Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Мектептеги жемкорлук башаты


Мектеп, Баткен облусу
Мектеп, Баткен облусу

Кыргызстандын мектептериндеги коррупция жана окуучулар арасындагы рекетчилик өспүрүмдөрдүн өз жанын өзү кыюу фактыларынын негизги себептери катары айтылууда.

Окуучуларды акча жыйноого тартуу мыйзамдык жана этикалык эрежелерге туура келеби? Ата-энелер чогулткан фонддорго мектеп директорлорунун канчалык тиешеси бар? Билим берүү мекемелериндеги бүгүнкү башкаруу менен коррупцияны жеңүүгө болобу?

"Азаттыктын" “Арай көз чарай” талкуусуна “Себат” билим берүү мекемесинин башкы директору Нурлан Кудайбердиев, билим берүү боюнча эксперт Алымжан Масаев жана Бишкек шаарындагы №5 улуттук компьютердик гимназиясынын ата-энелер комитетинин төрагасы Дүйшөгул Жусупов катышты.

“Азаттык”: Дүйшөгул мырза, сиз ата-энелердин өкүлү катары айтыңызчы, мектептерде коррупция барбы? Эгер болсо ал кандай деңгээлде же кандай мүнөздө?

Дүйшөгул Жусупов: №5 улуттук компьютердик гимназияда 2016-жылдын 2-февралында жалпы чогулуш өтүп, ата-энелер мени комитеттин төрагалыгына шайлашкан. Мен ошондо ата-энелер комитети 15 кишиден турсун жана биз үч маселени чечели, 15-мартта отчет берем десем, элдин баары макул болгон. Мурда иштегендерден директор төрт адамды кошууга аракет кылды, биз эч кимди кошпойлу дедик. Биринчи маселе боюнча банктан эсеп ачалы деп чечтик, балдардын тамагы боюнча да маселе бар экен.

Мектепте коррупциялык схемалар бар. Ар бир класста үчтөн ата-эне шайланган, алар класс жетекчинин “чоору” менен ойнойт. Алардын баарын директор башкарат. Түшкөн акча боюнча эч ким билбейт. 20 сомго ручка сатып алса, 40 сом деп жазып отчет беришет экен. Биздин мектепте 2700 окуучу бар, алардын 200үн жетим-жесир деп акчадан бошотконбуз. 2500 окуучу акчаны сөзсүз төгөт. 600 сомдон күзөтчүлөр үчүн төлөнөт, 1-класска киргенде эле 5 миң сомдон төгүшөт экен. Дагы башкасы кошулуп отуруп жалпы баарын эсептегенде жылына мектепке 8 миллион сом акча түшөт. Бул акча кайда кетти, отчет бергиле дегенде эле жыйынтык жок.

“Азаттык”: Алымжан мырза, Кыргызстанда 2016-жылдын төрт айында өспүрүмдөр арасында өзүн өзү өлтүргөн 39 факты катталган, алардын 37си мектеп окуучулары экени айтылууда. Мектептеги коррупция, рекетчилик өзүн өзү өлтүргөнгө түрткөн негизги себептердин бири болуп жатат деген пикирлер арбын.

Алымжан Масаев: Министрликтин маалыматы боюнча, азыр республикада 2218 мектеп бар. Булардын дээрлик көпчүлүгү мамлекеттик каржылоодогу мектептер, бир азыраагы жеке менчик билим берүү мекемелери.

Акча чогултуу боюнча коррупциялык маселелер мамлекеттик мектептерде болууда. Бул эмне үчүн? Башкы себеби, мектептерде мамлекеттик каржылоо жетишсиз. Чогулган акчадан келип чыккан ызы-чуу, ата-энелер, коомчулук көтөрүп жаткан маселелер негиздүү деп ойлойм. Мектептерде биринчи коңгуроодон баштап акча чогултула баштайт. Андан сырткары ар кандай, толгон майрамдарга, мисалы, 4-класстын бүтүрүү кечеси дегендерге чейин акча жыйналат. Азыр болуп аткан 11-класстын бүтүрүү кечесине чоң акча чогулат. Ушунун баары ата-энелердин, коомчулук көзөмөлүнөн сырткары кетүүдө. Акча чогултууга келгенде элдин баары эле бирдей эмес, чөнтөгү жукалар бар, кээ бир үй-бүлөгө 100 сом берүү деле оор. Акчанын айынан ата-эне, класс жетекчилер балага катуу тийгенде алар өз жанын кыйганга барышууда.

Май айынын ичинде эле 10 окуучу өлдү. Анткени окуу жылы аяктап баратканда келе-келе деп акча сурап кысып жатпайбы. Таңкалычтуу көрүнүш, ушул маселени көтөрүп ызылдасам ата-энелер “туура кылып жатасыз” деп колдошот, бирок директордун алдына барып маселе коюлганда эле өзгөрүп кетишет.
Дүйшөгул Жусупов

“Азаттык”: Дүйшөгул мырза, мектептеги коррупция жөнүндө сөз кылганда ата-энелер чогулткан акча жөнүндө кеп болот. Аны чогулткан ата-энелер комитети акчаны кайда жана канча иштетүүнү өзү чечет деп угуп калабыз, бул жерде мектеп директорлорунун акчага аралашуусу канчалык?

Дүйшөгул Жусупов: Мен деле шайланганга чейин чогулган акчаларды ата-энелер тескейт деп ойлогом. Көрсө алардын колунан эч нерсе келбейт экен. Ар класстан текшерүү комиссиясын шайладык, текшерип отчет бергиле дедик. Алар директордун уруксаты жок эч нерсе сурай албады, эч жакка кире алышпады. Өзүн өзү өлтүргөн окуучулар 39 деп айтылды, ал туура эмес. Суицидге баргандар саны ушул жылдын январынан май айына чейин 49га жетти. Май айынын ичинде эле 10 окуучу өлдү. Анткени окуу жылы аяктап баратканда келе-келе деп акча сурап кысып жатпайбы. Таңкалычтуу көрүнүш, ушул маселени көтөрүп ызылдасам ата-энелер “туура кылып жатасыз” деп колдошот, бирок директордун алдына барып маселе коюлганда эле өзгөрүп кетишет.

“Азаттык”: Нурлан мырза, сиз башкарган “Себат” билим берүү мекемеси деле Кыргызстандын мектептериндей орто билим берет, биздин өлкөнүн билим берүү стандарттарына дал келет, кыргыз мектептерине караганда бир нече эсе көп акы алып окутасыздар, сиздер жөнүндө коррупция жөнүндө сөз жок, анын төркүнү кайда?

Нурлан Кудайбердиев: “Себат” билим берүү мекемесине караштуу 25 мектеп бар. Билим берүү министрлигине караштуу миңдеген мектептер бар, маселенин масштабы да өтө чоң. Бизде ишти уюштурууга аябай көңүл бурулат. Балдарды мектепке тандап алып жатканда коррупциялык элементтерди жолотпоого аракет кылабыз. Бизге келе жаткан бала, ата-эне “Себатка” келгенде коррупция жок экенин көрүшү керек, ишениши керек. “Себаттын” аброюна ишенген ата-эне менин балам ушул жерде гана окусун деген ойдо болушу зарыл.

"Себат" билим берүү мекемесинин окуучулары жасаган робот.
"Себат" билим берүү мекемесинин окуучулары жасаган робот.

Экинчиден, биз кызматкерлерди конкурстук негизде тандап алабыз, мыкты мугалимдерди алууга аракет кылабыз. Жумушка келаткан кызматкер да “Себат” коррупциясы жок мекеме экенине ынанышы керек. Бизде мугалимдерге башка иштер менен алек болбой, өзүнүн түздөн түз милдети сабак, тарбиялык иштерин натыйжалуу алып баруу үчүн бардык шарттарды түзөбүз.

Эгер мугалим коррупциялык иштер менен алек болуп жатканы жөнүндө ата-энелерден маалымат түшсө, мугалим дароо эле жумушунан кол жууйт. Мугалимге сабак эле бербестен өзүнүн жүрүш-турушу менен да балдарга өрнөк болгула деп талап коебуз.

“Азаттык”: Алымжан мырза, Бишкектеги ар бир мектепке, гимназияга кирүүдө директорго бере турган жана мектеп фондусуна төгө турган белгилүү суммадагы ставкасы, акчасы бар. Ушуларды мыйзамдаштырып койсо мектепке пайдасы көбүрөөк болот эле деген пикирлер арбын...

Алымжан Масаев: Бул жерде парадоксалдуу көрүнүш болуп жатат. Мына менин алдымда Билим берүү министрлигинин 2013-жылдын 14-апрелинде чыккан 172\1 буйругу турат. Ага ылайык мектепте чогулган 100 сом акча да мыйзамсыз деп табылат. Ал боюнча кылмыш иши козголушу керек. Ага карабай, азыр мектептерде акча топтоо уланып жатат. Анткени акча чогулбаса, азыркы мектептер жашай албайт. Ошондуктан мектепте топтолуп жаткан акчаларды мыйзамдаштыруу керек. Анан ага коомчулуктун көзөмөлүн да күчөтүүгө мыйзамдуу шарт түзүлүшү зарыл.

Коомчулуктагы абройлуу, чындыкты айткан, таза адамдардан турган байкоочулар кеңеши дейбизби, көзөмөл болушу керек. Мектеп директору, мугалимдин чогулган акчага тиешеси жок, бөлүштүрүүгө катыштырбаган механизмдерин түзүшүбүз керек.

XS
SM
MD
LG