Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:09

Элчинин дооматы эски жараны козгоду


Женгиз Камил Фырат
Женгиз Камил Фырат

Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчисине окшош адамдын Кыргызстандын муфтийи баштаган дин кызматкерлерине кескин таарынычы чагылдырылган тасма коомчулукта кызуу талкууланып жатат.

Тасмада элчи «Себат» деген ат менен белгилүү «Сапат» билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инанды менен бир дасторкондо отурууну каалабаганын билдирип, имараттан чыгып кеткени көрсөтүлгөн.

Бул тасма Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы «Себат» же «Сапат» билим берүү борборуна байланышкан талуу маселени кайрадан талкууга чыгарды.

Ооз ачарда чыккан чуу

Коомчулукта кызуу талаш-талкуу жараткан бул видеотасма социалдык тармактар аркылуу 12-майда тараган. Видеотасмадан Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат ооз ачыруучу тарапка - Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев баштаган дин башкармалыгынын кызматкерлерине карата «же Түркияны, же террорчу уюмду тандайсыңар» деп кескин билдирүү жасап имараттан чыгып кетип калганын көрүүгө болот.

Дипломат өз сөзүндө Түркия Кыргызстанга 35 миллион долларга мечит салып бергенин да эске салган. Элчинин мындай кескин билдирүүлөр менен коштолгон таарынычына мурдагы «Себат», азыркы «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды да ушул ооз ачар дасторконго келиши себеп болгону видеотасмада байкалып турат.

Түрк элчисин капа кылган ооз ачар
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:56 0:00

Түрк элчисинин ооз ачар дасторконго отурбай кетип калганын муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев «Азаттыкка» ырастап, ал окуя боюнча түшүндүрмө берди:

«Ифтарга адамдарды бөлүп чакырбайт да. Баары чакырылган. Ошол жакта өз ара келишпестик болуп, анан абал жөнгө салыныптыр. Азыр баары жакшы».

Маалыматтарга караганда, муфтияттын ооз ачыруу дасторконуна Кыргызстандагы аттуу-баштуу адамдар, Жогорку Кеңештин депутаттары, элчилер чакырылган.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев муфтият иш-чарага тараптарды чакырарда аларга байланыштуу жаңжалды да эске алууга тийиш экенин белгилеп, ошол эле учурда элчинин кылганын да жөнсүз деп баалай турганын айтты:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

«Элчинин кадамын да түшүнүүгө болот. Анткени ал «ФЕТОчу менен неге чогуу бир дастарконго отурдуң?» деген жеме угуп калышы толук мүмкүн эле. Бирок минтип чуу кылбай, кекетип-мокотпой эле акырын чыгып кетсе болмок. «35 млн. долларга мечит салып бердик, эми көрөсүңөр, Түркияны же терроризмди тандагыла» деген сөздөрдүн кереги жок болчу».

Бул окуяга Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги да, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да комментарий берген жок.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат кыргыз коомчулугунда ушуну менен экинчи ирет кызуу талкуунун бутасына айланып отурат. Былтыр сентябрда түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанда өткөн иш сапарынан кийин элчи Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, «Сапат» билим берүү мекемелеринин имараттарын Түркиянын «Маариф» фондуна өткөрүү пландалып жатканын жарыялаган. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги мындай сүйлөшүү болбогонун билдирген. Ошондон кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги элчини чакырып, «коомчулукка объективдүү маалыматты гана жеткирип турушу керек экенин» эскерткени белгилүү.

«Сапаттан» сууган мамиле жылыйбы?

Кыргызстандагы мурунку «Себат», азыркы «Сапат» билим берүү мекемелерин жабууну Түркиянын бийлиги 2016-жылдан бери талап кылып келет. Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдиргенден кийин эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн.

Түрк бийлиги бул маселени кийинки президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет башына келгенде да бир нече жолу көтөргөн. Алгач ирет түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган былтыр 9-апрелде Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Анкарада жолуккан учурда диниятчы Фетхулла Гүлендин кыймылы «Кыргызстан үчүн да кооптуу экенин» айтып, кыргыз президентин аларга чара көрүүгө чакырган. Бирок Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков «гүленчилер» боюнча эч кандай пикир айткан эмес.

Андан кийин президент Эрдоган 1-сентябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келгенде да ушул маселе көтөрүлгөн. Эрдоган кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда, андан соң Чолпон-Атада өткөн Түрк тилдүү өлкөлөр кеңешинин саммитинде да Фетхулла Гүлендин кыймылы бардык өлкөлөрдүн коопсуздугу үчүн коркунуч келтирерин эскерткен. Бирок кыргыз бийлиги «Сапат» мектептери мамлекеттин толук көзөмөлүндө экенин билдирген.

Соңунда, былтыр декабрдын башында Кыргызстандагы иш сапарында түрк парламентинин башчысы Бинали Йылдырым да бул туурасында кеп козгогон. Ал Фетхулла Гүлен жетектеген уюм Кыргызстан менен Түркиянын ортосуна көлөкө түшүрүп жатканын айткан.

Саясатчылардын пикиринде, кыргыз бийлигинин анча көп унчукпай, бир жактуу позиция билдирбегени ооз ачардагы окуя сыяктуу учурларга жем таштап келе жатат. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Кыргызстан «Сапат» лицейлери боюнча маселени ырбатпай, бир чечимге келиши керек болчу деген ойдо.

«Тиги жакта төңкөрүш болуп, «ага Гүлендин кишилери катышты» деп көптөгөн адамдарды камап, соттоп атса, биз мындай мамиле кылып жатканыбыз туура эмес. Биз бул маселени ачык-айкын карап, сүйлөшүп, чечип коюшубуз керек. Болбосо ырбай берет, бүгүн элчиси молдолорго кыйкырып жатат. Эртең дагы бир кырдаалдан чыр чыгышы мүмкүн. Эгер Түркиянын Орхан Инанды боюнча «террорист» деген маалыматтары бар болсо, аны Кыргызстанга берсин. Ошого жараша маселе чечилиш керек», - деди ал.

Ошол эле учурда Кыргызстандын билим берүү саясатына кийлигишүүгө чет өлкөлөрдүн акысы жок деген пикирлер да бар. Саясат талдоочу Сейтек Качкынбаев Түркия өзүнүн ички маселелерине Кыргызстанды аралаштырып жатканы туура эмес деп эсептейт.

Сейтек Качкынбай.
Сейтек Качкынбай.

«Түрк өкмөтү ким менен урушат, ким менен достошот – аны өзү билет, - деди саясат талдоочу. - Түркиянын ичиндеги араздашуу алардын өз иши болууга тийиш. Кыргызстан да билим берүү саясатын жүргүзүүдө эч кайсы чет мамлекеттен көз каранды болбошу керек. Түрктөр орой мамиле аркылуу дипломаттык таасир этүүгө аракеттениши өтө осол иш. «Мечит куруп бердик» деп атат, Кыргызстанда мечиттер жетиштүү эле. Түркия мечит куруп бербесе Кыргызстанда ыйман азайып деле кетмек эмес».

«Себаттын» ордуна «Маариф»

Мурунку «Себат», азыркы «Сапат» билим берүү мекемесинин «коом үчүн коркунучтуу» экенин эскерткен түрк бийлиги Кыргызстанга билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган жаңы форматтагы кызматташтык жолун сунуш кылып, анын жолу катары мамлекеттик «Маариф» билим берүү фондун белгилеген. Аталган фонд менен кызматташтык меморандумуна 2018-жылы 1-сентябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында кол коюлган. «Маариф» фонду диниятчы Фетхулла Гүлендин тарапкерлери чет өлкөлөрдө ачты деп сөз болгон билим берүү мекемесинин ордуна мамлекеттик мектептерди ачууну көздөйт. Мурунку жылдары Африканын бир нече өлкөсүндө Гүлендин жабылган мектептеринин ордуна «Маариф» фондунун мектептери ачылган.

Бул фонд Кыргызстанда да «Сапат» мектептерине таандык мекемелер Түркиянын менчиги деп эсептейт. Бул тууралуу өткөн жумада Түркиядагы «Маариф» фондунун башкаруу комитетинин мүчөсү Хасан Явуз Бишкекке келип, бир катар маалымат каражаттарындагы маегинде да айтып кеткен. Мисалы, 5-каналдын кабарчысы менен болгон маегинде Хасан Явуз бир жылдары түрк элинин төлөгөн салыктарынын эсебинен курулган мектептерди кайрадан Түркия элине кайтарып алуу зарылчылыгы турганын баса белгилеген:​

«Акыркы үч айда Пакистандагы мектептерибизди кайтарып алдык. Бул өлкөнүн соту ФЕТО кыймылын террордук уюм деп тааныды. Ага таандык мектептер «Маариф» фондуна өткөрүлүп берилди. Бул мектептер 82 млн. түрк жаранынын маңдай теринен, алар төлөгөн салыктардын эсебинен курулган. «Маариф» фонду Кыргызстанда бардык расмий иштерин бүтүрдү. Мектептерге байланыштуу кайрылуулар да бүткөнү турат. Буюрса жакында «Маариф» фонду Кыргызстанда ишин баштайт».

«Себат» билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Кыргыз бийлигинин чечими менен ал 2017-жылы «Сапат» болуп өзгөргөн. Аталган мекеменин жетекчисинин орун басары Амирбек Султанмуратов «Сапат» мекемесинин мектептери Түркиянын же түрк элинин менчиги эмес деген пикирин билдирди:

«Бул мектептер - бизге кыргыз бийлиги тарабынан келишимдин негизинде 49 жылдык ижарага берилген имараттар. Биз анда 25 жылдан бери билим берип келе жатабыз. «Сапат» мектептери Кыргызстандын билим берүү системасы менен Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзөт. Акыркы беш-алты жылдан бери биздин мектептер менен Түркиянын эч кандай байланышы жок. Мурда да биз Түркия менен мамлекеттик деңгээлде байланышыбыз болгон эмес».

Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемесинин карамагында 16 жатак лицей, «Silk Road» жана «Cambridge» деп аталган эки эл аралык мектеп, Бишкекте жайгашкан төрт башталгыч мектеп жана «Ататүрк-Алатоо» эл аралык университети бар. Учурда мекеменин 30% пайыз үлүшү Кыргызстанга таандык.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG