Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:54

Акыркы коңгуроо: шаани жана чыгым


Бүтүрүүчү, Бишкек
Бүтүрүүчү, Бишкек

"Азаттыктын" апта темасында быйылкы бүтүрүүчүлөр үчүн уюштурулуп жаткан иш-чаралардын өзгөчөлүктөрү, мааниси, тобокелдиктери тууралуу сөз болот.

Кыргызстанда быйыл 2200дөн ашык мектеп кезектеги бүтүрүүчүлөрүн чоң турмушка расмий узатат. Андан тышкары ар бир мектепте мурдагы бүтүрүүчүлөрдүн салтка айланган мааракелик иш-чаралары уюштурулат.

Баткенде мектепти 10-20 жыл мурда бүтүрүп кеткендер жакшы саамалыктарды колго алып, окуп кеткен орто мектептерине каржылык колдоо көрсөтүп жатышат. Бир класстын бүтүрүүчүлөрү мектеп имаратын тосмолосо, дагы бири ремонттоого көмөктөшүп, дагы бири айылдын муктаждыктарын чечүүдө. Мектепти мурда аяктаган окуучуларда келечекке кам көрүү үчүн билимкананы колдоо зарыл деген түшүнүк калыптана баштадыбы? Бул тууралуу кабарчыбыз Жеңиш Айдаров кенен айтып берет.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00
Түз линк

Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылында 20 жылдыгын белгилеп жаткан классташтар акча чогултуп, айылдагы ата-энеси жок төрт бир тууганга үй салып жатышат. Учурда үч бөлмөлүү үйдүн курулуш иши аяктап калды. Чогулткан акчаларын көңүл ачууга эмес, жетимдердин турагына жумшап жаткан классташтардын демилгеси менен аймактан кабарчыбыз Мирлан Кадыров таанышып келди.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:07 0:00
Түз линк

Классташтардын көп жылдан кийинки жолугушуулары адатта ар кандай кызыктуу, жагымдуу, кээде адамды чыйралта турган окуялар, аракеттер менен коштолот. Мындай көрүнүштөрдөн быйыл жолугуша турган классташтар деле куру эмес. Таластагы кабарчыбыз Салика Сариева классташтардын 20 жылдык жолугушуусун утурлай турмушка чыккан, классташтар кечесине демөөрчүлүк кылган, каражаттын тартыштыгынан андан баш тарткан учурларды байкады.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:08 0:00
Түз линк

Бүтүүчү кече, жолугушуулардан кийимди аземдеп тиккен уздар, кымбат баалуу машинени ижарага берген компаниялар жана кийим сатуучулар киреше табат. Ошондой эле кече уюштурган тамадалардын да иши кызыйт. Кесиптешим Бактыгүл Чыныбаева дал ушул азем-тойлордун, кичи жана орто бизнеске тийгизген таасирин иликтеп көрдү.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:57 0:00
Түз линк

Анткен менен Билим берүү министрлиги быйыл да жылдагыдай эле мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ашыкча шаан-шөкөт курууга тыюу салган чечим чыгарды. Ага жараша мектептер азыр өз бүтүрүүчүлөрүн чакан салтанаттар менен ашыкча чыгым жана шаан-шөкөтсүз узатуу аракетин көрүп жатышат. Андай мектептердин бирине Ысык-Көлдөгү кабарчыбыз Асеин Маданбеков барып келди.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:34 0:00
Түз линк

Билим берүү министрлиги бүтүрүү кечелерин тыйганы менен аны өткөрүү токтобой келет. Өспүрүмдөрдүн коопсуздугу бул учурда кандай көзөмөлдөнөт. Машине айдап, кортеж уюштургандарды ким карайт? Деги эле мындай иш-чаралардын аягы суюлуп баратабы? Бул суроолорго Ички иштер министрлигинин коомдук тартипти көзөмөлдөө бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштешүү башкармалыгынын өкүлү Самат Мамышев жооп берди. Аны кепке кабарчыбыз Бактыгүл Чыныбаева тартты.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:01 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG