Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:16

ТИМ элчиликтерди кыскартууга белсенди


Тышкы иштер министрлиги, Бишкек
Тышкы иштер министрлиги, Бишкек

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн ишмердиги талдоого алынып жатканын белгиледи.

Буга байланыштуу өзүн өзү актабаган элчиликтер менен консулдуктардын штаттык бирдиктери кыскарып же биротоло жабылышы мүмкүн экени айтылды. Малайзиядагы элчилик дагы мына ошол тизмеге кирип, анын маселеси жакында каралганы жатканын, бирок элчи Кылычбек Султанов президенттин Баш мыйзамды өзгөртүү саясатына каршы деген негизде алдын ала отставка берип жибергени жарыяланды.

Ойго келе калган “оптималдаштыруу”

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султановдун кызматтан бошотуу тууралуу арызына байланыштуу түшүндүрмө берди. Анда министрлик буга чейин эле иши начар бааланган чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү жабуу же болбосо анын штаттык бирдиктерин кыскартуу маселеси көтөрүлгөн. Малайзиядагы элчилик жабылып же кайра түзүлүшү мүмкүн экендиги туурасында Кылычбек Султанов кабардар болгону эскертилип, бирок аны күтпөстөн эле элчи мырза кызматтан кетүү туурасында арыз жазганы көрсөтүлгөн.

Айымкан Кулукеева
Айымкан Кулукеева

Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева натыйжасыз иш алып барган элчиликтер менен консулдуктарды оптималдаштыруу жагы каралып жатканын белгиледи:

- Ирандын Мешхед шаарындагы Кыргызстандын консулдук кызматы жабылды. Мындан сырткары Ооганстандагы элчиликти кыскартуу аркылуу жабуу иштери жүрүп жатат. Анан кээ бир мамлекеттер менен кызматташтыкта өнүгүү болбогондуктан улам элчиликтердин иштериндеги жыйынтык көрүнбөй жатканына байланыштуу анализге ылайык кээ бир элчиликтердин ишмердиги каралып жатат. Малайзиядагы элчиликтин ишмердиги дагы мына ошондой деп бааланган.

Элчиликтин иши эң эле начар беле?

Бирок Тышкы иштер министрлиги аталган үч дипломатиялык өкүлчүлүктөн башка талапка жооп бербеген башка элчиликтер менен консулдуктар тууралуу жарыялаган жок. Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилик жана консулдук сыяктуу дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн саны учурда отуз алтыга жетти. Тышкы иштер министрлигинин ички жобосуна ылайык элчиликтер менен консулдуктардын ишмердиги алардын эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымына жана сырттан инвестиция тартуу аракетине жараша бааланат. Бирок министрлик алардын арасынан эң эле натыйжалуу иш алып барган элчиликтер менен консулдуктардын атын ачыкка чыгарууну туура көрбөдү.

Кылычбек Султанов
Кылычбек Султанов

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилик кызматынан алынган Кылычбек Султанов Тышкы иштер министрлигинин анын кызматтан кетүү арызына байланыштуу түшүндүрмөсүнө каршы өз оюн билдирди:

- Мен Тышкы иштер министрлигинин түшүндүрмөсүнө абдан таң калдым. Буга чейин элчиликтин жабылышы же башка бир ишмердиги боюнча эч кандай кагаз көргөн жокмун. Мага бул тууралуу эч кандай маалымат дагы беришкен эмес. Мына ушундан кийин алар мага карата башка нерселерди ойлоп табышса да эч таң калбайм. Бул эми Тышкы иштер министрлигине жарашпаган жоосун болуп калды.

Ошол эле кезде эл аралык мамилелер боюнча адистер элчилер менен консулдардын ишмердиги акыйкат бааланып, мыйзамга ылайык, аларга коюлган талаптар боюнча ачык-айкын отчет алынган учурлар аз экенин мисал келтиришти. Алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөгү элчилер мамлекет башчысынын расмий иш-сапарларын уюштуруудан башка алардын дипломатиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымдары коомчулукка анчейин белгисиз дешет адистер.

Элчиликтер Сауд Арабиясында, Кувейтке ачылды, Катарда ачылды. Сауд Арабиядагы элчилик тигил ажылыкты уюштурууга жардам берет экен. Анан эми калгандарынын кереги бар беле? Буга кандай зарылдык болду?
Аликбек Жекшенкулов

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов соңку мезгилде негиздүүлүгүнө карабай эле бир катар өлкөлөрдө элчиликтер ачылганын айтып, алардын көпчүлүгү кеткен чыгымды актайт дегенге ооз барбайт деп эсептейт:

- Бир жагынан дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү оптималдаштыруу дешет дагы кайра башка жагынан олчойгон казына каражатын коротуп зарылдыгы жок эле элчиликтерди ачып жатышпайбы. Элчиликтер Сауд Арабиясында, Кувейтке ачылды, Катарда ачылды. Сауд Арабиядагы элчилик тигил ажылыкты уюштурууга жардам берет экен. Анан эми калгандарынын кереги бар беле? Буга кандай зарылдык болду? Ал жактан Кыргызстанга кандай пайда алып келип жатышат? Мен мисалы үчүн биздин элчилер Катардан же Кувейттен инвестиция тартып келгенин уга элекмин. Анан эми Малайзиядагы элчиликти ал жакта иш начар экен деп эле жаап салган туура болобу? “Азиянын алты жолборсунун” тизмесине кирген Малайзия менен мамилени жакшыртуу гана керек да. Анан элчи начар деп эле элчиликти жаап салса болот бекен? Анда начар элчилер иштеп жаткан элчиликтердин баарын жаап салалы. Ошондо кандай болот? Бул эми кайсы бир элчини кетирүү үчүн жөн эле шылтоо да.

Тышкы иштер министрлиги мамлекет башчынын тапшырмасына ылайык, Кыргызстан менен айрым өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык жакшы жолго коюлбаганына байланыштуу жана аларга кеткен каражатты үнөмдөө максатында 2016-жылдын аягына чейин чет мамлекеттердеги айрым дипломатиялык мекемелердин ишмердигин иликтей баштаган.

Малайзиядагы элчиликтен башка учурда дагы кайсы өкүлчүлүктөрдүн ишмердигине баа бериле турганы азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG