Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Элчи эрежени буздубу?


Тышкы иштер министрлиги.
Тышкы иштер министрлиги.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусовдун пикири коомчулукта талкуу жаратты.

Түрк президенти Анкарадагы жолугушууда диниятчы Фетхуллах Гүлендин кыймылы Кыргызстан үчүн да кооптуу деп, кыргыз президентин аларга каршы чара көрүүгө үндөгөн.

Анкарадагы кыргыз элчиси бул маселе боюнча өз ара маалымат алмашуу жүрүп жатканын билдирген.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги азыр "Сапат" болуп өзгөргөн мурдагы "Себат" билим берүү мекемелери тууралуу расмий Анкаранын дооматын четке кагып, бул эгемен өлкөнүн ички иши экенин эскерткен болчу.

Тышкы иштер министрлиги элчинин билдирүүсү боюнча маалымат кийин бериле турганын айтуу менен чектелди.

Эрдогандын "талабы", элчинин пикири

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда "аскердик төңкөрүш аракетинин артында турат" деген диниятчы Фетхуллах Гүлендин кыймылы, эгер болсо, Кыргызстан үчүн да кооптуу экенин эскертип, анын тарапкерлерине каршы чара көрүүгө үндөгөн.

Ал кыргыз-түрк кызматташтыгы ошол окуядан кийин чоң сыноого дуушар болгонун, кыймылдын акыркы мүчөсү кармалганга чейин күрөш улантыларын айткан. Президент Сооронбай Жээнбеков ал чакырыкка расмий жооп берген эмес.

Ибрагим Жунусов
Ибрагим Жунусов

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов президенттин расмий сапарынын алкагында маалымат берип жатып, бул маселе боюнча эки тараптуу кызматташтык президенттин расмий сапарына чейин эле жанданганын билдирди:

- Бизге ар кандай маалыматтарды беришет. Биз аны Тышкы иштер министрлиги аркылуу тийиштүү министрликтерге жөнөтүп жатабыз. Чындыгында эле эгерде "феточу" дегени чындап Кыргызстанда аныкталса, бул түрк элине жакшылык кылбаган "феточулар" кыргыз элине да жакшылык кылбайт. Булар алардан өч алууну эмес, "ошол окуялар кайталанбасын, силерде да болбосун" деп жатышат. Биз аны туура кабыл алышыбыз керек.

Бирок буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын 2016-жылы койгон талабын четке каккан билдирүүсүн жокко чыгарганын жарыялай элек.

Расмий Бишкек мурдагы "Себат", азыркы "Сапат" билим берүү мекемелеринин ишмердиги боюнча маселени сырттан таңууланган саясат аркылуу эмес, өз алдынча чечим кабыл аларын билдирген. Ошондуктан "Элчинин бул билдирүүсү Тышкы иштер министрлиги менен макулдашылганбы же жокпу?" деген суроо азырынча ачык бойдон турат.

Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева элчинин билдирүүсү боюнча министрликтин комментарийи кийинчерээк жарыялана турганын айтуу менен чектелди.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 2016-жылы расмий Бишкек Түркияны колдоп “гүленчилер” Кыргызстанда негиздеген деп эсептелген түрк мектептерине мамилесин өзгөртпөсө, эки өлкөнүн алакасы бузуларын эскерткен. Кыргыз бийлиги сапаттуу билим берүүгө ыңгайлашкан эл аралык мектептер тармагы жоюлбай турганын билдирип, "Себат" билим берүү мекемелерин "Сапат" деп өзгөртүп, аны Билим берүү министрлигинин көзөмөлүнө өткөрүп берген.

Анкара: кыргыз президентин тосуп алуу салтанаты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00

Өзүм билемдикпи же тапшырмабы?

Бул маселе боюнча мамлекеттин жаңы саясаты аныктала электе айтылган элчинин пикирин мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов мындайча мүнөздөдү:

Өлкө кадырына көө жапкан дипломаттар

Өлкө кадырына көө жапкан дипломаттар

Чет жердеги кыргыз элчиликтеринде иштеп жүрүп, Кыргызстандын беделине көлөкө түшүргөн дипломаттардын кылык-жоруктары иликтенет. Пара алган, аткезчилик менен алектенген же бейбаштык кылык-жоругу ашкереленген дипломаттар аныкталган.

​- Бизде негизи кээ бир элчилерде мына ушундай тартипсиздик бар экени белгилүү. Элчи деген бул президенттин өкүлү. Ал билдирүүнү элчи атайын тапшырма боюнча айттыбы же өзүм билемдик кылдыбы? Ошону такташ керек. Эгерде элчи өзүм билемдик кылып айткан болсо, анда өтө чоң катачылык кетирди. Анан калса бул маселе өтө талуу жана өтө кылдат көңүл бурууну талап кыла турган маселе болуп жатпайбы. Бүгүнкү күнү "Сапат" эл аралык билим берүү мекемеси биздин коомубузга аябай сиңип, канчалаган жаштар ошол жактан окуп, билим алып жатат. Дүйнөлүк деңгээлге чыгып, андан ары сыртка окууга кеткендер да көбөйдү. Ошондуктан бул жерде Тышкы иштер министрлиги бул маселеге кандайча жооп бериш керек экенин алдын ала иштеп чыгып, шартка байланыштуу президентке маалымат даярдап берүүгө тийиш болчу.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги расмий Анкаранын 2016-жылы "гүленчилердин" тарапкерлерине чара көрүү талабын четке кагып, муну эгемен мамлекетке өз саясатын таңуулоо катары баалаган жайы бар. Ошондон соң бул маселе биротоло жабылып, бирок эки тараптуу дипломатиялык мамилелер бир топ эле сууй түшкөн.

Кыргызстанда былтыр күздө жаңы президент шайланып, быйыл жазында анын Түркиядагы алгачкы расмий сапарында бул маселе кайрадан көтөрүлдү. Эки тараптуу жолугушууда түрк президенти Эрдогандын айткан сөзүнүн негизги өзөгүн да "гүленчилер" маселеси түзгөнүн маалымат каражаттары чагылдырышты.

Бирок мамлекеттин тышкы саясатын аныктаган Кыргызстандын президенти расмий позициясын ачык айтканга чейин Анкарадагы кыргыз элчисинин Түркия президентинин чакырыгына байланыштуу билдирип жиберген пикири дипломаттар чөйрөсүндө талкууга түштү.

Дипломатиялык эрежелер

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Аскар Бешимов элчилик кызматтын укук-милдеттери көрсөтүлгөн атайын жобого токтолду:

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

- Дипломатиялык кызматтын жоболору боюнча жана дипломатиянын этикасына ылайык мамлекет башчысы болобу же башка жогорку кызмат адамы болобу, расмий делегацияны жетектеп барып, ким сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү жетектесе, ошол адам гана мамлекеттин позициясын айтат. Делегациянын калган мүчөлөрү баары угуп гана турат. Анткени ал адамдын жеке пикири айтыла турган жер эмес. Ал жеке көз караш эмес. Бул мамлекеттин атынан айтылып жаткан сөз. Ошон үчүн ал мамлекеттин "толук жана ыйгарым укуктуу элчиси" деп аталат. Ошондуктан президент элчини башка мамлекетке жөнөтүп жатканда "ушул элчи менин атымдан эмне деп айтса, ошого ишенүүнү суранам" деп башка бир мамлекеттин президентине жолдоно турган ишеним грамотасы жазылып, ага кол коюлуп жатпайбы! Бул мыйзамдын гана талабы эмес, ал дипломатияда эки жүз жылдан бери келе жаткан салт. Элчилер ошол эрежени так сактап, президенттин жана мамлекеттин атынан сүйлөп жатканын түшүнүшү керек.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков былтыр жайында Түркияга барганда ал жактан Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемелерин жаап, анын ордуна Түркиянын мамлекеттик “Маариф” корунун окуу жайларын киргизүү боюнча сунуш түшкөнү белгилүү болгон. Чыныбай Турсунбеков ал сунуш тууралуу буларга токтолгон:

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

- Бизге берилген сунушта Түркиянын "Маариф" фонду, анын Билим берүү министрлигине караштуу экени жана алардын окуу жайларын ачыш үчүн акча каражаттарын бөлүү маселесинен бери көтөрүлүп жатат. Албетте, бизге өзүбүздүн мамлекеттин көзөмөлүндөгү жана альтернативдүү мектептер көп болсо, анын зыяны тийбейт. Анан эми берилген бул сунуштарды биздин тиешелүү министрликтер талдап, карап чыгышы керек.

Буга чейин түрк бийлиги Түндүк Африкада "Себат" билим берүү мекемелерин жаптырууга жетишип, алардын базасында мамлекеттик “Маариф” корунун окуу жайлары ачылган.

Азербайжанда жана Түркмөнстанда да ошондой аракеттер ишке ашкан. Казакстандын бийлиги болсо казак-түрк лицейлеринин аталышын өзгөртүп, бирок анын билим берүүдөгү түпкү маңызын сактап калган. Кыргызстанда болсо Түркиянын мамлекеттик "Маариф" фондунун окуу жайларын киргизүү сунушу буга чейин расмий каралган эмес.

Түркия 2016-жылдагы окуядан кийин өнөктөш өлкөлөрдөгү "Себат" билим берүү мекемелерин диниятчы Фетхуллах Гүленге таандык деген негизде жаптырууну талап кылып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG