Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

"Ататүрк – Ала-Тоо" айыптарды четке какты


Түркиянын Hurriyet басылмасы Стамбул прокуратурасынын маалыматына таянуу менен Бишкектеги “Ататүрк – Ала-Тоо” эл аралык университетин террордук уюм менен кызматташат деп жазып чыкты.

Басылманын 30-январда тараткан кабарында түрк прокуратурасы Фетхуллах Гүлендин “террордук уюмуна таандык” деп Түркиянын өзүндө ачылган 17 университетти, андан сырткары чет жакта жайгашкан 10 университеттин тизмесин жарыялаган. Ал эми тизмеден аты чыккан “Ататүрк – Ала-Тоо” эл аралык университети бул маалыматтарды куру доомат деп атады.

"Залакасы тийбесе экен"

Түркия прокуратурасынын маалыматына ылайык, "бул университеттер Гүлендин уюмунун идеясын жайылтуу максатында ачылган". Түркиядан сырткары чет жакта жайгашкан 10 университеттин тизмесинде Казакстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Румыния жана башка мамлекеттердеги биргелешкен окуу жайлар жазылган.

Бишкектеги “Ататүрк – Ала-Тоо” эл аралык университети Стамбул прокуратурасы тараткан маалыматты четке кагат. Окуу жайдын басма сөз катчысы Сапарбек Сулайманов мындай комментарий берди:

- Тизме боюнча Кыргызстандагы маалымат каражаттарынан билдик. Биз өлкөнүн мыйзамдарынын негизинде каттоодон өтүп иштейбиз. Чет өлкөлөрдүн ички саясий жараяндарына тиешебиз жок. Кыргызстандагы маалымат каражаттарына пикирибизди билдирдик. Чет элдик журналисттер байланышкан жок.

Бишкек “гүленчилер” боюнча Анкарага жооп берди

Бишкек “гүленчилер” боюнча Анкарага жооп берди

Кыргызстанда иш алып барган эл аралык "Себат" билим берүү мекемеси Гүленге тиешеси бар экени айтылат. Аталган мекемеге таандык Кыргызстанда 15 чакты лицей-мектеп, бир университет жана маданий, кайрымдуулук жааттагы уюмдар бар.

Бул боюнча Кыргызстандын күч органдары азырынча үн ката элек. Ал эми Тышкы иштер министрлиги маалыматты тактоо үчүн Түркияга расмий кат жөнөтүлөрүн маалымдады.

Ал ортодо университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн бири Тилек Токонбаев акыркы окуялардан кийин Түркияда ар кандай тармакта эмгектенген тааныштары ишсиз калып жатканын угуп жатат. Ал окуу жай жөнүндөгү мындай маалыматтар университеттин студенттерине, бүтүрүүчүлөрүнө залакасы тийбесе экен деп чочулоодо.

- Биздин Түркияда анча-мынча тааныштарыбыз бар. Ал жакта Гүленге таандык экен деп ишканалар жабылып, жумушсуз калганын уктук. Ушул жагынан туура эмес болуп жатат. Эми саясат ушундай нерсе экен. Айла жок, иш издегенге Түркиядан башка мамлекеттерди караштырууга туура келип жатат.

"Эки дөө тирешсе..."

Бишкектеги “Ататүрк – Ала-Тоо” эл аралык университети 1996-жылы ачылган. Анда ушу тапта 2200 студент окуйт. Студенттер бул темада ачык сүйлөшүүдөн качышат. Бирок сабактан тышкары убакта диний үгүт иштери астейдил жүргүзүлөрү айтылып келет. Анткен менен окуу жайдын бүтүрүүчүсү Тилек Токонбаев сабактан сырткары диний сөздөр айтылат деген кептерди четке какты.

2016-жылдын жайында Түркияда төңкөрүш аракетин Фетхуллах Гүлендин кыймылы жасаганы айтылып, бийлик анын уюмун террордук деп тапкан. Гүлен бул айыптоону четке кагып келет. Андан бери миңдеген кишилер камакка алынып, иштен бошотулган.

Бул түрк бийлигинин диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык делген Кыргызстандагы билим берүү мекемелерин айыптаган биринчи билдирүүсү эмес. Буга чейин Кыргызстандагы "Себат" түрк лицейлерин да жабуу сунушун түрк бийлиги кыргыз бийлигине сунуштаган. Кыргыз тарап аталган лицейлердин өлкөнүн коопсуздугуна эч кандай коркунуч жоктугун белгилеп келет.

Жергиликтүү эксперттердин көпчүлүгү деле аталган мекеме тууралуу кескин сын пикирде эмес. Политолог Марс Сариев бул абалга пикирин мындайча билдирди:

- Тажрыйбаны карап көрсөк окуу жайда террордук уюмга шектелген деле иш-аракеттер болгон жок. Балким, "гүленчилер" сабак берип жатышы мүмкүн. Бирок, бул деле Билим берүү министрлиги аркылуу текшерилип, факт табылган жок. Бул жерде жөн гана саясий оюндар болуп жаткандай. Эми бул окуу жайды террордук топко тиешеси бар деп атап жатканы бир топ кыйынчылыктарды алып келет. Ал жакта канчалаган бүтүрүүчүлөр иштеп жүрөт. Биздин бийликтеги дагы ошол окуу жайларды бүткөндөр иштейт.

Ошентсе дагы чет өлкөдөн каржыланган билим берүү жайларын тыкыр көзөмөлдөө керек дегендер дагы жок эмес.

Кыргызстанда иш алып барган эл аралык “Себат” билим берүү мекемелери Гүленге тиешелүү экени айтылат. Бул мекемеге таандык өлкөдө лицей-мектеп, бир университет жана маданий, кайрымдуулук жааттагы уюмдар бар.

Коңшу Казакстанда Түркиядагы акыркы окуялардын кийин казак-түрк лицейлери “Билим инновация лицейи” деп атын өзгөрткөн. Дүйнөдөгү 100дөн ашык өлкөдөгү түрк окуу жайларынын көбүн диниятчы Фетхуллах Гүлендин "Хизмет" кыймылы каржылары айтылып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG