Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:42

Алтын ташыгандардан акы алуу сунушталды


Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы алтын кени
Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы алтын кени

Экономика министрлиги алтын кошулмасын сыртка чыгарууга экспорттук бажы төлөмүн киргизүү демилгесин көтөрүүдө.

Бирок бул долбоордун үстүнөн иштеген мекемелер аралык комиссия анын өлчөмү кандай болору тууралуу маалыматты ачык жарыялай элек.

Ошол эле кезде айрым адистер жана мамлекеттик бийлик органдарындагы жетекчилер алтын же башка баалуу металл кошулмасын сыртка чыгарууга жол бербей, аны жеринде иштетүүгө чет элдик кен иштетүүчү компанияларды мажбурлоо зарылчылыгын сунушташууда.

Төлөм киргизүү зарылчылыгы

Экономика министрлиги азыркы учурда өлкөнүн кен казуу тармагындагы алтын кошулмасын иштетүүгө жөндөмдүү өндүрүш кубаттуулугунун жоктугунан улам кенди жана баалуу металл кошулмаларын чет өлкөгө чыгаруунун көлөмү жогору экенин белгилеген. Мына ушуга байланыштуу көзөмөлдү күчөтүү жана ага экспорттук төлөм киргизүү шарттарын иштеп чыгуу боюнча министрликке караштуу мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Бирок бул комиссия киргизиле турган экспорттук төлөмдүн өлчөмүн так аныктай элек.

“Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси, учурда парламент депутаты Осмонбек Артыкбаев мындай деди:

- Алтын менен кошо жез, күмүш же мышьяк сыяктуу минералдар болушу мүмкүн. Мисалы, аларды бири-биринен ажыратып алуу технологиясы бир топ татаал. Ошондуктан буга чейин эле аны Казакстанга, Кытайга же Орусияга алып барып, ошол жактан иштетип жүрүшкөн. Азыр бизде ошондой жогорку технологиядагы алтын тазалоочу жана ар бир минералды ажыратып ала турган өндүрүш курулганга чейин ага экспорттук пошлина киргизилгени туура эле. Бирок негизги башка кошулмасы азыраак же жок алтын концентранты биздин өзүбүздө эле иштетилгени оң. Анткени жумушчу күчү, энергия бизден алынат. Бул жакта өндүрүлгөн алтынды кымбат баада сатып, андан түшө турган салык дагы көп болот.

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Кыргызстандын ондогон тонна алтын корун ичине камтыган тоо-кен тармагы эл аралык чайкоочулардын оңой олжосуна айланууда.

Буга чейин Чоң-Алайдагы, Чаткалдагы, Ала-Букадагы алтын кендеринен, Чүйдөгү Талды-Булак Сол жээк кенинен жүздөгөн тонна алтын кошулмалары Кытайга, Казакстанга жана Орусияга ташылып кетип жатканы боюнча парламентте маселе көтөрүлгөн. Кен казуучу чет элдик компаниялар муну жеринде алтынды ажыратып ала турган өндүрүштүн жоктугу менен түшүндүрүшкөн.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов Талды-Булак Сол жээк кенин иштеткен “Алтынкен” компаниясы алтын тазалоочу фабрикасы курулганына карабастан жылына 3 миң тоннага чукул алтын кошулмасын Кытайга ташып кетип жатканын билдирген эле.

Бактыбек Кудайбергенов айрым баалуу металл түрлөрүнө гана экспорттук төлөм киргизүүнү колдоорун айтып, негизги алтын кошулмасын жеринде иштетүү зарылдыгына токтолду:

- Эгерде экспорттук пошлина киргизип, алтынды бул жерде тазалап, иштеткенге караганда дагы көбүрөөк пайда түшө турган болсо, анда анын эмнеси жаман? Мен муну менен аталган министрлик алтын казуучу компаниялардын кызыкчылыгын көздөп жатат дегенден алысмын. Бирок менин азыр деле жеке оюм, жеке позициям – алтынды жеринде иштетүүнү талап кылып, тиешелүү шарттарды камсыздоо зарыл. Мен “Алтынкен” компаниясы боюнча маселе көтөргөндө, ал жакка депутаттык комиссия барып, ага сегиз айга чейин өндүрүштү жолго салууга уруксат беришкен. Андан кийин ошол жердеги алтынды ажыратып алуучу фабрика иштөөгө тийиш. Чечим ушундай болгон.

Сыртка кен ташыгандардын амалы

Былтыр 2016-жылы “Алтынкен” компаниясы Чүйдөгү Талды-Булак Сол жээк кенинен 1170 тонна алтын кошулмасын чыгарып кетип, кийин дагы көлөмү 1800 тонналык кошулманын экинчи партиясын Кытайга алып барып иштетүүгө уруксат сураган.

Өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов анда алтын тазалоочу фабрика турганына карабастан анын кайсы максатта Кытайга ташылып жатканына кызыккан болчу. Себеби 7 миң чакырым алыска – Кытайга алтын кошулмасын вагондор менен ташып барып, ал жактан иштетүү логикалык жактан алганда ашкере чыгымдарды көбөйтүп, өндүрүштүн рентабелдүүлүгүн түшүрөт.

Бул жерде чоң пайданы көздөгөн бир максат алтын казып алууга лицензия алган компания алтын кошулмасынын арасындагы башка кымбат баалуу минералдарды дагы сырттан тазалатып алат. Ал сыртта иштетилгендиктен албетте, каттоого алынбайт. Андан салык дагы алынбайт.
Орозбек Дүйшеев

Анткен менен Тоо-кенчилер бирлигинин төрагасы Орозбек Дүйшеев алтын кошулмасын сыртка ташып чыгып, иштетүүнүн сырларын мындайча чечмеледи:

- Тоо-кен байлыгын бири-биринен ажыратып алуу технологиясы татаал жана кымбат жумуш. Ошондуктан азыр Кыргызстанда кен казып жаткан компаниялар ошондой көп чыгым кылбаш үчүн алтын кошулмаларын чет өлкөгө алып барып тазалатып, иштетип анан сатууга чыгарып жатышат. Бул жерде чоң пайданы көздөгөн бир максат алтын казып алууга лицензия алган компания алтын кошулмасынын арасындагы башка кымбат баалуу минералдарды дагы сырттан тазалатып алат. Ал сыртта иштетилгендиктен албетте, каттоого алынбайт. Андан салык дагы алынбайт. Ошон үчүн кен казуучу компаниялар аз көлөмдө болсо дагы минералдарды ажыратып алууга кызыкдар. Анын сыры мына ушундай.

2011-жылы Чоң-Алайда алтын кенин иштеткен “Кайди” компаниясы дагы тиешелүү бийлик органдарынын тымызын уруксаты менен кенди Кытайга ташып кетип жатканы ачыкка чыккан. Буга нааразы болгон жергиликтүү тургундар бир канча тонна алтын кошулмасы жүктөлгөн оор жүк ташуучу автоунааларды токтотуп кармап алышкан.

Андан кийин Ала-Бука менен Чаткалда кен иштеткен “Иштамберди” жана “Казакмыс” компанияларына байланыштуу дагы ушуга окшогон окуялар катталган болчу. Анда алтын кошулмасы мамлекеттин көзөмөлүсүз сыртка ташылып жатканы боюнча дооматтар айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG