Линктер

шейшемби, 20-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:49

Кыргыз-түрк алакасы: муз эридиби?


Президент Сооронбай Жээнбековдун апрель айындагы Түркиядагы расмий сапарынан тартылган сүрөт. President.kg сайтынан алынды.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 1-сентябрда расмий сапар менен Кыргызстанга келди. Ал бул визити маалында Кыргызстандын жогорку расмий өкүлдөрү менен жолугуп, Бишкектеги Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына да катышмакчы. Мурдагы кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин тушунда түрк-кыргыз алакасы сууп кетип, Эрдоган бир канча жылдан бери Бишкекке келе элек болчу. Анын бул жолку сапарынан эмнени күтүүгө болот? Эл аралык мамилелер боюнча түркиялык серепчи Сердар Йылмаз ой бөлүштү.

“Азаттык”: Мына президент Эрдоган Түркиядагы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин биринчи жолу Кыргызстанга келе жатат. Түрк лидеринин бир нече жылдан кийин Бишкекке келиши менен ортодогу муз толук эрип бүттү десек болобу?

Сердар Йылмаз: Чындыгында президент Эрдогандын Бишкекке келиши менен ортодогу муз эриди деп айта алабыз. Жаңылбасам, 2018-жылдын апрель айында да Жээнбековдун Түркияга сапары менен сууп калган мамиле кайра калыбына келгендей болгон.

Жээнбеков Эрдоган менен сүйлөшүүсүндө эки тараптуу карым-катнашка тоскоолдук жараткан маселелерди чечүү үчүн керектүү кадамдар таштала турганын айткан. Түркия да Алмазбек Атамбаевдин тушунда солгундап кеткен алаканы Жээнбеков келгенде калыбына келтирүү чечимин кабыл алган. Андыктан Эрдогандын бул жолку сапары ортодогу музду кыйла эле эритет.

Түркиялык эксперт Сердар Йылмаз.
Түркиялык эксперт Сердар Йылмаз.

“Азаттык”: Айтмакчы, кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков апрель айында Түркияга келгенде президент Эрдоган Кыргызстандагы түрк мектептери тууралуу талабын кайра кайталаган. “Себат” лицейлеринин ордуна “Маариф” мектептерин кайрадан сунуштаган болчу. Мектеп маселесинин бир жаңсыл болуп чечилиши эки өлкөнүн алакасынын мурдагы калыбына келиши үчүн канчалык маанилүү?

Сердар Йылмаз: Мектеп маселеси Эрдогандын өкмөтү үчүн чындыгында алдыңкы планда турган тема. Бул Кыргызстан менен Түркиянын алакасы кандай өнүгөрүн аныктай турган тема десек да болот. Мындан улам президент Эрдогандын президент Жээнбековдон негизги күткөнү – Гүлен жамаатына таандык делген бул мектептерден болушунча тез арада арылуу жана алардын ордуна “Маариф” мектептерин ачуу.

Алмазбек Атамбаевдин тушунда мамиленин начарлап кетишинин эки негизги себеби бар эле. Биринчиси - Түркия 2015-жылдын 24-апрелинде орус учагын атып түшүргөндө Атамбаев муну “ката” деп мүнөздөгөн.

Экинчиден, тышкы иштер министрибиз Чавушоглунун “ФЕТО тобу Түркияда абдан олуттуу маселелерди жаратып жатканы жана мындай жагдай Кыргызстанда да түзүлүшү мүмкүндүгү” тууралуу айткандарын Алмазбек Атамбаевдин “абсурд” деп атаганы алаканы чыңалтып койгон.

Бул жагынан карасак, президент Эрдоган да эки өлкөнүн мамилесинин мындан кийинки өнүгүшү Кыргызстандагы аталган мектептердин жабылышына байланыштуу болорун ишара кылып жатат.

Ошентсе да мамлекеттер тышкы саясаттагы мамилелерин кызыкчылыктарга жараша түзүшү керек. Менимче, түрк мамлекети Кыргызстан менен саясий, экономикалык, маданий алакаларын биринчи планга чыгарышы абзел. Мектептердин жабылышы же жабылбай калышы тууралуу маселе Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы саясий, экономикалык, маданий, соода жана билим берүү тармагындагы карым-катнаштарды көз жаздымда калтырып жаткандай көрүнүп турат. Менимче, бул ката.

Бул ишти кыргыз бийлигинин көзөмөлүнө беришибиз керек. Биз бул жактан Кыргызстандагы мектептердин маселесин көзөмөлдөй албайбыз же бир нерсе өзгөртө албайбыз. Мындан улам кыргыз бийлигине ишенип, кырдаалды тескөөнү алардын өзүнө беришибиз керек. Андан көрө эки өлкө ортосундагы башка алака-катышты өркүндөтүүгө басым жасаганыбыз туура болот.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоган, Анкара, 9-апрель, 2018-жыл
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоган, Анкара, 9-апрель, 2018-жыл

“Азаттык”: Ал эми мындан башка Анкара менен Бишкектин ортосунда чечилиши керек болгон дагы кайсы маселелер кала берүүдө?

Сердар Йылмаз: Мен эки өлкө ортосундагы сооданын деңгээлинин абдан эле төмөн болгонун чоң маселелердин бири деп айтаар элем.

Апрель айында Жээнбеков Түркияга келген учурда Кыргызстан менен импорт-экспорт алакасы, же жалпы сооданын көлөмү 490 миллион доллар эле. Бул көрсөткүч июль айын карасак, 250 миллион доллардын тегерегинде болду. 2018-жылдын аягы менен 500 миллионго чыга алабы, аны билбейм. Бирок менимче, эки өлкө ортосундагы сооданын көлөмү 200 жана 500 миллиондун ортосунда болуп жатканы деле соода мыкты жолго коюлбаганын күбөлөп турат.

Себеби, Борбор Азиядагы түрк тилдүү мамлекеттер менен алака түздөн-түз соодага да көз каранды. Орто Азиядагы бир мамлекет менен экономикалык карым-катыш канчалык жакшы болсо, ал өлкө менен башка бардык багытта да мыкты кызматташтыкты камсыз кылса болот.

Андыктан жасала турган иш көп. Бир жагынан Кыргызстандан дагы көбүрөөк студенттерди Түркияга алып келе алмакпыз. Кыргызстандын маданий өзгөчөлүктөрүн Түркиянын өзүндө дагы кенен жайылтсак болмок. Өзгөчө Түркиядан Кыргызстанга алда канча көп турист жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн “Түрк аба жолдору” сыяктуу биздин улуттук компанияларыбыз жарандарыбызга абдан ылайыктуу баада билет бериши керек.

Ошол эле жол менен Кыргызстандан Түркияга келген туристтердин санын көбөйтө алабыз. Учурда Түркиядан Кыргызстанга канча турист жөнөтүп жатабыз? Балким, он миңден ашпайт. Себеби, билеттер абдан кымбат. Ансыз деле Түркиянын өзүндө олуттуу бир экономикалык солгундоо байкалып жатат.

Ошентсе да маселенин өзөгүн талдасак, Түркияда биз кыргыз маданиятын канчалык жакшы билебиз? Кыргызстандын маданиятына канчалык кызыгабыз? Бул чөйрөдө деле кемчиликтер бар. Биздин билим берүү системабызда Борбор Азиядагы түрк мамлекеттерине анчейин көп орун бөлүнбөгөнү үчүн үстүртөн болгону менен кенен маалыматыбыз жок. Андыктан бул багытта көп иш кылышыбыз керек.

Мамлекет жетекчилеринен тарта, ар кыл уюмдар, окумуштуулар бул темада орток долбоорлорду уюштурушу керек. Алардын баарын ишке ашыруу үчүн эки тараптуу сооданы 1 миллиард доллардан да ашыруу зарыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган. 1-октябрь, 2012-жыл
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган. 1-октябрь, 2012-жыл

“Азаттык”: Эрдогандын бул жолку сапары менен кошо Бишкекте бир канча жылдык тыныгуудан кийин Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити да өткөнү турат. Эмне үчүн бул саммитти туруктуу өткөрүп турууга мүмкүн болбой жатат? Байкасаңыз, кээде түрк тилдүү мамлекеттердин лидерлери чогулуп калат, кээде чогула албай калышат. Себеби эмнеде? Уюмдун мүчөлөрүнүн ортосундагы пикир келишпестик буга себеп болуп жатабы?

Сердар Йылмаз: Ооба, акыркы жолу Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити 2015-жылы Астанада өткөн. Андыктан дээрлик үч жарым жылдан кийин гана Бишкекте уюштурулуп жатат. Эң оболу саммиттин кайра өтүп жатканы маанилүү. АКШ менен Евробиримдик Орусияга кысым көрсөтүп жаткан шартта түрк мамлекеттердин чогулуп жатканы сөз кылууга арзыйт.

Мындай саммит туруктуу түрдө өтпөй жатканын айтып жатабыз. Бирок бир нерсени моюнга алуу керек. Борбор Азиядагы түрк тилдүү өлкөлөрдүн ар биринин күн тартиби ар башка. Бирдиктүү күн тартиби болбогону үчүн мындай жыйындар туруктуу өткөрүлбөй келет.

Буга кошумча ар бир түрк мамлекетинин улуттук кызыкчылыгы бир топ маселелерден алдыңкы планга чыгып кетип жатат. Бул да башка бир себеп. Экономикалык, маданий жана саясий жактан да ар кыл себептер бар. Экономика тармагында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда бирдиктүү бир аракеттин же бир эрктин болбогону чоң маселе.

Бул тармакта иш алып бара турган мыкты даярдыктагы адистердин жетишсиздиги да байкалууда. Маданият чөйрөсүндөгү алака-катышта деле маселе жок эмес. Түркияга студенттерди алып келүүчү долбоорлор жетишсиз экенин көрүп жатабыз.

Түрк тилдүү мамлекеттердин арасында орток саясий уюмдар жарым-жартылай иштеп жатат десек болот. Бирок бул уюмдар түрк тилдүү өлкөлөрдүн баарын камтыбайт. Экинчиден, алар канчалык таасирдүү жана канчалык натыйжалуу иштеп жатканы да маселе жаратпай койбойт.

Ошондой эле түрк мамлекеттеринин лидерлери бири-бири менен активдүү карым-катышта эмес. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн башчылары саясий билдирүү жана бирдиктүүлүк тууралуу чакырыктарды анчейин жактыра беришпейт.

Ал үчүн мамлекеттердин ортосунда экономикалык долбоорлорду күчөтүү зарыл. Лидерлер да мурдагыдан да көбүрөөк жигердүүлүк жана дилгирлик менен алаканы үзбөй, чыңдап турушу зарыл.

Себеби түрк мамлекеттеринде, Кыргызстандан сырткары, лидерлердин мүнөзү жана анын айткандары бардыгын чечет. Мындан улам мамлекет башчыларынын жеке ниети, каалоосу түрк тилдүү өлкөлөрдүн дагы жакындашуусунда маанилүү фактор бойдон кала берет.

“Азаттык”: Түркия учурда бир жагынан экономикалык маселелер, экинчи жактан АКШ менен араздашуу жана Сирия сыяктуу көйгөйлөр менен алек болуп жатат. Мындай шартта ушул тапта Түркиянын тышкы саясатында Борбор Азияга жана Кыргызстанга канчалык маани берилип жатат?

Сердар Йылмаз: Эми бул чынында маанилүү суроо. Түркияда Анкаранын Борбор Азия саясаты соңуна чыкты деп ойлогондор аз эмес. Абалды талдасак алар туура эмес деп да айта албайбыз. Эки өлкө ортосундагы бир нече уюм Түркиянын мурдагы президенти Тургут Өзалдын тушунда ачылып, азыр да уланып жатат.

Президент Эрдогандын тушунда TIKA жана TurkSoy уюмдарынын алкагында Борбор Азия тарапка жаңыча кадам ташталган деп да так айта алабыз. TIKA уюмунун бир катар мыкты долбоорлорду ишке ашырганын билебиз. Ар кыл деңгээлде кыйла көп эле бюджет сарпталган. Өзгөчө түрк бизнесмендери да Кыргызстанга миллиондогон доллар инвестиция салганы маалым.

Ошентсе да Түркиянын Борбор Азияга карата так стратегиясын көрө албай келебиз. Бул өрөөнгө биздин башыбызга иш түшкөндө гана альтернатива болуп бере алчу аймак катары мамиле жасалып келет.

Батыш менен, Орусия жана Евробиримдик менен мамилебиз начарлап кеткенде гана Орто Азия аймагы менен алакабыз алдыңкы планга чыга калат. Бул чөлкөмгө стратегиялык аймак катары мамиле жасалбай келет. Мындан улам Түркияда бекем, өз алдынча иштеген, кесипкөй адистер иштеп чыккан Орто Азия саясатына муктаждык бар.

Сооданын анчейин мыкты болбогону Түркияда Кыргызстанга кандай көнүл бурулуп жатканын да айгинелеп турат. Ошол эле учурда Түркияда Борбор Азияга жана Кыргызстанга карата жылуу мамиле жана симпатия бар экенин да айтып өтүү керек.

“Азаттык”: Түркиянын өзүндө президент Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга сапары жана Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитине канчалык көңүл бурулуп жатат? Коомчулукту кызыктырып жатабы?

Сердар Йылмаз: Учурда Түркияда олуттуу бир кризис өкүм сүрүп жатат. Андыктан өлкө ичинде улуттук валюта – лиранын курсунун төмөндөшү, АКШ менен мамиле сыяктуу темалар көбүрөөк талкууланып жатат.

Ачыгын айтсак, президент Эрдогандын Кыргызстанга сапары Түркиянын күн тартибинде көп деле орун ээлеген жок. Учурда анчалык деле элдин көңүлүн бурган жок.

Ошентсе да Эрдогандын Кыргызстандагы сапарында бир катар маанилүү өнүгүүлөргө күбө болобуз деп ойлоп турам. Биринчиси - Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитинин өткөрүлүшү мындай жыйындарды туруктуу өткөрүп турууга жол ачып бериши мүмкүн.

Экинчиден, Түркияда Евразиялык экономикалык биримдик үчүн да аракет көрүлө баштаганын байкап жатабыз. Жакын арада президент Эрдогандан бул биримдикке кошулуу тууралуу билдирүүлөрдү уга алабыз. Батыш уюмдарына альтернатива катары Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө болуу тууралуу айрым сөздөрдү угуп калып жатабыз.

Мындан тышкары президент Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанда үчүнчү жолу өткөрүлүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына да катышмакчы. Ал кийинки оюндарды Түркияда өткөрүүнү сунушташы да мүмкүн. Бул да Кыргызстандагы визиттин жыйынтыгы катары каралмакчы.

Эң башкысы Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы муздун эригенин айтсак болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG