Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 00:05

Бишкекте Кыргызстандын советтик дипломатиясы жана дипломаттарынын таржымалы тууралуу китептин бет ачары өттү. Адистердин айтымында, кыргыз-совет дипломатиясынын тарыхын камтыган китеп алгачкы жолу жарык көрүп жатат. Жыйнакта буга чейин жабык тема катары жарыяланбай келген маалыматтар да бар.

Бет ачар аземге эл аралык мамилелер боюнча адистер, бүгүнкү күндө арабызда жашап жаткан очерк каармандары, алардын урпактары катышты. Совет доорунда чет мамлекетте иштеген тунгуч кыргыз дипломаттарынын бири Закон Турдугуловдун уулу Феликс Турдукулов атасы тууралуу мындайча кеп салды:

- Атам 1959-жылдан баштап 1962-жылга чейин Иракта, Багдадда иштеген. Мурун дипломатияда Борбор Азия менен Казакстандан эч ким болгон эмес. Атам башка өлкө өкүлдөрү менен жакшы иштеп, мамлекетинин жогорку жетекчилигинин баалоосуна арзып, Багдадда СССРдин "ал өлкөнү дагы да өзүбүзгө тарталы" деген тапшырмасы менен экинчи мөөнөткө калтырылган.

Феликс өзү ошол учурда атасынын жумушуна байланыштуу 3-класска чейин Багдадда Советтер союзунун элчилигинин мектебинде окуганын кошумчалады.

1980-жылы орошон отуз жаштан эми гана өткөн Жамал Ташибекова Кыргыз ССРинин тышкы иштер министри болуп дайындалып, 1986-жылга чейин иштеген. Бул аралыкта ал советтик делегациянын катарында Бириккен Улуттар Уюмунун ХХХV жыйынына катышып, өзүнүн жеке чечими менен эки империянын мамилесин жакындатканга салым кошконун эскерди:

Жамал Ташыбекова.
Жамал Ташыбекова.

- Мен абдан кыйчалыш кезде иштеп калдым. Анткени ошол кезде СССР менен Кытай Эл Республикасынын мамилеси начарлап турган эле. Мени ошол кезде БУУнун жыйынына жөнөтүп калышты. Ал жакта 3-комитеттин төрайымы болдум. Ошондо мага СССРдин башкы жетекчилиги койбогон кээ бир маселелерди койгонго туура келди. Бул тууралуу кийин Кыргызстандын жетекчилигине СССРдин тышкы иштер министри Андрей Громыко чалып ыраазычылыгын билдирген. Анткени мен бир жумушум менен СССР менен Кытай Эл Республикасын элдештирип койгом.

Ошол кезде министр жаштыктын деми менен Ассамблеянын жыйынында өз жардамчыларынын айтканына макул болбой, Кытай Эл Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмуна койгон социалдык долбоорун колдоп добуш бергенин айтат:

- Мага жети кишини жардамчы кылып коюшкан. Алардын баары "Кытайдын долбоорун колдобоңуз" деп келип жатышты. Мен "эмне үчүн колдобошум керек?" деп ойлодум. Кытайдын добушка койгон документи биздикиндей эле социалдык маселелер эле, ага каршы добуш бергенге абийрим чыдабады. Анан жардамчыларыма "алар биз үчүн эч кандай каршы нерсе жасаган жок, каршы айтпаса деле каршы айтып, каршы добуш берип коемунбу, анте албайм", дедим.

Ташибекова ал кезде өзүнүн кесиптештери Кыргыз ССРинин кадыр-баркын эл аралык деңгээлде көтөрүү жагынан чыныгы адискөйлүгүн көрсөткөнүн, учурда бул тармак боюнча далай маалыматтар архивдерде катылып жатканын, жаңы чыккан китеп кыргыз диломатия тарыхын изилдөөгө негиз саларын кошумчалады.

Китепте Советтер Союзу тарабынан атайын тапшырмалар менен чет өлкөлөргө барып келген кыргызстандыктар, Кыргыз ССРине чет өлкөдөн келип кеткен таанымал саясатчылар тууралуу да жаңы маалыматтар киргизилген.

Жусуп Абдрахманов
Жусуп Абдрахманов

Жусуп Абдырахманов атындагы коомдук фонддун жетекчиси Мирбек Усебаев аталган китепте Абдрахманов тууралуу жаңы маалымат бар экенин кеп кылды:

- Абдырахмановдун 24 жашында Москвада партиянын баштапкы катчысы болуп турганда ошол жактан атайын тапшырма менен Иранга барганы тууралуу маалымат кийинчерээк эле ачыкка чыкты. Бул киши көрсө фарс, англис тилин да билген экен.

Мындан сырткары Усебаев буга чейин Кыргыз ССРине 1955-жылы август айында ал кезде анчалык таанымал боло элек америкалык саясий жана мамлекеттик ишмер Роберт Кеннеди саякатчы катары өзүнүн жеке каражаты менен, АКШнын Жогорку Сотунун төрагасы Уильям Орвил Дугластын коштоосунда келип кеткени тууралуу маалыматты укпаганын, аны ушул китептен окуп жатканын кошумчалады.

"Кыргызстандын советтик дипломатия очерктери" деп аталган бул китептин авторлору - педогогика илимдеринин доктору Ишенгүл Болжурова жана жаш окумуштуу Жаңыл Бөкөнбаева. Болжурованын айтымында, Кыргызстанда СССР убагында чет өлкөдө иштеген дипломаттар саналуу эле болгон:

Ишенгүл Болжурова.
Ишенгүл Болжурова.

- Дипломатия - илгертен бери жабык адистиктердин бири. Анан калса биздин Кыргызстанда, СССРде деле чет өлкөдө иштеген адамдар өтө эле аз болгон. Биздин республикада 1950-жылдардын аягында гана Сталин өлгөндөн кийин Хрущевдун жергиликтүү кадрларды көтөрүү саясатын жүргүзө баштаганда бизде чет өлкөлөрдө иштеген алгачкы кыргыз дипломаттары пайда болгон. Алардын арасында Ишенбай Абдразаков, Алмасбек Тилебалиев, Болот Искаков, Марат Саралинов, Закон Турдугулов сыяктуу дипломаттар өсүп чыккан.

Аталган китеп төрт бөлүктөн туруп, алар "Кыргыз ССРинин тышкы иштер министрлери", "СССРдин Кыргызстандагы тышкы иштер министрлери", "Кыргыз-совет дипломаттары", "Кыргыз ССРине келген чет өлкөлүк белгилүү коноктор" деп топтоштурулган.

Орус тилинде жарык көргөн китеп 1920-жылдан 1991-жылга чейин адискөй кыргыз дипломатиясынын тарыхын камтыган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG