Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:34

"Кыйган сайын жүрөгүм ооруйт". Кегети токоюн курт жеп жатат

Кегетидеги кызыл карагайга түшкөн мурутчан деген курт.
Кегетидеги кызыл карагайга түшкөн мурутчан деген курт.

Токойчулар Чүйдүн Кегети капчыгайында кызыл карагайларды курт каптап, кууратып жатканы үчүн четинен кыйууда. Бул токойдун калган бөлүгүн сактап калуунун аргасыз чарасы.

Зыянкечтер курулуш материалдары менен сырттан келип, токойлорго чейин жеткен. Ага кошул-ташыл күндүн катуу ысып жатышы дагы токойду четинен кемирип жеген зыянкечтерди көбөйтүүдө.

Токойду куураткан курт

Кегети капчыгайындагы кызыл карагайлар четинен кыйылып жатат. Бишкектен анчейин алыс эмес жайгашкан бул жер Чүй боорундагы ири токойлордун бири. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Токойду коргоо, сактоо жана камсыздоо башкармалыгынын башчысы Эрнист Токтоназаров бул жумушту “санитардык тазалоо” деп белгиледи.

Эрнист Токтоназаров
Эрнист Токтоназаров

“Былтыр Кегетиден курт жеген 840 карагайды кыркып, болушунча тазалаганга аракет кылганбыз. Быйыл кайра байкоо жүргүзүп, саргайып, куурап калган карагайлар аз экенин көрүп, даана кызыл карагайды кыябыз деп белги коюп чыктык. Учурда тазалоо иштерин жүргүзүп жатабыз”.

“Усач” - кыргыз тилинде “мурутчан” деп аталган курт Кегетидеги карагайларга түшкөнүн 2009-жылы билишкен. Бул карагай коңузу Орусиядан ташылган курулуш материалдары менен чогуу келиши мүмкүн деген божомолдор бар.

Усач - кыргызча "мурутчан" коңузу
Усач - кыргызча "мурутчан" коңузу

“Усачтын дарактын ичине таштаган жумурткалары жетилгенден кийин анын болгон суусун соруп кууратып салат. Күн жылыган сайын тез жетилип, учканга жарап, башка таза карагайларга жабышат. Ошондуктан күн ысып кете электе тазалап калганга аракет кылуудабыз. Учурда Кегетидеги курт жеген карагайлар гана кыйылып жатат. Атаганат, дарак кыйылбаса кана. Токой өзү менен өзү көбөйсө жакшы. Ар бир бакты кыйып жатканда жүрөгүм ооруйт. Бир көчөт чоң бак болуш үчүн 60-70 жылдай убакыт керек. Агро тартиби сакталып, табигый өскөн бак курттун айынан аргасыз кыйылып жатат”, - деди Токтоназаров.

Кегети капчыгайындагы токой
Кегети капчыгайындагы токой

Кегети капчыгайындагы токойдун 200 гектарга жакын аянтын кызыл карагайлар ээлейт. Карагайдын мындай түрү башка дарактарга салыштырмалуу жумшак болгондуктан “мурутчан” деп аталган зыянкечтердин табылгыс азыгы дейт токойчулар. Карагайга жабышкан коңуз анын болгон суусун соруп алып, бир жылда кууратып салат. Карагайды кыйып туруп, өрттөп эле кутулбаса, коңузду дары чачып жок кыла албайсың.

Аянтынын 90 пайыздан ашыгы тоолордон турган Кыргызстанда токойлордун үлүшү 6,3% гана түзөт. Учурда токойлорду мурутчан коңуздан сырткары дагы башка үч түрлүү зыянкеч каптап жатат дейт Эрнист Токтоназаров.

Токойчу
Токойчу

“Кегети карантиндик аймакка киргизилген. Себеби курт жеген карагайлар бул капчыгайдан сыртка чыкса башка аймактагы кызыл карагайларга жайылып кетиши мүмкүн. Ошондуктан зыянга учураган карагайлар жеринде өрттөлүп жок болушу керек. Мындан сырткары Жалал-Абад облусунда жаңгак токою мала курт же жибек көпөлөгүнөн жабыр тартууда. Ошондой эле септориоз аттуу зыянкеч бар. Азыр өлкөнүн аймагындагы токойлордо ушул төрт зыянкечке каршы күрөшүү иш-чараларды жүргүзүп келебиз. Бүгүнкү күндө климаттын өзгөрүшү дүйнөдө эң актуалдуу маселеге айланбадыбы. Анын токойлорго тийгизген таасири да өтө чоң. Анткени зыянкечтердин айрым түрлөрү күндүн ысышы менен көбөйөт. Мисалы, усач күн ысыкта бат жетилет. Ал эми жаңгак токоюн каптап жаткан жибек курту ысык аймактарда жер которуп, бат жайылат”.

Кыргызстандагы токой аянты - 1 млн 171 миң гектар
Спутник аркылуу дүйнөдөгү токойлорго байкоо салган Global Forest Watch платформасы Кыргызстандагы токой аянттары
2023-жылы 94 гектарга
2024-жылы 54 гектарга кыскарганын көрсөтөт
Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалымытында, 2019-жылдан бери токой аянттары өзгөрүүсүз сакталууда
Бир гектар токой аянтында орточо 300-400дөй бак-дарак өсөт
Бир чоң дарак жылына 100–260 кг кычкылтек бөлүп чыгарат
Бул кеминде эки кишинин бир жылдык кычкылтеги

Кыргызстандагы токойлордун аянты кескин кыскарган учуру 1990-жылдардын этеги 2000-жылдардын башына туура келет. Ошол кезде өндүрүш токтоп, көмүр казып алуу кескин азайып, элдин колу жукарып токойлордун көбүн курулуш материалына жана отунга туш келди кыя баштаган.

Токойчулар курт жеген карагайды ошол аймактан чыгарбай өрттөшөт
Токойчулар курт жеген карагайды ошол аймактан чыгарбай өрттөшөт

Соңку 20 жылда токой аянттарынын көбү кайра калыбына келген. Токойчулар жыл сайын питомниктерде өстүрүлгөн көчөттөрдү кыскарган токой аянттарына тигип келишет. Соңку эки жылда 4000 гектардан ашык жерге көчөт отургузулган.

“Токойлор экосистеманы сактап турат. Абаны тазалайт. Климаттын өзгөрүшүнө туруштук берет. Жаратылыштын ар кандай кырсыктарынан сактайт”, - деди Эрнист Токтоназаров.

Көчөт тигүүгө үндөгөн “Жашыл дем” өнөктүгү

Соңку жылдары экологдор, активисттер, өкмөт өкүлдөрү элди көчөт отургузууга үндөп, жер-жерлерде ар кандай демилгелерди көтөрүүдө.

Андай демилгелердин бири 4-апрелде Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы Боз-Бөлтөк тоосунда ишке ашты.

Тоо боорундагы 40 гектар жерге 40 миңден ашык көчөт тигилди.

Боз-Бөлтөк тоосундагы 40 га жерге 40 миң көчөт тигилди
Боз-Бөлтөк тоосундагы 40 га жерге 40 миң көчөт тигилди

Акциянын катышуучуларынын бири Улан Төрөгелди уулу. Ал Талас шаарынын тургуну:

“Биз үй-бүлөбүз менен 24 көчөт алып келдик. Ал эми жалпы туугандар болуп 65 көчөт алып, отургузуп жатабыз. Атайын Таластан келдик. Бишкек ыш көйгөйүнөн арыла албай жатпайбы. Бул ошол көйгөйдү чечүүгө жардам берет деп ойлойм”.

Көчөт отургузууга катышкан жарандардын дагы бири Айсалкын Арстанбаева. Ал Бишкек шаарынын тургуну:

Айсалкын Арстанбаева
Айсалкын Арстанбаева

“Мындан 5-6 жыл мурун активисттер Чүйдүн Кегети капчыгайындагы корукка акция уюштурган. Биз ал жакка да барып көчөт отургузуп келгенбиз. Азыр алар чоң болуп өсүп калды. Эми бул жакка келдик. Менимче, ар бир жаран бак тигиш керек. Анткени биздин өлкө тоолуу. Бак отургузганга ылайык көп жерлерибиз бар. Азыр климаттын өзгөрүшү глобалдык маселе болуп жатпайбы. Анын фонунда ушундай бак тигүү акцияларын өткөрүү өтө зарыл деп эсептейм”.

Тоо башына отургузулган мисте, бадам жана жаңгактын көчөттөрүн уюштуруучулар токой чарбасына өткөрүп беришет.

Алар сугат жагын жана коругун өзүнө алышкан. Иш-чаранын уюштуруучу Исражидин Зарипов:

Исражидин Зарипов
Исражидин Зарипов

“Бизге Ала-Арча улуттук паркынын токойчулары жардам берди. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери азыр да көчөт отургузуу тартиптери боюнча кеңештерин айтып жатышат. Биз атайын институттардан бул жердин анализин алганбыз. Жалпылап айтканда, көчөттөрдүн жакшы өсүшү үчүн бар күчүбүздү жумшап жатабыз”.

“Жашыл дем” аталган топтун активисттери былтыр Кегети капчыгайында ушундай иш-чара өткөрүшкөн экен. Ал жакка 10 миңден ашык көчөт тигилген.

“Токойлор жаратылышта 100дөн ашык пайдалуу функцияларды аткарат”

2022-жылы президент Садыр Жапаров "Жашыл мурас" аттуу өнөктүк баштап, анын алкагында кеминде 5 миллионго жакын көчөт отургузуу планы каралган.

Өлкө башчысы баштаган бул демилге жыл сайын өлкөнүн микроклиматын жакшыртууга багытталган иш болору айтылган.

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясына караштуу Токой институтунун башчысы Муслим Ражапбаев буларды айтты:

Муслим Ражапбаев
Муслим Ражапбаев

“Соңку учурда кар, жер көчкүлөрдүн саны көп болуп жатат. Токой экосистемасы аларды 100% токтотуп калбаса да жаратылыш кырсыктарынын пайда болуу мүмкүндүгүн азайтат. Дегеле, токойлор жаратылышта 100дөн ашык пайдалуу функцияларды аткарат”.

Кыргызстандын аймагындагы жаңгак, арча жана карагай токойлору табигый калыптанган экосистеманын бир бөлүгү болгон.

Ал эми кол менен токой тигүү советтик доордо активдүү жүргөн. Бул мезгилде тоо этектерин бекемдөө, селден жана шамалдан коргоо, жайыттарды калыбына келтирүү максатында көп сандагы карагай, кайың, терек, бадалдар жана башка дарактар отургузулган.

Кегети
Кегети

“Бул жерде карагай жаңыдан өсүп келатыптыр. Муну табигый жаңылануу десек болот. Биз алардын түбүн жумшартып турабыз. Токойлордун табигый жаңылануусунун жаратылышта ролу чоң. Анткени алардын өнүмдүүлүгү 100% жана тез жетилет”, - дейт ӨКМдин Токойду коргоо, сактоо жана камсыздоо башкармалыгынын башчысы Эрнист Токтоназаров.

Кыргызстандын бардык аймактарында ошол гана чөлкөмгө мүнөздүү уникалдуу токойлор бар. Алардын аянттары чоң деле эмес, айрым учурда мал оттоп, табигый түрдө көбөйө албай жатканын дагы экологдор белгилеп жүрөт.

Карагай токойлору Ысык-Көл жана Нарын аймагына мүнөздүү болсо, Жалал-Абад Арстанбап жаңгак токою, мисте, бадам токойлору менен белгилүү. Арча жана бадалдуу токойлор Ош, Баткен облустарында көп.

Ал эми мөңгүдөн түшкөн чоң сууларды бойлой жайгашкан токой зоналары Чүйдө, Таласта.

Узак жылдар токойчулар өз көйгөйү менен өзү жашап, коомчулукта токойлордун көйгөйү талкууланган учурлар жокко эсе.

Жакында эле Кыргызстанда токойлорду калыбына келтирүү боюнча 81 млн сомдон ашуун гранттык макулдашууга кол коюлганы белгилүү болду.

Токойлор - Жер шарынын өпкөсү. Айрыкча кургакчылык күчөп, абанын температурасы кескин жогорулаган сайын адам токойлордун маанисин, баа-баркын биле баштады…

  • 16x9 Image

    Мирлан Кадыров

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган. 
Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG