Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:18

"Мөңгү мыйзамы": сөзүнө иши каршы депутаттар


Коллаж
Коллаж

Суу кодексине өзгөртүү киргизүү маселесинде депутаттардын айткан сөзү менен кылган ишинин дал келбегени коомчулуктун сынына кабылды.

Аталган мыйзам долбооруна жыйынга катышкан 85 депутаттын 63ү "макул", 22си "каршы" деп добуш берген. Эң кызыгы, эл көзүнө Суу кодексин өзгөртүүгө каршы экенин айтып, бирок иш жүзүндө колдоп добуш бергендер да болду.

Сөзү каршы, добушу макулдар...

Маселен, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов 14-ноябрда "Кумтөрдүн" кызматкерлери менен жолугушууда мыйзам долбоорун буга чейин колдоп келгенин, бирок 3-окууда "каршы" добуш берерин айткан.

Иш жүзүндө Нышанов “Ата Мекен” фракциясынан "макул" деп добуш берген жалгыз депутат болду. Ал бул кадамын мындайча түшүндүрдү:

- Мен жанагылар ("Кумтөрдүн" кызматкерлери – автор) бакылдаган үчүн айтып койгом. Болбосо "мурда колдойм деп ойлогом" деп ошол жерден айттым го. Кыргызда "битке өчөшүп көйнөгүңдү отко таштаба" дейт. Анын сыңары мен аларга өчөшүп, Кыргызстандын бюджетине зыян келтирчү ишке барбашым керек да.

Мөңгүлөрдү көчүрүүгө макул жана каршы болуп добуш берген депутаттардын тизмеси. Тизме Исхак Масалиевдин Фейсбуктагы баракчасынан алынды. 16-ноябрь, 2017-жыл
Мөңгүлөрдү көчүрүүгө макул жана каршы болуп добуш берген депутаттардын тизмеси. Тизме Исхак Масалиевдин Фейсбуктагы баракчасынан алынды. 16-ноябрь, 2017-жыл

14-ноябрда "Кумтөр" компаниясынын кызматкерлери өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууда "эгер Суу кодекси кабыл алынбаса, парламентти таркатууну талап кылып Ак үйдүн алдында чыгабыз" деп опузалашкан.

Айтмакчы Нышанов 5-чакырылышта парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетин жетектеген. Тагыраак айтканда Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун алгачкы эки окууда Нышанов жетектеген комитет өткөргөн.

Бизди көп жылдардан бери трансулуттук ишканалар башкарып калган. Ар бир мыйзамдын артында чоң кызыкчылык жатат.
Рита Карасартова

Суу кодексин өзгөртүүнү колдогондор "мөңгүнү жылдырууга уруксат берилбесе "Кумтөр" ишканасы токтоп, өлкөгө салыктар түшпөй калмак" деген жүйө келтиришүүдө. Анткен менен Коомдук иликтөө институтунун жетекчиси Рита Карасартова чет элдик компания үчүн мөңгүлөр садага чабылды деген ойдо.

- Алар мына бүгүн "5 миң адам иштеп жатат, бюджетке салык түшүп жатат" деп айтып жатышат. Эртең-бүрсүгүнү суу жок калса ким жооп берет? Депутаттар кыска кызыкчылык үчүн мөңгүнү садага чабышты. Алар келечекти ойлоп да коюшпайт. Экинчиден, "Кумтөрдүн" жеке кызыкчылыгы ойноду. Бизди көп жылдардан бери трансулуттук ишканалар башкарып калган. Ар бир мыйзамдын артында чоң кызыкчылык жатат.

КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков добуш берүүнүн алдында эгер мыйзам кабыл алынса, аны колдогондор “эл душманы” атка конорун эскертип, мыйзамды жеткиликтүү түшүндүрбөгөнү үчүн өкмөттү жемелеген. Бирок ал да "макул" деп добуш берди. Момбеков "учурда экологиядан да, экономика маанилүү" деген пикирде:

- Мен башкача айткам, журналисттер бурмалап берди. Мен өкмөткө "Давыдов менен Лысыйды толук сатканга уруксат берип жаткан жокпуз. Эгер силер ушундай кылып негиздеме жазып келсеңер эртең бизди эл душманы деп кабыл алышат. Бул чындык. Ошон үчүн негиздемени жакшылап жазып келсеңер болмок. Лысыйдын 10, Давыдовдун 25 пайызына гана уруксат берилип жатат да". Мен ушуну айттым. Ошол бизди сындап жаткандардын өзү эл душманына айланып калышы мүмкүн. Аны убакыт көрсөтөт. Анан ошол журналисттер мөңгүнү көрбөй эле "депутаттар сатып салды" деген аша чапкандык, акмакчылык.

Чындыгында Момбеков мөңгү менен жеринен таанышууга барган эмес. Кумтөргө барган алты эл өкүлүнүн ичинен Жанар Акаевден башкасынын баары өзгөртүлгөн Суу кодексин колдоду.

Мыйзамды өзгөртүүгө каршы сүйлөп, бирок колдоп добуш бергендердин дагы бири - “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Жунус уулу Алтынбектен түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок.

Депутаттар эки жүздүүбү?

Мыйзам кабыл алууда сөзү менен иши дал келбеген мындай учурлар биринчи жолу катталып жаткан жок. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларынын бири Мукар Чолпонбаев депутаттардын бул кылыгын эки жүздүүлүк деп эсептейт.

- Бул биздин депутаттардын коррупцияга баткандыгын жана эки жүздүүлүгүн билдирет. Коррупцияга батты дегеним – баарынын арты таза эмес. Ошондуктан 7-кабаттан буйрук түшсө аны аткарууга аргасыз. Аткарбаса иши бүтөт. Кеп ушунда болуп жатат да. Анан эки жүздүүлүк деген да абдан туура. Анткени бир жагынан элге эптеп жагынгысы келишет. Кнопканы басканда эч ким көрбөйт деп ойлошот. Элдин баары карап турганы менен иштери жок.

Талаштуу мыйзам долбоорунун мындан аркы тагдыры президенттен көз каранды. Ал кол койбосо Кумтөрдөгү Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн жылдырууга уруксат берилбейт.

Суу кодексин өзгөртүүнү өкмөт 2015-жылы эле сунуш кылган. Эки окуудан өтүп, 3-окууга келгенде мыйзам долбоору артка чакыртылып алынган. Буга коомчулуктун каршы пикири себеп болгон. Жарандык коом, экологдор бул өзгөртүү мөңгүлөрдү жок кылууга жол ачат деп кабатыр.

Активисттер мөңгүлөрдү сактай албады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:56 0:00

"Кумтөр" ишканасы өлкө бюджетине 2016-жылы 238,450 млн. доллар салым кошкон. Бул Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн сегиз пайызын, өнөр жай өндүрүшүнүн 23,4 пайызын түзөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG