Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:47

Жарандык коом мөңгүлөрдү коргоп чыкты


Активисттер “Мөңгүлөрдөн колуңарды тарткыла!” деген ураандарды көтөрүп, өлкөнүн гимнин кайра-кайра аткарып жатышты.

Укук коргоочулар жана жарандык активисттер Ак үй алдына митингге чыгып, Суу кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө каршылык билдиришти.

Ак үй алдына чогулган жүзгө жакын адам “Мөңгүлөрдөн колуңарды тарткыла!” деген ураандарды көтөрүп, өлкөнүн гимнин кайра-кайра аткарып жатышты. Акцияга саясатчылар, укук коргоочулар жана жарандык активисттер катышты. Алар өкмөттөн, парламенттен Суу кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү чакыртып алууну талап кылышты.

Мөңгүлөрдү коргоп чыккан активисттердин бири Рита Карасартова эгер Суу кодекси өзгөртүлсө, кен казган ишканаларга мөңгүлөрдү талкалоого жол ачылат деп кабатыр:

- Суу кодексинин 62-беренесинде мөңгүлөр эрий турган иштерге тыюу салынат деп жазылган болчу. Бүгүн болсо ошол берене стратегиялык жана бюджетке акча түшүргөн ишканалар үчүн иштебейт деп өзгөртүп жатышат. Демек бул мыйзам айрым ишканаларга мөңгүлөрдү талкалоого уруксат берет. Муну бийлик эмне үчүн жасап жатат? Анткени мөңгүлөрдү талкалоого укук алган ишканаларды өкмөт тизмектейт. Ага кириш үчүн чет өлкөлүк компаниялар пара беришет. Бул коррупциялык схема. Буга жол бербешибиз керек.

Суу кодексине мындай өзгөртүүлөр өкмөт тарабынан 2015-жылы эле сунушталып, Жогорку Кеңеште эки окууда кабыл алынган. Үчүнчү окууда кабыл алынарда жарандык коомдун каршылыгы менен артка чакыртылып алынган.

Чырлуу өзгөртүүнү өкмөт эки жылдан кийин кайра сунуштап, парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети 31-октябрда жактырып, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында добушка коюу чечимин кабыл алган.

Аталган комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров өзгөртүүлөр кабыл алынса, Кумтөрдөгү Давыдов жана Лысыйдан башка мөңгүлөргө залакасы тийбейт деп ишендирүүдө:

- Кумтөрдө эки мөңгүнү талкалап-бузганга буга чейин эле жол берилип калган. Давыдов жана Лысый деген мөңгүлөр. Өкмөттүн комитетке берген маалыматы боюнча ал мөңгүлөрдүн 80 пайызы көчүрүлгөн. Ошону мыйзамга дал келтирип жатабыз. Өзгөртүүдө башка мөңгүлөр жөнүндө сөз жок. Ошол эки мөңгүнүн калган 20 пайызын мыйзамдуу талкалаганга жол ачып жатабыз.

Назаров кошумчалагандай, жарандык коомдун каршы пикиринен улам 3-окууда добуш берүү 15-ноябрга жылды. Ага чейин түшүндүрүү иштери жүрөт. Тагыраак айтканда 10-нояябрда өкмөт жана парламент мүчөлөрү жарандык коом менен жолугуп, өзгөртүүлөрдү чогуу талкуулайт.

Анткен менен укук коргоочулар мыйзам долбоору буга чейин да коомдук талкууга коюлбаганын жүйө кармап, кыргыз өкмөтү андан баш тартмайынча нааразылык акциялар токтобосун эскертишүүдө.

Буга чейин вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев да Кумтөр кенинде жайгашкан Давыдов жана Лысый кендеринин эрип, жок болгонун тастыктаган эле.

- Бул мыйзамдын максаты мөңгүлөрдү сактоону көздөйт. 2013-жылдан тарта маселени көтөрүп, мөңгүлөрдүн жанында иш болуп жатканы Суу кодексине каршы келип жатканын айткан элек. Ал эми Давыдов, Лысый мөңгүлөрү тилекке каршы жок болуп калыптыр. Мындан аркы башка мөңгүлөрдүн жанында иштөөгө мыйзамдын чегинде тыюу салынса, алардын эришин токтотуу максатыбыз гана бар.

Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясында сүйлөп жатып Борбор Азия гана эмес, бүткүл дүйнөдө таза суунун булагы болгон мөңгүлөрдүн эриши олуттуу бушаймандык жаратып жатканын жарыялаган. Ал 2025-жылы Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты орто эсеп менен 30-40 пайызга кыскарып, Борбор Азия дарыяларында суу дагы 25-35 пайызга азаярын, 2100-жылы мөңгүлөр жер үстүнөн жок болушу мүмкүндүгүн, ошондуктан өлкө аларды сактоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну колдоорун айткан.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда алты миңге жакын мөңгү бар. Адистердин эсебинде, соңку 30-40 жылдагы глобалдык жылуулуктун натыйжасында миңдей мөңгү эрип кеткен.

2016-жылы "Кумтөр Оперейтинг" компаниясы жалдаган эл аралык гляциологдордун тобу аталган кенге жакын жайгашкан мөңгүлөр жалпы мөңгүлөрдүн беш пайызын гана ээлерин билдиришкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG