Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:39

Жогорку Кеңеште үчүнчү окууга жөнөтүлгөн “Жер казынасы жөнүндө” мыйзам долбоору кызуу талкуу жаратууда.

Кенге бай Кыргызстандын жер казынасы кандай пайдаланылып жатат? Анын үзүрү өлкө экономикасына, элдин кызыкчылыгына иштеп жатабы? Аталган мыйзамды кабыл алуу менен жер казынасын туура иштетүү, чет өлкөгө чыгарып кетүү жана экологиялык көйгөйлөрү чечилеби?

“Арай көз чарай” талкуусуна геология илимдеринин доктору, профессор Кубат Осмонбетов жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева катышты.

“Азаттык”: Эркингүл айым, сиздин баамыңызда азыр Жогорку Кеңеште талкууланып жаткан “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамдын негизги өзгөчөлүктөрү эмнеде, кандай урунттуу кошумчалар киргизилүүдө?

Эркингүл Иманкожоева: Жер казынасына байланышкан бир топ беренелерге өзгөртүүлөр киргизилип жатканы жакшы көрүнүш. Мисалы, 47-беренеде “тоо-кен тармагындагы ачыктык демилгелери” деген бар эле. Анын төркүнү кандай? Британиянын мурдагы өкмөт башчысынын демилгеси менен ушул талапка бир топ өлкөлөр бириккен, Кыргызстан да кошулган, кол койгон болчу. Ага ылайык мамлекетте мисалы, канча алтын өндүрүлөт, канчасы бюджетке кетип жатат, канча салык төлөндү баары ачык болушу керек.

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Кыргызстандын ондогон тонна алтын корун ичине камтыган тоо-кен тармагы эл аралык чайкоочулардын оңой олжосуна айланууда.

Мурдагы мыйзамда компания өз каалоосу менен аткара турган болсо, азыркы мыйзам боюнча тиешелүү маалыматтарды жарыялоо же отчеттуулук бардык компаниялар үчүн милдеттүү түрдө аткарылат. Мисалы, бул убакка чейин “Кумтөр” компаниясынын өз каалоосу менен жазган, жарыялаган отчеттору менен өкмөттүн маалыматтарына ортосунда айырмалар көп болуп калчу. Мыйзамдагы мындай өзгөрүү жакшы нерсе десек болот.

Дагы бир өзгөчөлүк мурдагы мыйзам боюнча айылдардагы кум-шагылдарды деле алууда, иштетүүдө лицензия алуу керек болчу. Азыр ал талапты патент алуу менен алмаштырылып жаткан экен, муну да колдосок болот. Мурда жергиликтүү ишкерлер канчалаган документтерди толтуруп убара болушчу. Азыр бир топ жеңил, жергиликтүү элге да пайдалуу, бир топ киши иш таап алат.

“Азаттык”: Кубат агай, бул мыйзамды иштеп чыгууда сиздей адистер тартылдыбы, эгер катышсаңыздар, сиздер айткан сунуш-пикирлер мыйзам долбооруна киргизилдиби?

Кубат Осмонбетов: Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө Жогорку Кеңештин депутаттары бизди чакырып, кеңешип турат. Бирок биздин айткан сунуштардын баары эле өтө бербейт. Кээде адис эмес кишилердин пикирин угуп алышып, Кыргызстандын кен байлыгын Чилидегидей иштетебиз деп ойлогондор бар. 2012-жылы мындай мыйзам кабыл алынган, азыркысы ошого кошумчалар киргилүүдө.

“Азаттык”: Эмне үчүн учурда жер байлыктары чет өлкөлөргө ташылып кетип жатат деп коомчулукта сын көп. Мыйзам ага жол береби, же өкмөт өзү уруксат берип жатабы?

Кумтөр кени
Кумтөр кени

Кубат Осмонбетов: Бул жердеги негизги маселе эмне? Эң башкы көйгөй мыйзамдардын бири-бирине шайкеш келбегендигинде, тескерисинче карама-каршылыктар көп, “мыйзамдар согушу” жүрүүүдө. Мисалы, "Суу жөнүндө", "Жер жөнүндө", "Аба жөнүндө", "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамдарда көп суроолор бар. Дагы бир маселе, тоо-кен тармагынын саясатын мурда Экономика министрлиги жасап келсе, 2015-жылдан кийин Энергетика жана өнөр жай министрлигине берген, аларда да иш жолго коюла элек. Ошондуктан “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамды комплекстүү карап чыгуу керек.

“Азаттык”: Кыргызстандын аймагынан кен байлыктардын ташылып жатканына инвесторлор өлкөдө тиешелүү жабдуу, лабораториялар менен камсыз болбогондугун шылтоо кылып жатканы туурабы?

Кубат Осмонбетов: Советтер союзунун убагында 40 жыл геологияда иштедим, анын 25 жылын башкы геолог болдум. Ошондо борбордук лабораторияда 230 киши иштечү. Бир эле алтынга 35 анализ жасалчу. Улам-улам аттестациялардан өтүп турчубуз. Азыр Кара-Балтадагы аффинаж заводу бир жылда 25 тонна алтынды иштетүүгө жөндөмдүү. 100 граммга чейин иштете алат, эл аралык сынактардан өткөн.

“Азаттык”: Эркингүл айым, кыргыз өкмөтү “Кумтөр” компаниясын жер казынасын иштетүүдө экологиялык көп зыян алып келгендиги үчүн кенемте төлөшү керек деп сотко берди эле, маселенин аягы көрүнбөй келүүдө, бул маселени чечүүдө аталган мыйзам жардам береби?

Эркин Иманкожоева: Бул мыйзам кандайдыр бир жардам же таасир бере албайт, анткени мыйзамдын артка күчү жок дейт эмеспи. Ошентсе да кайсы компания болбосун Кыргызстандын мыйзамдары менен иштеши керек эле.

Бир мисал, кыргыз өкмөтү “Кумтөргө” уу калдыктар сакталган дамбаны 3600 метрден жогорку курууга уруксат берип койду. Бул чечимдин кийин кесепети чоң болот деп ойлойм. Бул убакка чейинки мамлекеттик, депутаттык, эл аралык ж.б. комиссиялардын баары дамбаны андан ары көтөрүүгө болбойт деген корутунду беришкен. Бул деген муз үстүнө калдыктарды төгүүгө уруксат бергендей эле болууда. Ага ким кол койду, ким уруксат берди десек азыр бири-бирине түртүп коюп отурушат. Баары ачык айтылышы керек, Жогорку Кеңештин азыркы депутаттары эмне үчүн бул маселени көтөрүшпөйт?

“Кумтөр” менен Экотехинспекция, Экология агенттиги соттошуп, 6,5 миллиард сом айып коюшту эле, ал деле дымып калды. Сот иши арызды канааттандырып же канааттандырбай бүтүрүшү керек эле. Мыйзамдуулук болушу керек да, кээ бир соттошуулар бат эле болуп жатпайбы. Мындан сырткары “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзам да иштебей жатат.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG