Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Балдары бактылуу элдин эртеңи жарык


Бишкек
Бишкек

Кыргызстандын калкынын дээрлик 40% балдар түзөт. Алардын укугу канчалык корголууда? Мамлекет бул жаатта моюнуна алган милдеттенмелерин аткарып жатабы?

1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата бүгүн да жер-жерлерде майрамдык оюн-зоок, концерттер уюштурулду. Белгилүүлөр бөбөктөргө жомок окуп, кайрымдуулук уюмдары жетимдерге, муктаждарга белек-бечкек, жардам беришти. Бул күн майрамдык маанай гана эмес, балдардын көйгөйүнө көңүл бурчу күн экенин айткан укук коргоочулар түрдүү талкуу, жыйындарды уюштурду.

Укук коргоочулар соңку кезде балдар арасында зомбулукка кабылган, кароосуз калган, мектепке же бала бакчага барбаган, түрдүү экстремисттик күчтөрдүн таасирине кабылгандар саны азайбай жатканына көңүл бурууда.

“Балдарды коргоо” борборунун кызматкери Таалайбек Жакыпов мамлекеттин балага көргөн камын каржылоодон улам баамдап билсе болот дейт:

- Жөлөкпул жетишсиз, ал да баарына тийбейт. Өкмөттүн балдарды коргоо боюнча бирден бир өкүлү – бул Социалдык өнүктүрүү министрлиги. Аталган мекеменин социалдык кызматкерлери болжол менен айтканда, бир-эки конушка бирөө гана. Алар, албетте, бардык балдардын көйгөйүн аныктап жетише албайт.

Бала үчүн, албетте, мамлекеттен мурда ата-эне жооптуу. Укук коргоочунун айтымында, дал ушул жаатта чоң көйгөй бар жана ал күндөн күнгө тереңдеп баратат:

- Мамиле түзүүнү жакшы билишпейт. Мына, бүгүн эле паркка барып, балдары менен сейилдеп жүргөн ата-энелер арасында сурамжылоо жүргүзүп, тест өткөрдүк. Элүүдөй адам катышты. Ошонун дээрлик баары баласына эч убакта тийиштүү көңүл бурбайт экен. Иретсиз мамиле. Балдары, мындай караганда, ата-энесин сыйлайт, бирок эч убакта өз муктаждыктарын, оюн, каалоо-тилектери тууралуу айтпайт...

Дал ушул көйгөйдү балдарды коргоодогу негизги маселе деп милиция да атоодо.

Баланы эмес, өзүңдү тарбияла

Ички иштер министрлигинин өспүрүмдөр боюнча инспекциясынын башчысы Азамат Абдрахмановдун айтуусунда, быйыл жыл башынан берки төрт ай ичинде эле 39 бала өз жанын кыйган. Бул каргашалуу окуялардын 83% ата-эне менен баланын ортосунда чыккан пикир келишпестиктен улам тутанган:

- Ата-эне балдары менен көбүрөөк сырдашып, сүйлөшүп, досу ким, кызыкчылыгы кандай, бош убакытты кантип өткөрөт, билип турса. Бизде өспүрүм улан-кыздар түнү бою көчөдө жүрө берет. Коңшу өлкөлөрдө, мисалы, андай жок. Көзөмөл жок. Түшүнүп жатам, иштеш керек. Бирок көчөдө жүргөндөр өтө эле көп.

Албетте, көр оокат деп баласынын күнүмдүк нанын, кийим-кечесин табуу үчүн эртели-кеч жумуш деп чуркап жүргөн, чет жакка мигрант болуп кеткен ата-энени да күнөөлөө кыйын. Бирок дал ушундай мамиле тез эле ошол үй-бүлөнүн өзүнө, коомго коркунуч жараткан чоң көйгөйгө айлана баштаганын эскерткен укук коргоочулар ата-энелерди сабырдуулукка, жоопкерчиликтүү болууга “баланы эмес, өзүңдү тарбияла” деген принцип жакшы жемишин берерин унутпоого чакырат.

Ички иштер органдарынын маалыматына караганда, 2014-жылы Кыргызстанда балдарга карата миңге жакын кылмыш катталган, ону өлтүрүлүп, 70ке жакыны зордукталган.

Тарбиядан, көзөмөлдөн тыш калган балдар зомбулуктун курмандыгы гана болбостон, өздөрү да түрдүү кылмыштардын күнөөкөрү болуп калууда.

Көңүл сыртында калган балдар...

Милициянын маалыматына караганда, көбүнчө уурулук кылган, бирөөнү тоноп, уруп-сабаган балдар катталып жатат. Быйыл, мисалы, январь-апрель айларында өспүрүмдөр катышкан 452 кылмыш катталган, анын 300ү - уурулук.

Үй-бүлөдөн тыш, интернат, балдар үйлөрүндө тарбияланып жаткан бөбөктөр маселеси да орчундуу. Бир нече жылдан бери укук коргоочулар мындай мекемелерди азайтып, аларды каржылоого кеткен акчаны үй-бүлөнү бекемдөөгө жумшоо керек деп айтып келатат.

Бүгүнкү күндө 300 миң бала тиричилик шарты кыйын акыбалдагы үй-бүлөдө жашайт. Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтуусунда, аларга мамлекеттен берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү жыл сайын 10-15% өсүүдө:

- 2014-жылы 705 сом болгон, быйыл 810 сом болду. Жыл сайын биздин министрлик аркылуу балдарга 5,5 миллиард сом каралат. Мындан тышкары 27 миң бала ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген. Аларга ай сайын 3000 сомдон берилет, протездик-ортопедиялык буюмдар жасалат. Мурда, союз маалында алар көчөгө чыга алчу эмес. Биз мындай балдарды коомго аралаштыруу, гумандаштыруу аракетин көрүп жатабыз. Көйгөйлөр жок деп айта албайбыз, бар. Албетте, бардык пландарды ишке ашыруу үчүн ошончо каражат керек. Аракет кылуудабыз.

Калкы 6 миллион Кыргызстанда балдардын саны 2 миллион 260 миң. Бала деп расмий статистикада 18 жашка чейинкилер аталат. Алар калктын 38% түзөт.

1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата "Азаттыктын" фото баяны (Сүрөт баянды толук көрүү үчүн үстүңкү бурчтагы белгини басыңыз)

XS
SM
MD
LG