеттерге барып окуп келгенге мүмкүнчүлүгү бар. Ушул маселе негизинен эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкка кедергисин тийгизбеши керек деген үмүттөмүн. "Сапаттын" башка деле эки өлкөнүн толгон-токой биргелешкен кызыкчылыктары бар".

Талдоочу Айданбек Акматбек уулунун баамында, Бишкек бул маселени чечкенде эң ириде Анкара анын стратегиялык өнөктөшү экенин эске алышы зарыл.

Айданбек Акмат уулу.
Айданбек Акмат уулу.

"Түрк мамлекети менен стратегиялык өнөктөш деген документтерге кол койгондон кийин, ошол мамлекет менен мамиле куруп жаткан соң келишимдердин негизинде иш жүргүзүшүбүз керек. Расмий бийлиги кандай талап коюп жатат, ошого көңүл буруу зарыл. Эки өлкөнүн мамилесине көлөкө түшүрбөгөндөй иштешибиз керек. Бул жерде "Себат" азыр "Сапат болуп өзгөрдү, бирок бул аягына чыгарылбады окшойт. Ошондуктан ушундай маселелер чыгып жатат".

Ал эми саясат таануучу Чынара Эсенгул бул маселенин алкагында учурдагы геосаясий кырдаалга токтолду.

Чынара Эсенгул.
Чынара Эсенгул.

"Бул маселе Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда эле башталган. Ал киши "Кыргызстандын кызыкчылыгы ушундай" деген мазмунда жооп берчү эмес беле. Бирок азыркы геосаясат аябай курчуп кетти. Иран, Түркия өңдүү орто державалар мүмкүнчүлүктү колдонуп, өз кызыкчылыгын жылдырганга аракет кылууда. Кыргызстан чынында эле көптөн бери өтө кыйын абалда турат. "Сапаттын" бүтүрүүчүлөрү деле мамлекеттин, коомдун өнүгүшүнө салып кошуп келе жаткан кыз-жигиттер. Алардын саясий оюндары биздин ички ишибизге жетип, сапаттуу билим берген мекемелерди жабабыз дегени албетте, туура эмес. Чындап келгенде кыргыз тарап жеткиликтүү, саламактуу себептер менен муну түшүндүрүшү, жооп бериши керек эле. Ачык дагы, көшөгө артындагы сүйлөшүүлөрдө деле муну билдириши зарыл болчу. Албетте, азыркы геосаясий жагдай Атамбаевдин тушундагыдай эмес. Тажикстан менен болгон окуялар, анда өнөктөштөрдү издөө дагы бул жагдайга таасир этүүдө".


Кыргызстанда "Сапат" эл аралык билим берүү тутумун Кыргызстандын жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Орхан Инанды жетектеп келген. Ал өткөн жылы 1-июнда дайынсыз жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып барганын айткан. Анкаранын прокуратурасы Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкарууга" айыптап жатканын "Анадолу" агенттиги кабарлаган. Айыптоочулар аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылган.

Инандынын жоголушуна байланыштуу Кыргызстанда милиция Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон.

Президент Садыр Жапаров Инандыны Кыргызстанга кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан. Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев ал кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук коргоо органдарынын аны жоопко тартканы мыйзамдуу экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG