"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Кыргызстандагы эң ири үч көл: Ысык-Көл, Соң-Көл жана Чатыр-Көлдүн экосистемасы соңку жылдары болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Климаттын өзгөрүшү, кургакчылык, мөңгүлөрдүн азайышынан улам көлдөргө куйган ондогон өзөн соолуп калды. Мунун айынан жээктери 10-20 метрге чейин тартылып кеткен.
Үркүн – кыргыз тарыхындагы эң трагедиялуу окуялардын бири. Бир кылымдан ашык убакыт өтсө дагы айрыкча кыргыздардын эс тутумуна бул кандуу окуя терең из калтырып кетти.
Абактан бошоп чыгып Улуттук филармонияда чыгармачыл кечесин өткөнгөн Аскат Жетигендин “Зарыкканда” ыры элдин Аскатка, Аскаттын элге болгон зарыгуусу болуп жаңырды. "Азаттык" акындын чыгармачылыгы, абакта өткөн күндөрү, балалыгы жана кыял-максаты тууралуу баяндайт.
Кыргызстанда багылган "Арашан" тукумундагы койлордун баасы бир миллион долларга чейин бааланып, сатылганы кызуу талкууга алынды. Көпчүлүк асман чапчыган бул суммага ишене албай жатканын айтышса, арашанчылардын өз аргументтери бар. Асыл тукум койлор эмнеге кымбат? Алардын кардарлары кимдер?
Кыргызстан Европанын санкциялык саясатына тынчсыздануусун билдирип, шаркет менен туруктуу байланышта экенине карабай, чектөөлөргө кабылганын айтууда. Жапаров 50 компаниянын иши токтотулганын мисал келтирип, европалык өнөктөштөр менен ачык диалог жүргүзүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Президент Садыр Жапаров алдыдагы шайлоого кызматта туруп талапкер катары катыша алабы? Боршайкомдун жообу.
Быйыл Кыргызстанда 147 миңге жакын окуучу 1-класска барды.
Казак улакчылары мыкты экенин кайра далилдеш үчүн Чолпон-Атага келсе, кыргыз көк бөрүчүлөр эки жыл мурунку финалдын адилетсиз болгонун көрсөткүсү келди. Эки команда тең күчтүү делген оюнчуларын да, мыкты аттарын да жер улакка коюшкан. Ошол үчүн күйөрмандар дагы негизги интриганы көкпардан күттү.
Кыргыз бийлиги мындан тогуз жыл мурун Памирден ондогон кыргыз бүлөлөрүн көчүрүп келип, Нарынга жайгаштырган.
Чатыр-Көл - деңиз деңгээлинен үч жарым миң метр бийикте жайгашкан дүйнөдөгү эң бийик көлдөрдүн бири. Торугарт менен Ат-Башы тоолору курчаган көлдөгү жашоо жайында жанданып, кышында музга оронуп турат. Соңку жылдары суу тартылып, жээги алыстап кеткен.
Таласты жарым кылымдан бери мекендеген гректер өздөрун байыркы грек мифологиясындагы Зейс, Посейдон, Аиддин урпактарыбыз деп тамашалап коюшат. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда совет өкмөтү күч менен көчүргөн ондогон улуттардын арасында гректер дагы Кавказдан Таласка келип калышкан.
Гамал Сооронкулов - тоолорду коргоп жүргөн экоактивист.
Кольцо - Лейлектин көпчүлүк айылдары сыяктуу эле сууга жана айдоо жерлерге жетпеген конуш. Бул жерге Орус империясынын тушунда темир жол түшүп, чакан станция курулса, совет доорунда айыл болуп түптөлүп, орусча “Кольцо” деп аталган. Эгемендик жылдарында темир жолдогу кыймыл токтогон.
Оштун Өзгөн районунда бир айдын ичинде өз өмүрүнө кол салган үч учур катталды
Ошто “снос” өнөктүгү кайра башталды. Бул жолу шаардагы Ак-Буура дарыясы жана Увам каналынын жээгиндеги мыйзамсыз делген курулуштар бузулууда. Жээк бойлой, айрымдары суунун так үстүнө салынган объектилер экс-чиновниктерге жана уюшкан кылмыштуу топтордун мурдагы мүчөлөрүнө таандык экени айтылууда.
Токойчулар Чүйдүн Кегети капчыгайында кызыл карагайларды курт каптап, кууратып жатканы үчүн четинен кыйууда. Бул токойдун калган бөлүгүн сактап калуунун аргасыз чарасы.
Токойчулар Чүйдүн Кегети капчыгайында кызыл карагайды курт каптап, кууратып жатканы үчүн четинен кыюуда. Бул токойдун калган бөлүгүн сактап калуунун аргасыз чарасы. Ага кошул-ташыл күндүн катуу ысып жатышы дагы токойду четинен кемирип жеген зыянкечтерди көбөйтүүдө.
Борбор Азияда акыркы жылдары “деколонизация” түшүнүгү кайра актуалдашты. Жаш муундун өз тилине, маданиятына жана тарыхына кайра кызыгып, бул тууралуу сөз кыла башташына эмне себеп? Буга Орусиянын Украинадагы согушунун кандай тиешеси бар? “Данисте” кыргыз жана казак жаштарынын пикирине орун берет.
47 жаштагы мугалим Мээрим Токоева мектепке күнүгө төрт чакырым, аба ырайы катаал болгондо сегиз чакырым жол басып, суу кечип, токой аралап жетет. Ал Түп районунун Чоң-Тогузбай айылындагы мектепте орус тили мугалими. Токоеванын үйү айылдын четинде ээн талаада жайгашкан.
Кыргызстан илбирс туризмин өнүктүрүүгө умтулууда.
Дагы жүктөңүз