Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

Түркия "Сапаттын" мүлкүнө кызыкты


Режеп Тайып Эрдоган жана Сооронбай Жээнбеков, 2-сентябрь, 2018-жыл
Режеп Тайып Эрдоган жана Сооронбай Жээнбеков, 2-сентябрь, 2018-жыл

Түркия "Сапат" мектептеринин мүлкүн мамлекеттик "Маариф" фондуна өткөрүп алууну көздөйт. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Фырат айтып чыкты. Элчинин мындай билдирүүсүнөн кийин Кыргызстандын Билим берүү министрлиги маалымат таратты.

"Сапат" мектептеринин мүлкүн азырынча ачыла эле "Маариф" мектептерине өткөрүп алуу боюнча сөздү Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат козгоду. Ал 10-сентябрда Бишкекте түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын сапарынын жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында "Сапаттын" билим берүү мекемелери түрк жарандарынын салыгынын эсебинен курулганын эске салды:

Женгиз Камил Фырат.
Женгиз Камил Фырат.

- Чынында, сиздер “Сапат” деп атаган мектептердин басымдуу бөлүгү Түркияда салык төлөгөн адамдар жана Түрк мамлекетинин жардамы менен курулган жана ал имараттар кайрадан Түркияга, түрк элине кайтарылып, “Маариф” фондунун мектептеринин бир бөлүгү катары өз ишин улантат. Мындай жол менен билим берүүдө төмөндөө эмес, жогорулоо болот. Саны да, сапаты да өсөт. Биз Кыргызстанга, кыргыз элине жана кыргыз окуучуларга түйшүк жаратпай, тескерисинче жакшы деңгээлдеги билимди камсыз кылабыз.

Элчи белгилегендей, түрк тарап "Сапаттын" ордун мамлекеттик "Маариф" фондунун мектептери менен толуктоону көздөөдө:

- Бардык облустарда “Маариф” фондуна таандык мектептерди ачкандай деңгээлге жетебиз. Биз буларды жаңы мектептерди куруу менен да, ошол эле маалда “Себаттын” мектептерин өткөрүп алуу менен ал мекемелерди өнүктүрүп, дагы жакшыртабыз.

Гүлмира Кудайбердиева.
Гүлмира Кудайбердиева.

Фырат "Маариф" фондунун билим берүү мекемелерин Кыргызстанга ачуу боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыгып калганын кошумчалады. Бирок элчинин бул билдирүүсүнө Кыргызстандын расмий органдары дароо жооп кайтарды. Алгач болуп билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева "Азаттыкка" берген комментарийинде түрк элчисинин айткандарын четке какты:

- Биз менен "Маариф" фондунун ишмердүүлүгү боюнча эле сөз болгон. Түркиянын элчисинин айткан сөзү боюнча расмий билдирүү даярдап жатабыз.

Мындан соң аталган министрлик атайын түшүндүрмө таратты.

"Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иш алып барып жаткан аралаш менчик түрүндөгү мекеме. Кандайдыр бир кайра түзүлүүсү, же мүлктү өткөрүп берүү боюнча чечим, Уставга ылайык, негиздөөчүлөрдүн жалпы чогулушунда кабыл алынат. Негиздөөчүлөрдүн курамына Кыргызстандын жарандары жана КР Билим берүү жана илим министрлиги кирет" деп айтылат маалыматта.

Ошентип, министрлик "Сапат" Түркияга эмес, учурда Кыргызстанга таандык экенин кыйытты.

Ошондой эле Билим берүү министрлиги түрк бийлиги сүрөп аткан "Маариф" фонду боюнча меморандумга кол коюлуп, өкмөт аралык келишимди иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн кабарлады. Эми атайын келишим даярдалып, ал парламенттин ратификациясынан өтүшү керек.

Бишкек “гүленчилер” боюнча Анкарага жооп берди

Бишкек “гүленчилер” боюнча Анкарага жооп берди

Кыргызстанда иш алып барган эл аралык "Себат" билим берүү мекемеси Гүленге тиешеси бар экени айтылат. Аталган мекемеге таандык Кыргызстанда 15 чакты лицей-мектеп, бир университет жана маданий, кайрымдуулук жааттагы уюмдар бар.

Негизи "Себат" же учурдагы "Сапат" билим берүү мекемелери Кыргызстанда ишмердигин 1992-жылы баштаган. Бул мекемени түзүүчүлөрү саналган диниятчы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери менен учурдагы түрк бийлигинин мамилеси бузулганга чейин "Себатка" карата доомат деле болгон эмес.

2016-жылдын 15-июлунда Түркиядагы ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш аракетинен соң түрк бийлиги бул мектептерди жабуу талабы менен чыккан. Анкаранын мындай талабына ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев кескин түрдө жооп кайтарып, бул Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилесинин бузулушуна себеп болгон. Мындан соң “Себаттын” түзүүчүсүнүн катарына Кыргызстандын Билим берүү министрлиги киргизилип, аталышы "Сапат" болуп өзгөртүлгөн.

Түрк бийлигинин "Сапатка" карата дооматтары быйыл апрелдеги президент Сооронбай Жээнбековдун Анкарага сапарынан соң жанданган. Анда "Сапатка" альтернатива катары мамлекеттик "Маариф" фондунун мектептерин ачуу сунушталган. Бул сунуш ушул сентябрдын башында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Бишкекке сапарында бышып, "Маариф" фондунун мектептерин ачуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Түрк бийлиги менен мамиле оңолгону менен учурдагы кыргыз бийлиги деле "Сапат" жабылбай турганын ишара кылып келет. Акыркы жолу президент Сооронбай Жээнбеков 1-сентябрда Эрдоган менен жолугушуу учурунда "Сапат" мектептери мамлекеттин көзөмөлүндө экенин билдирген:

- Биз бул боюнча аябагандай көп иштерди алып бардык. “Себатты” “Сапатка” айландырдык. "Сапат" мектептери мамлекеттин көзөмөлүндө турат. Биздин Билим берүү жана илим министрлиги бул мектептерди уюштуруунун курамына кирген. Андагы окуу жараяндары толугу менен мамлекеттин көзөмөлүнө алынган. Мен дагы айтып кетишим керек, биз боордош өлкөлөрбүз. Биздин жарандар Түркия мамлекетине кыянатчылык иштерге барбайт. Эгер кыргыз-түрк мамилесине доо кетирчү аракеттер болсо андай адамдар катуу жоопко тартылышат.

Бирок кыргыз тараптын мындай позициясы түрк расмийлерин канааттандырбагандай.

Эрдогандын сапарынын бир апта өтпөй Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин "Сапаттын" мүлкүн өткөрүп алуу ниетин айтканы расмий Анкаранын бул багытта дале болсо аракетин улантарын көрсөттү дейт Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмил Жураев:

- "Себат" маселеси оңой-олтоң жабылып калчудай эмес. Себеби, Түркиянын Эрдоган баштаган бийлиги бул боюнча принципиалдуу позицияны карманат. Кыргызстан үчүн эң туура стратегия - мыйзамдарда көрсөтүлгөн талаптарды сактоо. Мисалы, түрк элчиси айткандай бул мектептерди ачууда Түркиянын жана салык төлөөчүлөрдүн канча каражаты кеткенин эсептеш керек.

Ошол эле маалда "Сапат" билим берүү мекемеси менен кызматташып келген "Сереп" аналитикалык борборунун жетекчиси Искендер Ормон уулу түрк элчисинин акыркы билдирүүсүн Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү катары баалап жатат:

- Бул жерде түздөн-түз кийлигишүү бар. Башка өлкөнүн элчиси келип алып, мамлекеттин үлүшү бар мектептерди өздөрүнүн мектеби катары санап, доомат койгону аша чапкандык. Ошондуктан, биздин органдар өз сөзүн айтып, түшүндүрүшү керек.

Учурда "Сапат" билим берүү мекемесине Кыргызстан боюнча 16 лицей, төрт башталгыч мектеп, бир университет кирет. Бул мекемелерде 11 миңден ашык студент жана окуучу билим алса, ушул жылдары жалпысынан 12 600дөн ашык окуучу бүтүргөн.

Ошол эле учурда Бишкекте Түркия менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимдин негизинде ачылган "Манас" университети да иш алпарып келет.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-сентябрда Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосунда 12 документке кол коюлган. Арасында “Маариф” фонду менен кызматташтык тууралуу да меморандум бар.

Эрдоган Ысык-Көлдө 2-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына, 3-сентябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин алтынчы саммитине катышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG