Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:56

Баш мыйзам айланасындагы жүрүштөр


КСДП желеги
КСДП желеги

Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүүнүн айланасында талкуу күч алды. Мунун айынан саясий топтор ортосунда ажырым пайда болгону байкалууда.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов Конституцияны өзгөртүүгө каршы болгону үчүн кызматтан кетүүгө арыз бергени белгилүү болду. Ага удаа мурдагы премьер-министр Темир Сариев Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча билдирүү жасап, атайын конституциялык кеңешме чакырууну сунуштады.

"Моралдык укугум жок"

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов кызматтан кетерин 17-августта жарыялады. Элчи бул кадамын Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы болгону менен байланыштырды. Кылычбек Султанов элчилик кызматтан бошотуу тууралуу арызын президент Алмазбек Атамбаевдин атына жазган:

- Мен арызымда суроо коюп бердим. Мен сиздин ишенимиңиз менен элчилик кызматка дайындалгам, бирок сиз Конституцияны өзгөртүү демилгесин айттыңыз. Мен буга макул эмесмин. Мындан ары элчи катары иштөөгө моралдык укугум жок. Себеби, бул Баш мыйзам 2021-жылга чейин өзгөрүлбөйт дегенге мен ишенгем. Буга өзүм да үгүт жүргүзүп, бардык күч-аракетимди жумшагам. Азыр эми маселе көтөрүлгөндө каршы экенимди айтайын дедим.

Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы экенин айтып келген. Бул жагынан алганда элчинин отставкасы партия лидеринин кеңеши менен болуп жатышы толук мүмкүн. Муну саясий күрөштүн күчөшү катары санасак болот.
Эмил Жураев

Президент Атамбаев Кылычбек Султановдун арызын канааттандырып, бүгүн аны кызматтан бошотту. Ага чейин бул билдирүү боюнча Тышкы иштер министрлиги түшүндүрмө берген. Анда өлкөнүн тышкы саясат мекемеси чет өлкөлөрдөгү айрым элчиликтерди кыскартып, анын алкагында Малайзиядагы элчиликти да жабуу же кайра түзүү каралып жатканы айтылат. Мындан кабары бар Султанов күтүлүп жаткан отставкасын саясий максатта колдонушу мүмкүн экени болжолдонууда.

Канткен күндө да, Султановдун билдирүүсү Баш мыйзамдын айланасындагы талкууларды кызытты. Байкоочулар анын чечимин эң ириде “Ата Мекен” партиясынын Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы позициясы менен байланыштырды. Себеби, Султанов буга чейин аталган партиянын квотасы менен социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалган эле.

Саясий эксперт Эмил Жураев бул жагдайды Конституция долбооруна байланыштуу өнөктөш "Ата Мекен", Социал-демократтар партияларынын бири-бирине каршы саясий жүрүштөрүнүн күчөшү катары сыпаттады:

- Буга чейин Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршылык билдирип, аны токтотууга өз аракетин көрөрүн айтып келген. Бул жагынан алганда элчинин отставкасы партия лидеринин кеңеши менен болуп жатышы толук мүмкүн. Муну саясий күрөштүн күчөшү катары санасак болот.

Ошол эле учурда “Ата Мекен” партиясынын активдүү мүчөлөрүнүн бири Азиз Канатбектин Миграция кызматынын статс-катчылыгынан бошотулушу да саясий күчтөр ортосундагы пикир келишпестиктин жыйынтыгы катары сыпатталды.

Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Ал ортодо “Ата Мекен” фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов Венеция комиссиясынан Кыргызстандын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлоруна экспертиза жүргүзүп берүүнү өтүнгөнү белгилүү. Бул тууралуу “Азаттыкка” кабарлаган депутат Шыкмаматов Венеция комиссиясы экспертиза өткөрүүгө макул болгонун билдирди:

- Дүйнөдө мыйзамды, өзүн сыйлаган өлкөлөрдүн баары Венеция комиссиясынын пикири менен эсептешет. Ошондуктан, Конституцияга укуктук экспертиза жүргүзүү суранычы менен аталган комиссияга кайрылдым. Комиссия кайрылуумду алганын ырастады жана бир-эки жума ичинде эксперттик корутунду беришет.

Сариев үн катты

Ошол эле учурда Баш мыйзамдын айланасындагы талкууларга мурдагы премьер-министр Темир Сариев да кошулду.

Темир Сариев
Темир Сариев

Ал Жогорку Кеңештеги Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган фракция лидерлерине кайрылуу жолдоду. Анда Сариев Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу маселени талкуулоонун өзү канчалык мыйзамдуу экенине токтолуп, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча учурда коомчулуктун талкуусуна берилген бир айлык убакыт өтө аз экенин белгилеген.

Ошондуктан, Темир Сариев Конституциялык кеңешме түзүп, ага бийлик өкүлдөрү гана эмес, оппозиция, укуктук эксперттер кирсин деген пикирин билдирген.

Темир Сариев буга чейин Атамбаев менен санаалаш болуп жүргөн адам катары Баш мыйзам боюнча өз пикирин айтканы туура болду. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары 2010-жылдагы Конституцияны коргоого моралдык укугу бар гана эмес, түздөн-түз жоопкер.

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Жакупованын айтымында, конституциялык кеңешме чакыруу демилгеси учурдагы абалда туура чара:

- Темир Сариев буга чейин Атамбаев менен санаалаш болуп жүргөн адам катары Баш мыйзам боюнча өз пикирин айтканы туура болду. Ал Өмүрбек Текебаев сыяктуу эле Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыкканы абдан маанилүү. Анткени алар Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары 2010-жылдагы Конституцияны коргоого моралдык укугу бар гана эмес, түздөн-түз жоопкер. Мен буга чейин бул маселе боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн унчукпай отурганына таң калып жаткам.

КСДПнын дымагы күч

Ошентсе да, Конституцияны өзгөртүүгө шыктанган КСДП баштаган саясий күчтөр референдум өткөрүү багытынан кайтпасын айтууда. Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов азыркы шартта конституциялык кеңешме чакырууга негиз жок экенин билдирди:

Иса Өмүркулов
Иса Өмүркулов

- Эгерде Конституция түп-тамырынан өзгөрүп, жаңыдан кабыл алынып жатса, анда баарын салмактап, текши кароо үчүн Конституциялык кеңешме түзүлсө болмок. Эми бул жерде Баш мыйзамдын ыйгарым укуктары гана бир аз өзгөрүп жатат, ошондуктан, менимче кеңешменин кереги жок.

Быйыл 29-июлда парламенттин төрт фракциясы Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккан. Кийин буга “Бир Бол” фракциясы кошулган. Анда иштелип чыккан жобону коомдук талкууга коюу тапшырмасы берилген. Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду быйыл күздө жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо өткөрүү жагы сунушталган болчу.

Буга оппозиция каршы чыгып, атайын жумушчу топ да түзгөн.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG