Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Түрмө түшүнүктөрү менен өсүп жаткан муун


Кыргызстандын мектептеринде окуучулардын бири-бирине салык салып, аны төлөбөгөндөр ар кандай зомбулуктарга кабылаары көптөн бери эле айтылып келет.
Кыргызстандын мектептеринде окуучулардын бири-бирине салык салып, аны төлөбөгөндөр ар кандай зомбулуктарга кабылаары көптөн бери эле айтылып келет.

Мектептерде рэкетчилик, зомбулук кадырэсе көрүнүшкө айланып калды. Былтыр эле өлкө аймагында 5 окуучу ушундай зомбулуктан ажал тапкан.

Былтыр зомбулуктан Чүй аймагында эки окуучу каза болгон. Алыкул Осмонов атындагы орто мектептин 10-классынын окуучусун сабап өлтүргөнү үчүн Панфилов райондук сотунун өкүмү менен 11-классынын эки окуучусу жети жылга эркинен ажыратылган. Ысык-Ата районундагы Кычан Жакыпов атындагы мектептин 10-классынын окуучулары бүтүрүү кечесинде курбусун бычактап өлтүрүп кетишкен.

Ош шаарындагы Гагарин атындагы орто мектептин жогорку классынын окуучулары “Керме-Тоо” мектебине барып, тополоң салышса, Жолон Мамытов атындагы орто мектепте эки окуучу кыз сабак маалында чачташа кетип, бирөөсүнүн өмүрү кыйылган. Алай районунда өспүрүмдөрдүн мушташынан бир окуучу бычак жеп, оор жаракат алган. Булар мектеп зомбулугуна байланышкан окуялардын чети гана.

Азыр Кыргызстандын мектептеринде акчасын же буюмун тоноп алуу, таяктап салуу көнүмүш көрүнүшкө айланганын милиция да, педагогдор да, ата-энелер да мойнуна алышат. Ал эми айрым талдоочулар мектептерде болочок бандиттер тарбияланууда деп да жазып жүрүшөт.

Мектеп рэкеттери - болочок кылмышкерлерби?
Мектепте балдардан таяк жеген, бети-башы, денеси көгала болгондор, кимдер сабаганын “партизандардай” болуп айтышпайт.

Бишкектик Бүбүсара Калыкованын лейлектик тууганы мектептеги зомбулуктан жапа чеккен. Ал азыркы өспүрүмдөрдүн өзгөчө ташбоордугуна жана зөөкүрдүгүнө тынчсызданат.

- Аларда түрмөнүн көз караштары бар. Айрым мектептерде спорт залы жок. Окуучулар интернеттен, телевидениеден туура эмес тарбия берүүчү фильмдерди көрүшүп, мушташкан, өлтүргөн оюндарды ойноп жатышат. Бул билинбегени менен өтө кооптуу учур. Биз буга бүгүн күрөшпөсөк, алар эртеңки биздин ордубузду басуучулар да. Жакында эле жаңы жыл алдында Лейлек районунун “Манас” мектебинде 6-класстын окуучусунан балдар 200 сом талап кылышкан. Ал бала “бербейм” десе, аны 10 бала аябай катуу сабап, тиги оор жаракат алып, ооруканада дарыланууга аргасыз болгон. Сабаган балдардын ата-энелери кечирим сурап да койгон эмес. Мугалимдер болсо “өзүңөр териштирип алгыла” деп четке чыга беришкен. Сабалган баланын ата-энеси абдан көп каражатын чыгымдап, ооруканага төлөп, дале ден-соолугу калыбына келе элек экен.

Ысык-Көл дубанынын Ак-суу районундагы Мамбет Мамакеев атындагы мектептин мугалими Айгүл Өмүрбекова көртурмуштун айынан балдарга ата-энелердин көзөмөлү азайып кеткенин кейүү менен кеп салды.

- Биринчи кезекте окуучуларга чөйрөнүн таасири бар, андан кийин сөзсүз түрдө ата-энелер баарын жакшылап көзөмөлгө алыш керек. Менимче, балдардын тарбиясына келгенде ата-энелердин жоопкерчиликтен четке чыга беришет. Мектепте «рекетчиликтин» жанданышын өспүрүмдөрдүн ар кандай маанидеги чет элдик кинотасмалар менен тынымсыз сугарылып, аларды туурап, мушташкысы келет. Айрым ата-энелер күнүмдүк турмуш-тиричиликтен колу бошобой, бала тарбиялоого мүмкүнчүлүктөрү болбой жатканы да негизги себептердин бири. Мектепте балдардан таяк жеген, бети-башы, денеси көгала болгондор, кимдер сабаганын “партизандардай” болуп айтышпайт.

Салык салмай эчак салтка айланып калган

Биз жогорку класстагы окуучуларга эки жылдан бери “салык” төлөп келген 8-класстын окуучусу Дастан менен сыр алыштык. Ал Каракол шаарындагы мектептердин биринде окуйт. Эми ал өзү кенже окуучуларга “салык” салууга камданып турган экен.

- Биздин мектепте да албетте, салык салмай бар. Алар келип айтып кетишет, белгиленген убакытка чейин таап бербесек, таяк жейбиз. Бербесек урушат, дагы башка өздөрүнүн чараларын колдонушат. Анан беришке туура келет. Көбүнчө бизге эки-үч жаш чоң окуучулар “салык” салышат. Эгер бизден бир эле жаш улуулар талап кылышса, биз аларды тоготпойбуз, мушташып да кетебиз. Жогорку окуу жайларынан, институттан дагы “рэкеттер” келишет. Алар чоң класстарга “салык” салышат. Алар болсо бизге чоңдугун көрсөтүшөт.

Дастандан салыктын баасын жана төлөп берүү мөөнөтүн да тактадык.

- Кээде 50 сомдон, айрым учурда 25 сомдон, а бир жумада салса 200 дөн 400 сомго чейин бересиң деши да мүмкүн. Ар бир окуучуга 12 сомдон 100 сомго чейин түшүп калат. Биз болсо азырынча салык салууга укугубуз жок, бизден улуу балдар угуп калышса, токмоктоп салышат. Катуурак уруп койгондон кийин, кийинкисинде өзүбүз эле берип калабыз.

- Эмнеге директорго же милицияга даттанбайсыңар?

- Алар сурашат, бирок биз айтпайбыз. Айтып койсок, анда мектептен чыгып кеткенге туура келет. Себеби күндө уруп, кыйнай беришет да. Директорго же милицияга айтканда эмне? Алар эч кандай чара көрүшпөйт. Ызылдап тим болушат.


"Паровоз", "отвечало", "зажигало"...

Мектепте өзүбүздүн мыйзамыбыз бар. «Паровозду» болсо ар бир класстын окуучулары биригип, шайлоо жолу менен тандайбыз.

Мектептерде "паровоз" деген термин бар. Ысыккөлдүк Кайрат өз мектебинде “паровоз”, аны тыңдайлы:

- Мектепте өзүбүздүн мыйзамыбыз бар. «Паровозду» болсо ар бир класстын окуучулары биригип, шайлоо жолу менен тандайбыз. Анын орунбасары, «отвечало», «зажигало», «смотрящий» дегендер болот. Мага да паравозчулукту чоң класстар тапшырган.

Деген менен Кайрат «паровоздук» кызматта туруп, өз мектебинин окуучуларынын укугун коргоп жатам деп эсептейт:

- Балдардын укугун биз паровоздор коргойбуз. Башка мектептен келишсе өзүбүздүн мектепти коргоп, уруштурбайбыз.

“Рэкетчилик” спортчу өспүрүмдөр арасында да кеңири жайылганын айтып, Америка ачпасак деле болот. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Алмазбек Касенов мисалы, кылмыш чөйрөсүнө айрым спортчулар аралашканын жашырбайт:

- Мен жашыргым келбейт, күчтүүрөөк балдар башка балдар менен байланышып келишип, акча талап кылышат. Спорт мектептериндеги акча бербегендерди урушат, бере албаганы мектепке келбей, качып жүрө берип, сабакка жетишүүсү начарлайт. Кылмыш чөйрөсүнө аралашкан мурдакы спортчулар да бар. Алар башка мыкты спортчуларды жаманатты кылып, көө сүйкөп жүрүшөт .

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов спорт мектептеринде кара күчүнө таянып, тономой же таяктамай өнөкөт болуп кеткенине тынчсызданууда:

- Олимпиадалык резерв мектебинин балдарын катуурак кармаш керек болчу. Бул спортчулар эмес, бул эртеңки күндүн бандиттери. Муну "балалык рекетчилик" деп айтууга болбойт, буларды "балалык кылмышкерлик" деп гана айтууга болот. Баарыбыз билгендей Олимпиадалык резерв мектеби көп финансыланбайт, жаш спортчуларга тамак-аш жетишпейт. Бирок бул себептер рекетчилик менен талап-тоноого жол бербеши керек. Булар "криминалдык бандалардын" мүчөсү болууга машыгып жаткандай гана туюлат..

Кылмыш чөйрөсүнүн түшүнүктөрү кыздарды да кыйгап өтпөдү
Аларды "сеструха" деп айтышат экен. Анан алардын да уюшкан тобу болот.

Эми кыздар «рэкетчилигине» келели. Кыздардын кымбат чөнтөк телефондорун, сөйкө-шакектерин чечип алуу кадыресе эле көрүнүш болуп калган. Чоң класстарда "братан", "сеструха" атка конгондор салык жыйнашат экен. Шаардагы мектептердин биринин окуучусу Бермет Жыргалбек кызы мындай дейт:

- Мындай окуяга менин классташтарым көп эле жолу кабылышканын көрүп жүрөм. Кыздар арасында да кадимкидей «рекетчилик» көбөйдү, токтотушса жакшы болмок. Аларды "сеструха" деп айтышат экен. Анан алардын да уюшкан тобу болот. Бирок айтыштан баары эле коркушат, себеби чоңдор келип уруп, өлүмгө чейин жеткен учурлар да болуп жүрбөйбү.

Милициянын полковниги Абдылда Калдыбаев мектеп кылмыштуулугуна мамлекеттик деңгээлде бөгөт коюлбаса, алдыда чоң кесепеттер болушу мүмкүн деп эсептейт:

- Атүгүл, ата-энелер арасында "менин балам биринчи атаман" деп мактанып жүргөндөр да кездешет. Мындай мактоолор менен баланын дымагын көтөрүп коюп, баласын эмнеге түртүп жатканын өздөрү да билбейт. Эгерде маселеге айрым ата-эне, же мугалим кийлигишсе, ал бала “сыйдан” кетип, мектеп ичинде "козел" деген атка конот. Ал баланы балдарга кошпой, ал "өгөй" болуп калат. Бул албетте баланын психикасына да терс таасири тийет. Демек, бул чогулган маалыматтар бир жак чети гана. Ошол себептен, мектептеги тарбия, тартип маселесине коомчулуктун көңүлүн буруш керек. Мамлекеттик деңгээлде бул маселеге бөгөт коюлбаса, кылмыштуулук күчөйт.

Кыргызстандын мектептеринде зомбулук коомдогу кырдаалдын күзгүдөй чагылышы экенин эксперттер айтып жүрүшөт. Күндөлүк турмушта чоңдордун өз ара одоно мамилеси, кара күчкө салып оңой байлык-мүлккө маруу, зомбулукка коомчулуктун да, мамлекеттин да каршы тура албасы өсүп келаткан муундун жүрүм-турумуна да өтүп жатса керек.

XS
SM
MD
LG