Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Кыргыз-казакты ынтымакка чакырган демилге


Кыргыз-казак мамилесиндеги чыңалууну жөнгө салуу үчүн Кыргызстандагы белгилүү ишмерлерден турган арачылардын тобу түзүлдү.

Бул элдик өкүлчүлүк тобунун мүчөсү, коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуу үчүн ага расмий кайрылуу жолдонгонун билдирди.

Эки кошунанын сууй түшкөн мамилесин оңдоого салттуу элдик дипломатия кирише турганын айткан Үмөталиева Кыргызстанда бийлигин тапшырганы жаткан президент жаңы шайланган президентке "оор мурас" калтырып кетпей, муну тез арада чечүүгө өбөлгө түзүүгө тийиш экенин белгиледи.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевден кечирим сурабасын билдирген болчу.

Элдик дипломатия эпке келтиреби?

Жакында өткөн жыйында эки мамлекеттин президенттеринин тирешинин айынан соңку мезгилде солгундап кеткен кыргыз-казак мамилесин жөнгө салуу демилгеси көтөрүлдү. Демилгенин алкагында салттуу элдик дипломатияны пайдалануу аркылуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 12 адамдан турган арачылар тобу түзүлдү. Ага Кыргызстандагы белгилүү саясатчылар, маданият жана искусство ишмерлери кирди.

Президенттикке талапкерлигин койгондордун бири, коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин наамына кайрылуу кабыл алынганын билдирди. Токтайым Үмөталиева азыркы учурда мына ошол кайрылууга Астанадан жооп күтүп жатышканын белгиледи:

- Мен Астанага атайын барып, Казакстандын парламентинин "Ак жол" фракциясынын жетекчиси менен жолугуп, кайрылууну ага тапшырып келдим. Ал киши бүгүн эртең менен мага телефон чалып, документтер Казакстандын президенттик администрациясына түшкөнүн билдирди. Биз Ак Ордодо мына биз шайлаган элдик дипломатиялык өкүлчүлүктү кабыл алып, ошол жерде ийри отуруп, түз кеңешип, ачык-айкын маектешүүнү сунуштадык. Эки ортодо кетирилген кемчиликтер үчүн кечиришип, эки элдин ортосундагы мамилени курчута бербей, сактап калалы деген маселе коюлду. Бул эми илгертеден келаткан салт. Мында "биз тарап күнөөлүү же биздин президент күнөөлүү" деп барганы жаткан жерибиз жок. Бул жагдайга эки тарап тең күнөөлүү. Ошондуктан эки ортодогу маселени ачык-айкын отуруп чечели деген сунушту айтып жатабыз.

Казакстан 10-октябрдан бери чек арадан оор жүк ташуучу унааларды өткөрүүгө чектөө киргизип, айрым кыргыз товарларынын сатылышына тыюу салган.

Талас: сүт заводдун иши солгундады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:51 0:00

Жакында өткөн президенттик шайлоодо үчүнчү орунду камсыздаган оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров казак президенти Нурсултан Назарбаевге жеке кайрылуу жасаган. Анда Адахан Мадумаров жетекчилердин жеке мамилесинен эки бир тууган эл зыян тартпашы керектигин айткан:

- Урматтуу Нурсултан Абишевич, сиз кыргыз-казак алакасын кылдаттык менен жогору көтөрүп, дайыма аяр карап, бапестеп мамиле кылып келгенсиз. Бул жолу дагы мына ошонуңуздан жазбаңыз. Бир адамдын кесепетинен бүтүндөй журтчулукка зыян келбесин. Айткан кишинин сөзү анын өзү менен кете берсин. Бирок калдайган калың эл ошол нерседен жабыр тартпашы керек. Миңдеген дыйкандардын эмгеги талаага чачылып кетпесин. Мына ошонун айынан жүз миңдеген сары ооз балапан балдардын ырыскысы чачырап, төгүлбөсүн деп айткым келет.

"Оор мурастын" жүгү

Токтайым Үмөталиева мөөнөтү аяктап бараткан президент Алмазбек Атамбаев кийинки мамлекет башчысына "оор мурас" калтырып кетпеши керектигин эскертти. Үмөталиеванын айтымында, президент Алмазбек Атамбаев бийликти тапшырардан мурда негизги эки маселени чечип кетүүгө тийиш:

- Саналуу күндөр гана калды. Президент Атамбаев жаралган эки чоң маселени жаңыдан шайланган президентке "оор мурас" калтырып кетпеши керек. Калтырган күндө дагы ал маселе анын аты менен байланыштуу болуп, кара так катары кала берет. Ошол үчүн биринчи кезекте Алмазбек Атамбаев мөңгүлөрдү талкалоого жол ачкан мыйзамга кол койбой, аны артка кайтарышы зарыл. Анан эки бир тууган элдин ортосуна жарака кетире турган коңшу өлкө менен курчуган мамилени мына ушул бойдон таштап кетпеши керек. Мына ушул эки маселени чечпей кетсе, анда азыркы президенттин буга чейинки иштери бир тең болуп, жасаган эмгеги эч нерсеге арзыбай калат.

Саясий чөйрөдө казак-кыргыз чек арасындагы чектөөлөрдү жеңилдетип, Казакстандын аймагындагы тынымсыз текшерүүлөрдү токтотуу үчүн эки өлкө жетекчилеринин ортосундагы саясий чыңалууну жөнгө салуу керектиги айтылган. Коомдук ишмер Эдил Байсалов бул үчүн төмөндөгүдөй сунуш киргизди:

- Бир тууган элдер бири-биринен кечирим сураганды өөн көрбөшү керек. Бул жерде намыскөйлүктү көрсөтүүнүн кажети жок. Бул жерде эки ортодогу ушундай мамиленин айынан миллиондогон-миллиарддаган сом чыгашага кириптер болушубуз мүмкүн. Мына ошондуктан биздин жаңыдан шайланган президентибиз Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти, жашы боюнча бир топ улуу Нурсултан Назарбаевдин алдынан өтүп коюшу керек. Биз мындан тартынбашыбыз керек.

Ким алгач кечирим сурашы керек?

Президент Алмазбек Атамбаев шайлоодо Кыргызстандын ички ишине кийлигишти деп казак бийлигин сындаган болчу. Андан соң Казакстан Кыргызстан аркылуу аткезчилик агымы өтөт деген себеп менен чек арада айрым чектөөлөрдү киргизе баштаган. Муну макулдашууларды одоно бузууга барган экономикалык блокада деп атаган президент Алмазбек Атамбаев мурда айткан сөздөрү үчүн кечирим сурабастыгын билдирген болчу:

- Мен "Кыргызстандын ички ишине кийлигишпегиле деп талап кылып, биздин эгемендикти жана мыйзамдарды сыйлаш керек" деп айтканым үчүн кечирим сурашым керекпи? Кечиримди Атамбаев эмес, Кыргызстандын ички ишине тартынбай кийлигишкен тараптар сурашы керек. Биз 2010-жылы мындай блокаданы баштан кечиргенбиз. 2014-жылы энергетикалык блокада болгон. Биз азыркы экономикалык блокадага дагы чыдайбыз. Мындай блокадалар менен омуроолордон Кыргызстан күчтөнүп, чыңалып чыгат. Анткени биз мына ушундай жагдайларда өзүбүздүн алсыз жактарыбызды аңдап билебиз.

Атамбаев: Эч кимге жүгүнбөйбүз
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандагы шайлоо өнөктүгү маалында президенттикке талапкерлердин бири Өмүрбек Бабановду кабыл алган. Муну өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары кабыл алган расмий Бишкек Астанага нааразылык нотасын жөнөткөн. Андан ары президент Алмазбек Атамбаев БУУнун жогорку трибунасынан Казакстан бийлиги өз талапкерин Кыргызстанга президент кылууга кызыкдар деп сындап чыкканы белгилүү. Казак бийлиги муну чындыкка коошпогон нерсе деп четке кагып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG