Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:39

Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голд" компаниясындагы Кыргызстандын үлүшү кыскарды. Буга канадалык компаниянын Түндүк Америкадагы жаңы кенди сатып алганы себеп болгон.

Жаңы операциядан соң Кыргызстандын "Центеррадагы" үлүшү 32 пайыздан 26,6 пайызга чейин төмөндөдү. Өлкө экономикасындагы көзгө басаар долбоордогу үлүштүн кыскарышына коомчулук тынчсызданып, мамлекеттик органдарды сынга алууда. Бирок бийлик бул өзгөрүүлөргө түшүндүрмө берип, өз жүйөсүн түшүндүрдү. Бул жагдай үзгүлтүккө учураган "Кумтөр" долбоорунун сүйлөшүүсүн эске салды.

Директорлор кеңеши колдогон чечим

Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясындагы Кыргызстандын үлүшү азайганы тууралуу апта башында белгилүү болду. Бүгүн болсо "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасы бул маалыматты ырастап түшүндүрмө берди.

Аталган ишкананын жетекчиси Алмаз Алимбековдун белгилешинче, 2016-жылы «Центерра Голд Инк.» компаниясы түндүк америкалык Thompson Creek Metals Inc. тоо-кен компаниясын сатып алган. Бул келишимди каржылоо кошумча эмиссиялар аркылуу ишке ашырылды. Келишимдин баасы 1,1 млрд долларын түзүп, «Центерранын» кошумча 26,6 млн акциясы сатыкка коюлган.

Өкмөт - "Центерра": создуккан сүйлөшүү

Жергиликтүү телеканалдардын бири өзүнүн өкмөттөгү ишенимдүү булагына таянып, Кумтөр боюнча жаңы документ даярдалып жатканы тууралуу маалымат таратты.

Мына ушунун негизинде "Кыргызалтындын" "Центеррадагы" үлүшү азая түшкөнүн аталган ишкананын маалымат катчысы Толкун Камчыбекова "Азаттыкка" билдирди:

- Мында «Кыргызалтынга» тиешелүү акциялардын (77 401 766 акция) саны ɵзгɵргɵн жок, бирок кошумча эмиссияны чыгаруу «Кыргызалтындын» «Центеррадагы» үлүшүн 32,1 пайыздан 26,6 пайызга азаюусуна алып келди. Ошону менен бирге пропорционалдуу түрдɵ башка бардык акционерлердин үлүштɵрү да азайды. Келишим эл аралык мыйзамдардын талаптарына ылайык ишке ашырылган жана «Центерранын» директорлор кеңешинин бардык мүчɵлɵрү колдогон.

Мындай жол менен мамлекеттик органдар "Центеррадагы" Кыргызстандын үлүшү азайса да, акциялардын санына таасирин тийгизбейт деп ишендирүүдө. Тескерисинче, келишим «Кыргызалтындын» ɵздɵрүнɵ тиешелүү дивиденддердин ɵлчɵмүн 1,5 эсе кɵбɵйтүүгɵ жана 20 жыл бою дивиденд алып турууга мүмкүнчүлүк берет деген жүйө келтирүүдө.

Thompson Creek Metals Inc. активинде алтын, жез, молибден ɵндүргɵн кендер бар. Анын негизги активи болуп Канаданын Колумбия провинциясындагы Маунт-Миллигэн жез-алтын кени эсептелет. Бул Канададагы эң ири, кирешелүү тоо-кен долбоорлордун бири. Андагы алтындын кору 177 тонна, жез 991 миң тонна. Кенди иштетүүнүн мɵɵнɵтү 2017-жылдан баштап 20 жылга созулат. “Кыргызалтын” Thompson Creek Metals Inc. сатып алуу менен “Центерранын" алтын ɵндүрүүсү кескин жогорулай турганын билдирүүдө.

"Бул күтүлгөн окуя болчу"

"Кыргызалтындын" жетекчилиги үлүштөгү өзгөрүүлөрдү терс көрүнүш катары эсептебегени менен коомчулук бул жаңылыкты чочулоо менен кабыл алды.

Маселен, Кумтөр маселеси боюнча буга чейин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев тынчсыздангандардын катарында:

- Бул өкүнүчтүү, өтө өкүнүчтүү. Себеби бизнес эч качан Кыргызстан бийлиги бул маселени качан чечет, аны качан ишке ашырат деп күтпөйт. Алар капиталды, байлыкты көздөгөн ишкерлер. Алар байлыкты көздөп иш алып барууда. Ал эми биздин жетекчилер саясий упайды жоготуп алабыз деп "Кумтөр" долбоорунун жоопкерчилигин өзүнө албай отурат.

Ал эми "Кыргызалтын" компаниясынын мурдагы вице-президенти Кылычбек Шакировдун айтымында, мындай кырдаал мурдатан эле күтүлгөн болчу:

- Бул күтүлгөн эле маселе болчу. Себеби бизнес өзүнүн ыңгайына жараша иштерди алып барууда. Ошондуктан бул маселени эртерээк чечүү зарыл экенин айтып келгенбиз. Бирок ошол учурда көңүл бурулбай калган эле. 2013-жылы 50/50 пайыздык биргелешкен компания түзгөндө биз утмакпыз. Эми маселе чечилбесе дал ушинтип азая бериши толук мүмкүн.

Кумтөр
Кумтөр

Апрель ыңкылабынан кийин келген бийлик Кумтөр маселесин бир жаңсыл чечүүнү убада кылган. Жогорку Кеңеш Кумтөр маселесин чечүү боюнча 2014-2015-жылы токтом кабыл алган жана өкмөткө бир катар тапшырмаларды берген. Бирок алар аягына чыкпай келген.

Буга чейин Жантөрө Сатыбалдиев башында турган өкмөттүн үлүшү 50-50% бөлүштүрүлгөн биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштап, бул Жогорку Кеңеште колдоо тапкан эмес.

Андан кийинки премьер Жоомарт Оторбаев “Центерранын” башка акционерлери менен Директорлор кеңешин өзгөртүү аркылуу Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоону сунуштаган. Бирок бул аракеттен да майнап чыккан эмес. Учурдагы өкмөт болсо бул маселени чечүү боюнча эч кандай сунуш берген эмес.

Былтыр 1-декабрда президент Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында Кумтөр боюнча "Центерра" менен теңме-тең сүйлөшүү жүрүп, жылыштар болот деп ишендирген эле. Бирок ал аракет азырынча байкалбагандай…

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG