Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:24

Жакында парламент "Менчик мектептерди салыктан бошотуу жөнүндө" мыйзамды биринчи окуудан кабыл алды. Демилгечи депутаттар бул жеке мектептердеги баалардын арзандоосун камсыздайт деп ишендирүүдө.

Окуу акысы 25 000 доллар

Кыргызстанда 187 жеке менчик мектеп бар. Бул макалада алардын ичинен баалары башкаларына салыштырмалуу жогору дегендерине токтолобуз.

Бишкектеги Cambridge Silk Road эл аралык мектебинде сабактар англис тилинде өтөт. Мектеп 12 жылдык билим берет. 9-класстан тартып окуу бала каалаган багытта жүргүзүлөт. Мектепти аяктаганда эл аралык үлгүдөгү аттестат берилет. Бул мектепте бир класстагы балдардын саны 15тен ашпайт. Балдар мектепте саат 8ден кечки алтыга чейин болушат. Үч маал ысык тамак берилет. Окуу акысы 9 миң доллардан 11 миң долларга чейин жетет. Бул мектепте негизинен чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилик кызматкерлери балдарын окутушат. Ошол эле учурда жергиликтүү элдин да балдары билим алат.

Эл аралык үлгүдөгү аттестат берген мектептердин ичинде ESCA - Bishkek эл аралык мектеби да бар. Бул мектепте окуу акысы жылына 9 170 доллардан 14 155 долларга чейин бааланат. Мектепке кирүү үчүн 200 доллар взнос төлөө керек. Балдардын билим деңгээлине, социалдык абалына жараша окуу акысы арзан болушу ыктымал. Балдар эки маал ысык, бир маал жеңил тамак менен камсыздалат. Окуу англис тилинде жүрөт.

Ошондой эле эл аралык үлгүдөгү аттестат берүүчү мектептердин бири - Oxford эл аралык мектеби. Бул мектепте окуу акысы 4 миң доллардан 13 миң долларга чейин турат. 4 миң доллар төлөгөн окуучуларга окуу орус тилинде, ал эми 13 миң доллар төлөгөндөргө окуу англис тилинде жүрөт. Класстагы балдардын саны 20дан ашпайт. Эки маал ысык, бир жолу жеңил тамак берилет.

Окуу акысы эң кымбат деген мектеп - Бишкектеги QSI эл аралык мектеби. Бул мектепте балаңызды окутам десеңиз жыл сайын 23 800 доллар төлөшүңүз керек. Ал эми мектепке кирүү акысы 300 доллар. Окутуу англис тилинде жүргүзүлөт, кошумча француз жана немис тилдери окутулат. Мектепти аяктаганда балдарга АКШ үлгүсүндөгү аттестат берилет. Бала мектепте саат 8ден кечки төрткө чейин болот. Эгер сабак учурунда ачка болбосун десеңиз, жанына тамак салып бересиз, же мектептин ашканасына акы төлөп, тамак сатып берсеңиз болот.

Окуу англис тилинде жүргүзүлгөн мектептердин дагы бири - Silk Road эл аралык мектеби. Бул мектепте окуу акысы жылына 5600 доллар. Класста балдардын саны 20дан ашпайт. Балдарга эки маал тамак берилет. Мектепти бүтүргөндөр Кыргызстандын үлгүсүндөгү аттестатка ээ болушат.

"Себат" жана башка мектептер

Кыргызстандагы жалпы 187 жеке мектептин элүүгө жакыны “Себат” билим берүү мекемесине таандык кыргыз-түрк лицейлери. Бул мектептер Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында бар. Окутуу акысы жайгашкан ордуна жараша 2 миң доллардан 3,5 миң долларга чейин. Бул мектептерде окуу кыргыз, орус, англис тилдеринде жүргүзүлөт. Мектепти бүтүргөндө Кыргызстандын үлгүсүндөгү аттестат берилет.

Жеке мектептердин көпчүлүгү Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жайгашкан. Бишкектеги “Абитуриент”, Автордук мектеп комплекси, "Алтын башат" жеке мектеби, "Илим", “Жылдызча”, Приоритет”, "Таалим", "Эврика" жана башка жеке мектептердин баарында окутуу орус тилинде жүрөт. Окуу акысы айына 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин. Айрымдарында тамак окуу акысынын ичинде, айрымдарында тамак-ашка кошумча акы алынат.

Бишкекте окутууну орус, англис тилинен башка да тилдерде жүргүзгөн эки жеке мектеп бар. Алардын бири – Арабаев университетинин алдындагы Чыгыш лицейи. Бул лицей балдарды 7-класстан 11-класска чейин окутат. Окуу орус тилинде жүрөт, андан тышкары кытай, жапон, араб, корей, түрк жана перс тилдери кошумча тереңдетилип окутулат.

“Давха” мектеби жалаң кыздар үчүн

Жалаң кыздар үчүн “Давха” деп аталган жеке мектепте окуу акысы жылына 80 миң сомдон 2200 долларга чейин турат. Окуу орус, кыргыз тилдеринде жүрөт. Кошумча араб тили тереңдетилип үйрөтүлөт. Эки маал тамак берилет.

Жогорудагы жана башка дээрлик бардык мектептерде бүгүнкү күнү канча бала окуп жатканы тууралуу так маалымат жок. Көпчүлүгү ал тууралуу маалымат берүүнү туура көрүшпөйт. Айрым мектептерде балдарды үйдөн ташып, кайра жеткирүү маселеси да каралган. Бирок, ал үчүн да ата-эне өзүнчө акча төлөөгө тийиш. Балдарды үйдөн ташып-жеткирүү акысы айына 200 доллардан жогору.

Менчик мектепке ичи чыкпагандар да бар

Ош шаарында “Себат” билим берүү мекемелеринин мектептерин кошпогондо он чакты жеке мектеп бар. Окутуу акысы айына 5 миң сомдон 50 миң сомго чейин. Окутуу орус тилинде жүргүзүлөт.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкери Куштарбек Кимсановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, менчик мектептердеги билим берүү системасы Билим берүү министрлиги бекиткен программа менен иш алып барышат:

- Жеке мектептердин көбөйүп жатышы элге пайдалуу. Анткени, жарандарыбыз балдарына сапаттуу билим берүү үчүн тандоо укугуна ээ болушат. Ош шаарында ондон ашык жеке менчик мектеп бар. Алардын баары Билим берүү министрлиги бекиткен программа менен иш алып барышат. Алар ата-энелерден акча алганына байланыштуу, кошумча жабдыктар менен жабдуу мүмкүнчүлүктөрү да бар.

АКШдан билим алуунун эрте-кечи жок

1993-жылдан бери АКШга барып, акысыз билим алган кыргызстандыктардын саны 3,5 миңден ашты. Бул өлкөдөн билим алууну эңсеген кыргызстандыктардын саны да абдан көп.

Кимсановдун сөзү боюнча, менчик мектептерде берилген билимге ыраазы болбогон ата-энелер да бар:

- Менчик мектептердин билим берүү сапаты мамлекеттик мектептердеги билим берүүдөн дайыма жогору деп айта албайбыз. Анткени, аларда шарт бар, класста балдар аз, мугалим алардын ар бири менен сүйлөшүп, тапшырмаларды сурап чыкканга жетишет. Мамлекеттик мектептерде болсо, бир класста 30-40тан бала окуйт. Өзгөчө орус тилдүү мектептерде класстар аябай жыш болуп жатат. Мындай учурда мугалим ар бир балага көңүл буруп жетише албай калат.

Менчик мектепке баласын окутканы берип, бирок мектеп берген билимге ыраазы болбогон ата-энелердин бири - Элвира Икрамова. Ал учурда баласы окуп жаткан мектептин атын атагысы келбей, бирок берген билимине нааразы экенин “Азаттык” менен бөлүштү:

- Биринчиден, менчик мектептер тамга таанып, кошуп окуй алган, санаганды билген даяр балдарды алышат. Экинчиден, окуу программасы өтө татаал. 1-класстан тартып эле кыргыз, орус, англис тилин окута баштайт. Ар биринен олчойгон тапшырма берилет. Аны бардык бала көтөрө албайт. Үчүнчүдөн, менчик мектептерде иштеген мугалимдердин баары эле билим берүү деңгээли талапка жооп берет деп айта албайм. Мисалы, мен баламды айына 7 миң сомдон төлөп окутам. Бирок, эртеден кечке мектепте жүрсө да, балам эмгиче мен каалагандай деңгээлге чыга алган жок. Ошондуктан, мага бул мектептин берген билими жаккан жок. Азыр андан уулумду чыгарып алууну ойлоп турам.

Бала үчүн каражат үнөмдөбөйлү

Нарында жеке менчик мектепке суроо-талап жаралганын шаарга “Билимкана” аттуу жеке менчик мектеп ачылганынан байкоого болот. Бирок экономикасы жакыр деп эсептелген чакан шаарда айына жети миң сом төлөп окута алгандар бирин-серин гана экенин мектепке барган балдардын санынан эле байкоого болот.

Аталган мектепке былтыр 47 бала кабыл алынса, быйыл 40 бала кирди. Мектеп 160 орундуу. Бул мектепке баласын окутуп жаткан Салтанат Искакова балдардын келечеги үчүн акча үнөмдөөгө болбойт деген пикирде:

- Бала үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, үнөмдөп, алардын келечегинен акча аябоо керек. Анткени, балдар биздин да келечегибиз.

Ошол эле учурда жеке менчик мектептер берген билимди кадимки мамлекеттик мектептер деле берет деп эсептегендер да бар. Нарын шаарынын тургуну Назгүл Акунованын пикири боюнча, берилген билимди сиңирип, тереңдетип, өздөштүрүп кетүү – баланын дээринен:

- Көрүп жатпайбызбы, айылдагы эле тоонун ичиндеги мектепти бүтүргөн балдар бүгүнкү күнү кандай чоң ийгиликтерди жаратып жатышат. Ошондуктан, бул баланын дээрине жараша. Ошол эле учурда мамлекеттик мектептерде деле күчтүү мугалимдер иштешет. Мисалы, уулум окуган мектепте мугалимдери күчтүү. Өзгөчө орус тилин окуткан эжесине ыраазыбыз. Балабыз орус тилинде кадимкидей сүйлөп калды.

Кыргызстандагы менчик мектептер мамлекеттик билим берүү стандарты менен иштейт. Бирок ошол эле учурда өздөрү да кошумча предметтерди киргизе алышат. Менчик мектептер беш жыл сайын Билим берүү министрлигинде аккредитациядан өтүп турушат. Мугалимдери да аттестациядан өткөрүлөт. Жыл өткөн сайын жеке менчик мектептердин көбөйүүсү ата-энелер арасында балдарын сапаттуу билим берүүнү каалагандар көп экенинен кабар берет.

Баласын Бишкектеги Cambridge Silk Road эл аралык мектебинен окутуп жаткан Асел Шерматова уулунан көптү үмүттөнүп жатканын айтат:

- Азырынча биз балабызга төлөп жаткан акчага ылайык билим алып жатат деп айтуу эрте. Анткени, уулубуз азыр 4-класста эле окуйт. Буйруса, мектеп да, балабыз да ишеничибизди актайт деген үмүттөбүз. Себеби, бул мектепте балага берген билими, мугалимдердин жасаган мамилеси өзгөчө. Балабызды бул мектепке окутканыбыздын себеби, уулубузду келечекте чет өлкөдөн окутсак деген максатыбыз бар.

Асел Шерматова кийинки балдарын да ушул мектептен окутууну көздөп жатканын кошумчалады.

Ушундай эле пикирин эки баласын “Себат” билим берүү мекемесинде окутуп жаткан Каныкей Кожомбердиева да бөлүштү.

Салыктан бошотуу менчик мектептерди көбөйтөт

Депутаттар демилгелеп жаткан мыйзамга ылайык, жеке менчик мектептер салыктын төрт түрүнөн бошотулат. Демилгечилердин бири, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Абдувахаб Нурбаевдин айтуусунда, жеке мектептерди салыктан бошотуу менен андагы окутуу акысын арзандатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт жана менчик мектептер ортосунда атаандаштык күч алат:

- Бул мыйзам билим деңгээлин сапаттуу көтөрүүгө жакшы шарт түзөт. Биз сунуштаган мыйзам боюнча, жеке менчик мектептер салыктын төрт түрүнөн: сатуудан алынуучу салык, кошумча нарк салыгы, жер салыгы жана кирешеден түшкөн салыктан бошотулат. Бул мыйзам ишке ашса, мамлекеттик бюджетке зыян болбойт. Анткени, мындай жеңилдиктер жеке мектептердин көбөйүшүнө шарт түзөт.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, жеке менчик мектептер жылына 130 миң сомдун айланасында салык төлөшөт. Депутаттын белгилөөсү боюнча, мектептер көбүрөөк ачылса, мамлекеттик бюджетке киреше арбын кирет.

Ишкерлердин айтымында, менчик мектептен пайда табуу кыйын. Анткени, мектептерде билим берүү системасы улам өзгөрүп, жаңыланып турат. Андан артта калбоо үчүн мектеп мугалимдерин да, окуу каражаттарын да улам жаңылап турууга тийиш.

Балдарга алган акысына жараша күчтүү мугалимдерди тандап, алыскы, жакынкы чет мамлекеттерден педагог жалдоого туура келет. Алардын айлык акылары жергиликтүү мугалимдердикине караганда бир нече эселеп айырмаланат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Мирлан Кадыров

    "Азаттыктын" Нарын облусундагы кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин англис тили жана адабияты адистиги боюнча аяктаган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG