Элдин байкоосу
Ысык-Көлдүн тескейинде мурда суу астында жаткан чоң таштар оркоюп чыгып калган. Анда-санда келген киши буга көп деле маани бербейт. Көл бир жылы тартылса, кайра толуп калары табигый эмеспи. Бирок көлдү бойлой жайгашкан айылдарда жашаган калк Ысык-Көл көз алдыда тартылып баратканы байкалып жатканын айтышууда. Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылынын тургуну Эрлан Калысбек уулу акыркы байкоолору менен бөлүштү.
“Мындан 10 жылдай мурда ушул таштан бул жерге секирип көлгө түшчүбүз. Азыр көл бул таштан 10 метрдей ары тартылып кетти. Бул сыйгалак таш көлдүн астында эле. Азыр ал сыртка чыгып калды. Мен бул жерди 20 жылдан бери билем. Өзүм 35 жаштамын”.
Ысык-Көлдү курчап ондогон айыл-кыштак жайгашкан. Жээк бойлой жашаган эл көл тартылып жатканына кабатыр. Жети-Өгүз районундагы Жеңиш айылынын тургуну Жеңишбек Сарыбаев көл тартылгандын үстүндө дейт.
“Быйыл көз алдыбызда тартылып кетти. Кээ бир эксперттер бул табигый көрүнүш деп айтып жатышпайбы. 10 жылдан бери тартылып эле жатат, бирок кайра көбөйгөнүн көрө элекбиз. Бала кезибизде ушул жерде кыя менен өтүп, көлгө түшүп, жээктин так эле түбүндөгү ушул токойдун арасындагы кумга жатып, жылынып кайра көлгө түшчүбүз. Азыр токой көлдөн 20-30 метрдей алыс калды”.
Ысык-Көлгө куйган ондогон өзөн-суу мөңгүлөрдөн башталат. Борбор Азиядагы Жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматында соңку 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16% азайып кетти. Айрым майда мөңгүлөр жок болду. Мындан улам көлгө куйган өзөн-суулар агымын азайтты. Ошол эле маалда жыл сайын кургакчылык каптап, жаан-чачын азайды.
Ысык-Көл – дүйнөдөгү эң чоң 30 көлдүн бири. Жердеги эң терең көлдөрдүн тизмесинде - жетинчи орунда. Деңиз деңгээлинен 1608 метр бийиктикте турат.
Көлдүн аянты 6124 чарчы чакырым. Узундугу 182, туурасы 60 чакырым.
Ысык-Көлгө бир жылда алты миллиард куб/метр суу куят. Анын 2 млрд метр кубу жамгыр аркылуу, 2 млрд жер астынан, калганы өзөн суулардан топтолот.
Ысык-Көлгө Барскоон, Жууку, Чоң-Кызыл-Суу, Жети-Өгүз, Каракол, Ак-Суу, Түргөн, Түп жана Чоң Ак-Суу куят.
Мурун көлгө 118ге чейин чоң жана майда суу келип кошулса, акыркы он жылда алардын саны 30га чейин кыскарган.
Соңку байкоо боюнча Ысык-Көл жарым метрге тайыздап, жээги 5 - 10 метрге чейин тартылган.
Жаз-жай айларында көлгө куйган өзөн-сайлар кургап калууда.
Жууку дарыясы - Ысык-Көлгө куйган негизги суулардын бири. Жети-Өгүздөгү эң ири дарыя соңку беш жылдан бери жайдын аптаптуу күндөрүндө кургап калууда. Мөңгүдөн келген суунун нугу көлгө жетпей айдоо аянттарына, сугатка бурулуп кетет. Жеңиш айылынын тургуну Жеңишбек Сарыбаев өзү жашаган өрөөндүн мурабы. Ал беш жылдан бери төрт айылга сугат суу бөлүштүрүү милдетин аркалап жүрөт.
“Эми көл да соолуп жатат, бирок талаалар күйүп атса көлгө кайдан суу ашмак эле. Жаздан күзгө чейин биз көлдү унутабыз. Көлгө суу куюш керек деген ой дагы келбейт. Анткени бир күндө 20-25 кезекте турат. Аларга суу бөлүштүрүп беришим керек. Аларга “көлгө суу ашыралы, бир күн сугатты токтотолу” деп айтсам, “сенин башың иштейби” деп күлүшпөйбү. Көлгө суу кышында эле бир аз ашат. Акыркы 10 жылдан бери көлгө суу жаз-жай айларында агып кирбей калды”.
Суугат суунун тартыштыгынан 2023-жылы Жети-Өгүз районунун Жеңиш жана Дархан айылдарынын тургундары далай талашып-тартышкан.
“Азыр арыктарга лотоктор салынбай калбадыбы. Ар бир арыкка лоток салынса жакшы болмок. Мисалы, тоо башынан 100 литр суу келсе,талаага жеткенде өзүнүн ылдамдыгы менен 100-120 литр суу чыгарып берет. Анткени лоток ылдамдык кошот. Азыр болсо 100 литр суу айдоо аянттарына жеткиче 30 литр болуп калууда. Жоготуу көп болуп жатат. Ошондуктан лоток маселени чечүүнүн бирден бир жолу. Жерди да эрте сугарып бүтмөкпүз, көлгө да суу ашмак. Азыр көлдүн суусун айла жоктон талашып атабыз”, - деди Жеңишбек Сарыбаев.
Тоолуу өлкө акыркы он жылдыкта кургакчылыктын азабын тартууда. Климаттын өзгөрүшүн жергилитктүү эл жон териси менен сезе баштады. Айрым майда мөңгүлөр таптакыр эрип кетип, кээ бир айылдарда сугат суусуз калды. Аргасыздан жер которгон алгачкы климат көчмөндөрү пайда болду.
Көп жерлерде мындай шартка көнүп, айла-амалын издеп жатышат. Жети-Өгүздүн Жеңиш айылынын тургундары былтыр жасалма мөңгү тоңдуруу аракетин көргөн.
“Сугат суу көйгөй жараткандыктан жасалма мөңгү жасайлы, сууну көбөйтөлү деген ой менен өзүбүз демилге көтөрдүк. Айыл өкмөт азыноолак акча бөлүп берди. Жасалма мөңгүнүн түтүктөрүн орноткондон кийин 15 кундөй иштеп берди. Бирок кийин түтүктөр иштеп чыгып, тоңуп, суу өтпөй калды. Күн сууктап кеткендиктен кайра оңдогонго мүмкүнчүлүк болбоду. Кийинки жылы дагы аракет кылдык. Кайсы жерин туура эмес кылдык деп, катабызды кайталабаганга аракет жасадык. Бирок кайра эле 10 күндүн ичинде түтүктөрүбүз иштебей калды. Ошентип натыйжасын көрө албай койдук. Балким атайын адистердин кеп-кеңешин алышыбыз керек го”, - дейт Сарыбаев.
2024-жылы Ысык-Көлдүн деңгээлин көтөрүү жана экологиялык тең салмактуулукту сактоо үчүн 100 миң гектар сугат жер тамчылатып сугаруу ыкмасына өткөрүлөрү кабарланган. Өкмөт долбоорду ишке ашырууга 200 млн доллар бөлүнөрүн билдирген. Бирок ал азырынча ишке аша элек.
Ысык-Көлдүн фаунасын сактоо аракеттери
Султанмурат Абдыисаев Караколдогу активисттер түзгөн “Экокөзөмөл” уюмунун мүчөсү. Ыктыярчылардан түзүлгөн уюмдун өкүлдөрү көл жээгиндеги микроклиматка көз салып турушат. Алар көлдү туш келди ыргытылган таштандылардан тазалап, тор жайган балыкчыларды жолотпой корушат.
“Көлдүн жээгине чейин машине менен киргенге болбойт. Биз кайыкты түшүрүп алалы деп эле айдап келдик. Бирок жайында жээк автоунааларга жана таштандыга толуп калат. Биз күн сайын ишембилик кылып турабыз. Соңку учурда эл тазалыкка бир аз үйрөнүп келе жаткандай”.
Ашырбаев айтып жаткан Караколдон анча алыс эмес Пристань айылынын тушунда балыкка кайырмак салгандар көп чогулат. Бул айылдын чок ортосунан Каракол, жогору жагынан Жыргалаң суусу көлгө куят. Балыктын өрдөгөн жери ошол куймалар.
“2018-жылга чейин мен жөнөкөй эле балыкчы болчумун. Бир жолу неберем менен Түпкө барып, балыкка кайырмак салып отурсам, бир бала менин маңдайымдан тор менен кармаган балыктарын кайыгына салып баштады. Мен болсо таңдан бери бир да балык кармай албай отургам. Ага бир-эки балык берчи деп кыйкырсам, мени сөгүп койду. Ошондон кийин менин ичим аябай ачышып калды. Эмне үчүн браконьерлер кап менен кармайт, биз болсо эртеден бери бир дагы балык кармай албай отурабыз деп ичим күйдү. Анан ошондо мен силерге көрсөтөм деп айттым. Ошол күндөн баштап балыкчыларды чогултуп, көлүбүздү коргойлу деп, уюм түздүк”.
Ысык-Көлдүн фаунасын коргоо үчүн көлдүн айланасында чабак өстүргөн ондогон чарбалар бар. Алар маал-маалы менен колдо өстүргөн чабактарын кое берип турушат. Бирок аларды жырткыч деп эсептелинген cудак же кыргызча көксерке деп да атап коюшкан балыкты жок кылып жатканын Каракол шаарынын Дүйшөн Ашырбаев аттуу тургуну айтып берди.
“Ысык-Көлдө 13 түрлүү балык бар деп жүрүшөт. Анын ичинен жоголуп баратканы "көк асман" деп окугам. 1950-60-жылдары судак деген балыкты коё берген деп уктум эле. Бирок ал өзүнүн миссиясын аткара албай калды. Учурунда аны Түп менен Жыргалаң дарыясындагы ит балык деп коет, ошону жок кылабыз, санитардык планды аткарабыз деп коё беришкен. Бирок судак жырткыч болгондуктан, көлдөгү жырткыч эмес балыктардын бардыгын жок кылууда”.
Ысык-Көлдүн экосистемасы менен биотүрдүүлүгүн сактап калуу үчүн активисттер түрдүү аракеттерди көрүүдө. Айрымдар көлдүн айланасын таштандыдан тазалоо аракети менен жүрсө, айрымдар көлдүн түбүн акыр-чикирден арылтып жаткан ыктыярчылар бар.
Өкмөттүн аракеттери
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, экологиялык, техникалык көзөмөл инспекциясы жана эко милиция жыл сайын көлдөн тонналаган акыр-чикир жана миңдеген метр торлорду алып чыгарын маалымдап келет. 2025-жылы эле алар көлдөн 10 миң метрден ашык тор алып чыгышкан.
Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык көзөмөлдөө, текшерүү башкармалыгынын орун басары Нурлан Жолдошбаев буларга токтолду.
“Мурда браконьерлер көлдүн терең жерине чейин барып тор салышчу. Көлдүн бети желим бөтөлкөгө толуп калган. Ага байланган торлорду азыр да күн-түн тазалап бүтпөй жатабыз”.
Кыргызстан эгемен алган алгачкы жылдары мыйзамсыз балык уулоо күч алып, Ысык-Көлгө желим торлор туш келди ташталган. Ошол кездеги каатчылыкта эл балык кармап, турмушун өткөрүп калганы эч кимге жашыруун эмес. Мыйзамсыз балык уулоо азыр да токтой элек.
Коргошунга оролуп, суу түбүндө калган кытай торлору көлдүн экосистемасына оңбогондой зыян тийгизет дейт экологдор.
Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын башчысы Максат Кыштобаев:
“Эки-үч жылдан бери көл тордон тазаланып бүтүп калды. 80-90% торду алып чыктык десек болот. Кээде толкун болгондо, көлдүн астында далай жылдардан бери жаткан эски торлор да табылат. Мурун көлгө тор аябай көп салынчу да. Күнү-түнү иштеп, аябай чарчачубуз. Колдорубуз кесилип, кебетебиз келишип калчу. Түп булуңу түнкүсүн аябай суук болот. Мисалы, жээкте бир 20 градус болсо, көлдүн үстүндө 25 градус суук болуп туман каптап турат. Ошол убакта кайыктын ичинде бири-бирибизди көрбөй калчубуз”.
2025-жылдын жазында Ысык-Көлдү сактап калуу жана анын биосферасын натыйжалуу башкаруу боюнча жумуш тобу түзүлгөн. Алар "Ысык-Көл" экосистемасын комплекстүү изилдеп, анын туруктуу өнүгүүсүнүн концепциясынын долбоорун иштеп чыкмак.
Ысык-Көлдү булгаган саркынды суу...
Ысык-Көл - Кыргызстандагы туризмдин негизги багыты. Ага жылына чет өлкөдөн миңдеген туристтер келет. Ички туризмдин агымы да катуу күчөдү. Көбү Чолпон-Ата шаарына Бостери, Кара-Ой айылдарына жык жайгашат. Ошол эле учурда Ысык-Көлдү жээгин бойлой башаламан салынган эс алуу жайлары, алардан чыккан саркынды суулар уникалдуу көлдү булгап жатканы да башкы маселеге айланган.
Ушул күндөрү Чолпон-Ата шаарынын жогору тарабына саркынды сууну тазалоочу жай салынып жатат. Долбоордун менеджери Аскарбек Токтошев буларды айтты.
“Көл жээгинде жайгашкан конок үйлөрдүн 40% гана борбордук системага кошулуп, ушул эски, саркынды суу тазалоочу эски жайга кошулган. Калгандары өздөрү септик казып алышкан. Ал жер асты менен сарыгып, көлгө кошулат. Чолпон-Ата, Бостери, Кара-Ой айылында 139 конок үй бар. Бул жаңы курулмага ошол конок үйлөрдүн бардыгы кошулат. Бул жай суткасына 22 миң куб сууну тазалоого мүмкүнчүлүгү жетет”.
Ысык-Көлдүн экосистемасына президент Садыр Жапаров да тынчсыздануусун байма-бай билдирип келет. Ал соңку ирет 2025-жылдын этегинде өткөн Элдик курултайда климаттын өзгөрүү шартында экологияга өзгөчө аяр мамиле кылууга чакырган.
“Илимий изилдөөлөрдө мөңгүлөрдүн эриши тез жүрүүдө. Акыркы 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16% кыскарып кеткен. Бул мөңгүлөрдүн жок болушу, дарыяларга, суу сактагычтарда суунун агымынын азайышын жана энергия өндүрүү үчүн шарттардын начарлашы дегенди билдирет. Жаратылышыбыздын бермети - өтө маанилүү экосистема болгон Ысык Көлдүн тагдыры өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. 1854-жылдан бери көлдүн деңгээли 14 метрге төмөндөп, суунун көлөмү 85 млрд куб метрге, ага куйган дарыялардын саны 3 эседен ашык кыскарып кеткен. 1956- жылдары көлгө болжол менен 100-110 дарыя куюп келген болсо, азыр болгону 30-35 эле дарыя куюп калды. Бул тенденция улана берсе, аймак, улуттук экология жана социалдык экономика кесепеттерге дуушар болот”, - деген Жапаров.
1998-жылы Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чакырым чарчы аянтты ээлейт.
“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.
Илимий тыянактар
Улуттук илимдер академиясына караштуу Тянь-Шань бийик тоо илимий борбору Ысык-Көл өрөөнү менен Борбордук Теңир-Тоонун табиятын, физика-географиялык процесстерин комплекстүү изилдеген илимий мекеме. Борбордун кызматкерлери көл жээгиндеги метеорологиялык станция акрылуу узак жылдар бою Ысык-Көлгө байкоо жүргүзүп келет. Мекеме Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылында жайгашкан. Борбордун илимий кызматкери Нурдин Сагымбаев буларга токтолду.
“Негизи 2-3 айда бир келип, карап турабыз. Ушундай эле автоматтык метеостанция 3 жерде бар. Кызыл-Сууда, Балыкчыда анан Кара-Ойдо. Баары бири-бири менен байланышта. Ошондой эле кошумча кичи метеостанция да бар. Ал шамалдын ылдамдыгын, басымын каттап турат”.
Тянь-Шань бийик тоо илимий борбору Ысык-Көлгө куйган чоң-кичине агын сууларды пайдалануу боюнча түрдүү долбоорлор менен иштешет. Мөңгүлөрдү изилдеп келет. Гидрометеорология кызматынын билдиришинче, Ысык-Көлдө суунун деңгээли соңку 100 жылда 3,5 метрге азайган.
“Тескей жээкте аралчалар пайда болду. Ал спутник сүрөттөрдөн даана байкалат. Ушундай эле көрүнүш Балыкчы да байкалууда. Илимий божомолдор жаратылыштын кубулуштарына жараша болот. Өзгөрүү болуп кетсе, суу кайра топтолот. Эгер бул көрүнүш улана берген болсо көл азайгандын үстүндө болору турган кеп. Бирок биз алдын алуу иштерин жүргүзүшүбүз керек”, - деди Сагынбаев.
2022-жылы Geophysical Research Letters аттуу илимий басылмага акыркы 35 жылдагы Борбор Азиянын климаты боюнча изилдөө жарыяланган. Анда Кытай, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын аймагындагы табияттын өзгөрүүсүнөн улам алдыдагы он жылдыкта аймактын көп бөлүгү чөлгө айланары айтылат. Изилдөөнүн авторлору тездик менен эрип жаткан мөңгүлөр суунун мол болушуна убактылуу пайдасын тийгизгени менен келечекте өтө чоң тартыштыкка жараларын белгилейт.
“1927-жылдан ушул күнгө чейин үзгүлтүксуз байкоо жүргүзүлүп келет. Бул аралыкта көлдүн деңгээли 23-30 см чейин азайганын байкасак болот”, - деди география илимдеринин кандидаты Рыскул Усубалиев.
Илимпоздордун келечекке жасаган божомолдору деле көңүл жубатарлык эмес.
2100-жылга барып майда мөңгүлөр толугу менен эрип жок болуп, ак кар, көк муздун аянты 50% чейин кыскарышы мүмкүн. Соңку 50 жылда мөңгүлөрдүн аянты 6683 чарчы чакырымга же 16-17% кыскарып кеткени белгилүү болду.
Өткөн кылымдын соңундагы Борбор Азиядагы эң чоң экологиялык бүлгүн - Арал деңизин соолушу болду. Аралга куйган дарыялардын нугу айыл чарба таалааларына бурулуп, деңиздин соолушуна алып келген. Чөлкөм анын кесепети азырга чейин тартууда.
Ушул тапта Азиядагы эң чоң деңиздердин бири саналган Каспийдин абалын дагы изилдөөчүлөр оор деп баалап жатышат. Деңиздин Казакстан тарабындагы жээги отуз чакырымга чейин тартылып кеткен. Мээлүүн климатта, тоо арасында жайгашкан Ысык-Көлдү азырынча мындай чоң коркунучутар тооруган жери жок. Бирок климаттын өтө тездик менен өзгөрүп жатканы, көлдүн экосистемасын бузуп алуу коркунучуна кептеп жатканын окумуштуулар байма-байма эскертүүдө.
Шерине