Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:34

Мөңгү муңу: өкмөт мыйзамы таразада


Кумтөр кени
Кумтөр кени

Парламент комитети үчүнчү окууга жөнөткөн Суу кодексине өзгөртүүлөрдүн киргизилиши талкууга түштү. Коомчулук бул мыйзам кабыл алынса, Кумтөр кениндеги мөңгүлөрдүн эришин мыйзамдаштырат деп сындап чыгышты. Өкмөт бул кодексти кабыл алуу өлкөдөгү башка мөңгүлөрдү сактоого өбөлгө болот деген ишенимде.

Кумтөр кениндеги экологиялык маселелер парламент комитети Суу кодексине өзгөртүү киргизүү демилгесин колдогондон кийин көтөрүлдү.

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков мыйзамдагы өзгөртүүлөр боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарына, өкмөт өкүлдөрүнө кайрылуу жолдоду.

Анда парламент менен өкмөт Кумтөр кенинин жанында жайгашкан Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн тыптыйпыл жок кылууну мыйзамдаштырууга умтулуп, ушул себептүү тиешелүү мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алууну максат кылып жатканы жазылган:

- "Центерранын" акционерлерин байытуу, Кумтөрдү азыркы абалга алып келгендерди коргоо үчүн болочок муунга Орто Азия деген чөлдү калтыргыңар келип жатабы? Жакында эле президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясында Борбор Азия гана эмес, бүткүл дүйнөдө таза суунун булагы болгон мөңгүлөрдүн эриши олуттуу бушаймандык жаратып жатканын жарыялаган. Президент 2025-жылы Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты орто эсеп менен 30-40 пайызга кыскарып, Борбор Азия дарыяларында суу дагы 25-35 пайызга азаярын, 2100-жылы мөңгүлөр жер үстүнөн жок болушу мүмкүндүгүн, ошондуктан өлкө аларды сактоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну колдорун айткан. Бирок мөңгүлөрдүн эриши гана эмес, Кумтөрдө кен казууда жүргүзүлгөн туура эмес иштер мөңгүлөрдүн жок болушуна себепкер болду.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети 31-октябрда Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда кабыл алган. Бул мыйзам долбоору 2015-жылы демилгеленип, ал учурда парламенттин каршылыгына кабылганы үчүн өкмөт артка чакырып алган. Эми аталган долбоор ушул айда кайрадан киргизилип отурат.

Ага ылайык, алтын казуучу компанияларга айрым учурларда мөңгү аймактарында иш жүргүзүүгө уруксат берүү сунушу камтылган. Өкмөт Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан алардан кен казууга уруксат берүүнү сунуштаган.

"Эгер документ парламенттин жалпы жыйынында каралып, жактырылып, ишке кирсе, Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат".

Дал ушул жободон улам өкмөт Кумтөр кенин иштетүүдө экологияга келтирилген зыянды мыйзамдаштырат деген сын айтылууда. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев мындай сындарды четке кагып, Суу кодекси мөңгүлөрдү сактоо жол-жобосун аныктарын билдирүүдө:

Кумтөрдөгү булганган мөңгү (Архивдик сүрөт)
Кумтөрдөгү булганган мөңгү (Архивдик сүрөт)

- Бул мыйзамдын максаты мөңгүлөрдү сактоону көздөйт. 2013-жылдан тарта маселени көтөрүп, мөңгүлөрдүн жанында иш болуп жатканы Суу кодексине каршы келип жатканын айткан элек. Ал эми Давыд, Лысый мөңгүлөрү тилекке каршы жок болуп калыптыр. Мындан аркы башка мөңгүлөрдүн жанында иштөөгө мыйзамдын чегинде тыюу салынса, алардын эришин токтотуу максатыбыз гана бар.

Зилалиев Давыдов менен Лысый мөңгүлөрү дээрлик эрип бүткөнүн, аларды сактоонун мааниси калбаганын кошумчалады. Негизи Кумтөрдөгү экологиялык маселе жети жылдан бери көтөрүлүп келет.

Апрель ыңкылабынан кийин алгач парламенттик, кийин мамлекеттик комиссия түзүлүп иш алып барган. Бул комиссиялар кенди казууда экологиялык мыйзам бузуулар аныкталганын билдирип, келишимди кайрадан карап чыгуу сунушун берген.

Кумтөрдөгү экология маселесин кыргыз өкмөтү сүйлөшүүлөрдө таасир этүүчү рычаг катары колдонуп келген. Парламентте бир нече жолу бул маселе көтөрүлүп, экологияга зыян келтирүү боюнча эл аралык сотко кайрылуу демилгеси айтылган.

Бирок быйыл сентябрда өкмөт менен "Центерра Голд" компаниясы экологиялык келишимге кол коюлган соң бул куралдын күчү жоголгонун билдиришкен эле. Ал учурда өкмөт келишимге кол коюуну Кумтөр боюнча мунасалык чечим катары баалаган.

Эми “Суу кодексине” өзгөртүүлөр парламенттин жалпы жыйынына жакынкы мезгилде чыгарылат. Эми бул мыйзам долбоору колдоо табабы деген суроо турат.

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдиновдун айтымында, эл өкүлдөрү экологияга байланышкан маселени тыкыр иликтеп чечим кабыл алышы керек:

- Буга чейин парламенттик комиссия, өкмөттүк комиссия иштеп экологиялык зыянды аныктаган. Дал ошол комиссиянын жыйынтыгын колдонуп, бардык жагдайды эске алуу менен мыйзамды карашыбыз керек.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда алты миңге жакын мөңгү бар. Адистердин эсебинде, соңку 30-40 жылдагы глобалдык жылуулуктун натыйжасында миңдей мөңгү эрип кеткен.

2016-жылы "Кумтөр Оперейтинг" компаниясы жалдаган эл аралык гляциологдордун тобу аталган кенге жакын жайгашкан мөңгүлөр жалпы мөңгүлөрдүн беш пайызын гана ээлерин билдиришкен.

Мөңгүлөрдүн эрип бараткан маселесин президент Алмазбек Атамбаев быйыл БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында көтөргөн эле.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG