Линктер

дүйшөмбү, 12-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:52

“Маарифтин” максаты жана таржымалы


"Маариф" фондунун эн белгиси. Сүрөт фонддун расмий сайтынан алынды.

Кыргызстан Түркиянын мамлекеттик “Маариф” корунун мектептери менен окуу борборлоруна орун берүү ниетин ырастады. Эки тарап буга байланыштуу алгачкы меморандумга президент Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга расмий сапары учурунда кол койду. Кыргыз өкмөтү мындай кадамга Түркия бийлиги расмий Бишкек мурдагы “Себат”, азыркы “Сапат” мектептерин жаппаганына нааразылыгын али улантып жаткан шартта барды. Түркия бийлиги “Маариф” фондун качан жана кандай максатта түзгөн? Анын мектептери азыр дүйнөнүн канча өлкөсүндө бар, Эрдогандын оппоненттери бул фонддун ишмердиги жана анын башкаруучулары тууралуу эмне дешет?

Түркиянын парламенти өлкөнүн Билим берүү министрлиги алдында “Маариф” деп аталган фондду түзүүнү караган мыйзамды 2016-жылы июнь айында, кийин расмий Анкаранын ички-тышкы саясатын кескин өзгөрткөн аскерий төңкөрүш аракетинен бир ай мурда кабыл алган.

Фонддун уставына ылайык “Маариф” бала бакчадан тартып, университетке чейинки макамдагы окуу жайларды, билим берүү жана маданий борборлорду ачып, башкара алат.

Расмий баракчасындагы түшүндүрмөгө караганда, алардын миссиясы - “адамзаттын орток баалуулуктарына жана кыраакылыктын анатолиялык салтына негизделген, ар тараптуу билим берүү ишмердигин бүткүл дүйнө боюнча жүргүзүү”, ал эми максаты - “маданий жана цивилизациялык карым-катышка көмөктөшө турган эл аралык билим берүү аренасына дарбаза катары кызмат кылуу”.

Фонддун Башкаруучулар кеңешинин төрагасы Бирол Акгүн (Birol Akgun) түркиялык “Daily Sabah” басылмасы менен 2017-жылкы маегинде алардын мүдөөсү - Түркияны эл аралык аренадагы билим берүү чөйрөсүндө “жоопкерчиликтүү” көргөзүп, “түрк көз карашын чагылдырган, түрк тилин колдогон” билим берүү механизмин түзүү экенин белгилейт.

Фонд уюшулгандан жарым жыл ашуун убакыт өткөндөн кийинки интервьюсунда Бирол Акгүн алар ФЕТО (FETO) уюмуна каршы чет өлкөдө күрөшүүдөгү “маанилүү” мекеме экенин моюнга алат.

Расмий Анкара ФЕТО деген аталышты алар 2016-жылкы аскерий төңкөрүш аракети үчүн айыптаган, АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүлендин кыймылына карата колдонуп келүүдө.

“ФЕТОнун мектептерин көзөмөлдөө” - алдыда Африка

“Маариф” фондунун Башкаруучулар кеңешинин төрагасы Бирол Акгүн ошол эле “Daily Sabah” басылмасынын интернет баракчасына быйыл 29-июлда чыккан маегинде “Түркия ФЕТОнун батыштык эмес мектептеринин 60 пайызына” көзөмөл орнотту” деп жарыялаган.

"Маариф" фондунун Башкаруучулар кеңешинин төрагасы Бирол Акгүн. Сүрөт фонддун расмий баракчасынан алынды.
"Маариф" фондунун Башкаруучулар кеңешинин төрагасы Бирол Акгүн. Сүрөт фонддун расмий баракчасынан алынды.

“ФЕТОго байланышы бар мектептердин 250дөйү Европа өлкөлөрүндө, АКШ менен Австралияда жайгашкан. Ал мамлекеттердин көбү бизге бул мектептерге көзөмөлдү өткөрүп берүүгө ыктаган жок.

Бирок биз калган 450 мектептин 60% көзөмөлгө алуу, алар жайгашкан өлкө тарабынан улутташтырылуусу же көзөмөлдү үчүнчү тарапка берүү аркылуу бошоттук”, - деген Акгүн 29-июлда “Daily Sabah” басылмасына.

“Маариф” фондунун (Türkiye Maarif Vakfı) расмий интернет баракчасындагы маалыматка кайрылсак, фонд азыр 21 өлкөдө 108 мектепти башкарып жатат. Ал 21 өлкөнүн 17си Африка мамлекеттери.

Түркиянын мамлекеттик фонду азыркыга чейин Кошмо Штаттарда төрт мектеп ача алса, Грузия менен Македонияда төрттөн, Косоводо алты, Ооганстанда үч мектепке ээлик кылат.

“Маарифтин” иши адегенде Африкада шыр кетишин түркиялык илимпоз, Германиянын Гамбург шаарындагы Глобалдык жана аймактык иликтөөлөр институтунун (GIGA) кызматкери, доктор Хаккы Таш (Hakki Tas) “Батыш өлкөлөрү, Европа Түркия өкмөтүнүн "гүленчилердин" мектептерин ээлеп алуу жөнүндөгү сунуштарын кабыл алган жок, четке какты. Себеби мындай иш жергиликтүү да, эл аралык да мыйзамдарга каршы келет. Бирок Анкара таасир көргөзүү рычагын алсызыраак өлкөлөрдө, көбүнесе Африкада колдонду. Экономикалык инвестиция же гуманитардык жардам сунуш кылуу аркылуу негизинен Африка өкмөттөрүнөн түрк өкмөтү "гүленчилердин" мектептерин ээлеп алышына жетишти”,- деп чечмеледи.

“Маариф” фондунун төрагасы Бирол Акгүн да "Daily Sabah" басылмасы менен быйыл 29-июлдагы интервьюсунда негизинен Батыш өлкөлөрү “ФЕТОго байланышы мектептерди” аларга берүүдөн баш тартып жатканын ырастап, бирок 108 өлкөдөгү 700дөй мектептин, 12 мамлекеттен 97си фонддун карамагына өткөнүн белгилейт. Бирол Акгүн ага фонду уюшулгандан бери 88 мамлекет менен байланыш орнотконун, 40 өлкөдө өз директорлорун дайынданганын, азыр 25 өлкөдө 140 мектепти иштетип жатканын, 28 мамлекет менен “ФЕТОго байланышы бар мектептерди көзөмөлгө алууга жана жаңы мектеп ачууга” жол берген протоколго кол койгонун кошумчалайт.

Грузиядагы түрк мектептеринин бири. 2017-жылкы сүрөт.
Грузиядагы түрк мектептеринин бири. 2017-жылкы сүрөт.

Түркиянын өкмөтү 2018-жыл үчүн “Маариф” фондунун ишмердигин колдоого 351 миллион лира же 75 миллион АКШ долларын бөлгөн. Өкмөттүк “Анадолу” агенттиги бул маалыматты 24-июнда тараткан.

“Саясий ислам идеологиясы"

Бийликтеги АК партиянын жана Режеп Тайип Эрдогандын оппоненттери “Маариф” фондун, анын ишмердигин кескин сынга алышат.

“Эркиндик үчүн Стокгольм борбору” деген бейөкмөт уюмдун сайтында, анын президенти, түркиялык журналист Абдулла Бозкурт (Abdullah Bozkurt) “Маариф фонду – Эрдогандын троян аты” деген комментарийин жарыялаган. Анда “Маарифтин” башкаруучулары “саясий ислам идеологиясына тамырлаш" деп мүнөздөлгөн.

Мекенинен 2016-жылы камалуу коркунучунан улам эмиграцияга, Швецияга кетүүгө аргасыз болгонун,өзү “гүленчи эмес, журналист экенин” айткан Абдулла Бозкурт “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде “Маариф” фондуна байланышту аны камтамага салган эки жагдайды баса көрсөттү:

- Биринчиден, эгер сиз “Маариф” корунун жогорку башкаруучуларынын, айрым мугалимдеринин профайлын (таржымалын) карасаңыз эң жакшы дегенде алар исламчыл топторго байланышы бардыгын көрөсүз. Айрымдарынын атүгүл Сирия менен Иракта аракеттенген исламчыл-жихадчыл топторго байланышы бар. Фонддун Камкорчулар кеңешинде төраганын орун басары болуп отургандардын бири “Адам укуктары жана Эркиндиктери, Гуманитардык жардам” (İnsan Hak ve Hürriyetleri ve İnsani Yardım Vakfı) деген уюмга байланышта. Бул уюм мурда “Ал-Каиданын” Сириядагы топторуна колдоо көргөзгөнүнүн далилдери болгон. “Маариф” фондунун артында мына ушундай адамдар турганы, албетте, камтамачылык жаратат. Экинчи тынчсыздануу – “Маариф” фонду түздөн-түз Эрдогандын каалоосуна ылайык түзүлгөнү. Ал “Маариф” фондун чет өлкөлөрдөгү жаштар топторуна өзүнүн ислам күн тартибин, идеологиясын түртүү үчүн пайдалангысы келет. Учур келгенде, ал ошол жаштарга муктаж болгондо аларды мобилизациялайт. Бул быйыл июнда Түркияда болгон шайлоо учурунда көрүнбөдүбү. Африкада же башка өлкөлөрдө "Маариф" фонду окуткан студенттер “Эрдоган бардык мусулмандардын лидери, дүйнөдөгү бардык мусулман топтордун коргоочусу”, - деп жатышты. Башкача айтканда мусулман дүйнөсүнүн жаңы “халифи” катары көргөзүштү. Ошондой эле Түркиянын армиясы Сириянын Африн провинциясына интервенция жасаганда да кооптондурган видеотасмалар болду. “Маарифтин” африкалык окуучулары ошол аскерий операцияны колдоп, аны исламчыл жихад катары сыпатташты. Ал видеотасмаларды, сүрөттөрдү, комментарийлерди, фонд үчүн иштеген адамдардын профайлын карасаңыз кооптондурарлык.

Таластагы мурдагы "Себат", азыркы "Сапат" мектебинин окуучулары. 2016-жылкы сүрөт.
Таластагы мурдагы "Себат", азыркы "Сапат" мектебинин окуучулары. 2016-жылкы сүрөт.

Журналист Абдулла Бозкурт ошондой эле “Азаттык” радиосу менен маегинде Түркиянын өкмөтү “Маариф” фонду менен башка чет элдик өкмөттөрдүн кызматташуусун караган макулдашууларга, өз ара түшүнүшүү меморандумдарды түзгөнү менен алардын “көбү” азыр кагаз жүзүндө калганын, ушундай эле нерсе Кыргызстанда да болот деп күтөрүн кошумчалады.

Макулдашуулардын кагаз жүзүндө калышын болсо “балким чет элдик өкмөттөр Эрдогандын “сахна артындагы амбициясы менен мотивациясын” аңдап-билгенине байланыштуу деп чемеледи.

“Жумшак бийликтин” аспабы

Хаккы Таш.
Хаккы Таш.

Түркиялык илимпоз, Германиянын Гамбург шаарындагы Глобалдык жана аймактык иликтөөлөр институтунун (GIGA) кызматкери, доктор Хаккы Таш (Hakki Tas) “Азаттык” менен маегинде 2000-жылдардын башында Эрдоган жана Түркиянын өкмөтү “гүленчилер” менен камыр-жумур кызматташып, “мусулман демократиясынын” модели тууралуу айтып жүргөн кезде Жакынкы Чыгышта, Борбор Азияда, Балкан чөлкөмүндө, Африкада “жумшак бийлигин” колдонууда Фетхуллах Гүлендин мектептер түйүнүнө таянганын эске салды.

""Маарифтин" мектептери Түркиянын расмий идеологиясына ыктайт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:42 0:00
Түз линк

Азыр болсо коомдук пикир күрөштө “бир бир жагынан "гүленчилердин" басылмалары “Маариф” фондун караманча айыпташат. Экинчи жагынан толугу менен өкмөттү жактагандар турат. Андыктан эки тараптын айткандарын акыркы чындык иретинде кабыл алуудан этият болуу керек.

Бирок бир жүйөлүү суроо бар. Эрдоган эмне үчүн эле "гүленчилердин" мектептеринин чет өлкөлөрдө жабылышын таңуулап жатат? Мейли өлкө ичиндегилерин басып салсын, аларды Кыргызстанда, Түштүк Африкада басуунун эмне кереги бар?”,- деп суроо койгон илимпоздун көз карашында, “мунун жалгыз түшүндүрмөсү - Эрдоганда Түркиянын чек араларынан чыгып кеткен бир амбициялуу саясий долбоор бардыгы, мектептерге келгенде бул Эрдогандын идеологиясына тамырлаш муунду тарбиялоо дегендик”.

“Азаттык” менен маегинде билим берүү боюнча мамлекеттик системасынын рейтинги “сыймыктанарлык" эмес деген илимпоз түрк өкмөтү “Маариф” фонду аркылуу чет өлкөдөгү мектептеринде сапаттуу билим берүүнү уюштура алары азырынча суроо жараткан маселе экенине токтолду.

Экономикалык кызматташтык жана Өнүгүү уюмуна мүчө мамлекеттердин орто билим берүүнүн көрсөткүчтөрү боюнча 2017-жылы жарыяланган индексинде Түркия 36 өлкө ичинен Мексика менен бирге эң акыркы орунду алган.

"Азаттык" радиосу "Маариф" фонду жана анын Кыргызстанда күтүлгөн ишмердиги боюнча бир катар суроолорго жооп алуу үчүн фонддун баш кеңсесине электрондук кат жолдоду, бирок азырынча интервью уюштурууга макулдук берилген жооп келе элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG