Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Кемсинтүүдөн өчкөн өмүр


Маркум Алексей Быков эки айдан кийин мектепти бүтүп кетмек.
Маркум Алексей Быков эки айдан кийин мектепти бүтүп кетмек.

Чүйдүн Петровка айылындагы 11-класстын окуучусунун өлүмүн укук коргоочулар мектептеги зомбулуктан көрүшөт. Мектеп жетекчилиги окуяга билимкананын тиешеси жок деп караманча каршы болууда. Эксперттер маселе кайдыгерликтен чыкканын жана коомдо бейбаш балдар активист катары баркталып баратканына кооптонууда.

Өз жанын кыйган окуучу Алексей Быков Бишкектен 50 чакырымдай алыс жайгашкан Петровка айылында жашачу.

Окуяны “Азаттыкка” кабарлаган жергиликтүү укук коргоочу Ольга Голушко 17 жаштагы Алексей Быковдун өлүмү аны тынч койбогонун, бул окуяга мектеп күнөөлүү экенин айтты:

- Бул жерде жашырып жатышат. Окуучу каза болгондон кийин мага анын курбу кыздары өздөрү келип "Алексейди балдар-кыздар аябай катуу шылдыңдачу" деп айтышты. Эң соңку кемсинтүүлөр бүтүрүү кечесине даярдык көрүү учурунда болгон экен. Анда теңтуш балдары Алексейге “сага салтанатка чыгуу үчүн эмнеге кыз шерик керек? Сен же эркек бала болбосоң, же кыз болбосоң” деп айтышкан экен. Кандай деп ойлойсуз, өспүрүм балага бул кандай таасир этет?

Ольганын айтымында, Алексей Быков 7-классынан бери теңтуш балдардын кемсинтүүсүнөн азап чегип келген.

Ак көңүл баланын кыялы

Алексей Быков Москва районуна караштуу Петровка айылындагы орто мектепте 11-класста окуп жаткан. 12-апрелде анын асылган жансыз денеси өз үйүндө табылган.

Алексей апасы Оксана Акименко менен жашачу. Атасы мындан 14 жыл мурда үй-бүлөсүн таштап Орусияга кетип калган. Андан кийин Оксана турмушка чыккан эмес.

Мен Алексейдин үйүнө барганымда аза кийимчен Алексейдин апасы Оксана Акименко эшиктен тосуп чыкты. Көп ыйлагандыктан көзү шишип чыккан аял оңой менен кепке келген жок.

- Эмнени айтарымды да билбей турам... Оюмду да бир жерге топтой албай жатам. Мыкты бала болчу, жаныбарларды жакшы көрчү. Тоок, өрдөк бакчу...

Оксана Акименко Алексейдин апасы
Оксана Акименко Алексейдин апасы

Күнүмдүк жашоого акча табуу үчүн Оксана эки жумушта иштечү. Күндүз дүкөнгө сатуучу болуп жалданса, түнү автомай куюучу жайда иштечү. Ал акыркы күндөрү уулу менен телефондон гана сүйлөшүп калган экен. Себеби эне-баланын жалгыз кыялы да, максаты да Алексейдин жогорку окуу жайга өтүүсү болуп калган. Ал болсо эчак эле ветеринардык кесипти тандап алган экен.

Оксана Акименкого жалгыз баласынан ажыроо оор тийип, жашоо маңызын жоготуп койгондой.

- Окуя болгон күнү мен үйдө жок элем. Алексей үйдө жалгыз калган. Мектепте балдар менен жаңжал болгонун билип жүргөм. Былтыр, андан мурдагы жылдары бир нече жолу мектепке териштиргени баргам. Бирок соңку айларда мектептеги келишпестиктер тууралуу таптакыр айтпай калган. Эми гана аны шылдыңга алып жүрүшкөнүн ар кимден угуп жатам. Ал өтө эле ак көңүл бала болчу. Мектепке таттууларды эле ташый берчү. Кимге ташыганын сурасам "дос кыздарга, мугалимдерге берем" дечү.

Алексейдин зар какшаган апасы менен коштошуп, маркум окуган Петровка мектеп-гимназиясына баш бактым. Мектеп директору Светлана Головконун бөлмөсүнө киргенимде жетекчи бир канча мугалим менен отурган экен.

Быковдун өлүмүнө байланыштуу келгенимди айтар замат директор Головконун өңү өзгөрүп, окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты:

- Биз окуя боюнча эч кандай комментарий бере албайбыз. Милицияга баргыла. Бул окуяга мектептин эч кандай тиешеси жок.

Кемсинтүүдөн өчкөн өмүр
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:30 0:00
Түз линк

Мугалимдер менен сүйлөшүү учурунда Петровка мектебинде окуудан сырткары тарбия иштери солгун экени аныкталды. Себеби, директор соцпедагог деп көрсөткөн мугалим жетекчисинин көзүнчө эле соцпедагогдун орду бош экенин айтып салды.

Петровка айылындагы айрым кыздар мугалимдер тарабынан кысым болот деген таризде өздөрүнүн атын атагысы келбей, Алексей ак жүрөк бала болгонун, мүрзөсүнө ушул күнгө чейин достору гүлдөрдү коюп жатышканын айтып беришти.

Алексей Быковдун мүрзөсү
Алексей Быковдун мүрзөсү

Мен Петровкадагы көрүстөнгө барганымда Лешанын мүрзөсүн табуу кыйын болгон жок.

Көрүстөндө мен Петровка мектебинин футбол боюнча машыктыруучусу Василий Воронинди жолуктурдум. Ал да Алексейдин ак көңүл мүнөзүн белгилеп, бирок спорттон алыс экенин билдирди.

- Кыздар менен көбүрөөк жүрчү. Үч жыл илгери менин сабагыма келип, бирок өзүн жаман сезгендиктен мен аны машинем менен үйүнө чейин жеткирип койгом.

Мектеп менен милиция эмнеден чочулашат?

Бул окуя тууралуу милициянын пикирин алуу кыйла машакатка турду. Мен адегенде Петровка айылдык жашы жете электер менен иштеген участкалык милиционер Марат Сабировдун иштеген жерине барып, бирок аны таба албадым. Телефон аркылуу баарлашканымда кайсыл маселе боюнча кайрылып жатканымды уккан соң убакытты созуп, жолугушууну уламдан улам кечиктирип отуруп, акыр-аягы райондук ички иштер бөлүмүнө барганым оң болорун аййты. Ал райондук милиция жетекчиси менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, жетекчинин өзүнө барышым керектигин маалым кылды.

Мен Ак-Суу (Беловодск) райондук ички иштер бөлүмүнө барган кезимде нөөмөт бөлүмүндөгүлөр жетекчи иш ордунда жок экенин билдирип, бизди жетекчи орун басары Сулайман Лидвановго жөнөттү. Өз кезегинде Сулайман Лидванов окуяны жакшы билген тергөөчү азыр жооп бере албасын, кийинчерээк кайра кайрылуубуз керектигин айтып тим болду.

Жардамга кол сунулганда окуучу тирүү калмак...

Мен мектеп рекетчилиги маселесине бир нече жылдан бери байкоо салып келген Анна Макаровага кайрылдым. Ал Алексей Быковдун өлүмү боюнча өз иликтөөсүн баштаганын айтып, чоңдордун көңүл коштугунан улам балдар мектепте жана көчөдө өз билгенин жасап, өздөрү чечим чыгарып коюшкан деген бүтүмүн ортого салды:

- Шок бала чоңдор жана мугалимдер тарабынан позитивдүү же туура жүрүм-турум катары кабыл алынып калган. Бала шокпу, тентекпи демек ал активист катары кабыл алынууда. Балдар мугалимдердин алдында сылык болуп көрүнүшү мүмкүн, бирок мектептен чыкканда ал зөөкүргө айланып жүргөнү баарына маалым. Алексей болсо түз жүргөн бала эле. Эч ким менен иши жок, ак көңүл, башка балдарга окшобойт. Ага кыздар менен сүйлөшкөн ыңгайлуу болгондур. Ошентип ал бала биздин коомго туура келбей калат. Азыркы балдар баары интернеттен көргөнүн кылып, өздөрү эле чечим чыгарып коюп жатышпайбы.

Укук коргоочу Анна Макарова Алексейди тирүү алып калганга мектепте толук мүмкүнчүлүк болгонун кошумчалады.

- Эгер Алексей муштум же сөз менен жооп бере алганда анда ал азыр тирүү болмок. Бирок ал жаңжалга барбаган бала болгон, апасы да чыр-чатактан алыстай көрүнөт. Ал өз жүрүм-турумунун тууралыгын теңтуштарынын алдында түшүндүрүп берүүгө күч таба албай калгандыр. “Ооба, мен ушундаймын. Мунун эмнеси жаман?” дей албагандыр. Анын ордуна теңтуш балдардын түгөнбөгөн кемсинтүүлөрү, шылдыңдоолору топтолуп отуруп өз өмүрүнө кол салууга жеткирип отурат. Ал келечекте мындан да кыйын болорунан коркуп кеткендир. Биз “кап, дагы эки ай чыдаганда мектепти бүтүп шаарга кетмек экен. Студенттик чөйрө бир аз түшүнүктүү болмок” деп айтышыбыз мүмкүн. Арийне, Алексейге аны түшүндүргөн, психологиялык жардам берген адам болгон эмес. 13 жаштан баштап балдарда өткөөл мезгил башталат. Ар бир бала коомдо ордун таба баштайт. Бири муштум менен, башкасы билими менен.

Эксперттер коомдун кайдыгерлиги мектеп менен милициянын өз жоопкерчилигинен качууга шарт түзүп жатканын айтып келишет. Мектеп деп чыксаң “жок, мектепте билим гана берилет!” дешет. Эгер “милиция көзөмөлдөсүн” десең “ой, ар бир баланын өз укугу кандай жүрүм-турумда, мамиледе болуусу" деп айтышат.

Баары келип ата энеге жүктөлөт. Ал эми Алексейге окшоп атасы жок, жалгыз апасы күн-түн дебей тыйын топтогон адамдар кантип баласынын маанайын карап, жүрөгүнө кире алат?

Оксана Акименко баласы өлүп, денеси жерге бериле электе милиция келип “эч кимге дооматым жок” деген тил катка кол койдуруп кеткенин да араң эстейт. Ким койдуруп кеткенин да билбейт. Айтор бир кагазга коюлган кол тамга мектепти да, милицияны да жоопкерчиликтен толугу менен бошоткондой.

Ошентип назик мүнөз эркек балдар жана келбети “стандартка” жооп бербеген өзгөчө кыздар өлкөнүн булуң-бурчунда улуулар билбеген, укпаган жана көрбөгөн кордуктарды, моралдык кемсинтүүлөрдү жаш жүрөктөрүнө сиңирип жашап жатышат.

Качан гана өз жанын кыйып же үйдөн качып кеткенде гана “ким күнөөлүү?!” деп кыйкырып кала беребиз.

Кемсинтүүдөн өчкөн өмүр
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:56 0:00

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG