Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:53

Карасартова: Оппозицияга кысым бар


Рита Карасартова
Рита Карасартова

Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү демилгесинен улам аны колдогондор менен каршы чыккандардын тиреши уланууда. Бул сунушка каршы болгон оппозициялык топтун айрым мүчөлөрү саясий куугунтукка кабылганын айтып жатышат.

Өткөн аптада Бишкекте оппозициялык саясатчылар жана жарандык коом өкүлдөрү бийликтин Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин талкуулап, буга каршы жети адамдан турган коомдук жумушчу топ түзүлгөн эле. Анын курамына кирген “Коомдук талдоо институту” бейөкмөт уюмунун лидери Рита Карасартова "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Оппозициячыл топтун өкүлдөрүнүн бири Мавлян Аскарбеков саясий куугунтукка кабылганын айтып чыккан. Конституцияны өзгөртүүгө каршы жети адамдан турган коомдук жумушчу топтун башка өкүлдөрүнө күч органдарынын кысымы байкала элекпи?

Рита Карасартова: Башка мүчөлөргө кандай аракет көрүлүп жатканы тууралуу маалыматым жок. Ал топтун мүчөсү катары мага карата андай куугунтук боло элек.

Коомдук каналдар биздин тагдырыбызды чече турган өзгөртүүлөр киргизилип жаткандан кийин өздөрү кызыкдар болуп, бул теманы күндө талкуулап турушу керек эле

"Азаттык": Экинчи августтагы жыйында коомдук жумушчу топту жарандык кыймылга айландыруу максаты коюлган эле. Бул багыттагы аракеттер эмне болду?

Рита Карасартова: Биз мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн бардык күчүбүздү жумшайлы деп жатабыз. Анткени бийлик өтө чечкиндүү кадам менен өзгөртүү киргизүүгө аракеттенүүдө. Референдум ишке аша турган болсо эл Конституциянын кайсы беренелерине кандай өзгөртүүлөр киргизилгенин, анын натыйжасы кандай болорун билиши керек. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө умтулуп жатабыз. Коомчулуктун көбү Конституцияны ачып окубайт. Буга байланыштуу түшүндүрүү иштери зарыл болуп турат.

"Азаттык": Бийлик азыр оппозиция өкүлдөрүнө мурункудай саясий куугунтук жок экенин, анын баары мурунку бийлик учурунда болгондугун айтып келет. Быйыл бир топ саясатчы төңкөрүш жасоого аракеттенген деген шек менен кармалбады беле. Ушул тапта оппозицияга кысым барбы? Бийликтин буга чейинки айткандарын кандай баалайсыз?

Рита Карасартова: Биз толук демократиялык өлкөдө жашаган жокпуз. Бийлик мурункудай эле өзүнүн колунан келген ыкмаларын колдонуп келет. Азыр бизге коркутуп-үркүтүү жок болгону менен Кыргызстанга толук тараган, маанилүү жалпыга маалымдоо каражаттарына, телеканалдарга жолду жаап койду. Мындан улам башка каналдар, маселен "Азаттык" же башка санарип каналдары аркылуу элге өз үнүбүздү жеткирип жатабыз. Коомдук каналдар биздин тагдырыбызды чече турган өзгөртүүлөр киргизилип жаткандан кийин өздөрү кызыкдар болуп, бул теманы күндө талкуулап турушу керек эле да. Тилекке каршы, алар баягыдай эле Акаевдин, Бакиевдин учурундагыдай болуп, телеканалдын бардыгына өздөрүнүн "дүжүр" кишилерин алып келип, маселени көтөрбөй жаткандыктан өзгөрүү жок деп айта алам. Ал эми бийликти тартып алууга аракеттенди деген айып менен камалгандар тууралуу айтсак, бул жерде да демократия сакталбай жатат. Себеби, курултай уюштургандардын да укуктары бар. Элдик жыйын курабыз дегендерди бийликти алгысы келип жатат деген жүйө менен камаган туура эмес. Ошондуктан, менимче куугунтук бар. Бирок жарандык активистерге эмес, саясий коомго карата жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG