Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:28

Кумтөрдөгү Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн үчтөн экиси эрип, иш жүзүндө алар толугу менен жок болуп кетүү чегинде экенин өкмөт моюнуна алды.

Өкмөт парламентке Суу кодексине өзгөртүү киргизүү менен башка мөңгүлөрдү сактап калуу чараларын көрүүнү сунуштап жатат. Бул өзгөртүүлөр аталган мөңгүлөрдү ордунан жылдырып, которуштурууга жана алардын астындагы алтынды казып алууга уруксат бере турганы белгилүү болду.

Эриген мөңгүлөр

Жергиликтүү экологдордун жана климатологдордун айтымында, Европадагы мөңгүлөрдү спутниктен байкап, иликтөөчү илимий институт 1998-жылдан бери Кумтөрдөгү Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү тездик менен эрип жатканын маалымдаган.

Өткөн жылдар аралыгында башка мөңгүлөр табигый таасирден улам 10 метрге чейин эрисе, Кумтөрдөгү Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү 30-40 метрге чейин кемигени аныкталган.

Кумтөр алтын кенин иштетүүгө чейин бир эле Давыдов мөңгүсүнүн көлөмү 720 млн куб болсо, учурда анын 400 млн куб музу дээрлик жок болгону изилдөө учурунда белгилүү болгон. Эксперт-экологдордун маалыматы боюнча кен казылып бүткөндөн кийин муздун дагы 100 млн кубу жоголушу мүмкүн. Себеби мөңгүнү жылдырууга уруксат берилсе, алтын казылуучу карьерлерди кеңейтүү иштеринен улам буга кошумча 15,5 миллион куб метр муз талкалана турганы белгилүү болгон.

Жакында парламенттин тиешелүү комитети Суу кодексине мына ошондой уруксат берүүчү өзгөртүүлөрдү колдоп, үчүнчү окуудан добуш берүүгө жөнөткөн.

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков муну мөңгүлөрдү тыптыйпыл жок кылууну мыйзамдаштырып берүү катары мүнөздөдү:

- Эгер ошол өзгөртүүлөрдү депутаттар колдой турган болсо, анда ал табиятка, элибизге жана жалпы эле Орто Азия аймагына кыянатчылык болуп калат. Анткени биздин өкмөт менен парламенттин мөңгүнү талкалоого уруксат беришин түшүнүү кыйын. Азыркы учурда мыйзам тыюу салганына карабастан мөңгүлөрдүн жок болуусуна жол берилүүдө. Бул үчүн алар эртеби-кечпи жоопко тартылмак. Аларды жоопкерчиликтен бошотуу үчүн ага уруксат берилип, мыйзамдаштыруу аракети жүрүп жатат.

Коомчулукта да өкмөттүн аталган демилгесин мөңгүлөрдү талкалоого уруксат берүүчү ченем катары кабыл алып, ага каршы турууга чакырыктар айтыла баштады. Бир катар жарандык активисттер Бишкектин борбордук аянтында митинг уюштуруп, аталган мөңгүлөрдүн бузулушун мыйзамдаштырууга каршы талап менен чыгышты.

Жарандык активист Гүлзат Алиева жарандарды айлана-чөйрөнү коргоого кайдыгер болбоого чакырып, мөңгүлөрдү сактап калуу зарылдыгын көтөрдү:

- Бизди курчап турган табият ата-бабаларыбыз үчүн кол тийгис храмдай эле. Акчанын артынан түшкөн биздин аткаминерлер ошол храмды ашмалтайы чыккан "устаканага" айландыргысы келип жатышабы? Мунун бизге кереги жок. Бизге таза табиятты Кудай белекке берген. Аны бузууга эч кимдин акысы жок. Бир ууч адамдардын улуттук байлыгыбызды ээлеп алып, ага кол салууга акысы жок. Ошондуктан биз мындай аракеттерге каршы турушубуз зарыл.

Жоголгон мөңгүлөрдү жоболоштуруу

Ошол эле кезде парламентке Суу кодексине өзгөртүүлөрдү сунуштап чыккан өкмөт аталган мөңгүлөрдүн үчтөн экиси дээрлик эрип жок болгонун жүйө келтирип, аларды сактап калуу мүмкүн эмесин моюнга алды.

Мына ошондуктан өкмөт сунуштаган долбоордун негиздемесинде Суу кодексине кире турган өзгөртүүлөр аркылуу аталган эки мөңгүнү которуштурууга уруксат берип, ошол эле учурда башка мөңгүлөрдү сактап калуу чаралары бекитилген. Буга чейин иштеп келе жаткан Суу кодексине ылайык, мөңгүлөрдү ордунан жылдырууга жана алардын эришине кыйыр жана түз таасир этүүгө тыюу салынган. Экологдор мындай мыйзамдык тыюу салууларга карабастан, Кумтөрдөгү алтын казып алуулар мөңгүлөр эрип, жок болушун шарттоодо деп коңгуроо кагып келишкен.

Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакировдун айтымында, мыйзамдагы өзгөрүүлөр ошол мөңгүлөрдүн эришин мыйзамдаштырууга жатат:

- Азыр колдонуудагы мыйзам боюнча бир грамм мөңгү башка жакка жылбашы керек. Биздин өкмөт жанагы көз карандысыз эл аралык эксперттик топ дегенди жалдап, мөңгүлөрдүн эрип жатышынын зыяндуу таасирин жана себептерин иликтеп чыгууну тапшырган. Ал эксперттик топ муздун эришин "техногендик себептерден эмес, табигый шартка байланыштуу" деп мүмкүн болушунча бурмалап жыйынтык чыгарган. Өкмөт "мөңгүлөрдү жылдыруудан улам эч кандай жоготуулар болбой эле турат" деп айтып жатат. Мөңгүлөр өзүнүн табигый касиетин жоготуп жатса, кантип жоготууларга учурабайт. Бул жерде Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү биротоло жок болуп кетип жатканын коомчулукка ачык эле айтып коюу керек.

Өкмөт: техногендик таасир аз эле

"Кумтөр голд" компаниясы дагы буга чейин мөңгүнүн эришин дүйнөдө күндүн ысып жатышы менен байланыштырган. Ал эл аралык көз карандысыз гляциологдордон турган эксперттик топту чакырып, Давыдов мөңгүсүн, Ак-Шыйрактагы Петров жана башка мөңгүлөр менен салыштырып, жалпы жоготуулар боюнча анчалык деле айырмачылык жоктугу тууралуу маалымат тараткан.

Бул эксперттик топ алтын кенин иштетүүнүн мөңгүлөргө зыяндуу таасири болгону 6% түзөт деген аныктама чыгарган. Суу кодексине өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоорун парламентке алып чыккан өкмөт башчысынын орун басары Дүйшөнбек Зилалиев мөңгүлөргө алтын казуунун терс таасири аз экенин белгилеп, ошол эле кезде алар учурда жок болуп кетүүнүн чегинде экенин моюнга алды:

- Эл аралык комиссияда биздин адистер, чет өлкөлөрдөн келген эксперттер иштеген. Анда Кумтөрдөгү мөңгүлөрдүн эришине техногендик фактордун таасири аябай эле аз экени изилдөөдө көрсөтүлгөн. Азыр ошол эки мөңгүнүн үчтөн экиси эрип жок болгону аныкталды. Бара-бара ал экөө тең жокко тете болот. Ал аймактагы алтын казуу иштери 1992-жылдан бери башталган. Андагы мөңгүлөргө эч ким тийген эмес. Бирок мөңгүлөр өздөрү ылдый жылып келе жатат. Эгерде биз алардын алдын албасак, анда карьерлерди басып калат деген коркунуч бар. Ошондуктан компания ылдый түшүп келе жаткан муздарды ал жактан алып, башка жакка жайгаштырып жатат.

Мөңгүлөр - суу куймасынын башаты

Өткөн кылымдын 70-жылдары СССРдин окумуштуулары жүргүзгөн изилдөө боюнча Ысык-Көл облусунун аймагындагы Ак-Шыйрак тоо кыркаларында жалпы аянты 436,05 чарчы чакырымды түзгөн 165 мөңгү бар экени аныкталган.

Алардын арасынан түндүк-батыш кыркаларындагы мөңгүлөр тутуму Кумтөр компаниясы алтын казуу үчүн алган тилкелерге жакын жайгашкан. Алар: Петров, Лысый, Давыдов, Сары-Тор жана Борду мөңгүлөрү. Мына ошол мөңгүлөрдөн сарыгып, агып чыккан суулар Кумтөр, Тарагай өзөндөрүнө кошулуп, аягы барып Нарын дарыясынын бир куймасын түзөт. Мына ошол төрт мөңгүнүн арасынан Лысый жана Давыдов мөңгүлөрү Кумтөрдөгү алтын казылып жаткан карьерлерге танапташ жайгашканы белгилүү.

"Кумтөр" компаниясынын ишмердигин иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусунун негизинде парламент токтом чыгырып, ага ылайык Айлана чөйрөнү коргоо агенттиги жана Экотехинспекция "Кумтөр Голд" компаниясына экологиялык зыянды эсептеп чыгып, ири өлчөмдө доо коюшкан.

Экотехинспекциянын жетекчисинин орун басары Расул Артыкбаев мөңгүлөргө жакын тилкелерге казылган тоо-тектерин төгүүгө уруксат берилип келгенин белгиледи:

- "Кумтөр Голд" компаниясына 6 миллиард сомго доо койгонбуз. Мөңгүлөрдүн үстүнө тоо тектеринин мыйзамсыз төгүлүшү боюнча зыян келтирилген деген негизде. Алтын кени жаңыдан ачылган кезде уруксат берилип кеткен экен. Мындан улам мөңгүлөр жалпы аянты 10 миң 70 гектарды түзгөн лицензиялык аянттын чек арасына кирип калган.

Өкмөттөрдүн ишмердиги

Мына ошентип өкмөт Кумтөрдөгү Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн эрип жок болуп кетүү себептери алтын кени ачылган 1992-1993-жылдарга барып такаларын мисал келтирүүдө.

Ал ошол эле кезде мөңгүлөрдүн тездик менен эрип жатышын дүйнөдөгү күндүн ысышы менен байланыштырган канадалык компаниянын турумун колдогон. Анткени канадалык компания менен макулдашууга кол коюлган 1992-1994-2003-жылдардагы жана 2009-жылдагы келишимдерде Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү жайгашкан аймак алтын казууга бериле турган концессиялык тилкеге кандайча кирип калганы белгисиз. Бирок парламенттин кийин Суу кодексин кабыл алып, мөңгүлөрдү талкалоого тыюу салышы мөңгүнүн астындагы алтынды казып алууга тоскоолдук жаратып келген.

Кумтөр кениндеги муз
Кумтөр кениндеги муз

Парламенттин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков бул жагдайды учурдагы жана буга чейинки өкмөттөрдүн саткынчылыгы катары мүнөздөдү:

- Алтыны жок эле жашаганбыз, дагы да жашай беребиз. Бирок суусу жок жашоого болбойт. Дүйнөдө таза суунун баасы күн сайын кымбаттап жатса, мөңгүлөрдү жок кылууга уруксат бергенибиз кандай? Бул биздин аткаминерлердин чыккынчылыгы. Мөңгүлөр турган аймакты канадалык компанияга иштетүүгө уруксат берүүнүн таржымалын айтып берейин. Аны буга чейинки өкмөт башчылары- Турсунбек Чыңгышев, Апас Жумагуловдон баштап, Николай Танаев жана Игорь Чудиновго чейин мына ошол келишимдерге кол коюп берип салышкан. Бирок мына ошолордун бирөө дагы жоопко тартылган жок. Анан калса, мына ошол 10 миң 70 гектар деп башында бөлүнгөн жердин чек арасын белгилеп коюшкан эмес. Ошондуктан канадалык компания жанындагы аянттары улам өздөштүрүп ала берген.

Жоопкерчиликти оодаруу

Ошол эле кезде мурдагы вице-премьер-министр Курманбек Осмонов мурда кол коюлган макулдашууларда мөңгүлөрдү бузууга жол берген ченемдер болгон эмес деген пикирин билдирди. Анын айтымында, жоопкерчиликти мурдагы бийликке оодарып, мөңгүлөрдүн бузулушун мыйзамдаштыруу укуктук мамлекетке жат көрүнүш:

- Мисалы, 2003-жылдагы келишимде мына ошондой нерселер жок болуш керек эле. Ошондой ченемдер жок болгону үчүн ушул маалга чейин мөңгүлөргө ачык түрдө эч ким тие алган жок да. Кайсы келишимдин негизинде мөңгүлөрдүн эришине зыяны тийгенин айтуу кыйын. Себеби келишимде андай уруксат берген же ага өбөлгө түзгөн нерсе жок болчу. Мүмкүн ушуга чейин алар тоо тектерин төгүп келишсе керек. Анан эми бизде кийинкилер мурункусуна шылтап, өздөрүнөн жоопкерчиликти оолактатып жаткан кези болсо керек. Мына ошол мөңгүлөр жайгашкан жерден алтын казабыз дешсе, албетте аларга анын зыяны тиет. Өкмөттүн мына эки мөңгү эрип кетиптир, анын эсебинен башкаларды сактап калабыз дегени бир нерсени бузуп коюп, ошонун негизинде башкаларын сактап калабыз дегенге барабар да.

Суу кодексине мөңгүлүү тоолордо кен казууга уруксат берүүнү караган өзгөртүүлөр сунушталган. Кыргыз өкмөтү мыйзамга өзгөртүү кирбесе Кумтөрдөгү алтын казуу өндүрүшү үзгүлтүккө учурарын билдирген. Суу кодексине өзгөртүү киргизүү менен Кумтөрдөгү Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн көчүрүү мыйзамдаштырылат. Бирок мөңгүлөр буга чейин эле тоо тектери менен кошо башка жакка ташылып, ордунан козголгон муздар эрип, жок болуп жатканы боюнча жергиликтүү экологдор 2014-жылы эле маселе көтөрүшкөн. Алар буга байланыштуу канадалык компанияга кылмыш ишин козгоо боюнча демилге көтөрүшкөн. Буга чейинки геологиялык изилдөөгө ылайык, Кумтөрдөгү ал мөңгүлөрдүн алдында сегиз тоннадан ашуун алтын жатканы айтылган.

Коомдук комиссия түзүү сунушу

"Мөңгү" коомдук фондунун төрагасы Үрүстөм Кабылбеков жагдайды көз карандысыз иликтөө үчүн коомдук комиссия түзүүнү сунуштап чыкты:

- Бул жерде "сатып жибердиңер, жеп алдыңар" деген сыяктуу сөз болбошу үчүн элдин арасынан билимдүү-илимдүү адамдар чыгып коомдук комиссия түзүлүшү керек. Бул комиссияга тиешелүү адистер тартылып, коомдук комиссия мына ошол мөңгүлөр турган жерге барып, иликтөө жүргүзүп, ал жакта чыныгы абал кандай экенин өз көзү менен көрүп келүүгө тийиш. Ошондой коомдук комиссияны түзөлү дагы ага тиешелүү адистерди элдин арасынан, ар кайсы коомдордон сунуштайлы.

Кумтөр боюнча 2013-жылдагы мамлекеттик комиссиянын корутундусунда мөңгүлөр боюнча экологиялык чыгым жети миллиард сом деп бааланган. Ошол эле кезде канадалык "Центерра" компаниясы кыргыз өкмөтүнө экологиялык доодон баш тартуу боюнча талап коюп келген. Ал Кумтөр долбооруна байланыштуу маселелердин баары эл аралык арбитраждык сотто каралып, чечилиши керектигин эскертти. Мына ошондон соң "Центерра" кошумча акцияларды чыгарып, анын натыйжасында Кыргызстандын андагы үлүшү 26 пайызга чейин түшкөнү белгилүү. Муну талдоочулар канадалык компаниянын Суу кодексине өзгөртүү киргизүү үчүн өкмөттү мажбурлаган басымы катары баалашкан болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG