Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

“Себаттан” “Сапатка” айлануу...


Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги “Себат” эл аралык билим берүү мекемесинин түзүүчүлөрүнүн бири болуп, атын “Сапат” деп өзгөртө турган болду.

Өкмөт Түркиянын бийлиги Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деп шектенген "Себатты" кайра түзөбү? Кайра түзүүлөр "Себаттын" билим берүү багыты менен сапатына кандай таасир бериши мүмкүн? Түзүүчүлөрдүн укугу менен милдети кандай болот?

“Азаттык” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселени ортого салды.

Талкууга Билим берүү жана илим министринин орун басары Салидин Калдыбаев жана "Себат" билим берүү мекемесинин вице-президенти Раина Асакеева катышты.

“Азаттык”: Салидин мырза, Билим берүү министрлиги Кыргызстанда чейрек кылымдан бери иштеп келе жаткан “Себат” эл аралык билим берүү мекемесинин бир түзүүчүсү болмок болду. Ага Түркиянын президенти Эрдогандын бул мекеменин Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар дегени түрткү болдубу? Анан кайра түзүү кандай жүргүзүлөт? "Себаттын" системасында кандай өзгөртүүлөр болот?

Салидин Калдыбаев: "Себат" билим берүү мекемеси Кыргызстанда 25 жылдан бери иш жүргүзүп келе жатат. Бул мекеме мурдатан эле Кыргызстандагы билим берүү стандарттарынын негизинде, Билим берүү министрлигинин көзөмөлүндө иштейт. Азыркы күндө Кыргызстандын билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларга байланыштуу кайра түзүүлөргө, жаңы стандарттар менен багыттарга умтулууга мажбур болуп жатат. Анын негизги максаты - билим берүүнүн сапатын арттыруу. Министрлик да азыр билим берүү тармагында жаңы баалуулуктарды, Ата Мекенди сүйүү, сыйлоо, улуттар аралык ынтымакты чыңдоо жана компетенттүүлүктү калыптандыруу милдетин ишке ашырууну көздөйт. "Себат" азыр ушул максатты ишке ашыруу максаты менен иштегени жатат.

“Азаттык”: Раина айым, буга чейин "Себаттын" негизги түзүүчүлөрү кимдер эле? Кандай максат менен түзүлгөн? Түркия бийлигинин "Себат" Фетхулах Гүлендин кыймылы менен байланышкан деген билдирүүсүнө негиз барбы? Эми аты өзгөртүлгөндөн кийин кине коюулар жоюлат деген ишеним барбы, себеби “Ала-Тоо Ата Түрк” университетинин дипломдору Түркияда жараксыз деп табылганы кооптонуу жаратпайбы?

Раина Асакеева: "Себат" билим берүү мекемелери 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Түрк педагогдору ассоциациясынын ортосундагы келишимдин негизинде түзүлгөн. "Себат" мекемесинин курамына кирген мектептер, лицейлер жана “Ала-Тоо Ата Түрк” университетинин билим берүү деңгээлинин жогору экендиги коомчулукка белгилүү. Аны Кыргызстандын мамлекет башчысы менен Билим берүү министрлиги да баса белгилеген. Бул мекеменин бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын ар кайсы тармагында, айрыкча университеттин 10 миңден ашык адистери чет өлкөлөрдө өз билимдерин көрсөтүп жатышканы тастыктап турат. Биздин окуучуларыбыз Кыргызстандын билим берүү тармагындагы бардык талаптарга жооп берет жана билим берүү мекемелери эл аралык деңгээлде иш алып барат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG